Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Койчулар, Улуу Койчулардан үлгү алгыла!

Койчулар, Улуу Койчулардан үлгү алгыла!

«Машаяк... силер үчүн азап тартып, анын изи менен так жүрүшүңөр үчүн, силерге үлгү калтырган» (1 ПЕТ. 2:21).

1, 2. а) Койлорду жакшы багуунун натыйжасы кандай болот? б) Иса Машаяктын күндөрүндөгү эл эмне үчүн койчусу жок койлордой болушкан?

КОЙЧУ оторун жакшы караса, койлору ар кандай ылаңдан алыс болот. Кой багууга байланыштуу бир китепте айтылгандай, «эгер койчу малын жайгандан башка эч нерсе кылбаса, бир нече эле жылдын ичинде койлорунун көбү ооруп, чоң чыгашага учураары толук ыктымал». Ал эми жакшы бакса, койлору этинен калбай, көзгө толумдуу болот.

2 Анын сыңарындай, Кудайдын оторун кайтарган койчулар ар бир жарчыга көңүл буруп, кам көрсө, бүтүндөй жыйналыш гүлдөп-өсөт. Иса Машаяктын «койчусу жок койлордой чачырап, жүдөп калган» элди көргөндө боору ачыганын эстесеңер (Мт. 9:36). Эл эмне үчүн ошондой кейиштүү абалга туш болгон? Анткени аларга Кудайдын мыйзамдарын окутуп-үйрөтүшү керек болгон диний жетекчилер бөйрөктөн шыйрак чыгарган, катаал, эки жүздүү кишилерден болушкан. Ал «койчулар» элге жардам берип, кам көрмөк турсун, алардын ийнине «оор жүктөрдү» артышкан (Мт. 23:4).

3. Аксакалдар койчулук милдетин аткарууда эмнени унутпашы абзел?

3 Бүгүнкү күндөгү койчуларга — жыйналыштын аксакалдарына — чоң жоопкерчилик артылган. Алар кайтарган отор Жахабага жана «жакшы койчу» Иса Машаякка таандык (Жкн. 10:11). Машаяк аларды өзүнүн «баа жеткис каны менен» «кымбат баага сатып» алган (1 Кор. 6:20; 1 Пет. 1:18, 19). Ал койлорун ушунчалык жакшы көргөндүктөн алар үчүн өз өмүрүн берген. Аксакалдар өздөрүнүн «койлордун улуу койчусу» Иса Машаяктын көзөмөлү астындагы койчулар экенин эч качан унутпашы абзел (Евр. 13:20).

4. Бул макалада эмне талкууланат?

 4 Жыйналыштын койчулары оторго кандай мамиле кылышы керек? Жарчылар «жетекчиликти колго алгандарга тил алууга», ал эми аксакалдар «Кудайдын аманаты болгондорго үстөмдүк кылбоого» чакырылат (Евр. 13:17; оку: 1 Петир 5:2, 3). Канткенде аксакалдар отордогуларды үстөмдүк кылбай жетектей алышат? Башкача айтканда, аларга оторду кайтарууда Кудай берген бийлигин кыянат колдонбоого эмне жардам берет?

«КОЗУЛАРДЫ... БООРУНА КЫСЫП КӨТӨРҮП ЖҮРӨТ»

5. Ышая 40:11деги сөздөрдөн Жахаба жөнүндө эмнени биле алабыз?

5 Ышая пайгамбар Жахаба жөнүндө: «Ал өз оторун койчудай кайтарат. Козуларды өз колу менен чогултуп, бооруна кысып көтөрүп жүрөт, козулуу койлорду камкордук менен ээрчитип жүрөт»,— деп айткан (Ыш. 40:11). Бул сөздөр Жахабанын алсырап калган, коргоого муктаж кызматчыларына өзгөчө көңүл бурарын таамай сүрөттөп турат. Ар бир коюн жакшы билген камкор койчудай болуп, ал жыйналыштагылардын ар бири эмнеге муктаж экенин эң сонун билет жана аларга жардам берүүгө даяр. Койчу жаңы туулган козуларды зарыл болгондо койнуна салып көтөрүп алган сыяктуу, «боорукердиктин Атасы» Жахаба бизди оор учурларда «көтөрүп жүрөт», чоң сыноого кабылганда сооротот (2 Кор. 1:3, 4).

