Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаш кезиңде акылдуулук менен чечим чыгар

Жаш кезиңде акылдуулук менен чечим чыгар

«Жигиттер менен кыздар,.. Жахабанын ысмын даңктагыла» (ЗАБ. 148:12, 13).

1. Көптөгөн жаштар эмнеден зор кубаныч алып жатышат?

БИЗ өзгөчө убакта жашап жатабыз. Азыр ар кайсы элден чыккан миллиондогон адамдар чыныгы сыйынууга кошулууда (Аян 7:9, 10). Жаш бир туугандарыбыздын көбү башкаларды «өмүр суусунан бекер алууга» чакырып, жүрөк толкутарлык окуяларга күбө болуп жатышат (Аян 22:17). Айрымдары Кудай жөнүндө билим алгысы келгендер менен Ыйык Китепти изилдеп, аларга жакшы жакка өзгөрүлүүгө көмөк кылууда. Ал эми башкалары жакшы кабарды бөтөн тилде сүйлөгөндөргө жеткирүү үчүн бүт күч-аракетин жумшоодо (Заб. 110:3; Ыш. 52:7). Сен да Жахабанын эли аткарып жаткан ишке катышып, көбүрөөк кубаныч алгың келеби? Ан үчүн эмне кылсаң болот?

2. Жахабанын жаштарга да жооптуу иштерди тапшырууну каалаары Тиметейдин окуясынан кандайча көрүнүп турат? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

2 Жаш болсоң да, кийин Жахабага көбүрөөк кызмат кылууга өбөлгө түзгөн чечимдерди чыгара аласың. Мисалга 1-кылымда Листра шаарында жашаган Тиметейди алалы. Ал акылдуулук менен чечим чыгаргандыктан, өспүрүм курактан өтүп же жыйырмаларга келип калганда миссионердик кызматка дайындалган (Элч. 16:1—3). Кыязы, ошондон бир нече ай өткөндөн кийин эле элчи Пабыл катуу куугунтуктан улам Тесалоника шаарынан кетүүгө аргасыз болгон. Анан ал Тиметейден ошол шаарга кайра барып, жаңы уюшулган жыйналыштагы бир туугандарды кайраттандырууну суранган (Элч. 17:5—15; 1 Тес. 3:1, 2, 6). Ошондой маанилүү иш  тапшырылганда, жаш Тиметейдин кандай сезимде болгонун элестетсең!

ЭҢ МААНИЛҮҮ ЧЕЧИМИҢ

3. Жашоодогу эң маанилүү чечимиң кайсы жана аны качан чыгарганың туура?

3 Жаш кезде көптөгөн маанилүү чечимдерди чыгарууга туура келет. Бирок алардын ичинен эң эле маанилүүсү — Жахабага кызмат кылууну чечүү. Бул чечимди качан чыгарганың туура болот? Жахаба: «Жаш кезиңде Улуу Жаратканыңды эсиңден чыгарба»,— деп чакырат (Нас. 12:1). Жаратканды «эсиңден чыгарбоонун» жалгыз жолу — ага бүт жүрөгүң менен кызмат кылуу (Мыйз. 10:12). Жашооңдогу бул эң маанилүү чечимиң бүтүндөй келечегиңе таасир этет (Заб. 71:5).

4. Кудайга кандай кызмат кыларыңа кайсы маанилүү чечимдериң таасир этет?

4 Албетте, келечегиңе таасир эте турган дагы башка нерселер бар. Алсак, үй-бүлө курууга, жар тандоого жана жумушка байланыштуу чечим чыгарышың керек. Булардын баары маанилүү дечи, бирок адегенде Жахабага мүмкүн болушунча көбүрөөк кызмат кылууну чечип алганың абзел (Мыйз. 30:19, 20). Эмне үчүн? Анткени чечимдер бири-бири менен тыгыз байланышта. Маселен, турмуш курууга, жумушка орношууга байланыштуу чыгарган чечимиң Жахабага кандай кызмат кыларыңа таасирин тийгизет. (Салыштыр: Лука 14:16—20.) Ошол эле учурда Жахабага кызмат кылууга болгон каалооң үй-бүлө курууга жана жумушка байланыштуу кандай чечим чыгарарыңа таасир этет. Андыктан сен үчүн эмне маанилүү экенин аныктап алганың оң (Флп. 1:10).

