Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өзүбүз жөнүндө туура көз карашта болууга эмне жардам берет?

Өзүбүз жөнүндө туура көз карашта болууга эмне жардам берет?

«Эгер адам көп жыл жашаса, өмүрү өткөнчө кубансын» (НАС. 11:8).

1. Бактылуу болушубуз үчүн, Жахаба кандай жолдор менен батасын берүүдө?

ЖАХАБА бактылуу болушубузду каалайт. Ошол себептен бизге ар кандай жолдор менен батасын берүүдө. Мисалы, тирүү жүргөнүбүздүн өзү эле бата. Андан тышкары, Жахаба бизди өзүнүн элине кошкон. Ошондуктан аны даңктагыдай жашаганыбыз туура (Заб. 144:15; Жкн. 6:44). Жахаба бизди жакшы көрөрүнө ынандырып, кызматыбызды улантууга көмөк кылып келет (Жер. 31:3; 2 Кор. 4:16). Ошондой эле биз рухий жактан жакшы тамактанып, бүткүл дүйнөлүк бир туугандыктын сүйүүсүн сезип, рухий бейиште жашап жатабыз жана келечекке байланыштуу баа жеткис үмүткө ээбиз.

2. Кудайдын айрым ишенимдүү кызматчылары эмнеден улам кыйналышат?

2 Кубанычтуу жүрүшүбүзгө ушундай себептер бар болсо да, Кудайдын айрым ишенимдүү кызматчылары өздөрү жөнүндө туура эмес ойдо болуп, кыйналып келишет. Алар өздөрүнүн да, кылган кызматынын да Жахабанын көз алдында баалуу экенине шектениши мүмкүн. Ошондон улам аларга «өмүрү өткөнчө кубануу» деген ой чындыкка коошпогондой, тескерисинче, «кайгылуу күндөр» биринин артынан бири чубап, такыр бүтпөчүдөй туюлушу ыктымал (Нас. 11:8).

3. Өзүбүз жөнүндө туура эмес ойдо болууга эмнелер себеп болушу мүмкүн?

 3 Бир туугандардын андай сезимде болушуна көңүл кайттык, оору-сыркоо же карылыктын кесепеттери себеп болушу мүмкүн (Заб. 71:9; Накыл 13:12; Нас. 7:7). Андан сырткары, Кудай бизди жактырса деле, кээде митаам жүрөгүбүз айыптай берет (Жер. 17:9; 1 Жкн. 3:20). Ибилис да Кудайдын кызматчыларын ак жерден каралап, жалаа жапканга маш. Ал эми ага окшоп ой жүгүрткөн адамдар, Аюптун жалган досу Элипаздай болуп, бизди Кудайдын алдында эч нерсеге арзыбайбыз деген ойго ишендиргиси келет. Бирок мунун, Аюптун күндөрүндөгүдөй эле, бүгүн да карандай калп экенин унутпа (Аюп 4:18, 19).

4. Бул макалада эмнени карап чыгабыз?

4 Ыйык Китептен айкын көрүнүп тургандай, Жахаба «коюу караңгылык каптаган өрөөндө бараткандар» менен бирге болот (Заб. 23:4). Ал бизди буга өзүнүн Сөзү аркылуу ынандырат. Ыйык Китеп — «чептерди», анын ичинде туура эмес түшүнүктөрдү жана терс ойлорду «талкалаш үчүн Кудай берген күчтүү курал» (2 Кор. 10:4, 5). Анда эмесе, өзүбүз жөнүндө туура көз карашта болуш үчүн Ыйык Китепти кантип колдонсок болорун карап көрөлү. Мунун аркасында өзүбүзгө да, башкаларга да жардам берүүнүн жолдорун биле алабыз.

ТУУРА КӨЗ КАРАШ ӨРЧҮТҮҮ ҮЧҮН ЫЙЫК КИТЕПТИ КОЛДОН

5. Өзүбүз жөнүндө туура ойдо болууга эмне жардам берет?