6. Аксакалдар Жахабаны кантип туурай алышат?

6 Асмандагы Атабыз жыйналыштагы аксакалдарга кандай сонун үлгү көрсөтөт! Жахабага окшоп, аксакалдар жарчыларга көз салып, алардын кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын, кандай жардам керек экенин баамдай билиши зарыл. Ошондо алар жарчыларды өз убагында бекемдеп, жубата алышат (Накыл 27:23). Ан үчүн аксакалдардын жыйналыштагылар менен жакшы пикир алышып турганы маанилүү. Алардын ишенимдештеринин сүйлөгөн сөздөрүнө, кылган иштерине көңүл буруп, ошол эле учурда жеке иштерине кийлигишип кетпей, «алсыздарга жардам берүүгө» убакыт бөлүшү да кажет (Элч. 20:35; 1 Тес. 4:11).

7. а) Жезекиел менен Жеремия пайгамбарлардын убагында койчулар ысрайыл элине кандай мамиле кылышкан? б) Жахабанын ишенимсиз койчуларды айыптаганы эмнени айкын көрсөтүп турат?

7 Жезекиел менен Жеремия пайгамбарлардын убагында ысрайыл элинин койчулары кандай болгонун карап көрөлү. Алар өз милдетин аткарбагандыктан Жахабанын ырайымынан ажырап калышкан. Ал койчулар Кудайдын оторуна көз салып, азыктандыргандын ордуна, аларды керт башынын кызыкчылыгына колдонуп, «өздөрүн багышкан». Натыйжада эл эзилип, туш-тушка чачырап кеткен (Жез. 34:7—10; Жер. 23:1). Жахаба христиан дүйнөсүнүн жетекчилерин да ошол сыяктуу себептерден улам айыптайт. Мындан аксакалдардын Жахабанын оторуна мээримдүүлүк менен, тийиштүү түрдө кам көрүшү керектиги айкын көрүнүп турат.

«СИЛЕРГЕ ҮЛГҮ КАЛТЫРДЫМ»

8. Иса Машаяк башкаларга кеңеш берүү жагынан аксакалдарга кандай үлгү калтырган?

8 Жеткилеңсиздиктен улам айрым бир туугандар Жахабанын кээ бир талаптарын жакшы түшүнбөшү мүмкүн. Алар кээде чечим чыгарып жатканда Ыйык Китептеги принциптерди эске албашы же рухий жактан жетиле электигин көрсөткөн иштерди кылышы ыктымал. Андайда аксакалдардын эмне кылганы оң? Иса Машаяктан үлгү алып, сабырдуу  болгону оң. Шакирттери Кудайдын Падышалыгында кимиси баарынан чоң экени жөнүндө талашып-тартыша бергенде, ал ачууланып кирбей, момун болуу керектигин жумшактык менен үйрөтө берген (Лк. 9:46—48; 22:24—27). Атүгүл алардын бутун жууп, момундук деген эмне экенин иш жүзүндө көрсөткөн. Бүгүнкү күндөгү аксакалдар да момун болушу керек (Оку: Жакан 13:12—15; 1 Пет. 2:21).

9. Иса Машаяк элчилерине кандай кеңеш берген?

9 Машаяктын эки элчиси Жакып менен Жакан бир кезде койчунун ишине башкаларды башкаруу кирет деп ойлошкон. Алар Устатынан Падышалыкта көрүнүктүү орун беришин сурашкан. Ошондо ал: «Башкаруучулардын элге үстөмдүк кыларын, аттуу-баштуу адамдардын элдин үстүнөн бийлик жүргүзөрүн билесиңер. Бирок силердин араңарда андай болбосун. Араңардан ким чоң болгусу келсе, ал силерге кызматчы болсун» — деп, алардын ой жүгүртүүсүн оңдогон (Мт. 20:25, 26). Ырас, элчилер ишенимдештерине «үстөмдүк кылуудан» же аларды башкарып алуудан сак болушу керек болчу.

10. Машаяк аксакалдардан оторго кандай мамиле кылышын күтөт жана Пабыл бул жагынан кандай үлгү калтырган?

