Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жети койчу, сегиз төрө бүгүнкү күндө кимдерди билдирет?

Жети койчу, сегиз төрө бүгүнкү күндө кимдерди билдирет?

«Ага каршы жети койчуну, төрө катары башкарууга сегиз адамды тургузабыз» (МИК. 5:5).

1. Ысрайыл падышасы менен Сирия падышасы эмне үчүн максатына жетмек эмес?

БИЗДИН ЗАМАНГА ЧЕЙИНКИ 8-кылымда, 762—759-жылдары, Ысрайыл падышасы менен Сирия падышасы Жүйүт падышалыгына каршы согуш жарыялашкан. Эмне себептен? Алар Иерусалимди басып алып, Ахаз падышаны тактыдан кулатып, анын ордуна, кыязы, Дөөтү падышанын тукумунан болбогон башка бирөөнү такка отургузууну көздөшкөн (Ыш. 7:5, 6). Бирок Ысрайыл падышасы ал мүдөө ишке ашпай турганын жакшы билиши керек болчу. Анткени Жахаба өзүнүн тактысында Дөөтү падышанын урпактары түбөлүккө отурарын убада кылган жана анын убадасы сөзсүз аткарылмак (Жаш. 23:14; 2 Шем. 7:16).

2—4. Ышая 7:14, 16дагы пайгамбарлык а) б.з.ч. 8-кылымда; б) б.з. 1-кылымында кантип аткарылган?

2 Башында ысрайылдыктар менен сириялыктар жеңишке жетчүдөй көрүнгөн. Анткени бир эле беттешүүдө Ахаз падыша 12 0000 эр көкүрөк жоокеринен айрылган. Ошондой эле «падышанын Маасея деген уулу» да каза болгон (2 Жылн. 28:6, 7). Бирок Жахаба баарына көз салып турган. Ал Дөөтү падышага берген убадасын унуткан эмес, ошондуктан жүйүттөрдү кайраттандырыш үчүн Ышая пайгамбарды жөнөткөн.

3 Ышая пайгамбар: «Кыз кош бойлуу болуп, уул төрөйт, атын Эмануел коёт. Ал жамандыкты четке кагып, жакшылыкты тандаганга чейин, жүрөгүңдүн үшүн алган эки падышанын [Сирия жана Ысрайыл падышаларынын] жери бүт бойдон ээн калат»,— деп айткан (Ыш. 7:14, 16). Бул пайгамбарлыктын биринчи бөлүгү негизинен Машаяктын төрөлүшү менен байланыштырылат жана чынында эле, ал ошондо аткарылган (Мт. 1:23). Анткен менен б.з. 1-кылымында «эки падыша»  — Ысрайыл жана Сирия падышалары — Жүйүт жерине эч кандай коркунуч туудурушкан эмес. Ошондуктан Эмануел жөнүндөгү пайгамбарлык Ышая пайгамбардын күндөрүндө да аткарылмак.

4 Ышая ошол пайгамбарлыкты айткандан кийин, аялынын боюна бүтүп, уул төрөгөн жана анын атын Махер-Шелал-Хаш-Баз деп коюшкан. Кыязы, Ышая пайгамбар айткан «Эмануел» ошол бала болгон *. Байыркы убакта кээде жаңы төрөлгөн ымыркайга ошол кездеги кайсы бир өзгөчө окуяга байланыштуу ат коюлуп, бирок ата-энеси менен туугандары аны бөлөкчө атаган учурлар болчу (2 Шем. 12:24, 25). Ыйык Китептин эч жеринде адамдардын Иса Машаякка Эмануел деп кайрылганы айтылбайт. (Оку: Ышая 7:14; 8:3, 4.)

5. Ахаз падыша кандайча акылсыздык кылган?

