Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ӨЛҮМ МЕНЕН БААРЫ БҮТӨБҮ?

Өлбөстүккө талпынган адамзат

Өлбөстүккө талпынган адамзат

ИМПЕРАТОР ЦИНЬ ШИХУАНДИ

ИЗИЛДӨӨЧҮ ХУАН ПОНСЕ ДЕ ЛЕОН

Өлүм — каардуу душман. Аны жеңиш үчүн адамдар болгон күчүн жумшап келишкен. Жаныбыздай көргөн адамыбызды өлүм алып кеткенде, эсибиз эңгиреп, андан айрылганыбызга такыр ишенгибиз келбейт. Күлгүн куракта болсо өлүм деген нерсе ойго да келбей, ал жоо бизди эч качан кууп жетпечүдөй сезилет.

Байыркы учурларда Мисир фараондору өлбөстүктүн сырын табабыз деп далбас уруп, кылбаганы калган эмес. Өздөрүнүн да, кулдарынын да өмүрүн ошого арнап, ажалды багындырууга далалат кылышкан. Буга алар курган пирамидалар далил боло алат. Фараондордун үй-бүлөсүнөн кимдир бирөө каза болгондо, анын жаны денесине кайтып келет деген ойдо денесин бальзамдап, пирамидалардын ичине коюшчу. Бирок ал сөөктөрдүн жок болгону фараондордун өлүмдү жеңе албаганын тастыктап турат.

Кытай императорлору да өлбөстүккө жетсек деп кыялданышкан. Бирок алар, мисирликтерден айырмаланып, сыйкырдуу күчкө ээ аралашма жасаганга аракет кылышкан. Цинь Шихуанди деген император алхимиктерден ажалдын жолун торогон сыйкырдуу даба ойлоп табууну талап кылган. Бирок алхимиктер жасаган андай суюктуктардын көбүнүн курамына уулуу зат — сымап — кошулчу. Сыягы, Цинь Шихуанди ошондой аралашмалардын бирин ичкендиктен өмүрү менен кош айтышкан.

Бир билдирүүгө ылайык, б.з. 16-кылымында Хуан Понсе де Леон деген испан изилдөөчүсү мүрөктүн суусун издеп Кариб деңизине барган. Ошол учурларда ал Флориданы (АКШ) ачкан эле, бирок көп өтпөй Американын жергиликтүү калкы менен болгон согушта каза тапкан. Мүрөктүн суусу болсо табылган эмес.

Ооба, фараондор, императорлор, изилдөөчүлөр — баары өлүмдү багындырууга күч жумшап келишкен. Алардын кылган иш-аракеттери акылсыздыктай сезилсе да, өлбөстүккө жетүүгө умтулганын жаман деп эсептебейбиз. Себеби ар бирибиздин жүрөгүбүздүн түпкүрүндө түбөлүк өмүр сүрүүгө болгон каалоо бар.

ӨЛҮМДҮ БАГЫНДЫРУУ МҮМКҮНБҮ?

Эмне үчүн өлүмгө моюн сунгубуз келбейт? Мунун себеби Ыйык Китепте түшүндүрүлөт. Анда  Жахаба * Кудай жөнүндө: «Ал баарын өз убагында сонун кылып жасаган. Чыныгы Кудай адамдардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салган»,— делет (Насаатчы 3:11). Биз 80 жыл же андан көбүрөөк убакыт эле жашагыбыз келбейт, баарыбыз жер бетинде чексиз өмүр сүрүүнү самайбыз (Забур 90:10). Ооба, андай сезим жүрөгүбүздүн түпкүрүнөн орун алган.

Эмне себептен Кудай жүрөгүбүзгө «түбөлүктүүлүктү» салып койгон? Бизди кайгыртыш үчүнбү? Андай болушу мүмкүн эмес. Кудай ажалдын кишендеринен бошоно турган убак келерин убада кылган. Ыйык Китепте өлүмдүн биротоло жок кылынары жана Кудайдын адамдарга түбөлүк өмүр берери жөнүндөгү убадасы тууралуу көп айтылат. ( «Өлүмдүн жеңилиши» деген кутучаны карагыла.)

Иса Машаяк да: «Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сени жана сен жиберген Иса Машаякты таанып-билүү зарыл»,— деп айткан (Жакан 17:3). Андыктан өлүм менен болгон күрөш ийгиликсиз болбойт. Бирок, Иса Машаяк айткандай, ал күрөштө бизди жеңишке Кудай гана жеткирет.

^ абз. 9 Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.