Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КУДАЙСЫЗ ЖАШАЙ АЛАБЫЗБЫ??

Эмне үчүн мындай суроо туулат?

Эмне үчүн мындай суроо туулат?

Бир атеисттик топтун жарнама тактасында: «Кудайсыз эле жашообуз өтө берет деп ойлойсуңарбы? Миллиондогондор ошондой ойдо»,— деп жазылган. Алар Кудай жок эле сонун жашай беребиз деген ойдо.

Бирок Кудайга ишенем дегендердин көбү Кудай жок деген адамдардай эле иш кылышат. Католик архиепискобу Сальваторе Физикелла чиркөөсүнүн мүчөлөрү тууралуу: «Бүгүнкү күндө эч ким бизди христиандар деп айтмак эмес чыгар, анткени биз Кудайга ишенбегендердей эле жашап калдык»,— деген.

Айрымдар түйшүк менен эле алышып жүргөндүктөн Кудай жөнүндө ойлонуп да коюшпайт. Алар Кудай кол жеткис бийиктикте болгондуктан адамдар менен иши деле жок деп ойлошот. Андайлар башына кыйынчылык түшкөндө же бир нерсе керек болгондо гана Кудайды эстеп калышат. Алар аны чакырса эле келе калып, каалоосун аткарып кирген жумушчудай көрүшөт.

Башкалар болсо диний окууларга же диний жетекчилердин айтканына кармануунун пайдасын көрбөгөндүктөн аларды аткарышпайт. Германиядагы католиктерди сурамжылоодо 76 пайызы чиркөөдө жана Ыйык Китепте айтылгандарга каршы келген көз карашта экени айкын болгон, алсак, алар аял менен эркек никеге турбай эле чогуу жашай берсе болот деген ойдо экенин билдиришкен (1 Корунттуктар 6:18; Еврейлер 13:4). Албетте, туткан дининде айтылгандарга карманбагандарды дүйнөнүн чар тарабынан кездештирүүгө болот. Көптөгөн диний жетекчилер дининдегилердин өздөрүн атеист деп эсептебеген, бирок жүрүм-турумунан ошондой көз карашта экени көрүнгөн адамдарга окшошуп баратканына кейишет.

Ошондон улам: «Чын эле Кудайсыз жашай алабызбы?» — деген суроо туулат. Мындай суроонун эчак эле көтөрүлгөнү Ыйык Китептин алгачкы беттеринде айтылат. Андыктан бул суроого жооп алыш үчүн Ыйык Жазманын Башталыш китебинде баяндалган бир окуяга токтололу.