10 Машаяк өзү оторго кандай мамиле кылса, аксакалдардан да ошондой мамиле кылышын күтөт. Аксакалдар өздөрүн кожоюндай эмес, кызматчыдай алып жүрүшү кажет. Элчи Пабылдын Эфес жыйналышындагы аксакалдарга: «Мен Азияга келген күндөн тартып жаныңарда жүргөндө өзүмдү кандай алып жүргөнүмдү жакшы билесиңер... Теңирге зор момундук менен кулдай кызмат кылдым»,— деп айткан сөздөрүнөн анын момун болгону көрүнүп турат. Ал Эфестеги аксакалдардын да башкаларга чын жүрөктөн, момундук менен жардам беришин каалагандыктан: «Ушинтип эмгектенип, алсыздарга жардам бериш керектигин... силерге бардык жагынан көрсөттүм»,— деген (Элч. 20:18, 19, 35). Корунттуктарга болсо алардын ишенимине үстөмдүк кылбаганын жана алардын кубанышына өбөлгө түзгөн кызматташы экенин айткан (2 Кор. 1:24). Элчи Пабыл момун болуу жана күжүрмөн эмгектенүү жагынан аксакалдарга эң сонун үлгү калтырган.

«КУДАЙДЫН ИШЕНИМДҮҮ СӨЗҮНӨ БЕК КАРМАНГЫЛА»

11, 12. Аксакал ишенимдешине чечим чыгарууга кантип жардам бере алат?

11 Жыйналыштын аксакалдары башкаларды «окутканда Кудайдын ишенимдүү сөзүнө бек карманышы керек» (Тит 1:9). Бирок алардын ошол эле учурда жумшак болгону маанилүү (Гал. 6:1). Жакшы койчу бир туугандарын тигиндей же мындай иш кылууга мажбурлабай, алардын жүрөгүн козгоого аракет кылат. Ал ишенимдешине туура чечим чыгарууга жардам бериш үчүн аны менен чогуу Ыйык Китептеги принциптерди же биздин адабияттарга чыккан макалаларды талкуулайт. Ага чыгарган чечимдери Жахаба менен болгон мамилесине кандай таасир этери жөнүндө ойлонууга да түрткү берет. Ошондой эле чечим чыгарардан мурун тиленип, Кудайдан жетекчилик издөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт (Накыл 3:5, 6). Ишенимдеши менен ушуларды талкуулаган соң чечим чыгарууну анын өзүнө коёт (Рим. 14:1—4).

12 Аксакалдардын бийлиги Ыйык Жазмага негизделгендиктен, алар аны чебердик менен колдоно билиши жана кеңештерин дайыма ага негиздеши абзел. Ошондо алар бийлигин кыянат колдонушпайт. Аксакалдар  өзүлөрүнүн тек гана койчулар экенин жана ар бир жарчы чыгарган чечими үчүн Жахаба менен Иса Машаяктын алдында жооп берерин эсинен чыгарбашы керек (Гал. 6:5, 7, 8).

«ОТОРГО ҮЛГҮ КӨРСӨТКҮЛӨ»

Аксакалдар үйүндөгүлөрүнө кызматка даярданууга жардам беришет (13-абзацты карагыла)

13, 14. Аксакалдар оторго кайсы жактардан үлгү көрсөтүшү керек?

13 Элчи Петир аксакалдарды «үстөмдүк кылбоого» үндөө менен бирге «оторго үлгү көрсөтүүгө» чакырган (1 Пет. 5:3). Аксакалдар оторго кантип үлгү көрсөтө алышат? «Көзөмөлчү болуп кызмат кылууга умтулуп жаткандарга» коюлган талаптардын экөөнө токтолуп көрөлү. Аксакал акыл-эстүү болушу керек. Бул анын Ыйык Китептеги принциптерди терең түшүнүп, аларды жашоосунда колдоно билиши керектигин билдирет. Акыл-эстүү киши оор басырыктуу келет жана чечим чыгарардан мурун кылдат ойлонот. Андан сырткары, аксакал «үйүндөгүлөрүн жакшы башкара билиши» абзел. Демек, аксакал үй-бүлөлүү болсо, үйүндөгүлөрүнө башчылык кылуу жагынан жарчыларга үлгү көрсөтүшү керек. Антпесе ал «Кудайдын жыйналышына кантип кам көрөт?» (1 Тим. 3:1, 2, 4, 5). Эгер жыйналыштагылар аксакалдардан ушундай сапаттарды байкашса, аларга көбүрөөк ишеним артышат.

