Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Оор күндөр келгенче, Жахабага кызмат кылгыла

Оор күндөр келгенче, Жахабага кызмат кылгыла

«Улуу Жаратканыңды эсиңден чыгарба» (НАС. 12:1).

1, 2. а) Сулайман падыша жаштарга кандай кеңеш берген? б) Эмне үчүн Сулайман падышанын кеңешин 50лөрдөгү же андан улуу бир туугандар да колдонсо болот?

СУЛАЙМАН ПАДЫША ыйык рухтун жетеги менен жаштарга: «Оор күндөр келгенге чейин,.. жаш кезиңде Улуу Жаратканыңды эсиңден чыгарба»,— деп айткан. «Оор күндөр» деген эмнени билдирет? Бул жан кейиткен кыйынчылыктар менен коштолгон карылыкты билдирет. Сулайман падыша колдун калчылдашы, буттун титиреши, тиштин түшүшү, көздүн начарлашы, кулактын катуулашы, чачтын агарышы, белдин бүкүрөйүшү сыяктуу карылыктын белгилерин поэзиянын тили менен көркөм сүрөттөгөн. Ушундай куракка жеткиче Жахабага кызмат кылбай жүрө бергенибиз туура эмес болуп калмак. (Оку: Насаатчы 12:1—5.)

2 Дүйнө жүзүндө жашы 50лөрдөгү же андан ашып калган бир туугандарыбыз арбын. Алардын көптөрү дагы деле алдуу-күчтүү. Айрымдарынын чачын ак аралап калса да, ден соолугу Сулайман пайгамбар айткандагыдай начар болбошу мүмкүн. Жаштарга карата айтылган: «Улуу Жаратканыңды эсиңден чыгарба»,— деген кеңештин аларга да тиешеси барбы? Ал кеңеш эмнени билдирет?

3. Улуу Жаратканыбызды эсибизден чыгарбоо деген эмнени билдирет?

 3 Жахабага кызмат кылып жатканыбызга көп жыл болуп калса да, мезгил-мезгили менен Жаратканыбыздын канчалык улуу экени тууралуу ой жүгүртүп турганыбыз жакшы. Мисалы, жашоонун канчалык кереметтүү жаратылганын карап көрөлү. Ал ушунчалык татаал болгондуктан, аны толук түшүнгөнгө адамдын акылы да жетпейт. Ырахаттанып жашашыбыз үчүн, Жахаба көз да, көңүл да тойбогон түркүн-түрдүү нерселерди жараткан. Алар тууралуу ойлонгонубузда Жахабанын сүйүүсүнө, акылмандыгына, күчүнө болгон ыраазычылыгыбыз ого бетер артат (Заб. 143:5). Бирок Улуу Жаратканыбызды эсибизден чыгарбоо деген анын алдындагы милдеттерибиз тууралуу да терең ойлонууну билдирет. Андай ой жүгүртүүнүн аркасында Жаратканыбызга мүмкүн болушунча көбүрөөк кызмат кылып, ага болгон ыраазычылыгыбызды билдирүүгө түрткү алабыз (Нас. 12:13).

ЖАШЫ ӨТҮП КАЛГАНДАРДА КАНДАЙ ӨЗГӨЧӨ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР БАР?

4. Кудайга көп жыл кызмат кылган бир туугандар эмне деп ойлонуп көрсө болот жана эмне үчүн?

4 Балким, силер да Кудайга ондогон жылдар бою кызмат кылып, көп тажрыйба топтогондурсуңар. Анда: «Калган өмүрүмдү кантип өткөрсөм? Күч-кубаттан тайгыча дагы эмнелерди кыла алам?» — деп ойлонуп көргүлө. Силерде башкаларда жок мүмкүнчүлүктөр бар экенин унутпагыла. Мисалы, Жахабадан үйрөнгөн нерселериңерди жаш бир туугандарга үйрөтсөңөр болот. Же Кудайга кызмат кылып жүргөндө болгон кызыктуу окуялардан айтып берип, башкаларды бекемдесеңер болот. Дөөтү падыша Жахабадан ушул тууралуу суранган. Ал: «Оо, Кудай, мени жаш кезимен бери үйрөтүп келатасың... Мени карыганымда да, чачым агарганда да таштаба, оо, Кудай, билегиңдин күчүн келерки муунга, кудуретиңди болочок урпактарга жарыя кылайын»,— деп тиленген (Заб. 71:17, 18).

