Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Койчуларынын тилин алгыла

Жахабанын Койчуларынын тилин алгыла

«Араңарда жетекчиликти колго алгандарга тил алып, баш ийгиле. Себеби алар... жаныңарга күндүр-түндүр кам көрүшөт» (ЕВР. 13:17).

1, 2. Жахаба эмне үчүн өзүн койчуга салыштырган?

ЖАХАБА өзүн койчуга салыштырган (Жез. 34:11—14). Бул бизге анын кандай Кудай экенин түшүнүүгө жардам берет. Мыкты койчу койлорун жакшы карайт. Аларды оттуу жайытка, суусу мол жерге алып барат (Заб. 23:1, 2), көзү уктаса да, көөдөнү уктабай, аларга күнү-түнү көз салат (Лк. 2:8), ит-кушка жем кылбай кайтарат (1 Шем. 17:34, 35), жаңы туулгандарына өзгөчө кам көрөт (Ыш. 40:11), жоголгондорун издеп-таап, оорулууларын дарылайт (Жез. 34:16).

2 Жахабанын байыркы убактагы элинин басымдуу бөлүгү мал багып, жер иштеткендиктен анын эмне себептен өзүн камкор койчуга салыштырганын дароо эле түшүнүшкөн. Алар койдун канчалык алсыз, дайыма көз салып турууга муктаж жандык экенин жакшы билишкен. Адамдар да Жахабанын кам көрүп, жол көрсөтүшүнө муктаж (Мр. 6:34). Эгер алар рухий жактан көңүл бурулбай, жетекчиликсиз калышса, «койчусу жок койлордой болуп чачырап», эмне жакшы, эмне жаман экенин билбей, кыйналышат (1 Пад. 22:17). Бактыга жараша, Жахаба өзүнүн элине мээримдүүлүк менен кам көрүп келет.

3. Бул макалада эмнени карап чыгабыз?

3 Жахабанын камкор койчу экенине бүгүнкү күндө биз да ынануудабыз. Анткени ал дагы деле өзүнүн элине эң сонун кам көрүүдө. Бул макалада анын өзүнүн оторун кантип жетектеп, кайтарып жатканын, ошондой эле биз анын мээримдүүлүгүнө кандай жооп кайтарышыбыз керектигин карап чыгабыз.

ЖАКШЫ КОЙЧУ БАШКА КОЙЧУЛАРДЫ ДАЙЫНДАГАН

4. Иса Машаяк Жахабанын койлоруна кантип кам көрөт?

4 Жахаба Иса Машаякты Жыйналыштын башчысы кылып дайындаган (Эф. 1:22, 23). «Жакшы  койчу» катары Иса Машаяк Атасынын сапаттарын чагылдырып, анын эркине жана ой-ниетине ылайык иш кылат. Ал атүгүл «койлору үчүн жанын берген» (Жкн. 10:11, 15). Анын куткаруу курмандыгы бүткүл адамзат үчүн кандай чоң белек! (Мт. 20:28). Жахаба Уулуна «ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болушун» ниет кылган (Жкн. 3:16).

5, 6. а) Машаяк оторун кайтарууга кимдерди дайындаган жана койлордон эмне талап кылынат? б) Аксакалдарга баш ийгенибиздин негизги себеби кайсы?

5 Койлор Жакшы койчу Иса Машаякка баш иерин кантип көрсөтүшөт? «Менин койлорум үнүмө кулак салат. Мен аларды билем, алар мени ээрчийт»,— деген ал (Жкн. 10:27). Жакшы койчунун үнүнө кулак салуу деген анын жетекчилигине бардык жагынан баш ийүүнү билдирет. Бул ал дайындаган койчулар менен кызматташууну да камтыйт. Машаяк элчилери менен шакирттери ал баштаган ишти улантарын айткан. Ал аларга койлорун окутуп-үйрөтүүнү, «багууну» тапшырган (Мт. 28:20; оку: Жакан 21:15—17). Жакшы кабар дүйнө жүзүнө тарап, шакирттеринин саны өскөндүктөн, Машаяк жетилген жолдоочуларынын арасынан жыйналышты кайтарууга койчуларды дайындаган (Эф. 4:11, 12).

