Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба бизге кам көрөт, бизди коргойт

Жахаба бизге кам көрөт, бизди коргойт

«Мени сүйгөндүгү үчүн мен аны куткарам, ысмымды таанып-билгени үчүн коргойм» (ЗАБ. 91:14).

1, 2. Үй-бүлөдөгү жагдай-шартыбыз жана чындыкты кантип таанып-билгенибиз бири-бирибиздикинен эмнеси менен айырмаланат?

ҮЙ-БҮЛӨНҮ Жахаба негиздеген (Эф. 3:14, 15). Кызыктуусу, бир эле үй-бүлөдө чоңойгон күндө да, ар кимибиздин кулк-мүнөзүбүз, жагдай-шартыбыз ар кандай болот. Айрымдар бойго жеткенге чейин ата-энесинин колунда чоңойгон. Кээ бирөөлөр оору-сыркоодон, кырсыктан же башка себептен улам ата-энесинен айрылып калган. Башкалар болсо атүгүл ата-энесинин ким экенин билбеши мүмкүн.

2 Жахабанын үй-бүлөсүнө киргендердин да рухий таржымалы ар кандай, башкача айтканда, ар кимиси чындыкты ар кандай жолдор менен уккан. Балким, сен, айрымдар айткандай, «чындыкта чоңоюп», ата-энеңден Ыйык Китептин негизинде тарбия алгандырсың (Мыйз. 6:6, 7). Же миңдеген адамдардай болуп, жакшы кабарды Жахабанын башка кызматчыларынан уккандырсың (Рим. 10:13—15; 1 Тим. 2:3, 4).

3. Баарыбыздын тең кандай жалпылыгыбыз бар?

3 Жогоруда айтылып өткөн айырмачылыктарыбыз болсо да, биздин бир жалпылыгыбыз бар. Адам атанын тил албастыгынын айынан баарыбыз тең тукум кууп өткөн жеткилеңсиздиктен, күнөөдөн, өлүмдөн жапа чегип келебиз (Рим. 5:12). Ошондой болсо да Жахабага чыныгы кызматчылары катары «Ата» деп кайрыла алабыз. Маселен, Ышая 64:8ден көрүнүп тургандай, байыркы убактагы Кудайдын тандалган  эли ага: «Оо, Жахаба, сен биздин Атабызсың»,— деп кайрылышкан. Ошондой эле Иса Машаяк үлгү иретинде айткан тиленүүсүн: «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын»,— деп баштаган (Мт. 6:9).

4, 5. Жахаба Атабызга болгон сүйүүбүздү арттыруу үчүн эмнелерди карап чыгабыз?

4 Асмандагы Атабыз анын ысмын ишеним менен чакырган элине кам көрүп, коргойт. Забурда Жахабанын: «Мени сүйгөндүгү үчүн мен аны куткарам, ысмымды таанып-билгени үчүн коргойм»,— деген сөздөрү жазылган (Заб. 91:14). Ооба, Жахаба Кудай бизге өзүнүн эли катары мээримдүүлүк менен кам көрүп, душмандардан коргоп келет. Ошондуктан биз тукум курут болуп кеткен жокпуз.

5 Асмандагы Атабызга болгон сүйүүбүздү арттырыш үчүн, келгиле: 1) анын бизге кантип кам көрөрүн, 2) кантип коргоорун жана 3) кандайча эң жакын Досубуз боло аларын карап көрөлү. Ушуларды талкуулап жатканда Жахаба менен болгон достугубуз жөнүндө, ошондой эле канткенде аны Атабыз катары урматтай аларыбыз жана Жахабанын өзүнө жакындагандарга кандай баталарды берери тууралуу ой жүгүртүп көргөнүбүз жакшы (Жкп. 4:8).

ЖАХАБА — АБДАН КАМКОР КУДАЙ

6. Жахабанын «жакшы, жеткилең белектерди» береринин бир далили кайсы?

6 Шакирт Жакып: «Жакшы, жеткилең белектердин баары жогорудан келет, аларды асман чырактарынын Атасы... берет»,— деп жазган (Жкп. 1:17). Өмүрдүн өзү эле Жахабанын кереметтүү белеги (Заб. 36:9). Эгер Кудайдын эркине ылайык жашасак, азыр көптөгөн баталарга ээ болобуз, ал эми келечекте түбөлүк өмүр алууга үмүттөнө алабыз (Накыл 10:22; 2 Пет. 3:13). Бирок бизге Адам атадан күнөө менен өлүм тукум кууп өткөндүктөн, кантип түбөлүк өмүргө ээ боло алабыз?

7. Жахаба аны менен ынак мамиледе болушубуз үчүн эмне кылган?