5. Жашы өтүп калган ишенимдештерибиз үйрөнгөн нерселерин башкалар менен кантип бөлүшсө болот?

5 Жылдар бою топтолгон тажрыйбаңарды башкалар менен кантип бөлүшсөңөр болот? Жаштарды үйүңөргө чакырып, жагымдуу пикир алышып, аларды бекемдейсиңерби? Жахабанын эркин аткаруудан алган кубанычыңарды көрүшү үчүн, алар менен чогуу кабар айтуу кызматына чыгасыңарбы? Кудайдын байыркы убакта жашаган Элиу деген кызматчысы: «Күндөр сүйлөсүн, көп жылдар акылмандыкка үйрөтсүн»,— деген (Аюп 32:7). Ошондой эле элчи Пабыл Кудайга кызмат кылган аялдарды сөзү менен да, иши менен да башкаларга үлгү болууга чакырып: «Улгайган аялдар... башкаларды жакшылыкка үйрөтүшсүн»,— деп жазган (Тит 2:3).

БАШКАЛАРГА КАНТИП ЖАРДАМ БЕРЕ АЛАСЫҢАР?

6. Тажрыйбалуу бир туугандарыбыз эмне үчүн башкаларга көп жагынан жардам бере алышат?

6 Эгер Кудайга бир топ убактан бери кызмат кылып келатсаңар, башкаларга көп жагынан жардам бере аласыңар. Анткени азыр силер 30 же 40 жыл мурун билбеген кайсы бир нерселерди тереңирээк түшүнөсүңөр. Ыйык Китептеги принциптерди ар кандай жагдайда кантип колдонууну жакшы билесиңер. Ошондой эле Ыйык Китептеги чындыкты адамдардын жүрөгүнө жеткире айтарыңар шексиз. Эгер аксакал болсоңор, туура эмес жолго түшүп калган бир туугандарга кантип жардам берсе болорун билесиңер (Гал. 6:1). Жыйналыштын иштерин, жыйындардагы бөлүмдөрдү жана Падышалык залдарын куруу ишин көзөмөлдөө жагынан да тажрыйбаңар бардыр. Андан сырткары, доктурлар менен кансыз дарылоонун ыкмалары жөнүндө кантип сүйлөшүш керектигин жакшы билеттирсиңер. Атүгүл чындыкты жакында эле танып-билсеңер да, силерде турмуштук тажрыйба бар. Мисалы, балдарыңар бар болсо, бала тарбиялоо боюнча көптү билериңер күмөнсүз. Ооба, улуу бир туугандар ишенимдештерин үйрөтүп, жетектеп, бекемдеп, Кудайдын элинин гүлдөп-өсүшүнө зор салымын кошууда. (Оку: Аюп 12:12.)

7. Жашы өтүп калган бир туугандар жаштарга эмнелерди үйрөтө алышат?

 7 Үйрөнгөн нерселериңерди башкаларга жардам берүүдө кантип колдонсоңор болот? Маселен, жаштарга кызыккандар менен кантип изилдөө баштаса жана өткөрсө болорун көрсөтүп бергиле. Эгер эне болсоңор, жаш келиндерге кичинекей балдарына кам көрүү менен бирге кантип Жахабага кызмат кыла берсе болорун үйрөткүлө. Эркек бир туугандар болсо жаштарга баяндаманы жандуу, кызыктуу кылып сүйлөгөндү, жакшы кабарды натыйжалуу айтканды үйрөтө алышат. Аларга кары ишенимдештерибизди кантип кайраттандырса болорун да үйрөткөн жакшы. Атүгүл мурдагыдай күч-кубатыңар жок болсо да, силер жаш ишенимдештерибизди көп нерсеге үйрөтө аласыңар. Кудайдын Сөзүндө: «Жаштардын көркү — алардын күчү, ал эми карылардын даңкы — буурул чач»,— деп бекер айтылган эмес (Накыл 20:29).