5 Элчи Пабыл өзүбүз жөнүндө туура ойдо болууга жардам бере турган айрым нерселерди айтып кеткен. Мисалы, ал Корунт шаарындагы бир туугандарын: «Ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүңөрдү текшерип, өзүңөрдү сынап тургула»,— деп чакырган (2 Кор. 13:5). Бул аяттагы «ишеним» деген сөз Ыйык Китептеги биз ишенген окууларды билдирет. Эгер сөздөрүбүз да, иштерибиз да ошол окууларга ылайык келсе, текшерүүдөн өткөн болобуз жана «ишеним жолунда жүргөнүбүз» айкын болот. Биз ошондой эле Ыйык Китептеги бардык мыйзам-принциптерге ылайык жашап жаткан-жатпаганыбызды да текшеришибиз керек. Анткени алардын кайсынысына карманар-карманбасыбызды өзүбүз чечпейбиз (Жкп. 2:10, 11).

6. Эмне үчүн «ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүбүздү» текшеришибиз керек? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

6 Балким, баары бир текшерүүдөн өтпөйм деп ойлогондуктан өзүңдү текшергиң келбейттир. Бирок өзүбүздүн көз карашыбыздан да Жахабаныкы маанилүү экенин эстен чыгарба. Анын ойлору биздикинен алда канча бийик (Ыш. 55:8, 9). Ал кызматчыларын текшергенде айыптоону эмес, алардан жакшы сапаттарды табууну жана колдоо көрсөтүүнү көздөйт. Ыйык Китепти колдонуп, «ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүңдү» текшергенде өзүңө Жахабанын көзү менен карагандай болосуң. Анын аркасында Кудайдын алдында эч нерсеге арзыбайм деген ойдон арылып, Ыйык Китептеги чындыкка, тактап айтканда, Кудайдын сени абдан баалаарына ынанасың. Муну караңгы бөлмөгө жарык кириши үчүн парданы ачканга салыштырса болот.

7. Ыйык Китептеги ишенимдүү кызматчылар жөнүндө ой жүгүртүү эмнеси менен пайдалуу?

7 Өзүңдү текшерүүнүн натыйжалуу жолу — Кудайдын Ыйык Китептеги ишенимдүү кызматчылары жөнүндө ой жүгүртүү. Алардын жагдайын, ой-сезимдерин өзүңдүкү менен салыштырып, алардын ордунда болсоң, эмне кылмактыгың тууралуу ойлонуп көр. Эми «ишеним жолунда жүргөнүңдү» текшерип, өзүң жөнүндө туура ойдо болуш үчүн Ыйык Китепти кантип колдонсоң болорун көрсөткөн үч мисалга токтололу.

ЖАРДЫ ЖЕСИР АЯЛ

8, 9. а) Жарды жесир аялдын жагдайы кандай болгон? б) Тартуу кылып жатканда жесир аял өзүн кандай сезиши мүмкүн эле?

8 Бир жолу Иса Машаяк Иерусалимдеги ибадатканадан бир жесир аялды көргөн. Ал аялдын үлгүсү, Кудайга кызмат кылууда мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү болгонуна карабай, өзүбүзгө карата туура көз карашта болгонго жардам берет.  (Оку: Лука 21:1—4.) Анын жагдай-шарты жөнүндө бир аз ойлонуп көрөлү. Ал күйөөсүнөн айрылып, күйүт тарткандан сырткары, диний жетекчилерден да запкы жеген. Себеби алар ага окшогон жетим-жесирлерге кам көргөндүн ордуна, алардын «мал-мүлкүн талап-тоношкон» (Лк. 20:47). Ал аял ушунчалык кедей болгондуктан ибадатканага наркы өтө төмөн эки тыйын тартуу кылган. Ал акчаны катардагы жумушчу бир нече эле мүнөттүн ичинде таба алчу.

