Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Тиленүү жагынан сергек болгула»

«Тиленүү жагынан сергек болгула»

«Акыл-эстүү болгула, тиленүү жагынан сергек болгула» (1 ПЕТ. 4:7, шилт.).

1, 2. а) «Тиленүү жагынан сергек болгонубуз» эмне үчүн маанилүү? б) Тиленүүгө байланыштуу эмнелер тууралуу ойлонуп көргөнүбүз оң?

«ТҮНКҮСҮН баарынан да таң атайын деп калганда сергек туруу аябай кыйын»,— дейт мурун түнкү жумушта иштеген бир киши. Кайсы бир себептен улам түнү бою уктабашы керек болгондордун баары анын айтканына кошулат болуш керек. Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчыларынын абалы да ушу сыяктуу, анткени алар Шайтандын кою караңгылык каптаган каардуу дүйнөсүнүн соңунда жашап жатышат (Рим. 13:12). Ушул акыркы «сааттарда» уктап калганыбыз кандай гана коркунучтуу! Андыктан «акыл-эстүү болуп», Ыйык Китепте кеңеш кылынгандай, «тиленүү жагынан сергек болгонубуз» абдан маанилүү (1 Пет. 4:7).

2 Кайсы убакта жашап жатканыбызды эске алып: «Тиленүүгө олуттуу караймынбы? Ар тараптуу жана үзгүлтүксүз тиленемби? Өзүм жөнүндө эле тилене бербей, башкалар үчүн да тиленип жатамбы? Куткарылышым үчүн тиленүү канчалык маанилүү?» — деп ойлонуп көргөнүбүз оң.

ТИЛЕНҮҮНҮН АР КАНДАЙ ТҮРЛӨРҮ

3. Тиленүүнүн кандай түрлөрү бар?

3 Элчи Пабылдын Эфес шаарындагы ишенимдештерине жолдогон катынан тиленүүнүн ар кандай түрлөрү болорун биле алабыз (Эф. 6:18). Тиленгенде көбүнчө Жахабадан күнүмдүк муктаждыктарыбызга кам көрүшүн, кыйынчылыктарыбызды жеңгенге жардам беришин сурайбыз. «Тиленүүлөрдү Угуучу» Кудай бизди жакшы көргөндүктөн андай өтүнүчүбүзгө жооп берери шексиз (Заб. 65:2). Анткен менен тиленүүнүн мындан башка да түрлөрү бар экенин унутпашыбыз керек. Алсак, тиленгенде Жахабаны даңктаганыбыз, ага ыраазычылык билдиргенибиз, жалынып-жалбарганыбыз да маанилүү.

4. Тиленгенде эмне үчүн Жахабаны көп ирет даңазалашыбыз керек?

 4 Тиленгенде Жахабаны даңктоого бизде көптөгөн себептер бар. Айта кетсек, анын кудурети жана чексиз улуулугу тууралуу ой жүгүрткөндө аны даңазалоого түрткү алабыз. (Оку: Забур 150:1—6.) Алты эле аяттан турган 150-забурда Жахабаны даңазалоого 13 жолу чакырылабыз. Ал эми башка забурду жазган Кудайдын кызматчысы аны терең урматтаарын: «Адил өкүмдөрүң үчүн сени бир күндө жети жолу даңктайм»,— деген сөздөр менен билдирген (Заб. 119:164). Жахаба, чынында эле, даңкталууга татыктуу. Ошондуктан тиленип жатканда аны «бир күндө жети жолу», башкача айтканда, көп ирет даңазалашыбыз керек.

5. Тиленгенде Жахабага ыраазычылык билдиргенибиз бизди кандайча коргойт?

5 Тиленгенде Жахабага ыраазычылык билдирүү да маанилүү. Элчи Пабыл Филипи шаарындагы ишенимдештерин: «Эч нерсени ойлоп тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле»,— деп үндөгөн (Флп. 4:6). Биз адамдардын көбү «жакшылыкты билбеген» акыркы күндөрдө жашап жатабыз. Андыктан тиленгенде Жахабага чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргенибиз өзүбүздү коргойт (2 Тим. 3:1, 2). Бул дүйнөдө көптөр ыраазычылык билдирүүгө көнгөн эмес. Абайлабасак, андай адат бизге да жугушу мүмкүн. Кудайга ыраазычылык билдирип тиленсек, өзүбүздү бактылуу сезебиз жана жашоого нааразы болуп наалыгандан алыс болобуз (Жүй. 16). Үй-бүлө башчылары тиленгенде Жахабага ыраазычылык билдиришсе, үйүндөгүлөрү да ыраазы болууга үйрөнөт.