7 Жахаба бизге көптөгөн жолдор менен кам көрөт. Ал мээримдүүлүгүнөн улам бизди куткарган. Кандайча? Бизге түпкү атабыздан күнөө тукум кууп өткөн жана баарыбыз жеткилеңсизбиз (Рим. 3:23). Ошентсе да Жахаба бизди жакшы көргөндүктөн демилгени колго алып, өзү менен ынак мамиледе болушубузга жол ачкан. Бул тууралуу элчи Жакан мындай деп жазган: «Кудай өзүнүн жалгыз Уулун, ал аркылуу өмүргө ээ болушубуз үчүн, дүйнөгө жиберген. Ушундай жол менен ал бизге сүйүү көрсөткөн. Сүйүү биздин Кудайга болгон сүйүүбүздөн эмес, Кудайдын бизге көрсөткөн сүйүүсүнөн, күнөөлөрүбүздү жууп, өзү менен элдештире турган курмандык катары өз Уулун жибергенинен көрүнгөн» (1 Жкн. 4:9, 10).

8, 9. Ыбрайым пайгамбар жана Ыскак менен болгон окуядан Жахабанын камкор Кудай экени кандайча көрүнгөн? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

8 Болжол менен б.з.ч. 1893-жылы Ыбрайым пайгамбар менен болгон окуядан Жахабанын тил алчаак адамдарга түбөлүк өмүрдү берүүгө даяр экендиги айкын болгон. Еврейлер 11:17—19-аяттарда мындай делет: «Ишенимдин аркасында Ыбрайым сыналган убакта Ыскакты курмандыкка чалып койгондой эле болгон. Ооба, убадаларды алганына кубанган ал киши өзүнүн жалгыз уулун курмандыкка чалууга даяр болгон. Бирок ага: „Сага убадаланган “тукум” Ыскактан чыгат“,— деп айтылган болчу. Ыбрайым уулун өлгөндөрдүн арасынан тирилтүүгө Кудайдын кудурети жетет деп ой жүгүрткөн. Анан уулун каймана мааниде өлүмдөн кайра алган». Ыбрайым пайгамбар уулу Ыскакты курмандыкка чалууга даяр болгондой эле, Жахаба да адамзатты куткаруу үчүн Уулу Иса Машаякты даярдуулук менен берген. (Оку: Жакан 3:16, 36.)

9 Ыскак өзүнүн курмандыкка чалынбай калганын билгенде канчалык сүйүнгөнүн элестетсеңер! Жахаба анын ордуна мүйүзү бадалга илинип калган кочкордун курмандыкка чалынышына  кам көргөндө, ал абдан ыраазы болсо керек (Башт. 22:10—13). Ошондон улам ал жер «Жахаба-Жире» деп аталып калган. Ал сөздөр «Жахаба берет» дегенди билдирет (Башт. 22:14, шилт.).

ЭЛДЕШҮҮ ҮЧҮН КӨРҮЛГӨН ЧАРА

10, 11. «Элдештирүү кызматын» кимдер жана кантип аткарып келет?

10 Жахабанын бизге кантип кам көрүп келгени жөнүндө ой жүгүрткөндө, Иса Машаяктын куткаруу курмандыгысыз аны менен эч качан ынак мамиле өрчүтө алмак эместигибизди түшүнөбүз. Пабыл бул тууралуу: «Биз мындай тыянакка келдик: бир адам бардыгы үчүн өлгөн, анткени баары өлгөн болчу. Ооба, жашап жаткандар эми өздөрү үчүн жашабай, алар үчүн өлүп, кайра тирилген Машаяк үчүн жашашы үчүн, ал бардыгы үчүн өлгөн»,— деп жазган (2 Кор. 5:14, 15).

11 Машаяктын алгачкы жолдоочулары Кудайды жакшы көргөндүктөн жана ага кызмат кылууну сыймык деп эсептегендиктен «элдештирүү кызматын» кубаныч менен кабыл алышкан. Алар аткарган кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишинин аркасында жүрөгү таза адамдарга Кудай менен элдешип, ынак мамиле өрчүтүүгө жана акыры анын рухий уулдары болууга жол ачылган. Жахабанын бүгүнкү күндөгү майланган кызматчылары так ошондой кызматты аткарып жатышат. Кудайдын жана Машаяктын элчилери катары кызмат кылуу менен алар «түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта болгондорго» Жахабага жакындап, анын кызматчысы болууга жардам берүүдө. (Оку: 2 Корунттуктар 5:18—20; Жкн. 6:44; Элч. 13:48.)

12, 13. Жахабанын белектерин баалаарыбызды кантип көрсөтө алабыз?