6 Элчи Пабыл 1-кылымда Эфестеги жыйналыштын аксакалдарына ыйык рух аларды «оторго көзөмөлчү кылып дайындаганын» айткан (Элч. 20:28). Азыркы учурдагы аксакалдар тууралуу да ушинтип айтууга болот, анткени алар ыйык рухтун жетеги менен жазылган Ыйык Китептеги талаптардын негизинде дайындалышат. Андыктан аларга баш ийсек, Улуу Койчуларды — Жахаба менен Иса Машаякты — урматтаарыбызды көрсөтөбүз (Лк. 10:16). Бул — аксакалдарга даярдуулук менен баш ийгенибиздин негизги себеби. Алардын тилин алышыбызга дагы кандай себептер бар?

7. Аксакалдар сага Жахаба менен ынак мамиледе болууга кантип жардам беришет?

7 Ишенимдештерине кеңеш бергенде же аларды бекемдегенде аксакалдар айткандарын дайыма Ыйык Жазмага негиздешет. Бирок андайда алардын жашоосуна кийлигишип, тигиндей же мындай иш кылууга мажбурлашпайт (2 Кор. 1:24). Анын ордуна, Ыйык Китептин негизинде туура чечим чыгарууга көмөк кылып, жыйналышта биримдик, тынчтык өкүм сүрүшүнө өбөлгө түзүшөт (1 Кор. 14:33, 40). Ыйык Китепте аксакалдар жөнүндө: «Алар... жаныңарга күндүр-түндүр кам көрүшөт»,— деп айтылат. Бул алардын жыйналыштын ар бир мүчөсүнө Жахаба менен ынак мамиледе болууга жардам бергиси келерин көрсөтүп турат. Эгер алар кайсы бир ишенимдешинин «туура эмес иш» кылганын же кылып алышы мүмкүн экенин байкашса, ага тезинен жардам беришет (Гал. 6:1, 2; Жүй. 22). Бул да «жетекчиликти колго алгандарга тил алышыбыз» керектигинин бир себеби. (Оку: Еврейлер 13:17.)

8. Аксакалдар Кудайдын оторун кантип коргошот?

8 Өзү да жыйналыштын койчусу болгон элчи Пабыл Колосадагы ишенимдештерине: «Сак болгула, кимдир бирөө Машаяктын окууларына эмес, бул дүйнө карманган жол-жоболорго, адамдар чыгарган салттарга негизделген философия менен курулай калпты колдонуп, силерди тузакка түшүрүп албасын»,— деп эскерткен (Кол. 2:8). Мындан аксакалдардын Ыйык Китептин негизинде берген кеңешине эмне үчүн кулак кагышыбыз керектигинин дагы бир себебин билүүгө болот. Оторду кайтаргандар бир туугандарына көз салып, аларды ишениминен тайдыргысы келгендерден коргошот. Элчи Петир «жалган пайгамбарлар» менен «жалган окутуучулар» «алсыз жандарды азгырууга» аракет кыларын айткан (2 Пет. 2:1, 14).  Бүгүн да аксакалдар зарыл учурда ушундай эскертүүлөрдү бериши керек. Кудайдын жетилген кызматчылары катары алар турмуштук тажрыйбага ээ. Андан сырткары, алар дайындалганга чейин эле Ыйык Жазманы жакшы түшүнүшөрүн жана «окутканда Кудайдын ишенимдүү сөзүнө бек карманышарын» көрсөтүшкөн (1 Тим. 3:2; Тит 1:9). Алар жетилген, тең салмактуу, Кудайдын акылмандыгына ээ бир туугандардан болгондуктан оторду жакшы жетектей алышат.

Койчу оторун коргогондой эле, аксакалдар өздөрүнө тапшырылган койлорду коргошот (8-абзацты карагыла)

ЖАКШЫ КОЙЧУ ОТОРДУ АЗЫКТАНДЫРЫП, КОРГООДО

9. Жыйналышка рухий тамак жана жетекчилик кандай жолдор менен берилет?

9 Жахаба уюму аркылуу бүт дүйнө жүзүндөгү кызматчыларына рухий тамакты мол берүүдө. Биз Ыйык Жазмага негизделген кеңештерди көбүнчө адабияттар аркылуу алабыз. Андан тышкары, уюм кээде каттар же кыдыруучу көзөмөлчүлөр аркылуу аксакалдарга көрсөтмөлөрдү берет. Ушундай жолдор менен койлорго так-айкын жетекчилик берилип турат.