ЖАРЧЫЛАРГА МУКТАЖДЫК ЧОҢ ЖЕРДЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ

8. Элчи Пабыл бир топ куракка чыгып калганда да эмне кылган?

8 Элчи Пабыл бир топ куракка чыгып калганда да Кудайга кызмат кылыш үчүн колунан келгендин баарын кылган. Б.з. 61-жылдары Римдеги камактан бошонгонго чейин эле ал көп жыл миссионер болуп кызмат кылып, далай сыноолорду башынан өткөргөн. Андыктан эркиндикке чыккандан кийин Римде эле калып, кабар айта берсе деле болмок (2 Кор. 11:23—27). Ал чоң шаардагы бир туугандар анын жардамын, кеп-кеңешин абдан баалашмак. Бирок Пабыл башка өлкөлөрдө муктаждык көбүрөөк экенин билгендиктен Тиметей менен Титти ээрчитип, миссионердик сапарын уланткан. Алар Эфести, Критти жана сыягы, Македонияны кыдырышкан (1 Тим. 1:3; Тит 1:5). Пабыл Испанияга да барууга ниеттенген, бирок ал ою ишке ашкан-ашпаганы Ыйык Китепте так айтылбайт (Рим. 15:24, 28).

9. Элчи Петир жарчыларга муктаждык чоң жерге канча жаштарында көчүп барган? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

9 Элчи Петир жарчыларга муктаждык чоң болгон жерге көчүп барганда 50лөрдөн ашып калган көрүнөт. Муну кайдан билебиз? Эгер ал Иса Машаяк менен тең же андан бир аз улуу болсо, б.з. 49-жылы Иерусалимде башка элчилер менен жолукканда жашы 50гө таяп калган (Элч. 15:7). Ошондон бир нече убакыт өткөндөн кийин Петир, кыязы, Бабылдагы жүйүттөрдүн чоң жамаатына кабар айтыш үчүн ал жакка көчүп барган (Гал. 2:9). Б.з. 62-жылдары биринчи катын жазганда ал дагы деле ошол жакта жашап жаткан (1 Пет. 5:13). Бөтөн эл, бөтөн жерде жашоо кыйын болсо да, Петир бир топ куракка келип калганына карабай, муктаждык көбүрөөк жакка көчүп барып, Жахабага толук убакыт кызмат кылуудан кубаныч ала берген.

10, 11. Жашы өтүп калса да, жарчылар аз жерлерге көчүп барган бир туугандар жөнүндө айтып бергиле.

10 Бүгүнкү күндө 50лөрдөгү жана андан улуу көптөгөн ишенимдештерибиз жагдай-шарты өзгөргөндүктөн Жахабага мурдагыдан көбүрөөк кызмат кыла аларын байкашкан. Айрымдары жарчылар аз жерлерге көчүп барышкан. Алардын арасында Роберт бир тууган менен анын зайыбы да бар. Роберт мындай деп ой бөлүшөт: «55терге чыгып калганыбызда жубайым экөөбүз кызмат кылууга жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болгонун байкадык. Анткени ошол жылдары уулубуз уядан учту. Ошондой эле кары ата-энебиз көз жумуп, бизге чакан мурас калтырып кетишти. Баарын эсептеп көрүп, үйүбүздү сатсак, карызыбыздан кутуларыбызды жана калган акчабыз мен ардактуу эс алууга чыккыча жашап турганга жетерин түшүндүк. Боливияда Ыйык Китепти изилдегиси келгендер аябай көп экенин жана жашоо бир топ арзан экенин угуп, ошол өлкөгө көчүп барууну чечтик. Жаңы жерге көнүү оңой болгон жок. Себеби бул жакта бардык нерсе Түндүк Америкадагыдан такыр башкача экен. Бирок аракетибиздин акыбети кайтты.

11 Бул жерде бүт убактыбызды жыйналыштын иштерине арнап жатабыз. Жубайым экөөбүз Ыйык Китепти изилдөөгө жардам бергендердин айрымдары чөмүлүштү. Биз бир нече чакырым алыстыкта  жайгашкан кыштакта жашаган бир үй-бүлө менен да изилдөө өткөрдүк. Алар жакыр турушса да жана жол жүрүү ушунчалык кыйын болсо да, жума сайын жыйналыштарды калтырбай келишет. Ал үй-бүлөнүн рухий жактан өсүп жатканын, ошондой эле улуу баласынын пионер болуп кызмат кылып жатканын көрүп, аябай сүйүнөбүз».

