Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ӨМҮР БАЯН

Жахабага ишеним арткандар батасыз калбайт

Жахабага ишеним арткандар батасыз калбайт

Жашоодо күтүлбөгөн, алдын ала болжоп айтууга мүмкүн болбогон окуялар көп болот. Кээде атүгүл жарга такалгандай жагдайларга кабыласың. Бирок өз түшүнүгүнө эмес, Жахабага ишеним арткандар андан сөзсүз бата алышат. Буга жубайым экөөбүз жашообузда далай жолу ынандык. Азыр башыбыздан өткөндөрдү кыскача айтып берейин.

АТАМ менен апам Эл аралык Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн 1919-жылы Сидар-Пойнтто (Огайо штаты, АКШ) өткөрүлгөн жыйынында таанышып, ошол эле жылы үйлөнүшкөн. Мен 1922-жылы, ал эми иним Пол менден эки жылдан кийин төрөлгөн. Жубайым Грейс болсо 1930-жылы туулган. Анын ата-энеси Рой жана Рут Хауэл Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн үй-бүлөсүндө чоңойгон; ал эми таята-таенеси Чарлз Тейз Рассел бир туугандын достору болгон экен.

Грейс экөөбүз 1947-жылы таанышып, 1949-жылы 16-июлда баш кошконбуз. Үйлөнгөнгө чейин алдыдагы жашообуз тууралуу ачык сүйлөшүп, балалуу болбой, толук убакытта кызмат кылууну чечкенбиз. Ошентип, 1950-жылы 1-октябрдан тартып чогуу пионер болуп кызмат кыла баштадык. 1952-жылы болсо райондук ишти аткарууга дайындалдык.

КЫДЫРУУЧУЛУК КЫЗМАТ ЖАНА ГИЛАТ МЕКТЕБИ

Кыдыруучулук ишти аткарууда экөөбүз тең жардамга аябай муктаж элек. Мен тажрыйбалуу байкелер менен кызматташып, алардан үйрөнө баштадым, ошол эле учурда Грейске да жардам бере турган бирөөнү издештирип жаттым. Бир күнү көптөн бери үй-бүлөбүз менен дос болуп келаткан Марвин Холин деген дасыккан кыдыруучу көзөмөлчүгө кайрылып: «Грейс жаш, тажрыйбасы да аз. Аны менен кызматташып, жардам бере ала турган бирөө барбы?» — деп сурадым. Ал: «Ооба, Эдна Винкел деген аябай тажрыйбалуу пионер бар. Ал ага көп нерсени үйрөтө алат»,— деди. Кийинчерээк Грейс ал эже тууралуу: «Ал мени эшиктин алдында турганда өзүмдү эркин сезүүгө, каршы болгондорго туура жооп берүүгө, ошондой эле үй ээсине эмне деп айтса ылайыктуу болорун баамдаш үчүн аны кунт коюп угууга үйрөттү. Мага так ошондой бирөө керек болчу»,— деп айткан.

Солдон оңго: Нейтан Норр, Малкем Ален, Фред Раск, Лайл Рюш, Эндрю Вагнер

Грейс экөөбүз Айова штатындагы эки райондо жана Миннесота менен Түштүк Дакота деген штаттардын айрым жерлеринде кызмат кылдык. Анан Нью-Йорктун Бруклин жана Куинс деген административдик райондорун камтыган  районго дайындалдык. Ошондо өзүбүздү ушунчалык тажрыйбасыз сезгенбиз. Анткени ал районго Бейтелдеги Падышалык залына чогулган «Бруклин-Хайтс» жыйналышы да кирчү жана анда көптү көрүп, көптү билген бейтелдиктер арбын эле. Ал жыйналышта биринчи кызмат сөзүмдү айткандан кийин, Нейтан Норр бир тууган жаныма келип: «Малкем, сен бизге иштечү жактарыбызды көрсөтүп, жакшы кеңештерди бердиң. Ушундай кеңештериң менен бизге жардам бербесең, уюмга пайдаң аз болуп каларын унутпа. Ушунуңан жазба»,— деди. Жыйналыш бүткөндөн кийин, анын сөздөрүн Грейске айттым. Анан Бейтелде токтогон бөлмөбүзгө бардык да, көптөн бери тынчсыздана берип кыйналып кеткендиктен ыйлап да жибердик.

«Кеңештериң менен бизге жардам бербесең, уюмга пайдаң аз болуп каларын унутпа. Ушунуңан жазба»

Бир нече айдан кийин Гилат мектебинин 1955-жылы февралда аяктай турган 24-классына чакырылдык. Бирок мектепке барганга чейин ал жактан билим алганыбыз сөзсүз эле миссионер болуп дайындаларыбызды билдирбесин, мектеп бизди кыдыруучулук ишти натыйжалуу аткарууга үйрөтөрүн айтышты. Ал мектепте окуу ушунчалык жүрөк толкутарлык болду, ошол эле учурда момундукка үйрөттү.