10. Кимдир бирөө жыйналыштан алыстап кетсе, көзөмөлчүлөр эмне кылышы керек?

10 Көзөмөлчүлөр жыйналыштагыларды коргоп, кам көрүүгө жооптуу. Алар ишеними алсырап калгандарга жана олуттуу күнөө кетиргендерге өзгөчө көңүл бурушу керек. (Оку: Жакып 5:14, 15.) Алардын айрымдары отордон адашып, Жахабага кызмат кылбай калышы мүмкүн. Андайда камкор койчу эмне кылат?  Ал адашканды издеп-таап, оторго кайтып келүүгө жардам берүү үчүн колунан келгендин баарын кылат. Иса Машаяк: «Асмандагы Атам... ушул кичинелердин биринин да жок болушун каалабайт»,— деген (Мт. 18:12—14).

КОЙЧУЛАРДЫН КАТА-КЕМЧИЛИКТЕРИНЕ КАНДАЙ КАРАШЫБЫЗ КЕРЕК?

11. Айрымдарга аксакалдардын жетекчилигине баш ийүү эмне себептен кыйын болушу мүмкүн?

11 Жахаба менен Иса Машаяк — жеткилең Койчулар. Ал эми алар жыйналышты кайтарууга дайындаган койчулар жеткилең эмес. Ошондуктан айрымдарга аксакалдардын жетекчилигине баш ийүү кыйын болушу ыктымал. Алар: «Аксакалдар бизге окшогон эле жеткилеңсиз адамдар да. Анда эмне үчүн аларды угушубуз керек?» — деши мүмкүн. Ооба, аксакалдар жеткилең эмес. Бирок биз алардын ката-кемчиликтерине эле көңүл топтой бербешибиз керек.

12, 13. а) Байыркы убакта Жахабанын элин кайтарууга дайындалган айрым койчулар кандай күнөөлөрдү кетиришкен? б) Жахаба чоң жоопкерчиликтерди аркалагандардын каталары жөнүндө Ыйык Китепке эмне үчүн жаздырып койгон?

12 Ыйык Китепте байыркы убакта Жахабанын элин кайтарууга дайындалган койчулардын жаза баскан учурлары тууралуу ачык жазылган. Алсак, Дөөтү Ысрайылга падыша жана жол башчы болуп дайындалган. Анткен менен ал азгырыкка алдырып, ойноштук кылган жана жазыксыз кишинин канын төккөн (2 Шем. 12:7—9). Элчи Петир болсо 1-кылымда жыйналышта чоң жоопкерчиликтерди аркалаган. Бирок ал да олуттуу күнөөлөрдү кетирген (Мт. 16:18, 19; Жкн. 13:38; 18:27; Гал. 2:11—14). Ырас, Иса Машаякты эсепке албаганда, Адам ата менен Обо эненин урпактарынын бири да жеткилең болгон эмес.

13 Жахаба өзү бийлик берген кызматчыларынын кетирген каталары жөнүндө Ыйык Китепке эмне үчүн жаздырып койгон? Мунун бир себеби ал өзүнүн элин жеткилеңсиз эле адамдар аркылуу жетектээрин көрсөткүсү келген. Чынында эле, Жахаба ал ишке дайыма жеткилең эмес кызматчыларын колдонуп келет. Андыктан жетекчиликти колго алгандардын кемчиликтерин шылтоолоп, аларга наалыганыбыз же бийлигин урматтабай койгонубуз туура эмес болуп калмак. Жахаба бизден андай бир туугандарды урматтап, алардын тилин алышыбызды күтөт. (Оку: Чыгуу 16:2, 8.)

14, 15. Жахабанын байыркы убактагы элине көрсөтмөлөрдү кантип бергенинен эмнени биле алабыз?

