Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 БИЗДИН АРХИВДЕН

100 жыл мурун жарык көргөн өзгөчө тасма

100 жыл мурун жарык көргөн өзгөчө тасма

«Бул киши Рассел бир туугандын эле өзү экен!» (1914-жылы «Фотодраманы» көргөндөрдүн бири).

УШУЛ жылы «Жаратуу фотодрамасынын» жарык көргөнүнө 100 жыл болду. Ал көптөргө Ыйык Китептин Кудайдын Сөзү экенине ишенүүгө жардам бериш үчүн чыгарылган. Дүйнө жүзү боюнча эволюция теориясы, Ыйык Китепти сындоо, ар нерсеге шек саноо кулач жайып турган ошол доордо «Фотодрама» Жахабанын Жараткан Кудай экенин айкын көрсөткөн.

Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн арасында жетекчиликти колго алган Чарлз Тейз Рассел бир тууган башкалардын да чындыкты билишин каалаган. Ошондуктан чындыкты жеткирүүнүн эң эле тез жана натыйжалуу жолдорун талыкпай издей турган. Ага чейин Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр жакшы кабарды 30 жылдан ашык убакыттан бери басма сөздүн жардамы менен таратып келатышкан болчу. Эми алар жакшы кабарды жарыялоодо дагы бир жаңы ыкманы, жылып туруучу сүрөттөрдү, колдонууну чечишкен.

СҮРӨТТӨР АРКЫЛУУ БАЯНДАЛГАН ЧЫНДЫК

1890-жылдары үнсүз кинотасмалар чыга баштаган. 1903-жылы болсо Нью-Йорк шаарындагы чиркөөдө диний мазмундагы фильм көрсөтүлгөн. Кино тартуу тармагы жаңыдан бутуна туруп келатканына карабай, 1912-жылы Рассел бир тууган эр жүрөктүк менен «Фотодраманы» даярдоого киришкен. Ал басма сөздөн тышкары жаңыдан өнүгүп келаткан ошол тармакты колдонуунун аркасында чындыкты алда канча көбүрөөк адамдарга жеткирсе болорун түшүнгөн.

Төрт бөлүктөн турган сегиз сааттык ал тасма өз ичине Ыйык Китепке негизделген 96 кыска жаздырууну камтыган. Ал драмадагы баяндоочунун үнү ошол кезде жалпыга таанымал болчу. Көптөгөн көрүнүштөр классикалык музыка менен коштолгон. Операторлордун кызматын аткарган жөндөмдүү бир туугандар музыканын, үндөрдүн түстүү слайддар менен Ыйык Китептеги окуялар чагылдырылган көрүнүштөргө дал келишине кам көрүп турушкан.

«Тасмада жылдыздардын жаратылганынан тартып Машаяктын Миң жылдык башкаруусунун соңуна чейинки окуялар көрсөтүлөт экен». (Стюарт Барнс, 1914-жылы 14төгү бала)

«Фотодрамага» колдонулган плёнканын жана айнек слайддардын көбү коммерциялык студиялардан алынып келген. Слайддарды жана фильмдерди Филадельфиядан, Нью-Йорктон, Парижден жана Лондондон келген мыкты сүрөтчүлөр  тартышкан. Бейтелдеги сүрөтчүлөрдүн да слайддарды даярдоодо эмгеги зор болгон. Алар көбүнчө сынып калган слайддардын ордуна жаңысын тартышчу. Фильмдерди сатып алгандан тышкары, Бейтел үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү «Фотодраманын» үзүндүлөрүнө тартылышкан. Буга Нью-Йорк штатындагы Йонкерс шаарында тартылган Ыбрайым пайгамбар Ыскакты курмандыкка чаларда периште токтотуп калганы жөнүндөгү көрүнүш мисал боло алат (Башт. 22:9—12).