5 Ысрайыл жана Сирия падышалары Жүйүт жерине көз артып турганда, алардан да сүрдүү душман ошол чөлкөмдүн баарын басып алууну ниет кылып жаткан. Ал күндөн күнгө күч алып келаткан Ашур дүйнөлүк державасы эле. Ышая 8:3, 4кө ылайык, Ашур падышалыгы Жүйүткө кол салардан мурда «Дамасктын байлыгын жана Самариядан алынган олжону... ташып кетмек». Ишенимсиз Ахаз падыша Кудайдын Ышая пайгамбар аркылуу айткан сөзүнө ишеним арткандын ордуна ашурлуктар менен келишим түзгөн. Анын кесепетинде жүйүт эли кийин ошол эле ашурлуктардан кордук көргөн (2 Пад. 16:7—10). Ооба, Ахаз падыша элин койчу катары коргогон эмес. Анын кетирген катасын кайталабаш үчүн: «Маанилүү чечим чыгарарда Кудайга таянамбы же адамдаргабы?» — деп ойлонуп көргөнүбүз жакшы (Накыл 3:5, 6).

ЖАҢЫ КОЙЧУ БАШКАЧА ИШ АЛЫП БАРАТ

6. Хиския падыша атасы Ахаздан канчалык айырмаланган?

6 Ахаз б.з.ч. 746-жылы көз жумуп, анын ордуна уулу Хиския падыша болгон. Ал кезде Жүйүт жергеси жакырланып, эл Жахабадан алыстап кеткен. Бийликке келген жаш падыша биринчи кезекте эмнеге көңүл бурган? Өлкөнүн экономикасын көтөрүүгөбү? Жок. Хиския Жахабаны жакшы көргөн жана элинин мыкты койчусу болгон. Ошондуктан эң алды чыныгы сыйынууну калыбына келтирүүгө жана элдин Жахаба менен болгон мамилесин бекемдөөгө киришкен. Ал Жахабанын өзүнө байланыштуу эрки кандай экенин түшүнгөндө чечкиндүү иш-аракет кылган. Бул биз үчүн кандай сонун үлгү! (2 Жылн. 29:1—19).

7. Лебилер падышанын колдоосуна эмне үчүн муктаж болушкан?

7 Таза сыйынууну калыбына келтирүүдө лебилерге чоң жоопкерчилик артылган. Ошондуктан Хиския аларды чогултуп, колдооруна ынандырган. Падышанын: «Жахаба силерди, анын алдында туруп дайыма кызмат кылышыңар үчүн,.. тандап алган»,— деген сөздөрүн укканда лебилердин кубанганынан көзүнө жаш алганын элестетсеңер (2 Жылн. 29:11). Ырас, лебилерге чыныгы сыйынууну калыбына келтирүүгө так-айкын көрсөтмө берилген.

8. Эл Жахабага кайтып келиши үчүн, Хиския дагы эмне кылган жана анын натыйжасы кандай болгон?

8 Хиския Жүйүт жери менен Ысрайылдын бардык тургундарын Пасах майрамын белгилөөгө чогулткан. Андан кийин эл жети күндүк калама майрамын өткөргөн. Майрам элге ушунчалык жаккандыктан ал дагы жети күнгө созулган. Ыйык Китепте: «Иерусалим шаттыкка бөлөндү, анткени Ысрайыл падышасы Дөөтүнүн уулу Сулаймандын күндөрүнөн бери  Иерусалимде мындай майрам боло элек болчу»,— делет (2 Жылн. 30:25, 26). Ал рухий той бүтүндөй элге дем-күч берген. 2 Жылнаама 31:1де айтылгандай, алар «майрам бүткөндөн кийин... ыйык мамыларды кыйратып, ыйык устундарды кыйып, бийик жерлер менен курмандык жайларын талкалашкан». Ошентип, жүйүт эли кайрадан Жахабага кайтып келген. Бул аларга келечекте боло турган кыйынчылыктарга даяр болууга жардам берген.

ПАДЫША ЖАХАБАГА ТАЯНАТ

9. а) Ысрайыл падышасынын ою кандайча ойрон болгон? б) Сенхейрип Жүйүткө кол салганда башында кандай ийгиликтерге жеткен?