12 Жахабанын камкордугуна ыраазы болгон башка койлор да майлангандар менен бирге жакшы кабарды жарыялоодо. Кабар айтуу ишин аткарууда биз Жахабанын дагы бир сонун белегин — Ыйык Китепти — колдонобуз (2 Тим. 3:16, 17). Аны чебердик менен колдонуунун аркасында башкаларга түбөлүк өмүр алууга жардам беребиз. Кызматыбызды аткара алышыбыз үчүн биз Жахаба берген ыйык рухтун жардамына да муктажбыз (Зак. 4:6; Лк. 11:13). Аткарган ишибиздин канчалык ийгиликтүү болуп жатканын «Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китептеринен» (ор.) көрүүгө болот. Камкор Атабызды даңктаган ишке катышуу кандай чоң сыймык!

13 Жахаба бизге ар тараптан кам көрүп жаткандыктан: «Жахабанын мага берген белектери үчүн ыраазы экенимди кызматка мүмкүн болушунча көбүрөөк катышуу менен көрсөтүп жатамбы? Натыйжалуу кызмат кылыш үчүн дагы кайсы жактардан жакшырсам болот?» — деп ойлонуп көргөнүбүз абзел. Жахабанын сонун белектерин баалаарыбызды Падышалыктын иштерин жашообузда биринчи орунга коюу менен көрсөтө алабыз. Эгер ошондой кылсак, Жахаба бизди эң зарыл нерселер менен камсыз кылып турат (Мт. 6:25—33). Ал бизди жакшы көргөндүктөн, анын жүрөгүн кубантыш үчүн бүт күчүбүздү жумшагыбыз келери шексиз (Накыл 27:11).

14. Жахаба өз элин куткарарын кантип көрсөткөн?

14 Забурчу Дөөтү: «Мен болсо бир байкушмун, жакырмын. Бирок Жахаба мени ойлойт. Сен менин жардамчымсың, куткаруучумсуң»,— деп айткан (Заб. 40:17). Жахаба өзүнүн элине көп жолу, айрыкча, душмандар ырайымсыздык менен тыным албай куугунтуктаганда, болушуп, аларды топ катары куткарган. Ошондой оор учурларда анын бизди колдоп, ишенимдүү бойдон калышыбыз үчүн керектүү нерселер менен камсыз кылып келатканына кандай гана ыраазыбыз!

 ЖАХАБА КОРГОЙТ

15. Мээримдүү ата баласын коргоого дайым даяр экенин мисал менен түшүндүргүлө.

15 Мээримдүү ата балдарына кам көрүп эле койбостон, алар кооптуу жагдайга кабылганда, коргогонго аракет кылат. Муну бир ишенимдешибиздин бала кезинде болгон окуясы тастыктап турат. Бир жолу ал атасы менен кызматтан келатып, суудан аттап өтүш керек болот. Бирок ошол күнү эртең менен нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суу жээгинен чыгып, ташкындап жаткан болчу. Аркы өйүзгө алар чоң таштар аркылуу гана өтө алышмак. Бала атасынын алдында таштан ташка секирип баратканда буту тайып кетип, сууга чөгө баштаган. Атасы аны дароо суудан алып чыкканда, ал ага абдан ыраазы болгон. Анын сыңарындай, асмандагы Атабыз бизди бул дүйнөнүн «шаркырап аккан сууларынан» жана Шайтандан коргоп келет. Бизди андан жакшы эч ким коргой албайт (Мт. 6:13; 1 Жкн. 5:19).

16, 17. Жахаба ысрайылдыктарды Амалыктын тукумдары менен болгон салгылашта кантип коргогон?

16 Жахабанын өз элин коргоого даяр экени б.з.ч. 1513-жылы болгон окуядан айкын көрүнүп турат. Анын ысрайылдыктарды Мисир кулчулугунан бошотуп, аларды Кызыл деңизде керемет жолу менен коргогонунан аз эле убакыт өткөн. Синай тоосуна бет алган ысрайылдыктар чөлдү кезип өтүп, Репидимге келип токтошкон болчу.

17 Башталыш 3:15те жазылган пайгамбарлыкка ылайык, Шайтан, кыязы, ысрайылдыктарды оңой олжо көрүп, аларга кол салууну көздөгөн. Максатына жетиш үчүн ал Кудайдын элинин душманы болгон Амалыктын тукумдарын колдонгон (Сан. 24:20). Ошондо Жахаба өз элин Жашыя, Муса, Арун, Хур деген ишенимдүү кызматчылары аркылуу коргогон. Жашыя Амалыктын тукумдары менен салгылашып жатканда, Муса, Арун жана Хур жакын жердеги дөбөдө турушкан. Муса пайгамбар колдорун көтөрүп турганда, ысрайылдыктар душмандарына караганда күчтүүрөөк болушкан. Муса пайгамбардын колдору талып кеткенде, Арун менен  Хур анын колдорун көтөрүп турушкан. Андыктан Жахабанын жардамы менен «Жашыя Амалыктын тукумдарын, алар менен келгендерди кылычтап өлтүргөн» (Чыг. 17:8—13). Ошол окуядан кийин Муса пайгамбар ал жерге курмандык жайын куруп, аны «Жахаба-Ниси» деп атаган. Ал «Жахаба — менин белгим» дегенди билдирет. (Оку: Чыгуу 17:14, 15; шилт.)