Дасыккан операторлор 3 километрден ашуун узундуктагы плёнканын, фонографтагы 26 жаздыруунун жана 500дөй айнек слайддын бири-бирине айкалышта коюлушуна кам көрүшкөн

Рассел бир туугандын кызматташы ал жаңы ыкманын «миңдеген адамдардын Ыйык Жазмага болгон кызыгуусун ойготуп, диндин жайылышы үчүн жасалып келген иш-аракеттердин баарынан ашып түшөрүн» айткан. Кудай Сөзүндөгү чындыкка суусаган адамдарга жардам берүү үчүн бир туугандардын тапкычтык менен иш кылып жатканына диний жетекчилер сүйүндү беле? Жок. Христиан дүйнөсүнүн кызматчылары «Фотодраманы» катуу сындашкан, айрымдары атүгүл элдердин аны көрүшүнө тоскоолдук кылып, митаамдыкка барышкан. Бир жолу «Фотодрама» көрсөтүлүп жатканда, электр тогун өчүрүп салышкан.

Бир туугандар «Фотодраманын» үзүндүлөрү тартылган сценарийинин миллиондогон нускасын акысыз таратышкан

Көрүүчүлөргө Исанын бала кезиндеги сүрөтү тартылган көкүрөк көрнөкчөлөр таратылган. Аларды тагынгандар Машаяктын тынчтыкты сүйгөн жолдоочусу болгусу келерин көрсөтүшкөн

Бирок ошондой тоскоолдуктарга карабастан «Фотодрама» коюлган залдар көрүүчүлөргө жык-жыйма толо турган. Ал Кошмо Штаттарда эле күн сайын 80дей шаарда акысыз көрсөтүлчү. Көптөр «сүйлөгөн сүрөттөрдү» өмүрүндө биринчи жолу көрүп, аябай таң калышкан. Ылдамдатып тартуу ыкмасынын аркасында алар жумурткадан чыгып келаткан балапанды, ачылып келаткан гүлдү көрө алышкан. Андагы илимий маалымат Жахабанын чексиз акылман Кудай экенин баса белгилеген. Макаланын башында айтылгандай, көрүүчүлөрдүн бири «Фотодрамада» Рассел бир туугандын кириш сөз сүйлөп жатканын көргөндө анын «Рассел бир туугандын эле өзү экенин» айткан.

КУДАЙ ЖӨНҮНДӨГҮ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ТАРЫХЫЙ УЧУРУ

«Фотодрама» эң алгач 1914-жылы 11-январда Нью-Йорктогу ушул театрда көрсөтүлгөн. Кийин бул имарат Эл аралык Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн Ассоциациясынын ээлигине өткөн

Кинотасмалар боюнча тарыхчы Тим Диркс «Фотодраманын» «жылып туруучу сүрөттөр, түстүү слайддар жана үн менен коштолгон эң алгачкы көрүнүктүү тасма» болгонун белгилеген. Ага чейин тартылган тасмаларда ал ыкмалардын айрымдары колдонулчу, бирок баары бир учурда, айрыкча, Ыйык Китеп жөнүндөгү тасмаларда, колдонулган эмес. Андан тышкары, бир да тасма бир эле жылдын ичинде Түндүк Америкада, Европада, Австралияда жана Жаңы Зеландияда тогуз миллиондой көрүүчүнү чогулта алган эмес!

«Фотодрама» алгачкы жолу 1914-жылы 11-январда Нью-Йорк шаарында көрсөтүлгөн. Ошондон жети ай өткөндөн кийин адамзатты азапка салган Биринчи дүйнөлүк согуш тутанган. Бирок тасманы көргөн төгөрөктүн төрт бурчундагы көптөгөн элдер Падышалыктын кандай баталарды алып келе турганын билип, сооронушкан. Ырас, 1914-жылы чыккан «Фотодраманын» өз учурунда теңдешсиз тасма болгонуна шек жок.

«Фотодраманын» жыйырма көчүрмөсү Түндүк Американын ар тарабында коюлуп турган