9 Ышая пайгамбар алдын ала айткандай, ашурлуктар Ысрайыл түндүк падышалыгын кыйратып, элин туткундап, анын Дөөтү падышанын урпактарынан тактыны тартып алам деген оюн ойрон кылган. Бирок Ашур падышалыгы ошону менен эле тим болгон эмес. Андан соң ал Жүйүт жерине бет алган. «Хискиянын башкаруусунун он төртүнчү жылында Ашур падышасы Сенхейрип Жүйүт жериндеги чептүү шаарларга кол салып, аларды басып ала баштаган». Айрым билдирүүлөргө ылайык, ал Жүйүттүн 46 шаарын багындырган. Анын жер титиреткен калың аскери улам бир шаарды кылыч мизине алып, Иерусалимге жакындай берген. Эгер сен ошондо Иерусалимде жашасаң, өзүңдү кандай сезет элең? (2 Пад. 18:13).

10. Микей 5:5, 6дагы сөздөр Хискияны кайраттандырган деп эмне үчүн айта алабыз?

10 Албетте, Хиския өтө кыйын, кысталыш абалда турганын түшүнгөн. Бирок ал, бөтөн элдерден жардам издеген ишенимсиз атасынан айырмаланып, Жахабага таянган (2 Жылн. 28:20, 21). Ал өзүнүн замандашы Микей пайгамбардын Ашур падышалыгына байланыштуу: «Ага каршы жети койчуну, төрө катары башкарууга сегиз адамды тургузабыз. Алар Ашур жерин... кылыч менен кайтарат»,— деген сөздөрүн билсе керек (Мик. 5:5, 6). Анын Кудайдын жетеги менен айткан бул сөздөрү Хискияны кайраттандырганы шексиз. Анткени алар ырайымсыз Ашурду кыйратыш үчүн Жахабанын адаттагыдан башкача «аскерди» колдонорун көрсөтүп турган.

11. Жети койчу, сегиз төрө жөнүндөгү пайгамбарлык чоң масштабда качан аткарылмак?

11 Жети койчу, сегиз төрө жөнүндөгү  пайгамбарлык «Ысрайылда башкаруучу боло турган, эзелки заманда... жаралган» Иса Машаяк төрөлгөндөн бир топ убакыт өткөндөн кийин чоң масштабда аткарылмак. (Оку: Микей 5:1, 2.) Ал пайгамбарлык азыркы күндөгү «ашурлук» Жахабанын кызматчыларына коркунуч туудурганда аткарылат. Жахаба учурда бийлик жүргүзүп жаткан Уулу аркылуу «ашурлукка» каршы кайсы аскерди баштап барат? Бул суроого жооп алардан мурун, келгиле, адегенде Хискиянын ашурлуктарга каршы көргөн чараларынан эмнеге үйрөнө аларыбызды карап чыгалы.

ХИСКИЯ АКЫЛДУУЛУК МЕНЕН ИШ КЫЛАТ

12. Хиския менен анын жанындагылар Кудайдын элин коргош үчүн эмне кылышкан?

12 Кайсы бир көйгөйдү чечүү колубуздан келбесе, Жахаба бизге жардам берүүгө даяр. Бирок ал колубуздан келгендин баарын кылып көрүшүбүздү каалайт. Хиския падыша ошондой кылган. Ал «төрөлөрү жана күчтүү кишилери менен кеңешкен». Анан алар «шаардын сыртындагы булактардын көзүн бүтөп салышкан». Хиския «кайраттанып, дубалдын ураган жерлерин бүт оңдоп, үстүнө мунараларды куруп», «сыртынан дагы бир дубал тургузган». «Андан сырткары, ал көп жебе, калкан жасаткан» (2 Жылн. 32:3—5). Өзүнүн элин коргоп, кайтарыш үчүн Жахаба ошол убакта бир нече эр жүрөк кишини: Хиския падышаны, анын төрөлөрүн жана ишенимдүү пайгамбарларды колдонгон.