БӨТӨН ТИЛДЕ СҮЙЛӨГӨНДӨРГӨ КАБАР АЙТУУ

12, 13. Бир ишенимдешибиз ардактуу эс алууга чыккандан кийин жубайы экөө Жахабага кантип көбүрөөк кызмат кыла баштаган?

12 Ондогон жылдардан бери чындык жолунда жүргөн бир туугандарыбыздын бөтөн тилдеги жыйналыштар менен топторго да чоң жардам бере алары шексиз. Алар андай аймакта кызмат кылуудан зор кубаныч ала алышат. Мисалы, Брайан деген британиялык ишенимдешибиз мындай деп жазган: «65 жашымда ардактуу эс алууга чыккандан кийин, жубайым экөөбүз эч жакка шашпай, жай баракат жашоо өткөрө баштадык. Балдарыбыз чоңоюп, өз алдынча болуп кетишкен. Кабар айтып жүргөндө Ыйык Китепти изилдегиси келгендерди чанда эле кезиктирчүбүз. Бир күнү жергиликтүү университетте изилдөө иштерин жүргүзгөн кытай жигитке жолугуп калдым. Жыйналышка чакырсам, келгенге макул болду. Ошондой эле аны менен Ыйык Китепти изилдей баштадым. Бир нече жумадан кийин ал жыйналышка өзү менен чогуу иштеген бир кытай кишини ээрчитип келди. Эки жумадан кийин дагы бирөөнү, анан дагы бирөөнү ээрчитип келди.

13 Көп өтпөй кытай улутундагы бешинчи киши Ыйык Китепти изилдегиси келерин айтты. Ошол убактарда: „65ке чыкканым Жахабага кызмат кылбай, эс алышым керектигин билдирбейт да“,— деп ойлондум. Анан жубайыман кытай тилин үйрөнгүсү келер-келбесин сурадым; ал менден эки жаш кичүү. Ошентип, экөөбүз аудиокассеталарга жаздырылган курстарды угуп, ал тилди үйрөнө баштадык. Андан бери 10 жыл өттү. Бөтөн тилде сүйлөгөндөргө кабар айтуунун аркасында өзүбүздү кайрадан күлгүн курактагыдай сездик. Ушул убакка чейин кытай улутундагы 112 киши менен Ыйык Китепти изилдедик. Алардын көбү жыйналыштарга келет. Ал эми бирөө пионер болуп, биз менен чогуу кызмат кылууда».

Жашыңар өтүп калса да, көбүрөөк кызмат кыла аласыңар (12, 13-абзацтарды карагыла)

 КУДАЙГА КОЛУҢАРДАН КЕЛИШИНЧЕ КЫЗМАТ КЫЛЫП, КУБАНГЫЛА

14. Жашы өтүп калган бир туугандар эмнени унутпашы керек жана аларды Пабылдын үлгүсү эмне үчүн бекемдейт?

14 Албетте, 50дөн ашкан бир туугандарыбыздын баары эле Жахабага жогоруда айтылган жолдор менен кызмат кыла алышпайт. Айрымдарынын ден соолугу начар болсо, башкалары балдарын же карыган ата-энелерин карашы керек. Бирок колуңардан келишинче кызмат кылып жатканыңарды Жахаба жогору баалаарын унутпагыла. Андыктан эмнелерди кыла албай жатканыңарды ойлоп капа болбой, кылган ишиңерден кубаныч ала бергиле. Элчи Пабылдын мисалына токтололу. Ал бир канча убакыт бою үй камакта болуп, миссионердик сапарын уланта алган эмес. Бирок өзүнө келген кишилердин баары менен Ыйык Жазмада жазылгандар жөнүндө сүйлөшүп, алардын ишенимин бекемдечү (Элч. 28:16, 30, 31).

15. Улгайып калган бир туугандарыбызды эмне үчүн баалайбыз?