Ферн менен Жорж Кауч жана Грейс экөөбүз Гилат мектебинде, 1954-жыл

Гилатты бүткөндөн кийин облустук көзөмөлчү болуп дайындалдым. Биз кызмат кылган облус Индиана, Мичиган, Огайо штаттарын камтычу. Анан 1955-жылы декабрда күтүлбөгөн жерден Норр бир туугандан кат алдык. Анда: «Мага ачыгын айткыла: Бейтелде кызмат кылгыңар келеби... же Бейтелде бир аз болгондон кийин башка өлкөгө дайындалгыңар келеби? Эгер кыдыруучулук ишти эле уланта бергиңер келсе, анда аны да билдирип койгула»,— деп жазыптыр. Биз каякка дайындалбайлы кубаныч менен кызмат кыла берерибизди билдирдик. Ошондон көп өтпөй эле Бейтелге чакырылдык.

БЕЙТЕЛДЕГИ ЭСТЕН КЕТКИС ЖЫЛДАР

Бейтелдеги кызматыма бүтүндөй Кошмо Штаттарды кыдырып, жыйналыштарда, жыйындарда баяндама сүйлөө да кирчү. Ошондой эле көптөгөн жаш бир туугандарды окутуп-үйрөтүүгө да катышып калдым. Алар кийинчерээк Жахабанын уюмунда чоң жоопкерчиликтерди аркалашты. Убакыттын өтүшү менен бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишин уюштурган офисте Норр бир туугандын катчысы болуп кызмат кылдым.

Кызмат бөлүмүндө, 1956-жыл

Кызмат бөлүмүндө өткөргөн жылдарым да өзгөчө кызыктуу болду. Ал бөлүмдө көп жыл бою ошол бөлүмдүн көзөмөлчүсү болгон Т. Ж. (Бад) Салливан бир тууган менен кызматташтым. Андан сырткары, мени окутуп-үйрөтүүгө дайындалган Фред Раск сыяктуу башка ишенимдештерден да көп нерсеге үйрөндүм.  Бир жолу Фред бир туугандан: «Эмнеге мен жазган кээ бир каттарды өзгөртө бересиң?» — деп жылуу-жумшак сурадым. Ал күлдү да: «Малкем, эгер бир нерсени оозеки айтсаң, аны андан аркы сөздөрүң менен түшүндүрүп кетесиң. Ал эми бир нерсени жазганда, өзгөчө, бул жактан жазганда мүмкүн болушунча акыл-эстүү, так болуш керек»,— деп абдан маанилүү ой айтты. Анан: «Тынчсызданба, сен баарын туура эле кылып жатасың, бара-бара мындан да сонун болот»,— деди.

Грейс Бейтелде ар кандай иштерди аткарды, анын ичинде бир туугандар жашаган бөлмөлөрдү жыйнады. Ага аткарган кызматы аябай жакчу. Ошол убакта Бейтелде кызмат кылган жаш бир туугандарга азыр да жолугуп калабыз. Алар жылмайып, Грейске: «Сен мага төшөк жыйнаганды жакшы үйрөткөнсүң, ал апама абдан жакчу»,— деп калышат. Грейс журналдар бөлүмүндө, каттарга жооп берүү бөлүмүндө жана тасмалардын көчүрмөсүн жасоо бөлүмүндө да кызмат кылды. Бул ага Жахабанын уюмунда кандай иш аткарбайлы, каякта кызмат кылбайлы, баары зор сыймык экенин түшүнүүгө жардам берди. Ал кызматы жөнүндө азыркыга чейин ушундай ойдо.

ЖАШООБУЗДАГЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨР

1970-жылдардын ортосунда улгайып калган ата-энелерибиз жардамга көбүрөөк муктаж боло баштады. Акыр-аягы, бизге олуттуу чечим чыгарууга туура келди. Бейтелден, ал жакта кызмат кылган жакшы көргөн досторубуздан такыр ажырагыбыз келген жок. Бирок, бир чети, ата-энебиздин алдындагы милдетимди ойлоп, санаам санга бөлүндү. Андыктан кийин жагдайыбыз өзгөргөндө кайра келебиз деген үмүттө Бейтелден кеттик.

Үй-бүлөмдү багыш үчүн камсыздандыруу компаниясында иштей баштадым. Үйрөнчүк болуп жүргөн кезимде бир менеджердин айткан сөздөрү такыр эсимен кетпейт. Ал: «Бул жумуш жакшы жүрүшү үчүн, кардарлардын үйүнө кечинде барыш керек. Ошондо аларды жолуктура аласың. Күн сайын кечинде алардын үйүнө барып туруудан өткөн маанилүү эч нерсе жок»,— деген. Мен ага: «Сиз муну тажрыйбаңыздан улам айтып жатканыңызды билем жана сиздин көз карашыңызды сыйлайм. Бирок менин Кудайдын алдында да жоопкерчиликтерим бар. Аларга эч качан салкын мамиле кылган эмесмин, мындан ары да кылбайм. Мен башка күндөрү кечинде үйлөрдү кыдырганга макулмун, бирок шейшемби, бейшемби күндөрү кечинде абдан маанилүү жолугушууларга барышым керек»,— деп жооп бергем. Жумуш үчүн жыйналышты калтырбаганыма Жахаба батасын берди.