13. Элди алдыдагы кыйынчылыктарга даярдоодо Хиския падышанын кайсы иш-аракети баарынан маанилүү болгон?

13 Хискиянын кийинки иш-аракеттери булактардын көзүн бүтөп, шаардын дубалын бекемдегенден да маанилүү болгон. Камкор койчу катары ал элди чогултуп, мындай сөздөр менен дем-шык берген: «Ашур падышасынан... коркпогула, үрөйүңөр учпасын, анткени алар тараптагыларга караганда биз тараптагылар көп. Ал адамдын күчүнө таянып жатат, биз болсо Жахаба Кудайыбызга таянып жатабыз. Ал бизге жардам берип, биз үчүн салгылашат». Падыша элге Жахабанын алар үчүн салгылашарын айткан. «Жүйүт падышасы Хискиянын сөздөрүн укканда эл кайраттанып калган». Элге «Хискиянын сөздөрү» дем-шык бергени көңүлгө аларлык. Хиския падыша, анын төрөлөрү менен күчтүү кишилери, Микей жана Ышая пайгамбарлар, чынында эле, Жахаба алдын ала айткандай, жакшы койчулардан болушкан (2 Жылн. 32:7, 8; оку: Микей 5:5, 6).

Хискиянын сөздөрүн укканда эл кайраттанып калган (12, 13-абзацтарды карагыла)

14. Рапшак элди алдаш үчүн эмне деген жана эл эмне кылган?

14 Ашур падышасы кошуунун Иерусалимдин түштүк-батышындагы Лакишке жайгаштырат да, үч өкүлүн Иерусалимге жөнөтүп, элди багынып берүүгө чакырат. Анын рапшак деген наамы бар өкүлү элди алдаш үчүн ар кандай амал колдонот. Ал еврейче сүйлөп, аларды падышасын таштап, ашурлуктарга баш ийип беришсе, жыргал турмушта чардап жашаарын айтып, бал тилге салат. (Оку: 2 Падышалар 18:31, 32.) Анан ал башка элдерди кудайлары коргой албагандай эле, Жахаба да жүйүттөрдү Ашурдун чеңгелинен куткара албасын айтат. Ошондо эл акылдуулук кылып, анын жалган сөздөрүнө жооп кайтарган эмес. Жахабанын бүгүнкү күндөгү кызматчылары да бул жагынан аларды туурашат. (Оку: 2 Падышалар 18:35, 36.)

15. Иерусалимдин тургундарынан эмне талап кылынган жана Жахаба аларды кантип куткарган?

15 Албетте, жоо жакадан алып турганда, Хискиянын көңүлү чөкпөй койгон эмес. Бирок ал жат элге жардам сурап кайрылбастан, Ышая пайгамбарга кишилерин жөнөткөн. Ышая Хискияга: «Ал [Сенхейрип] бул шаарга  кирбейт, бул жакка жебе атпайт»,— деп айттырып жиберген (2 Пад. 19:32). Иерусалимдин тургундарынан, болгону, душманга багынып бербей, кайраттуу болуу талап кылынган. Алар үчүн Жахаба өзү салгылашмак. Жахаба сөзүнө турган. Анын периштеси бир эле түндүн ичинде «ашурлуктардын кошуунунан 18 5000 кишини кырып салган» (2 Пад. 19:35). Хиския булактардын көзүн бүтөп, шаардын дубалын бекемдегендиктен эмес, Жахаба өзү кийлигишкендиктен, жүйүт эли аман калган.

БИЗ ЭМНЕГЕ ҮЙРӨНСӨК БОЛОТ?

16. а) Бүгүнкү күндө Иерусалимдин тургундары кимдерди билдирет? б) «Ашурлук» кимди билдирет? в) Жети койчу менен сегиз төрө кимдерди билдирет?