9 Анын ошол тыйындарын кармап алып ибадаткананын короосуна кирип баратканда өзүн кандай сезгенин элестетсең. Балким, ага күйөөсүнүн көзү тирүүсүндө алып келген тартууларына салыштырмалуу ошол тартуусу жарыбаган эле нерседей сезилгендир. Же алдында тургандардын чоң өлчөмдө тартуу салып жатканын көрүп, өзүнүн тартуусунан уялып, оңтойсуздангандыр. Кандай болбосун, ал чыныгы сыйынуу үчүн колунан келгендин баарын кылган.

10. Иса Машаяк Жахабанын жесир аялды баалаарын кантип көрсөткөн?

10 Иса Машаяк Жахабанын ал аялды да, анын тартуусун да баалаарын көрсөткөн. Ал жесир аялдын байлардын «баарынан көп салганын» айткан. Анын тартуусу башкалар салган тартуулардын арасынан көрүнбөй деле калмак. Бирок Машаяк дал ошол аялга көңүл буруп, аны мактаган. Тартууларды чогулткан казына кызматкерлери кийин ал эки тыйынды көргөндө алардын жана аларды салган кишинин Жахаба үчүн канчалык баалуу экенин билишкен да эместир. Бирок, чындыгында, ал аял жөнүндө башкалардын же өзүнүн кандай ойдо болгону эмес, Жахабанын кандай ойдо болгону маанилүү эле. Ал жесир аял жөнүндөгү билдирүүнүн негизинде өзүңдүн «ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүңдү» кантип текшерсең болот?

Жарды жесир аялдан эмнеге үйрөнсөк болот? (8—10-абзацтарды кара)

11. Жесир аял жөнүндөгү билдирүү бизди эмнеге ынандырат?

11 Жагдай-шартың Жахабага канчалык көп бере аларыңа түздөн-түз таасир этиши мүмкүн. Алсак, айрымдар карылыктын же оорунун айынан кабарга аз эле чыга алышат. Ошентсе да алар кылган кызматын отчётко жазуудан тартынбашы керек. Атүгүл жаш, күүлүү-күчтүү болсоң да, кылган кызматың өзүңө Жахабанын бүтүндөй эли жыл сайын аткарып  жаткан кызматка салыштырмалуу деңиздеги тамчыдай эле сезилиши ыктымал. Бирок, жесир аял жөнүндөгү билдирүүдөн көрүнүп тургандай, Жахаба ал үчүн кылган ар бир ишиңди, айрыкча, оор шарттарда аткарган кызматыңды абдан баалайт. Өткөн жылкы кызматың жөнүндө ойлонуп көрсөң. Бир эле саат кабар айтыш үчүн аябагандай көп күч-аракет жумшаган учуруң болду беле? Эгер ошондой болгон болсо, Жахаба ошол сааттын ичинде кылган кызматыңды өзгөчө баалаарына эч шектенбе. Жесир аялга окшоп, Жахаба үчүн колуңдан келгендин баарын кылып жатсаң, «ишеним жолунда жүргөнүңө» такыр күмөн санаба.

«ОО, ЖАХАБА, ЖАНЫМДЫ АЛЧЫ»

12—14. а) Илияс пайгамбарга көңүл чөгөттүк кандай таасир эткен? б) Илияс пайгамбар эмнеден улам кайгыга батышы мүмкүн эле?

12 Илияс пайгамбар Жахабага берилген, ишеними күчтүү киши болгон. Анткен менен бир жолу ушунчалык көңүлү чөккөндүктөн: «Болду, жетишет! Оо, Жахаба, жанымды алчы»,— деп өзүнө өлүм тилеген (1 Пад. 19:4). Илияс пайгамбардыкындай сезимде болуп көрбөгөндөр аны «ойлонбой сүйлөгөн» деши мүмкүн (Аюп 6:3). Бирок ал чындап эле жаны кейигендиктен ошентип айткан. Кызыктуусу, Жахаба пайгамбарын өлүм тилегени үчүн айыптабай, ага дем-күч берген.

