Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык китепте эмне деп айтылат?

Ыйык китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китеп чынында эле Кудайдын Сөзүбү?

Кудайдын Сөзү өзгөчө китеп болуш керек дегенге кошулат чыгарсыңар. Ыйык Китеп — дал ошондой өзгөчө китеп. Ал жүздөгөн тилдерде миллиарддаган нускада басылып чыккан. Ал адамды жакшы жакка өзгөртө турган күчкө ээ. (Окугула: 1 Тесалоникалыктар 2:13; 2 Тиметей 3:16.)

Ыйык Китепте келечек так айтылгандыктан да анын Кудайдын Сөзү экенине ишенсек болот. Бир да адам келечекти так айта албайт. Ал эми, алсак, Жансыз деңиздин жанындагы үңкүрдөн табылган, б.з.ч. 2-кылымга таандык Ышая түрмөгүндө Бабыл шаары ээн чөлгө айланары айтылган. Бул сөздөр кол жазма жазылгандан жүздөгөн жылдар өткөндөн кийин аткарылган. (Окугула: Ышая 13:19, 20; 2 Петир 1:20, 21.)

Ыйык Китеп кантип жазылган?

Ыйык Китеп 1 600 жылдан ашуун убакыт аралыгында жазылган. Аны 40тай киши жазган, бирок анда бир эле тема баса белгиленет жана эч кандай карама-каршылык жок. Себеби ал кишилерди Кудай жетектеп турган. (Окугула: 2 Шемуел 23:2.)

Кээде Кудай аларга периште аркылуу сүйлөгөн, аян берген же түшүндө сүйлөгөн. Бирок көбүнчө айта турган кабарын алардын акылына салып, өздөрүнүн сөзү менен жазууга жол берген. (Окугула: Аян 1:1; 21:3—5.)