ЖАШТЫГЫҢДЫ ЭМНЕГЕ АРНАЙСЫҢ?

5, 6. Туура чечим чыгаруу Жахабага көбүрөөк кызмат кылууга кандайча жол ачарына мисал келтир. (Ушул сандагы «Бала кезде чыгарган чечимим» деген макаланы да кара.)

5 Жахабага кызмат кылууну тандагандан кийин анын сенден эмнени күтөрү тууралуу терең ойлонуп, ага кантип кызмат кыларыңды чечип ал. Бир жапон ишенимдешибиз мындай деп жазат: «14 жашымда жыйналыштагы бир аксакал менен кабарга чыктым. Ал менин кызматтан кубаныч албай жатканымды байкап, жылуу-жумшак: „Уичиро, үйүңө барып, Жахаба сен үчүн эмнелерди кылганы жөнүндө терең ой жүгүртүп көр“,— деди. Мен ал айткандай кылдым. Бир нече күн бою ошол жөнүндө ойлонуп, тиленип жүрдүм. Акырындап ой жүгүртүүм өзгөрүп, Жахабага кызмат кылуудан кубаныч ала баштаганымды сездим. Андан тышкары, миссионерлер жөнүндө окуп, Кудайга көбүрөөк кызмат кылуу тууралуу ойлоно баштадым».

6 Уичиронун ошондон кийин чыгарган чечимдери кийин анын башка өлкөгө барып, Жахабага кызмат кылышына жол ачкан. Ал сөзүн мындай деп улайт: «Мен англис тилин үйрөтө турган курска жазылдым. Мектепти аяктагандан кийин англис тилинен сабак бере баштадым. Бирок пионердик кызматымды аткарыш үчүн азыраак иштечүмүн. 20 жашымдан тартып монгол тилин үйрөнө баштадым жана ошол тилдеги топтогу бир туугандар менен кызматташып жүрдүм. Эки жылдан кийин, 2007-жылы, Монголияга бардым. Ал жактан айрым пионерлер менен кабарга чыгып, көптөрдүн чындыкка суусап жатканын көрдүм. Ошондуктан Монголияга көчүп барып, аларга жардам бергим келди. Жапонияга кайтып баргандан кийин максатымды ишке ашыруу үчүн аракет кыла баштадым. Ошентип, Монголияда 2008-жылдын апрель айынан бери кызмат кылып жатам. Бул жакта жашоо оңой эмес. Бирок кабарды жакшы уккандар көп. Аларга Жахабаны таанып-билүүгө жардам берип жатканыма кубанам. Мен эң туура жолду тандаганыма эч шектенбейм».

7. Ар бирибиз эмне кылууга укуктуубуз жана бул жагынан Муса пайгамбар кандай үлгү калтырган?

7 Жахабанын ар бир кызматчысы жашоосунун бардык тармагында өз алдынча чечим чыгарууга укуктуу (Жаш. 24:15). Биз сага турмуш курууга, ким менен баш кошууга байланыштуу өз оюбузду таңуулабайбыз. Ошондой эле сени тиги же бул жумушта иште деп мажбурлабайбыз. Бирок үйрөнгөнгө көп убакыт кетпеген кесипти тандаганың жакшы. Албетте,  Кудайга кызмат кылган жаштардын баарынын жагдай-шарты бирдей эмес. Айрымдары эл жакыр турган айыл-кыштактарда жашаса, кээ бирлери гүлдөп-өскөн шаарларда турушат. Алардын кулк-мүнөзү, жөндөмдүүлүктөрү, тажрыйбасы, кызыккан нерселери жана алдыга койгон максаттары ар кандай. Байыркы Мисирдеги еврей жаштардын жашоосу Мусаныкынан айырмалангандай эле, алардын да жашоо шарты бири-бириникинен кыйла айырмаланып турушу мүмкүн. Муса Мисир падышасынын кызынын колунда чоңоюп, эч нерседен өксүгөн эмес, ал эми башка жаштар кулчулуктун азабын тартышкан (Чыг. 1:13, 14; Элч. 7:21, 22). Сага окшоп, алар да маанилүү чечимдерди чыгара турган куракта болгон (Чыг. 19:4—6). Алардын ар бири Жахабага бүт жүрөгү менен кызмат кылар-кылбасын чечиши керек болчу. Муса пайгамбар Жахабанын эркин аткарууну тандап, туура чечим чыгарган. (Оку: Еврейлер 11:24—27.)