16 Жети койчу, сегиз төрө жөнүндөгү пайгамбарлык биздин күндөрдө да аткарылышы керек. Байыркы Иерусалимдин тургундарына ашурлуктар кол салгандай эле, жакында бүгүнкү күндөгү «ашурлук», башкача айтканда, душман Жахабанын оңой олжодой көрүнгөн элине кол салып, аларды тыптыйпыл кылууга аракет кылат. Ыйык Китепте «Магок жеринен чыккан Гоктун» чабуулу, «түндүк падышасынын» чабуулу, «жер жүзүнүн падышаларынын» чабуулу жөнүндө да айтылат (Жез. 38:2, 10—13; Дан. 11:40, 44, 45; Аян 17:14; 19:19). Алар ар башка чабуулдарды билдиреби? Сөзсүз деле андай эмес. Анткени Ыйык Китепте бир эле чабуул ар башкача аталышы мүмкүн. Микей айткан пайгамбарлыкка ылайык, Жахаба ырайымсыз «ашурлукка» каршы кайсы аскерди колдонмок? Адаттагыдан башкача аскерди — жети койчу, сегиз төрөнү — колдонмок (Мик. 5:5). Бул аскерди түзгөн жети койчу менен сегиз төрө жыйналыштын аксакалдарын билдирет (1 Пет. 5:2). Жахаба өзүнүн баалуу койлорун кайтарыш үчүн жана аларды «ашурлуктун» кол салуусуна даярдаш үчүн көптөгөн ишенимдүү аксакалдарды колдонууда *. Микей пайгамбар: «Алар Ашур жерин... кылыч менен кайтарат»,— деп айткан (Мик. 5:6). Ооба, «биздин согуш куралдарыбызга» «рухтун кылычы», башкача айтканда, Кудайдын Сөзү да кирет (2 Кор. 10:4; Эф. 6:17).

17. Бул макаладан аксакалдардын кайсы төрт ойду эсине бек сактап калганы оң?

17 Аксакалдар, бул макаладан төмөнкү төрт ойду эсиңерге бек сактап калганыңар оң: 1) «ашурлуктун» чабуулуна даяр болуш үчүн баарынан мурда Кудайга болгон ишенимиңерди бекемдегиле жана башкаларга да бул жагынан жардам бергиле. 2) «Ашурлук» кол салганда, Жахабанын куткарарына такыр шектенбегиле. 3) Ошол учурда Жахабанын уюму берген жетекчилик адамдардын көз карашы боюнча акылга сыйбагандай сезилиши мүмкүн. Ал көрсөтмөлөр бизге жагабы, жакпайбы, өмүрүбүз үчүн маанилүү болгондуктан, аларга баш ийүүгө даяр болушубуз керек. 4) Азыр жогорку билимге, дүнүйө-мүлккө же адамдар негиздеген кайсы бир уюмга ишеним арткандардын баары көз карашын өзгөртө турган убак. Андыктан ишеними солгундап калгандарга жардам берүүгө дайым даяр болгула.

18. Бул макалада талкуулангандар тууралуу ой жүгүртүү бизге келечекте кандайча жардам берет?

18 Жакында Жахабанын кызматчылары, Хискиянын убагындагы Иерусалимде курчоого алынган жүйүттөргө окшоп, душмандарга оңой олжодой көрүнөт. Ошол учурда Хискиянын сөздөрүн унутпасак, ишенимибизди бекем сактай алабыз. Ал айткандай, душмандарыбыз «адамдын күчүнө таянып жатат, биз болсо Жахаба Кудайыбызга таянып жатабыз. Ал бизге жардам берип, биз үчүн салгылашат»! (2 Жылн. 32:8).

^ абз. 4 Ышая 7:14төгү «кыз» деп которулган еврей сөзү күйөөсү бар аялга да, турмушка чыга элек кызга да карата колдонулат. Андыктан ал Ышая пайгамбардын зайыбын да, Мариямды да билдириши мүмкүн.

^ абз. 16 Ыйык Жазмада «жети» деген сан көп учурда толуктукту билдириш үчүн колдонулат. Ал эми «сегиз» деген сан (жетиден бирге көп) кээде молчулукту билдирет.