Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ОКУРМАНДАРДЫН СУРООЛОРУ

Кудай эмнеге алдуунун алсызды эзишине жол берет?

Кудай эмнеге алдуунун алсызды эзишине жол берет?

Ыйык Китепте алдуулардын алсыздарга үстөмдүк кылганы баяндалган окуялар бар. Алсак, анда Набот деген кишинин адилетсиздикке кабылганы айтылат *. Б.з.ч. 10-кылымда Ысрайылдын Ахап аттуу падышасы Наботтун жүзүмзарын ээлеп алгысы келген. Ошондо анын аялы Изабел Наботту уулдары менен кошо өлтүртүп салган (1 Падышалар 21:1—16; 2 Падышалар 9:26). Кудай ырайымсыздык менен коштолгон андай адилетсиздикке эмне үчүн жол берген?

«Жалган сүйлөй албаган Кудай» (Тит 1:2)

Келгиле, адегенде көңүлүбүздү маанилүү бир нерсеге буралы. Ыйык Китепте Кудайдын жалган сүйлөй албай турганы айтылат (Тит 1:2). Мунун адамдардын бири-бирин эзишине кандай тиешеси бар? Кудай Адам ата менен Обо энеге эгер алар ага каршы чыга турган болсо, өмүрүнөн айрыларын тээ башында эле эскерткен. Ал айткандай эле, алар ага баш ийбей койгондон тартып өлүмдөн эч ким кутула албай келет. Адамзат тарыхындагы эң биринчи өлүм да алдуунун алсызга үстөмдүк кылганынын натыйжасында болгон. Тактап айтканда, Адам атанын тун уулу Кабыл иниси Абылды өлтүрүп койгон (Башталыш 2:16, 17; 4:8).

Адамзаттын ошондон берки жашоосуна байланыштуу Ыйык Китепте: «Адамдын адамга бийлик кылышы зыян алып келет»,— деп жазылган (Насаатчы 8:9). Бул сөздөрдүн калетсиздигин тарых тастыктап турат. Жахаба Кудай ысрайыл элине падышасы аларга үстөмдүк кыларын, анын айынан ага боздоп жалынарын эскерткен (1 Шемуел 8:11—18). Ал тургай акылман Сулайман падыша да элине чоң салык салып катаалдык менен бийлик жүргүзгөн (1 Падышалар 11:43; 12:3, 4). Ал эми Ахапка окшогон зулум падышалар ачуу запкы тарттырып, элин андан да жаман кыйнашкан. Эгер Жахаба Кудай алдуулардын алсыздарга үстөмдүк кылышына жол бербесе, анын айткандары жалгандай болуп калмак.

«Адамдын адамга бийлик кылышы зыян алып келет» (Насаатчы 8:9)

Мындан сырткары, Шайтан адамдар өз пайдасын гана көздөгөндүктөн Кудайга кызмат кылат деген (Аюп 1:9, 10; 2:4). Эгер Кудай кызматчыларын башкалардын үстөмдүк кылышынан коргой берсе, Шайтандын айткандарынын калп экени билинбей калмак. Ошондой эле Кудай ар бир адамды адилетсиздиктен калкалай берсе, андан да өткөн калптын чын көрүнүшүнө шарт түзүп коймок. Себеп дегенде, Ыйык Китепте адамдардын эч качан ийгиликтүү бийлик жүргүзө албасы айтылган (Жеремия 10:23). Кудай баарын коргой берсе, көптөр адамзат Кудайсыз эле ийгиликтүү бийлик жүргүзө алат деп ойлоп калмак. Чынында, адамзатты Кудайдын өкмөтү гана башкарышы керек, анткени ошондо гана адилетсиздик жоюлат.

Бирок бул Кудайдын адамдардын бири-бирин эзишине кайдыгер карай турганын билдиреби? Жок. Келгиле, мунун эки далилин карап көрөлү. Биринчиден, Кудай адамдын адамга кантип үстөмдүк кылары жөнүндө Ыйык Китепке жаздырып койгон. Мисалы, Ахаптын аялы Изабелдин Наботко кара санатайлык кылганы майда-чүйдөсүнө чейин жазылган. Ыйык Китептен ушу сыяктуу адилетсиздиктин аркасында өзүнүн жүзүн жашырган күчтүү бирөө турарын билүүгө болот (Жакан 14:30; 2 Корунттуктар 11:14). Ал китепте анын Шайтан Ибилис экени айтылат. Жахаба Кудайдын Ыйык Китепке адилетсиздик жөнүндө жана адамдардын бири-бирин эзишине ким себепкер экенин ачык жаздырып койгону бизге башкаларга үстөмдүк кылуудан алыс болгонго жардам берет. Бул — анын бизге кам көргөнү. Анткени келечекте түбөлүк өмүр сүрөр-сүрбөсүбүз кандай адам болгонубуздан көз каранды.

Экинчиден, Кудай адамдардын бири-бирин эзишин токтоторун убада кылган. Анын Ахап менен Изабелдин жана аларга окшогон адамдардын бетин ачып, жазалаганы ыймансыздардын баарын акыры жазалай турганын далилдеп турат (Забур 52:1—5). Андан сырткары, ал жакында аны сүйгөн адамдардын баары ырайымсыздыктан запкы тартпай турган заманды орнотот *. Ошондо Кудайды сүйгөн Набот уулдары менен тирилип, жер бетинде түбөлүк жашашат (Забур 37:34).

^ 3-абз. Журналдын ушул санындагы «Алардан үлгү алгыла» деген рубриканы карагыла.

^ 8-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 11-бөлүмүн карагыла.