8. Жаштарга туура чечим чыгарууга эмне жардам берет?

8 Жахаба сага жаш кезиңде акылдуулук менен чечим чыгарууга жардам берүүгө даяр. Ал Ыйык Китепке ар кандай жагдайда колдонорлук принциптерди жаздырган (Заб. 32:8). Кудайга кызмат кылган ата-энең менен жыйналыштагы аксакалдар ал принциптерди иш жүзүндө кантип колдонсоң болорун түшүнүүгө көмөк кыла алышат (Накыл 1:8, 9). Анда эмесе, келечегиңе жакшы таасир эте тургандай чечим чыгарууга жардам бере турган үч принципти карап көрөлү.

ТУУРА ЧЕЧИМ ЧЫГАРУУГА ЖАРДАМ БЕРГЕН ҮЧ ПРИНЦИП

9. а) Жахаба кадыр-баркыбызды сыйлаарын кантип көрсөткөн? б) Биринчи кезекте Падышалыкты издөөнүн аркасында эмнени көрсөтөсүң?

9 Биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын жана адилдигин изде. (Оку: Матай 6:19—21, 24—26, 31—34.) Жахаба ар бирибизге өз алдынча чечим чыгарууга эркиндик берип, кадыр-баркыбызды сыйлаарын көрсөткөн. Ал жаш чагыңда Падышалык жөнүндө кабар айтууга канча убакыт жумшашың керектигин айтпайт. Бирок Иса Машаяк биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын издөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген. Анын айткандарына ылайык иш кылуунун аркасында Кудайды жакшы көрөрүңдү, башкалардын камын ойлооруңду жана түбөлүк өмүргө болгон үмүтүңдү баалаарыңды көрсөтөсүң. Эгер турмуш курууга же жумушка орношууга байланыштуу чечим чыгарыш керек болсо: «Чыгарган чечимим биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын жана адилдигин издөөгө шарт түзөбү же күнүмдүк турмуш тууралуу көбүрөөк ойлонууга себеп болобу?» — деп ойлонуп көр.

10. а) Иса Машаяк эмне үчүн абдан бактылуу болгон? б) Чыгарган чечимиңден кубаныч алыш үчүн эмне кылышың керек?

10 Башкаларга кызмат кылуудан кубаныч ал. (Оку: Элчилер 20:20, 21, 24, 35.) Бул — жашоодогу негизги принциптердин бири. Иса Машаяк муну өзүнүн жашоосу менен көрсөткөн. Ал өзүнүн эмес, Атасынын эркин аткаргандыктан аябай бактылуу болгон. Ошондой эле ал момун адамдардын жакшы кабарды кабыл алганын көрүп кубанган (Лк. 10:21; Жкн. 4:34). Балким, сенин да башкаларга жардам берип, сүйүнгөн учурларың болгондур. Эгер чечим чыгарып жатканда дайыма Машаяктын айткандарын эске алсаң, өзүң да кубанасың, Жахабаны да кубантасың (Накыл 27:11).

11. Барух эмнеден улам кубанычын жоготуп койгон жана Жахаба ага кандай кеңеш берген?

11 Жахабага кызмат кылуу зор кубаныч тартуулайт (Накыл 16:20). Жеремия пайгамбардын катчысы Барух бир учурда муну унутуп койгон көрүнөт. Ал өзүн көбүрөөк ойлоп, Жахабага кызмат кылуудан мурункудай кубаныч албай калганда, Жахаба ага: «Сен... чоң нерсени көксөп жатасың. Көксөбө. Мен ар бир адамдын башына алаамат түшүрөм... Ал эми сага, кайда барба, жаныңды олжо катары берем»,— деген (Жер. 45:3, 5). Сен кандай деп ойлойсуң, Барухту эмне бактылуу кылмак: көксөгөн нерсесиби же Кудайга ишенимдүү кызмат кылып, Иерусалим талкаланганда аман калганыбы? (Жкп. 1:12).