14 Аксакалдардын тилин алганыбыз абдан маанилүү. Байыркы убакта Жахабанын кыйын кезеңдерде элине кантип көрсөтмө бергенин карап көрөлү. Ысрайыл эли Мисирден чыкканда, Жахаба аларды Муса пайгамбар менен Арун аркылуу жетектеген. Онунчу жазадан аман калыш үчүн ысрайылдыктарга Кудайдын көрсөтмөсү боюнча тамак даярдап, союлган малдын канын үйүнүн эшигинин баш босогосуна жана эки кашегине чачыратышы керектиги айтылган. Жахаба ошол көрсөтмөлөрдү бериш үчүн асмандан өзү сүйлөгөнбү? Жок. Жахаба аларды Муса пайгамбарга, ал болсо Ысрайыл аксакалдарына айткан. Андыктан эл аксакалдарды угушу керек болгон (Чыг. 12:1—7, 21—23, 29). Ошентип, Муса пайгамбар менен Ысрайыл аксакалдары Жахабанын айткандарын элге жеткиришкен. Бүгүнкү күндө да Кудай аксакалдарды ушундай максатта колдонууда.

15 Ыйык Китепте Жахабанын өзүнүн элине өмүр үчүн зарыл болгон көрсөтмөлөрдү берүүдө кайсы бир кызматчысын же периштесин колдонгону тууралуу көп баяндалат. Ошол  учурлардын баарында Кудай аларга кандайдыр бир деңгээлде бийлик берген. Алар Кудайдын атынан сүйлөп, анын элине оор убакта маанилүү көрсөтмөлөрдү беришкен. Жахаба Армагедондо да бизди ушундай жол менен жетектейт деп толук ишенсек болот. Албетте, Жахабанын жана анын уюмунун өкүлү катары кызмат кылган аксакалдар өздөрүнө берилген бийликти эч качан кыянат колдонбошу керек.

«БИР ОТОР, БИР КОЙЧУ»

16. Кайсы «үнгө» кулак кагышыбыз керек?

16 Жахабанын эли «бир койчуга» — Иса Машаякка — баш ийген «бир оторду» түзөт (Жкн. 10:16). Машаяк, «дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин», ар дайым жолдоочулары менен болорун айткан (Мт. 28:20). Асмандагы Падыша катары ал Шайтандын дүйнөсүнө чыгарылган өкүм ишке ашканга чейин боло турган окуялардын баарын көзөмөлдөп турат. Кудайдын оторунан алыстабай, коопсуз болушубуз үчүн кайсы жол менен жүрүшүбүз керектигин айтып турган «үнгө» кулак салганыбыз абзел. Ал «үн» ыйык рухтун жетеги менен жазылган Ыйык Китептеги кеп-кеңештерди, ошондой эле Жахаба менен Иса Машаяктын койчулар аркылуу берген көрсөтмөлөрүн билдирет. (Оку: Ышая 30:21; Аян 3:22.)

Аксакалдар атасы же энеси жок үй-бүлөлөрдү зыяндуу чөйрөдөн коргоого умтулушат (17, 18-абзацтарды карагыла)

17, 18. а) Кудайдын оторуна ким коркунуч туудурууда, бирок кайсы убаданын аткарыларынан шектенбесек болот? б) Кийинки макаладан кайсы суроого жооп алабыз?

17 Ыйык Китепте: «Ибилис кимди жутуп жиберсем деп, арылдаган арстан сыяктуу жүрөт»,— деп айтылат (1 Пет. 5:8). Жем издеп жорткон ач жырткычка окшоп, ал койлорду байкатпай аңдып, отордон адашкандарын, энөөлүк кылгандарын баса калууну эле күтүп турат. Ошол себептен отордон алыстабаганыбыз, ошондой эле Жахабага — жаныбызды «сактоочуга жана кайтаруучуга» — ынак болгонубуз абдан маанилүү (1 Пет. 2:25). Улуу алааматтан аман өтө тургандар жөнүндө Аян 7:17де: «Буларды... Козу [Иса Машаяк] кайтарып, өмүр суусунун башаттарына алып барат. Кудай булардын көздөрүндөгү бардык жашты аарчыйт»,— деп жазылган. Бул кандай сонун убада!

18 Бул макалада талкуулангандай, аксакалдар жыйналыштын койчусу катары абдан маанилүү ишти аткарышат. Алар Машаяктын койлоруна тийиштүү түрдө кам көрүп жатышканына кантип ынана алышат? Бул суроого кийинки макаладан жооп алабыз.