Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 КУДАЙГА ЖАКЫНДАГЫЛА

«Мына, мен бардыгын жаңы жаратып жатам»

«Мына, мен бардыгын жаңы жаратып жатам»

Чың ден соолукта болууну жана үй-бүлөңөрдөн эч ким оорубай, узак жашашын каалайт белеңер? Азап-кайгы, оору, өлүм таптакыр болбогон заманды эңсейсиңерби? Бул жомоктордо эле айтылчу куру кыял эмес. Жахаба Кудай убада кылган, адилеттик өкүм сүргөн андай замандын орнооруна абдан жакын калды. Кудайдын ал убадасынын аткарылышы Аян 21:3—5-аяттарда кандайча сүрөттөлгөнүнө көңүл бурсаңар. (Аяттарды окугула.)

«Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт» (Аян 21:4). Бул эмнени билдирет? Кудай кубанычтан аккан же көздү коргогон жашты эмес, азап-кайгыдан, аза-муңдан төгүлгөн көз жашты аарчыйт. Бирок Кудай жашыбызды жөн эле аарчып койбойт, ал ыйлашыбызга себеп болгон азап-кайгыны жок кылат.

«Мындан ары өлүм болбойт» (Аян 21:4). Адамдардын көз жаш төгүшүнүн эң негизги себеби — өлүм. Жахаба Кудай өзүнө баш ийген адамдарды өлүмдүн кулчулугунан куткарат. Ал муну кандайча кылат? Кудай өлүмдүн болушуна себеп болуп жаткан нерсени, Адам атадан тукум кууп өткөн күнөөнү, жок кылуу менен бизди өлүмдөн куткарат (Римдиктер 5:12). Жахаба анын тилин алгандарды Иса Машаяктын курмандыгынын негизинде жеткилеңдикке жеткирет *. Ошондон кийин акыркы душман — өлүм — «жок кылынат» (1 Корунттуктар 15:26). Жахабага бекем ишенгендер, ал эң башында ниет кылгандай, чың ден соолукта болуп, жер бетинде түбөлүккө жашашат.

«Оору да болбойт» (Аян 21:4). Кандай оорулар болбойт? Күнөөнүн, жеткилеңсиздиктин айынан болуп жаткан, миллиондогон адамдардын акыл-эсин жабыркаткан, жан дүйнөсүн кыйнаган, жанын сыздаткан оорулардан арылабыз.

Жакында эч ким ыйлабаган, өлүм жана азап-кайгы болбогон заман орнойт. Балким, силер: «Андай заман каякта болот? Асмандабы?» — деп сурайттырсыңар. Жок. Келгиле, эмне үчүн асманда болбой турганын карап көрөлү. Биринчиден, анын убадасы «Кудайдын чатыры адамдардын арасында болот» деген сөздөр менен башталат, ал эми адамдар жерде жашашат (Аян 21:3). Экинчиден, Кудай «мындан ары өлүм болбой» турган дүйнө жөнүндө — бир кезде өлүм болгон, бирок кийин өлүм жок боло турган дүйнө жөнүндө — айткан. Асманда өлүм эч качан болгон эмес. Өлүм жер бетинде болуп келет. Мындан көрүнүп тургандай, Кудай убада кылган заман жерге орнойт.

Кудай азап-кайгыдан, аза-муңдан куюлган көз жашты аарчыйт

Жахаба Кудай адилдик өкүм сүргөн замандын орной турганына ишенишибизди каалайт. Ал келечекте адам баласына батасын берерин айткандан кийин: «Мына, мен бардыгын жаңы жаратып жатам»,— деген. Анан: «Жаз, анткени бул сөздөр ишенүүгө татыктуу, бул сөздөр чын»,— деп кошумчалаган (Аян 21:5). Андыктан Кудайдын убадасы аткарылганын көрө турган бактылуу адамдардын арасында болушуңар үчүн эмне кылыш керектигин билгенге аракет кылгыла.

^ абз. 5 Иса Машаяктын курмандыгы тууралуу көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 5-бөлүмүн карагыла.