12. Рамиро кайсы чечиминин аркасында кубанычтуу кызмат кылууда?

12 Башкаларга кызмат кылуудан кубаныч  алып жаткандардын бири — Рамиро. Ал мындай дейт: «Мен Анд тоолорунун койнундагы бир кыштакта кедей үй-бүлөдө чоңоюп-өскөм. Бир жолу агам акча төлөп, университеттен билим алууга жардам берерин айтып калды. Мындай мүмкүнчүлүк дайыма эле боло бербейт. Бирок мен жакында эле өмүрүмдү Жахабага арнап, чөмүлгөн болчумун. Ошондой эле бир пионер аны менен чогуу чакан шаарчага барып кызмат кылууну сунуш кылган эле. Мен ага макул болуп, ошол шаарчага барууну чечтим. Ал жакка баргандан кийин тыйын-тыпыр табыш үчүн чач кыркканды үйрөнүп, чачтарач ачтым. Биз ал шаарчанын тургундарына кабар айтып, көптөрү менен изилдөө баштадык. Кийинчерээк жергиликтүү калк сүйлөгөн тилде жыйналыш уюштурулганда, ошол жыйналышка которулдум. Азыр толук убакыт кызмат кылып жатканыма он жыл болуп калды. Эч бир кесип башкаларга өз эне тилинде Кудай жөнүндө билим алууга жардам бергендегидей кубаныч тартуулай алмак эмес».

Рамиро жаш кезинен бери Жахабага кубанычтуу кызмат кылууда (12-абзацты кара)

13. Эмне үчүн жаштык кез Жахабага көбүрөөк кызмат кыла турган учур?

13 Жаш чагыңда Жахабага кызмат кыл. (Оку: Насаатчы 12:1.) «Адегенде жакшы жумуш таап алайын, анан Жахабага кызмат кыла баштайм»,— деп ойлобо. Анткени аш десең ашка, иш десең ишке тойбой турган жаштык кез — Жахабага көбүрөөк кызмат кыла турган сонун учур. Көптөгөн жаштардын ден соолугу чың жана үй-бүлөлүүлөргө караганда жоопкерчиликтери аз болгондуктан, ар кандай оор тапшырмаларды аткара алышат. Ушундай сонун курагыңда Жахаба үчүн эмнелерди кылгың келет? Мүмкүн, пионердик кызматты баштагың же бөтөн тилде сүйлөгөндөргө кабар айткың келеттир. Же балким, өзүңдүн эле жыйналышыңда көбүрөөк иштерди аткаргың келеттир. Кудайга кызмат кылууда кандай максатты көздөбө, жаныңды багуу үчүн иштешиң керек. Андыктан кайсы кесипти тандаарыңды жана аны өздөштүрүүгө канча убакыт кетерин жакшылап ойлон.

 ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИПТЕРДИ КОЛДОНУП, ТУУРА ЧЕЧИМ ЧЫГАР

14. Жумуш издеп жатканда эмне үчүн сак болушуң керек?

14 Жогоруда талкууланган үч принцип кайсы жумушка орношконуң туура болорун чечүүгө жардам берет. Мугалимдериң же өкмөттүк агенттиктер силер жашаган аймакта же сен кызмат кылайын деп жаткан жерде кандай жумуштар бар экенин билиши мүмкүн. Алар берген маалыматтардын айрымдары пайдалуу болсо да, сак бол. Анткени Жахабаны сүйбөгөн адамдар жүрөгүңө бул дүйнөгө болгон сүйүүнүн уругун сээп коюшу ыктымал (1 Жкн. 2:15—17). Бул дүйнө сунуш кылган нерселер жөнүндө ойлонуп жатканда жүрөгүң оңой эле сени алдап коюшу мүмкүн экенин унутпа. (Оку: Накыл сөздөр 14:15; Жер. 17:9.)

15, 16. Сага жумушка байланыштуу жакшы кеңештерди ким бере алат?