6, 7. Жалынуу деген эмне жана эмнелер тууралуу жалынсак болот?

6 Жалынуу деген күчтүү сезим менен чын жүрөктөн айтылган тилекти билдирет. Жахабага кайсы учурларда жалынсак болот? Мисалы, куугунтукталганда же өмүрүбүзгө коркунуч туудурган ооруга чалдыкканда андан жардам сурап жалынып-жалбарабыз. Бирок Жахабага ушундай учурларда эле жалынышыбыз керекпи?

7 Бул суроого жооп алууга Иса Машаяктын үлгү иретиндеги тиленүүсүндө Кудайдын ысмы, Падышалыгы жана эрки тууралуу айткан сөздөрү жардам берет. (Оку: Матай 6:9, 10.) Азыр дүйнө жамандыкка белчесинен батты. Өкмөттөр болсо жадагалса өзүнүн жарандарынын негизги муктаждыктарын канааттандыра албай келет. Ошондуктан асмандагы Атабыздан ысмынын ыйыкталышын, Падышалыгы келип, Шайтандын бийлигин жок кылышын сурап жалынганыбыз маанилүү. Ошондой эле анын эркинин асмандагыдай эле жерде да аткарылышын жалындуу тилешибиз керек. Андыктан, келгиле, Жахабага ар кандай тиленүү, жалынуу менен кайрылып, сергек бололу.

«ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ ТИЛЕНГИЛЕ»

8, 9. Эмне себептен Петирди жана анын жанындагы элчилерди уктап калганы үчүн сындаганга шашпашыбыз керек?

8 Элчи Петир ишенимдештерин «тиленүү жагынан сергек болууга» чакырган. Бирок бир жолу өзүнүн да сергек турбай, алсыздыкка алдырып койгон учуру болгон. Иса Машаяк Гетсемани багында тиленип жатканда, кайра-кайра уктап кала берген элчилердин арасында Петир да бар эле. Мырзасы: «Сергек болгула, үзгүлтүксүз тиленгиле»,— деп эскерткенден кийин да, аларды уйку баса берген. (Оку: Матай 26:40—45.)

9 Петирди жана анын жанындагы элчилерди сындап киргендин ордуна, ошол күнү алардын эмнеден улам  суй жыгыла чарчаганын эске алышыбыз керек. Алар күндүз Пасах майрамына даярдык көрүп, кечинде ал майрамды белгилешкен. Анан Иса Машаяк, шакирттери келечекте анын өлүмүн эскерип турушу үчүн, Эскерүү кечесин негиздеген (1 Кор. 11:23—25). «Кудайды даңктап ырдашкандан» кийин алар Иерусалимдин көчөлөрү менен Зайтун тоосун көздөй жол жүрүшкөн (Мт. 26:30, 36). Ал учурда түн ортосунан эбак эле ооп калган көрүнөт. Эгер биз да ошондо Гетсемани багында болсок, уйку басып кыйналмак болушубуз керек. Ошондуктан Машаяк чарчап-чаалыккан элчилерин жемелебей, аларга боору ооруп: «Рух сергек, ал эми дене алсыз»,— деп айткан.

Элчи Петир «тиленүү жагынан сергек болуу» маанилүү экенине өз тажрыйбасынан ынанган (10, 11-абзацтарды кара)

10, 11. а) Гетсемани багында болгон окуядан элчи Петир эмнеге үйрөнгөн? б) Петирдин башынан өткөн окуядан сен эмнеге үйрөндүң?

10 Гетсемани багында болгон окуядан элчи Петир маанилүү бир нерсеге үйрөнгөн. Андан мурунураак Иса Машаяк: «Ушул түнү баарыңар менден баш тартып кетесиңер»,— деп айткан. Бирок Петир: «Сенден баары баш тартса да, мен эч качан баш тартпайм!» — деп ишенимдүү сүйлөгөн. Мырзасы анын үч жолу баш тартарын айтса да, ал: «Сени менен бирге өлүшүм керек болсо да, сенден эч качан баш тартпайм!» — деген (Мт. 26:31—35). Өкүнүчтүүсү, ал бир нече сааттан кийин эле Мырзасынан баш тартып кеткен. Анан эмне кылганын түшүнгөндө «өксөп ыйлаган» (Лк. 22:60—62).