14 Кабар айтуу кызматында жетекчиликти колго алуу менен да аксакалдар ишенимдештерине жакшы үлгү көрсөтүшөт. Бул жагынан аларга Иса Машаяк мыкты үлгү калтырган. Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоо анын жашоосунда биринчи орунда турган. Ал шакирттерине кантип кабар айтуу керектигин үйрөткөн (Мр. 1:38; Лк. 8:1). Аксакалдар менен ийиндеш туруп кызмат кылуу, алардын бул маанилүү ишке ынталуу катышып жатканын көрүү, башкаларды окутуу жагынан алардан көп нерсеге үйрөнүү жарчыларды абдан бекемдейт. Аксакалдардын убактысы тар болгонуна карабай кабар айтуу ишине катышууга бүт күчүн жумшап жатканын көрүп, жыйналыштагылардын баары аларды тууроого түрткү алышат. Жыйналыш жолугушууларына даярданып, жооп берүү менен жана Падышалык залын оңдоо, тазалоо сыяктуу иштерге катышуу менен да аксакалдар оторго жакшы үлгү көрсөтүшөт (Эф. 5:15, 16; оку: Еврейлер 13:7).

Аксакалдар кабар айтуу жагынан жыйналыштагыларга үлгү көрсөтүшөт (14-абзацты карагыла)

«АЛСЫЗДАРДЫ КОЛДОГУЛА»

15. Аксакалдар кайсы айрым себептерден улам кайтаруучулук жолугууга барып турушат?

15 Кою ооруп калса же аксап жүрсө, камкор койчу дароо чара көрөт. Анын сыңарындай, жыйналыштагылардын кимдир бирөөсү кыйналып же алсырап жатса, аксакалдардын тезинен иш-аракет кылганы оң. Улгайган же оору менен алпурушуп жүргөн бир туугандарга күнүмдүк  иштерин аткарууга көмөктөшкөнүбүз жакшы. Бирок алар биринчи кезекте Ыйык Жазманын негизинде жубатып, дем-күч беришибизге муктаж (1 Тес. 5:14). Жаш бир туугандарыбыз болсо «жаштыкка мүнөздүү каалоолор» менен күрөшүп жүрүшү мүмкүн (2 Тим. 2:22). Андыктан аксакалдар жарчылардын кандай кыйынчылыктарды башынан кечирип жатканын билүү үчүн жана аларды Ыйык Жазманын негизинде бекемдөө үчүн кайтаруучулук жолугууга барып турушу керек. Эгер алар ушул нерселерди өз убагында кылышса, көптөгөн көйгөйлөрдүн алдын алышат.

16. Аксакалдар жардамга муктаж болгондорго кантип колдоо көрсөтө алышат?

16 Кайсы бир ишенимдешибиз олуттуу көйгөйгө кабылып, Жахаба менен болгон мамилесине коркунуч туулса, эмне кылыш керек? Ыйык Китепти жазууга катышкан шакирт Жакып мындай деген: «Араңардан кимдир бирөө ооруп жатабы? Анда жыйналыштын аксакалдарын чакырсын. Алар аны Жахабанын атынан май менен майлап, ал үчүн тиленишсин. Ишеним менен айтылган тиленүү оорулууну айыктырат жана Жахаба аны тургузат. Эгерде күнөө кылган болсо, күнөөсү кечирилет» (Жкп. 5:14, 15). Рухий жактан ооруп жаткан бир тууган «жыйналыштын аксакалдарын чакырбаган» күндө да, алар анын көйгөйүн билер замат жардамга барышы керек. Аксакалдар ишенимдештери менен чогуу алар үчүн тиленсе жана аларга өз убагында колдоо көрсөтүшсө, отордогулар үчүн сергитүүнүн, бекемдөөнүн булагы болушат. (Оку: Ышая 32:1, 2.)

17. Аксакалдар «улуу койчудан» үлгү алганда, натыйжасы кандай болот?

17 Жахабанын уюмунда кандай иш аткарышпасын, аксакалдар дайыма «улуу койчу» Иса Машаяктан үлгү алууга умтулушат. Натыйжада алардын жардамы менен жыйналыштар өркүндөп-өсүүдө. Ушундай мээримдүү койчуларды бергени үчүн теңдешсиз Койчубуз Жахабага кандай гана ыраазыбыз!