13 Илияс пайгамбар эмнеге ошончолук кайгыга баткан? Ошондон бир аз эле убакыт мурун ал ысрайыл элин Кармел тоосуна чогултуп, Жахабанын чыныгы Кудай экенин далилдеп, Баалдын 450 пайгамбарын өлтүргөн (1 Пад. 18:37—40). Ал ошол окуядан кийин ысрайыл эли Кудайга кайрылып келет деп үмүттөнгөн көрүнөт. Өкүнүчтүүсү, анын ойлогон ою ордунан чыккан эмес. Анысы аз келгенсип, канкор каныша Изабел киши жөнөтүп, аны сөзсүз өлтүрөрүн айттырып жиберген. Ошондо жанын аман алып калыш үчүн Илияс пайгамбар Жүйүт жери аркылуу түштүктөгү ээн талаа, эрме чөлгө качып кеткен (1 Пад. 19:2—4).

14 Ал жолдо баратып кайгылуу ойлору менен алпурушуп, пайгамбар катары кылган кызматынын баары текке кеткендей сезсе керек. Ошондуктан Жахабага: «Ата-бабаларымдан менин эмнем артык?» — деген. Ал өзүн эбак көзү өтүп, сөөгү сөпөт болгон ата-бабаларынын топурагындай пайдасыз, эч нерсеге жарабаган бечарадай сезген. Ал, мындайча айтканда, өзүн пенделик көз карашы боюнча текшерип, Жахабага да, башкаларга да кереги жок, колунан эчтеке келбеген адам катары эсептеген.

15. Жахаба Илияс пайгамбарды дагы деле баалаарына кантип ынандырган?

15 Ал эми Кудурети Күчтүү Кудай пайгамбары жөнүндө такыр башкача ойдо болгон. Ал аны дагы деле баалай берген жана аны ошого ынандырган. Айта кетсек, аны кайраттандырыш үчүн периштесин жиберген. Түштүктөгү Хореп тоосун көздөй 40 күн жол жүргөндө алсырап калбашы үчүн, аны нан-суу менен камсыз кылган. Ошондой эле анын Жахабага берилген бир да ысрайылдык калган жок деген жаңылыш оюн жумшактык менен оңдогон. Андан да маанилүүсү, ага жаңы тапшырма берген. Илияс пайгамбар Жахабанын жардамын кабыл алган жана кайрадан күчкө толуп, андан ары да пайгамбарлык кызматын уланта берген (1 Пад. 19:5—8, 15—19).

16. Жахаба сага кандай жолдор менен колдоо көрсөтүшү мүмкүн?

16 Илияс пайгамбардын башынан өткөргөн окуялары сага өзүңдү текшерип, «ишеним жолунда жүргөнүңө» ынанууга жана өзүң жөнүндө туура ойдо болууга түрткү берет. Ан үчүн, биринчиден, Жахабанын сага кандай жолдор менен колдоо көрсөтүп келатканы тууралуу ойлонуп көр. Мүмкүн, зарыл учурда кайсы бир аксакал же башка жетилген ишенимдешиң жардам бергендир (Гал. 6:2). Же Ыйык Китеп, ага негизделген адабияттарыбыз жана жыйналыш жолугушуулары аркылуу рухий жактан азыктанып, дем-күч алып жаткандырсың. Эмкиде ушундай жолдордун бири аркылуу жардам алганыңда, анын чынында кимден келип жатканы жөнүндө  ой жүгүртүп, ага ыраазычылык билдир (Заб. 121:1, 2).

17. Жахаба кызматчыларынын эмнесин баалайт?

17 Экинчиден, терс ой-сезимдер алдамчы келерин унутпа. Эң негизгиси, биз жөнүндө Кудайдын кандай ойдо экени маанилүү. (Оку: Римдиктер 14:4.) Ал бизге жетишкендиктерибизге карап баа бербейт. Ал биздин ага болгон берилгендигибизди, ишенимдүүлүгүбүздү баалайт. Балким, Илияс пайгамбарга окшоп, сен да Жахаба үчүн өзүң ойлогондон да көптү кылып келаткандырсың. Айталы, жыйналыштагы айрым бир туугандарга жакшы таасир эткендирсиң же аймактагылардын кимдир бирөөсү сенин аракетиңдин аркасында Ыйык Китептеги чындыкты кабыл алгандыр.