Апам 1987-жылы июлда ооруканада көз жумганда, жанында болдук. Башкы медайым Грейстин жанына келип: «Үйүңүзгө барып, бир аз эс алып алыңыз. Кайненеңиз ооруп жатканда анын жанында болгонуңузду баары билет. Көп тынчсызданбаңыз, сиз колуңуздан келгендин баарын кылдыңыз»,— деген.

 1987-жылы декабрда өзүбүз жакшы көргөн жерде, Бейтелде, кайрадан кызмат кылуу үчүн арыз толтурдук. Бирок бир нече күндөн кийин эле Грейстин жоон ичеги рагына чалдыкканын билдик. Операция жасалып, жакшы болуп калгандан кийин, догдурлар анын рактан толугу менен арылганын айтышты. Ал ортодо Бейтелден кат алдык. Анда бир туугандар бизге жергиликтүү жыйналышта кызмат кыла берүүнү сунуш кылышыптыр. Ошондо биз кабар айтуу ишине басым жасоону чечтик.

Көп узабай мага Техастан жумуш табылып калды. Ал жак жылуу болгондуктан, бизге ылайыктуу болот деп, ошол жакка көчүп кеттик. Техаста жаныбыздай жакшы көргөн, камкор бир туугандарыбыздын курчоосунда жашап, кызмат кылып жатканыбызга 25 жылдай болуп калды.

БАШЫБЫЗДАН ӨТКӨНДӨРДӨН ЭМНЕГЕ ҮЙРӨНДҮК?

Грейс жоон ичеги, калкан бези рагына жана жакында эле эмчек рагына чалдыкты. Бирок ал эч качан жашоосуна нааразы болуп, наалыбайт. Ошондой эле башчылык принцибине баш ийип, мени менен жакшы кызматташат. Андан: «Силер үлгүлүү жубайларсыңар, дайыма экөөңөрдүн тең жүзүңөрдөн нур чачырап турат. Мунун сыры эмнеде?» — деп көп сурашат. Ал: «Биз абдан ынак достордонбуз. Күн сайын пикир алышабыз. Күнүгө чогуу убакыт өткөргөндү жакшы көрөбүз. Ортобузда пайда болгон келишпестиктерди чечмейинче уктабайбыз» — деп, мунун төрт себебин келтирет. Албетте, биздин деле бири-бирибизди кыжырданткан учурларыбыз болот, бирок биз кечиришип, унутуп коёбуз; бул аябай жардам берет.

«Дайыма Жахабага ишеним артып, ал жол берген нерселерди кабыл ал»

Башыбыздан өткөндөрдөн көп нерсеге үйрөндүк:

  1. Дайыма Жахабага ишеним артып, ал жол берген нерселерди кабыл ал. Эч качан өз түшүнүгүңө таянба (Накыл 3:5, 6; Жер. 17:7).

  2. Кандай жагдай болбосун, Жахабанын Сөзүнөн жетекчилик изде. Жахабага жана анын мыйзамдарына баш ийүү абдан маанилүү. Адам Кудайга же тил алат, же тил албайт, үчүнчү жол жок (Рим. 6:16; Евр. 4:12).

  3. Жашоодогу эң маанилүү нерсе — Жахабанын алдында жакшы атка ээ болуу. Дүнүйө топтоону көздөбөй, Кудайдыкын биринчи орунга кой (Накыл 28:20; Нас. 7:1; Мт. 6:33, 34).

  4. Жахабага кызмат кылууда мүмкүн болушунча жемиштүү, жигердүү болуу үчүн тилен. Кыла албай турган нерселерге эмес, кыла ала турган нерселерге көңүл топто (Мт. 22:37; 2 Тим. 4:2).

  5. Жахабанын батасына жана колдоосуна ээ болгон башка бир да уюм жок экенин унутпа (Жкн. 6:68).

Грейс экөөбүздүн Жахабага кызмат кылып жатканыбызга, өз-өзүнчө эсептегенде, 75 жылдан ашты, ал эми үй-бүлө катары кызмат кылып жатканыбызга 65 жылдай болуп калды. Ушунча жыл бою кызматтан зор кубаныч алып, унутулгус күндөрдү өткөрдүк. Бардык бир туугандарыбыздын Жахабага ишеним арткандар батасыз калбай турганына, бизге окшоп, өз тажрыйбасынан улам ынанышын каалайбыз жана ошол жөнүндө тиленебиз.