11 Башынан өткөн ал окуядан Петир өзүнө таянбаганга үйрөнгөн. Ага бул жагынан тиленүү жардам бергени шексиз. Ошондуктан анын ишенимдештерине: «Тиленүү жагынан сергек болгула»,— деп кеңеш бергени бекеринен эмес. Биз ал кеңешке кулак кагып жатабызбы? «Үзгүлтүксүз тиленип», өзүбүзгө эмес, Жахабага таянарыбызды көрсөтүүдөбүзбү? (Заб. 85:8). Келгиле, элчи Пабылдын: «Ким туруп турам деп ойлосо, жыгылып калбашы үчүн сак болсун»,— деген кеңешин да эсибизге бек сактайлы (1 Кор. 10:12).

НЕКЕМИЯ ТИЛЕНҮҮЛӨРҮНӨ ЖООП АЛГАН

12. Некемия пайгамбар бизге жакшы үлгү калтырган деп эмне үчүн айта алабыз?

12 Б.з.ч. 5-кылымда Персия падышасы Артакшаштанын шарап сунуучусу болуп кызмат кылган Некемия пайгамбар бизге жалындуу тиленүү жагынан жакшы үлгү калтырган. Ал Иерусалимдеги жүйүттөрдүн оор абалын ойлоп, бир нече күн бою орозо кармап, тиленип жүргөн (Нек. 1:4). Артакшашта падыша андан эмнеге капалуу болуп жүргөнүн жана кандай  жардам керек экенин сураганда, ал «дароо асман Кудайына» кайрылган (Нек. 2:2—4). Анын натыйжасы кандай болгон? Жахаба анын тиленүүсүнө жооп берип, өзүнүн элине жардам берген (Нек. 2:5, 6). Бул Некемия пайгамбардын ишенимин бекемдегени күмөнсүз.

13, 14. Ишенимибизди бекем сактап, Шайтандын кол салууларына туруштук бериш үчүн эмне кылышыбыз керек?

13 Некемия пайгамбарга окшоп үзгүлтүксүз тиленсек, ишенимибиз бекем болот. Таш боор Шайтан бизге алсырап турган учурубузда кол салат. Маселен, катуу оору же депрессия менен күрөшүп жүрсөк, кабар айтуу ишине ай сайын арнаган убактыбызды Жахаба анча деле баалабагандай сезилиши мүмкүн. Айрымдарыбыздын башыбыздан өткөн жаман нерселерди ойлоп, көңүлүбүз чөгүшү ыктымал. Шайтан өзүбүздү эч нерсеге татыксыз сезишибизди каалайт. Ал ындыныбызды суутуп, ишенимибизди алсыраткысы келет. «Тиленүү жагынан сергек болсок», ишенимибизди бекем сактай алабыз. Ал эми ишенимибиз чоң калкан сымал «кара өзгөйдүн оттуу жебелерин өчүрүүгө жардам берет» (Эф. 6:16).

«Тиленүү жагынан сергек болуу» ар кандай кыйынчылыктарга даяр болууга көмөк кылат (13, 14-абзацтарды кара)

14 Эгер дайыма тиленсек, күтүүсүздөн сыноолорго кабылганда өзүбүздү жоготуп койбойбуз жана Жахабага болгон берилгендигибизди сактайбыз. Сыноолорго кабылганда Некемия пайгамбарды эстеп, дароо Жахабага кайрылганыбыз маанилүү. Себеби Жахабанын жардамы менен гана азгырыктарга туруштук берип, кыйынчылыктарды көтөрүп кете алабыз.

БАШКАЛАР ҮЧҮН ТИЛЕН

15. Эмнелер тууралуу ойлонуп көрүшүбүз керек?