18. Жахабанын сага берген тапшырмалары эмнени далилдеп турат?

18 Үчүнчүдөн, Жахаба берген ар бир тапшырманы анын сени менен экенин көрсөткөн далил катары кабыл ал (Жер. 20:11). Мүмкүн, кызматың жемиш бербегендей же кайсы бир рухий максат кол жеткистей сезилгендиктен, Илияс пайгамбарга окшоп, көңүлүң чөккөн учурларың болоттур. Бирок андайда өзүңдүн, башка ишенимдештериңдей эле, жакшы кабарды жарыялоо жана Кудайдын ысмы менен аталуу сыймыгына ээ экениңди эстен чыгарба. Мындан ары да Кудайга ишенимдүү бойдон кал. Ошондо, Иса Машаяк айткандай, «Мырзаңдын кубанычына ортоктош болосуң» (Мт. 25:23).

КЫЙНАЛГАН КИШИНИН ТИЛЕНҮҮСҮ

19. 102-забурду жазган киши өзүн кандай сезген?

19 Кудайдын 102-забурду жазган кызматчысы өзүн жарга такалгандай сезген. Жагдай-шарты оор болгондуктан же жан дүйнөсү жабыркагандыктан, ал «кайгырып», «дарманы кетип», кыйынчылыктары менен күрөшкөнгө күчү калбай калган (Заб. 102, башындагы сөздөр). Анын жазгандарынан канчалык азап тартканын, жалгызсыраганын, өзүн жаман сезгенин биле алабыз (Заб. 102:3, 4, 6, 11). Забурчуга Жахаба аны «алыс ыргытып» жибергиси келип жаткандай сезилген (Заб. 102:10).

20. Терс ойлор менен күрөшүп жаткандарга тиленүү кандай жардам берет?

20 Көңүл бурарлык нерсе, забурчу жан кейиткен кыйынчылыктарына карабай Жахабаны даңктай берген. (Оку: Забур 102:19—21.) 102-забурдан атүгүл ишеним жолунда жүргөндөрдүн да кайгыга батары жана көңүлүн башка нерсеге бура албай кыйналары көрүнүп турат. Забурчу өзүн жалаң гана терс ойлорунун курчоосунда калгандай, «тамдын башындагы жалгыз куштай» сезген (Заб. 102:7). Эгер сен да ошондой жагдайга кабылсаң, ага окшоп, ичиңдегинин баарын Жахабага төк. Бул сага жаман ойлордон арылганга жардам берет. Жахаба «жардылардын тиленүүсүнө көңүл бурарын», «алардын тиленүүсүнө кайдыгер карабай» турганын убада кылган (Заб. 102:17). Анын ошол убадасын аткарарына ишен.

21. Жакшы нерселерге көңүл топтоого эмне көмөк кылат?

21 102-забурдан жакшы нерселерге көңүл топтоого эмне көмөк кыларын да билүүгө болот. Забурчуга Жахаба менен болгон мамилеси жөнүндө көбүрөөк ойлонуу жардам берген (Заб. 102:12, 27). Жахабанын оор учурларда өз элин эч качан таштабай турганын билүү аны жубаткан. Эгер терс ой-сезимдерден улам өзүң каалагандай көп кызмат кыла албай жатсаң, ал тууралуу Кудайга айт. Андан тиленүүңө жооп берип, сени кайгыдан арылтышын эле эмес, өзүнүн ысмын даңкташын да сура (Заб. 102:20, 21).

22. Канткенде ар бирибиз Жахабага жага алабыз?

22 Ооба, биз Ыйык Китепти колдонуп, ишеним жолунда жүргөнүбүзгө жана Жахаба бизди баалаарына ынана алабыз. Албетте, азыркы дүйнөдө бардык терс ой-сезимдерден арылуу мүмкүн эмес. Ошентсе да ар бирибиз Жахабага ишенимдүү кызмат кылуунун аркасында ага жагып, келечекте куткарылууга үмүттөнө алабыз (Мт. 24:13).