ЖАХАБА БИЗДИ ШАЙТАНДЫН ЧЕҢГЕЛИНЕН КУТКАРАТ

18, 19. Бүгүнкү күндө Кудай кызматчыларын кантип коргоп келет?

18 Жахаба аны жакшы көргөн жана ага баш ийген адамдарды коргойт. Репидимдеги ысрайылдыктардай болуп, биз да душмандар менен беттешкенде Кудайдан жардам издейбиз. Жахаба бизди дайыма Шайтандын чеңгелинен куткарып, топ катары сактап келет. Мисалы, ал бейтараптуу болгондугу үчүн куугунтукталган кызматчыларын далай жолу коргогон. Андай окуялар 1930-жылдардан 1940-жылдардын башына чейин Германияда жана башка өлкөлөрдө нацисттик режим күч алып турганда көп болгон. Жахабанын оор учурларда өзүнүн кызматчыларын кантип коргогону тууралуу «Жылдык китептерден» жана бир туугандардын өмүр баяндарынан окуп, ой жүгүрткөндө ага баш маанабыз катары мурдагыдан да көбүрөөк ишеним артууга түрткү алабыз (Заб. 91:2).

Оор учурларда ишенимдүү бойдон калууга жардам бериш үчүн Жахаба бир туугандарды колдонушу мүмкүн (18—20-абзацтарды карагыла)

19 Жахаба бизди уюму жана адабияттар аркылуу кеңештерин берүү менен да коргойт. Анын кеңештери азыркы күндөрдө бизге кандай пайда алып келип жатканы тууралуу ойлонуп көрсөңөр. Адеп-ахлаксыздыктын жана порнографиянын сазына барган сайын тереңирээк батып бараткан дүйнөдө Жахаба бизге өз маалында эскертүүлөрдү берип, аны менен болгон мамилебизди буза турган иштерден сактап келет. Мисалы, социалдык тармактарды туура эмес колдонуунун айынан жаман чөйрөгө кабылып калбашыбыз үчүн, ал акыркы күндөрдө бул жагынан да аталык кеңештерин берип жатат * (1 Кор. 15:33).

20. Жахаба бизди жыйналыштар аркылуу кандайча коргоп, жетектейт?

20 Жахабадан үйрөнүп жатканыбызды кантип көрсөтө алабыз? Анын буйруктарына баш ийүү менен (Ыш. 54:13). Жахаба бизди жыйналыштар аркылуу коргоп, жетектейт. Алсак, ал жактагы аксакалдар бизге Ыйык Жазманын негизинде кеп-кеңештерди айтып, жардам берип турушат (Гал. 6:1). Жахаба ошол «адам түрүндөгү белектер» аркылуу бизге сүйүүсүн назиктик менен көрсөтүүдө (Эф. 4:7, 8). Андыктан аксакалдар кеңеш берип калса, эмне кылышыбыз керек? Баш ийишибиз керек. Ошондо Жахаба бизге батасын берет (Евр. 13:17).

21. а) Мындан ары да эмне кыла беришибиз керек? б) Кийинки макалада эмне жөнүндө сөз жүрөт?

21 Келгиле, ыйык рухка жетектелип, асмандагы Атабыздын көрсөтмөлөрүнө баш ие берели. Ошондой эле Иса Машаяктын жашоосу жөнүндө ой жүгүртүп, аны тууроого умтулалы. Ал өмүрүнүн аягына чейин тил алчаак болгондуктан чоң сыйлык алган (Флп. 2:5—11). Биз да Жахабага бүт жүрөгүбүз менен таянсак, бата алабыз (Накыл 3:5, 6). Андыктан бизге кам көрүп, коргогон Жахаба Кудайыбызга дайыма ишеним арталы. Ага кызмат кылуу — чоң сыймык жана чындап кубаныч тартуулайт. Анын кандайча жакын Досубуз боло алары жөнүндө да ой жүгүртүү бизди ага жакындатат. Кийинки макалада ушул тууралуу сөз жүрөт.

^ абз. 19 Андай кеңештерди «Күзөт мунарасынын» 2011-жылы 15-августта чыккан санынын 3—5-беттериндеги «Интернет. Дүйнөлүк куралды акылдуулук менен колдон», 2012-жылы 15-августта чыккан санынын 20—29-беттериндеги «Ибилистин тузактарынан сак бол!» жана «Шайтанга жем болуп калба!» деген макалалардан табууга болот.