15 Жахаба абдан улгайып калган бир туугандардын да кызматта кылып жаткан аракетин жогору баалайт. Сулайман падыша айткандай, карылык ар кандай кыйынчылыктар менен коштолсо да , Жахаба улгайган кызматчыларынын аны даңкташ үчүн кылган иштерин көз жаздымында калтырбайт (Лк. 21:2—4). Аларды жыйналыштагылар да баалап-барктайт.

16. Анна аябай карып калгандыктан эмнелерди кылууга жетишкен эмес, бирок ал эмнеден кубаныч алган?

16 Ыйык Китепте карыганында да Жахабаны даңктап, ишенимдүү кызмат кылган Анна деген жесир аял жөнүндө айтылат. Иса Машаяк төрөлгөндө, ал 84 жашта болчу. Аз эле өмүрү калгандыктан, кыязы, ал Машаяктын жолдоочусу болуп, ыйык рух менен майланганга же Падышалык жөнүндө жакшы кабар таратууга жетишпей калса керек. Бирок Анна Жахаба үчүн колунан келгендин баарын кылып, ошондон кубаныч алган. Ыйык Китепте анын «күнү-түнү ыйык кызмат кылып, дайыма ибадатканада жүргөнү» айтылат (Лк. 2:36, 37). Күн сайын дин кызматчы эртең менен жана кечинде жыпарзат түтөткөндө, ибадаткананын короосуна чогулган эл жарым сааттай ичинен тиленчү. Алардын арасында Аннанын да болгону күмөнсүз. Бир жолу ал адаттагысындай эле ибадатканага келгенде ымыркай Исаны көргөн. Анан «Иерусалимдин куткарылуусун күтүп жүргөндөрдүн баарына» анын Машаяк болору жөнүндө айта баштаган (Лк. 2:38).

17. Жыйналыштагылар кары же ден соолугу начар бир туугандарыбызга кантип жардам берсе болот?

17 Баарыбыз кары же ден соолугу начар бир туугандарыбызга жардам берүүгө даяр болушубуз керек. Алардын айрымдары жыйналыш жолугушуулары менен жыйындарга барууну самашса да, көп учурда бара албай калышат. Жыйналыштагылар аларга кантип жардам берсе болот? Кээ бир жерлерде андай бир туугандардын жыйналыш жолугушууларын телефон аркылуу угушуна кам көрүлгөн. Өкүнүчтүүсү, мындай шарт бардык эле жерде боло бербейт. Анткен менен жыйналышка катыша албаган бир туугандар да чыныгы сыйынууну колдой алышат. Маселен, алар жыйналыш үчүн тиленүү менен анын өркүндөп-өсүшүнө салым кошушат. (Оку: Забур 92:13, 14.)

18, 19. а) Улгайган бир туугандар башкаларга кантип дем-шык бере алышат? б) «Улуу Жаратканыңды эсиңден чыгарба»,— деген кеңешти кимдер колдоно бериши керек?

18 Улгайган бир туугандар алардын үлгүсү башкаларга канчалык дем-шык берерин билбеши мүмкүн. Мисалы, Анна өмүрүнүн аягына чейин ибадатканада ишенимдүү кызмат кылса да, өзүнүн үлгүсү кылымдар өткөндөн кийин да башкаларды бекемдээрин билбесе керек. Анын Жахабага болгон сүйүүсү жөнүндө Ыйык Китепке жазылып калган. Ошол сыяктуу эле, силердин Кудайга болгон сүйүүңөр ишенимдештериңердин жүрөгүнө жазылып калат. Ыйык Китепте: «Адилдик жолунда жүргөн ак чач — сулуулук таажысы»,— деп кандай гана таамай айтылган (Накыл 16:31).

19 Албетте, баарыбыз эле Жахабага кызмат кылууда айрым нерселерди кыла албайбыз. Анткен менен таптакыр эле алдан-күчтөн тайып кала электерибиз: «Оор күндөр келгенге чейин,.. Улуу Жаратканыңды эсиңден чыгарба»,— деген кеңешке ылайык иш кыла берүүгө чечкиндүү бололу (Нас. 12:1).