15 Петирдин ишеними алсырап калбашы үчүн, Иса Машаяк жалындуу  тиленген (Лк. 22:32). Биринчи кылымдагы Эпафрас деген бир тууган да андан үлгү алып, Колосадагы ишенимдештери үчүн тиленип турган. Ал жөнүндө элчи Пабыл: «Жеткилең болуп, Кудайдын бүт эркине толук ынанган абалда турушуңар үчүн, ал силер үчүн талыкпай тиленип келет»,— деп жазган (Кол. 4:12). Ар бирибиз өзүбүздү текшерип, мындай деп ойлонуп көрсөк болот: «Дүйнө жүзүндөгү бир туугандарым үчүн жалындуу тиленип жатамбы? Табигый кырсыктардан жапа чеккен ишенимдештерим үчүн тиленип турамбы? Жахабанын уюмунда чоң жоопкерчиликтерди аркалагандар үчүн акыркы жолу качан тилендим? Жыйналыштагы башынан оор кыйынчылыктарды кечирип жаткан ишенимдештерим үчүн жакынкы арада тилендимби?»

16. Башкалар үчүн тиленүүнүн натыйжасы кандай болот?

16 Башкалар үчүн тиленсек, натыйжасы сөзсүз жакшы болот. (Оку: 2 Корунттуктар 1:11.) Көп кызматчылары бир нерсени кайра-кайра сураганы үчүн эле Жахаба аны орундатууга милдеттүү болбосо да, ал алардын бири-бири үчүн чындап күйүп-бышканына сүйүнүп, тиленүүсүнө жооп берет. Ошондуктан башкалар үчүн тиленүүнү сыймык катары көрүшүбүз керек. Эпафрастай болуп бир туугандарыбызды жакшы көрөрүбүздү алар үчүн тиленүү менен көрсөтүшүбүз зарыл. Ошондой кылсак: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деп айтылгандай, өзүбүздүн да кубанычыбыз артат (Элч. 20:35).

КУТКАРЫЛУУБУЗГА АЗ КАЛДЫ

17, 18. Сергек болуп, дайыма тиленгенибиз бизге эмне кылууга жардам берет?

17 «Түн өтүп баратат, күн жакындап калды»,— деп айтканга чейин элчи Пабыл: «Кандай убакта жашап жатканыңарды, уйкудан ойгоно турган убак келгенин билесиңер. Себеби азыр куткарылуубузга биз ишене баштаган убактагыдан аз калды»,— деген (Рим. 13:11, 12). Биз азыр Кудай убада кылган жаңы дүйнөнүн босогосунда турабыз. Куткарылуубузга биз ойлогондон да аз калды. Ошол себептен рухий жактан уктабашыбыз жана бул дүйнөдөгү нерселерге алаксып, тиленүүгө арнай турган убактыбызды аларга коротпошубуз керек. Анын ордуна, сергек болуп, дайыма тиленгенибиз абзел. Бул бизге «Жахабанын күнүнүн келишин күтүп» жатып, «жүрүм-туруму ыйык, Кудайга берилген адамдардан болууга» жардам берет (2 Пет. 3:11, 12). Рухий жактан сергек турганыбыз жана бул дүйнөнүн жакында жок болоруна бекем ишенерибиз жашообуздан көрүнүп турушу керек. Андыктан «үзгүлтүксүз тиленели» (1 Тес. 5:17). Ошондой эле, Иса Машаякка окшоп, Жахаба менен эч ким жок жерде сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк издейли. Буга канчалык көп убакыт бөлсөк, ошончолук Жахабага жакындай беребиз (Жкп. 4:7, 8). Аны менен ынак мамиледе болуу кандай чоң бата!

18 Ыйык Жазмада: «Жерде жашап жүргөн күндөрүндө Машаяк өзүн өлүмдөн куткара ала тургандын Өзүнө катуу үн менен, көз жашын төгүп, жалыныч, өтүнүч менен кайрылган. Кудайдан корккондуктан, анын тиленүүсү угулган»,— деп айтылат (Евр. 5:7). Ооба, Машаяк Жахабага жалыныч, өтүнүч менен кайрылгандын аркасында жердеги жашоосунун аягына чейин ишенимдүүлүгүн сактаган. Ошондуктан Жахаба Уулун тирилтип, ага өлбөстүктү сыйлык катары берген. Биз да, келечекте кандай кыйынчылыктарга кабылбайлы, асмандагы Атабызга берилген бойдон кала алабыз. «Тиленүү жагынан сергек болсок», ал бизге түбөлүк өмүр белегин берет.