15 Кайсы жумуштар ылайыктуу болорун аныктагандан кийин да башкалардын кеп-кеңешине муктаж болосуң (Накыл 1:5). Аларды Ыйык Китептеги принциптердин негизинде таразалап көрүүгө ким жардам бере алат? Жахабаны да, сени да жакшы көргөн жана сени да, жагдай-шартыңды да жакшы билген адамдарды ук. Алар эмне үчүн ошол жумушка иштегиң келип жатканын жана аны канчалык сапаттуу аткара аларыңды чынчылдык менен талдап көрүүгө жардам бере алышат. Балким, алар менен сүйлөшкөндөн кийин максаттарың жөнүндө дагы тереңирээк ойлонуп көргүң келеттир. Эгер ата-энең Жахабаны жакшы көрсө, сага бул жагынан чоң жардам көрсөтө алышат. Жыйналыштагы тажрыйбалуу аксакалдардын да баалуу кеңештерди бере алары шексиз. Андан сырткары, кыдыруучу көзөмөлчүлөр, пионерлер менен да сүйлөшүп көрсөң болот. Алардан эмне үчүн Кудайга толук убакыт кызмат кылууну тандаганын, пионердик кызматты кантип баштаганын, кантип акча-каражат таап жатканын жана кызмат кылуунун аркасында кандай баталарды алышканын сурап көр (Накыл 15:22).

16 Сени жакшы билгендердин айткан акыл-насааты абдан пайдалуу болору күмөнсүз. Маселен, мектептин талаптары катуу сезилип, аларды аткаргың келбегендиктен эле окууңду токтотуп, пионер болгуң келип жатат дейли. Сенин камыңды ойлогон киши муну байкап, сага мектепте окуунун аркасында кыйынчылыктарга багынбай, туруктуу болууга үйрөнөрүңдү түшүнүүгө жардам бериши мүмкүн. Ал эми ал сапат кийин Жахабага көбүрөөк кызмат кылышың үчүн абдан зарыл болот (Заб. 141:5; Накыл 6:6—10).

17. Кандай чечим чыгаруудан этият болушубуз зарыл?

17 Эртеби, кечпи, Жахабанын ар бир кызматчысы ишенимин солгундатып, андан алыстатышы мүмкүн болгон жагдайларга кабылат (1 Кор. 15:33; Кол. 2:8). Алсак, жумуштун кээ бир түрлөрү Жахаба менен болгон мамилебизге көбүрөөк коркунуч туудурушу ыктымал. Балким, сен да айрым бир туугандардын кайсы бир ишке орношкондон кийин «ишеними кеме сыяктуу кыйроого учураганын» байкаган чыгарсың (1 Тим. 1:19). Андыктан акылдуулук менен иш кылып, Кудай менен болгон мамилеңе доо кетире турган чечим чыгаруудан этият бол (Накыл 22:3).

ЖАШ КЕЗИҢДЕ КУДАЙГА КЫЗМАТ КЫЛУУДАН КУБАНЫЧ АЛ

18, 19. Жахабага көбүрөөк кызмат кылууга каалооң жок болсо, эмне кылышың керек?

18 Эгер жүрөгүңдө Жахабага кызмат кылууга каалооң бар болсо, жаштыгыңды текке кетирбей, ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп кал. Азыр Жахабанын эркин кубаныч менен аткарууга шарт түзгөн чечимдерди чыгара турган убагың (Заб. 148:12, 13).

19 Эгер Жахабага көбүрөөк кызмат кылууга каалооң жок болсо, эмне кылышың керек? Багынбай, ишенимиңди бекемдей бер. Элчи Пабыл Кудайдан бата алыш үчүн эмнелерди кылганын айткандан кийин: «Эгерде кайсы бир жагынан башкача ой жүгүртүп жатсаңар, Кудай силерге туура ой жүгүртүүнү ачып берет. Эмнеге жеткен болсок, ошого карманып, багытыбыздан жазбайлы»,— деген (Флп. 3:15, 16). Кудайдын сүйүүсү жана даанышман кеңештери жөнүндө ой жүгүртө бер. Жахаба сага жаш кезиңде акылдуулук менен чечим чыгарууга эң сонун жардам бере алат.