Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

1-кылымдагы жүйүттөрдө «Машаякты күтүүгө» кандай негиз бар болчу?

Чөмүлдүрүүчү Жакандын күндөрүндө «эл Машаякты күтүп жүргөндүктөн, баары Жакан жөнүндө: „Бул Машаяк эмеспи?“ — деп ойлонушкан» (Лк. 3:15). Эмне себептен жүйүттөр Машаякты так ошол убакта келет деп күтүшкөн? Буга бир нече себеп бар болчу.

Иса төрөлгөндөн кийин, Бетлехемдин жанындагы талаада малын кайтарып жүргөн койчуларга Жахабанын периштеси көрүнгөн (1). Периште аларга: «Бүгүн Дөөтүнүн шаарында Куткаруучуңар, Мырзаңар Машаяк төрөлдү»,— деп жарыялаган (Лк. 2:8—11). «Анан капысынан периштенин жанына көп сандаган асман аскерлери пайда болуп, Кудайды: „Эң жогорудагы Кудай даңкталсын! Жер үстүндө, анын ырайымына ээ болгондордун арасында тынчтык болсун!“ — деп даңктай башташкан» * (Лк. 2:13, 14).

Периштенин айткандары ал карапайым койчуларга зор таасир эткени күмөнсүз. Алар тезинен Бетлехемге жөнөшкөн. Ал жактан Жусупту, Мариямды жана ымыркай Исаны табышканда «бала жөнүндө уккандарын айтып беришкен». Аларды «уккандардын баары таң калышкан» (Лк. 2:17, 18). «Уккандардын баары» деген сөздөр койчулардын ал тууралуу Жусуп менен Мариямдан башка кишилерге да айтышканын көрсөтүп турат. Анан алар «уккан-көргөндөрүнүн баары өзүлөрүнө айтылгандай болуп чыкканы үчүн Кудайды даңктап-мактап, артка жол тартышкан» (Лк. 2:20). Койчулардын Машаяк жөнүндө уккан жакшы кабарды ичтерине катып жүрүшпөгөнү айтпаса да түшүнүктүү.

Мариям тун уулун, ысрайыл элине берилген Мыйзамга ылайык, Иерусалимге Жахабанын алдына алып келгенде, Анна деген пайгамбар аял баланы көрүп, Кудайга ыраазычылык билдирген жана «Иерусалимдин куткарылуусун күтүп жүргөндөрдүн баарына бала жөнүндө айта баштаган» (2) (Лк. 2:36—38; Чыг. 13:12). Ошентип, Машаяктын төрөлгөнү жөнүндөгү кабар жел менен кошо жалпыга жайыла берген.

Кийинчерээк Иерусалимге чыгыштан астрологдор келип: «Жүйүттөрдүн жаңы төрөлгөн падышасы кайда? Биз чыгыштан анын жылдызын көрүп, ага таазим кылганы келдик»,— дешкен (Мт. 2:1, 2). Ыйык Китепте: «Муну укканда Ирод падышанын жана аны менен бирге Иерусалимдеги бүт элдин тынчы кетти. Ирод жогорку дин кызматчылар менен китепчилердин баарын чогултуп, Машаяктын кайсы жерде  төрөлүшү керек экенин сурай баштады»,— деп айтылат (3) (Мт. 2:3, 4). Ушулардан улам көптөгөн адамдар болочок Машаяктын келгенин түшүнүшкөн *.

Лука 3:15те айтылгандай, айрым жүйүттөр Чөмүлдүрүүчү Жаканды Машаяк болуш керек деп ойлошкон. Бирок Жакан: «Артымдан келе жаткан бирөө менден күчтүү, мен анын сандалын чечкенге да татыксызмын. Ал силерди ыйык рухка жана отко чөмүлдүрөт» — деп, алардын жаңылыш ойдо экенин көрсөткөн (Мт. 3:11). Анын айткандары Машаякты күтүп жаткан элдин бүйүрүн ого бетер кызытканы шексиз.

1-кылымдагы жүйүттөр Машаяк келе турган убакты Даниел 9:24—27-аяттарда айтылган 70 жума жөнүндөгү пайгамбарлыктын негизинде аныктай алышат беле? Андай болушу деле мүмкүн, бирок муну так айта албайбыз. Себеби Иса Машаяктын күндөрүндө 70 жума жөнүндө кайчы пикирлер көп болчу жана алардын бири да биздин азыркы күндөгү түшүнүгүбүзгө төп келчү эмес *.

Алсак, жүйүттөрдүн ессейлер деп аталган сектасы 490 жылдын аягында эки Машаяк келет деп окуткан. Бирок алардын муну Даниелдин пайгамбарлыгынын негизинде эсептеп чыгышканы күмөн. Ошентишкен күндө да, бүтүндөй жүйүттөрдүн элден обочо жашаган ессейлердин таасирине алдырып, алардын хронологиясына таянганы өтө эле шектүү.

Б.з. 2-кылымында айрым жүйүттөр 70 жума Иерусалимдеги ибадаткананын б.з.ч. 607-жылы талкаланганынан тартып б.з. 70-жылы экинчи ирет кыйратылганына чейинки убакыт аралыгын камтыйт деп ойлошкон. Башкалары болсо бул пайгамбарлык б.з.ч. 2-кылымда маккавейлердин доорунда аткарылган деп эсептешкен. Мындан көрүнүп тургандай, 70 жума кантип эсептелиши керектигине байланыштуу бир пикир жок болчу.

Эгер б.з. 1-кылымында жашагандар 70 жуманы кантип эсептөө керектигин так-айкын билишсе, Машаяктын элчилери менен 1- жана 2-кылымдагы башка шакирттери убадаланган Машаяк өз убагында келгенин жана ал Иса болгонун ырасташ үчүн ошол пайгамбарлыкты далил катары колдонушмак. Бирок алардын ошондой кылганын көрсөткөн эч кандай маалымат жок.

Баса белгилей кетчү дагы бир нерсе, Инжилди жазгандар Еврей Жазмаларындагы айрым пайгамбарлыктардын Иса Машаяктын жашоосунда кантип аткарылганын көп айтышкан (Мт. 1:22, 23; 2:13—15; 4:13—16). Ошентсе да алардын эч кимиси Машаяктын келгенин 70 жума жөнүндөгү пайгамбарлык менен байланыштырган эмес.

Жыйынтыктай турган болсок, Машаяктын күндөрүндө жашагандар 70 жума жөнүндөгү пайгамбарлыкты так-айкын түшүнгөн деп айта албайбыз. Анткен менен алардын Машаякты күтүшүнө эмнелер себеп болгонун Инжилдерден биле алабыз.

^ абз. 4 Демек, Ыйык Китепте периштелердин Иса төрөлгөндө ырдашканы айтылган эмес.

^ абз. 7 Буга байланыштуу: «Астрологдор чыгышта „жылдыздын“ пайда болгонун жүйүттөрдүн падышасынын төрөлүшү менен кандайча байланыштырышкан? Алар Исанын төрөлгөнүн Ысрайыл жери аркылуу сапар тартып баратканда угушканбы?» — деген суроолор туулат.

^ абз. 9 70 жумага байланыштуу азыркы түшүнүгүбүз кандай экенин билүү үчүн «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 197—199-беттерин карагыла.