Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үй-бүлө менен сыйынуу кечи. Кантип кызыктуу өткөрсө болот?

Үй-бүлө менен сыйынуу кечи. Кантип кызыктуу өткөрсө болот?

«Биз үй-бүлө менен сыйынуу кечинде кызык кепке кирип кетебиз. Мен токтотпосом, көбүнчө түнгө чейин отура беребиз»,— дейт Бразилиядагы бир үй-бүлө башчысы. Ал эми Жапонияда жашаган бир ишенимдешибиз 10 жаштагы уулунун убакытты такыр ойлобой, сыйынууну уланта бергиси келерин айтат. Эмне үчүн? «Талкууланган тема аябай таасир эткендиктен, ал изилдөөдөн ушунчалык ырахат алат»,— дейт баланын атасы.

Бирок бардык эле балдар сыйынуу кечинен анчалык таасир алып, оюн ачык айта бербейт. Атүгүл айрымдарына ал кеч жакпашы да мүмкүн. Мунун себеби эмнеде? Тогодо жашаган бир үй-бүлө башчысы: «Жахабага сыйынуу эч качан эриктирме болбошу керек»,— деп айтат. Анда үй-бүлө менен сыйынуу кечин кантип өткөрсө болот? Байыркы убакта ысрайылдыктарга ишемби күн кубаныч тартуулагандай эле, бүгүнкү күндө да канчалаган үй-бүлөлөргө сыйынуу кечи «чоң кубаныч тартуулоодо» (Ыш. 58:13, 14).

Машаякты жолдогон көптөгөн аталар үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары сыйынуу кечинен кубаныч алышы үчүн өздөрүн эркин сезгидей болушу керек экенин түшүнүшкөн. Үч кыздын жана бир уулдун атасы Ральф алардын үй-бүлө менен сыйынуу кечи изилдөөгө эмес, ээн-эркин пикирлешүүгө көбүрөөк окшош экенин жана ага баары катышарын айтат. Албетте, изилденип жаткан материалды үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү үчүн кызыктуу кылып талкуулоо кээде кыйынга турат. Бир эже: «Үй-бүлө менен сыйынуу кечин өзүм каалагандай кызыктуу кылып өткөргөнгө дайыма эле күчүм боло бербейт»,— деп кейийт. Силерде да ушундай болобу?

ЫЛАЙЫКТАША БИЛГИЛЕ ЖАНА АР ТҮРДҮҮ КЫЛЫП ӨТКӨРГҮЛӨ

Эки балалуу германиялык бир ишенимдешибиз: «Биз ылайыкташа билишибиз керек»,— дейт. Ал эми эки кызы бар Наталиа алардын үй-бүлөсү үчүн сыйынуу кечин ар  түрдүү кылып өткөрүү абдан маанилүү экенин айтат. Көп үй-бүлөлөр аны бир нече бөлүккө бөлүп өткөрүшөт. «Бул изилдөөнүн баары катышкыдай, жандуу өтүшүнө шарт түзөт»,— дейт эки өспүрүм баласы бар бразилиялык Клейтон. Ушундай ыкманын аркасында ата-энелер жаш курагы бир топ айырмаланган балдарынын ар биринин муктаждыгын канааттандыра алышат. Ырас, ата-энелер үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн муктаждыгын эске алып, эмнени жана кантип талкуулоону чечүүдө аларга ылайыкташа билгени абзел.

Сыйынуу кечин ар түрдүү кылып өткөрүү үчүн айрым үй-бүлөлөр эмне кылат? Кээ бирөөлөр аны Падышалык ырларын ырдоо менен башташат. «Бул акылыбызды өтүлө турган темага даярдап, жагымдуу маанай өкүм сүрүшүнө өбөлгө түзөт»,— дейт мексикалык Хуан. Анын үй-бүлөсү ырларды талкуулана турган темага жараша тандайт.

Шри-Ланка

Айрым үй-бүлөлөр Ыйык Китептен үзүндү окушат. Кызыктуу болуш үчүн, алар каармандардын сөздөрүн бөлүшүп алышат. Жапониялык бир бир тууган башында аяттарды ошентип окууга анча көнө албай жүргөн. Бирок эки уулу ата-энесинин алар менен чогуу убакыт өткөрүп жатканына аябай сүйүнүшчү. Кээ бир үй-бүлөлөр атүгүл Ыйык Китептеги окуяларды сахналаштырышат. Түштүк Африкада жашаган эки балалуу Рожер Ыйык Китепти чогуу окуп жатканда балдар ата-энелери байкабай кеткен нерселерди көп байкашарын айткан.

Түштүк Африка

Үй-бүлө менен сыйынуу кечин ар түрдүү кылып өткөрүү үчүн Нух пайгамбардын кемесинин, Сулайман падыша курган ибадаткананын макетин же дагы башка ушу сыяктуу нерселерди чогуу жасаса да болот. Ан үчүн Ыйык Китепти тереңирээк изилдөө талап кылынат. Андай изилдөө аябай кызыктуу болушу мүмкүн. Азияда 5 жашар кызы жана апасы менен чогуу жашаган бир жубайлар элчи Пабылдын миссионердик сапарларына байланыштуу оюн ойлоп табышкан. Ал эми дагы бирөөлөр Чыгуу китебиндеги окуяларга байланышкан оюндарды ойношот. «Изденип, чыгармачылык кылуунун аркасында үй-бүлө менен сыйынуу кечибиз, дегеле үй-бүлөбүз жанданып, жаңы нукка түшкөндөй эле болду»,— дейт Тогодо жашаган 19 жаштагы Дональд. Үй-бүлө менен сыйынуу кечиңер мурункудан да кызыктуураак өтүшү үчүн, силер да ушундай нерселерди кыла аласыңарбы?

Америка Кошмо Штаттары

ДАЯРДАНУУНУН МААНИЛҮҮЛҮГҮН УНУТПАГЫЛА

Үй-бүлө менен сыйынуу кечи кызыктуу болушу үчүн ылайыкташа билүү жана ар түрдүү кылып өткөрүү зарыл болсо да, ал чындап пайда алып келиш үчүн, даярдануу маанилүү. Кээде балдар изилдөөдөн бат эле тажап кетишет, ошондуктан аталар аларга кызыктуу боло турган материалды тандап, жакшылап даярданышы керек. Бир ишенимдешибиз: «Мен жакшы даярданганда, изилдөө ар бирибизге көбүрөөк пайда алып келет»,— деп бөлүшөт. Төрт баласы бар германиялык бир ата үй-бүлөсүнө келерки жумаларда эмнени изилдешерин күн мурун айтып коёт. Бенинде жашаган 2ден 12 жашка чейинки алты баласы бар ишенимдешибиз сыйынуу кечинде биздин уюм чыгарган тасманы көрүүнү пландаштырганда үй-бүлөсүнө суроолорду алдын ала таратып берет. Ооба, даярдануунун аркасында үй-бүлө менен сыйынуу кечинин сапаты жакшырат.

Үй-бүлөдөгүлөр эмнелер талкууланарын алдын ала билсе, жуманын ичинде ошолор тууралуу сүйлөшүп, кызыгуусу арта берет. Эгер үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнө тапшырма берилсе, ар бири сыйынуу кечин өзүнө таандык деп эсептейт.

ДАЙЫМА ӨТКӨРГӨНГӨ АРАКЕТТЕНГИЛЕ

Көп үй-бүлөлөргө сыйынуу кечин дайыма өткөрүү оңойго турбайт.

Канчалаган ата-энелер бала-чакасын багыш үчүн керээли-кечке иштешет. Мисалы, мексикалык бир бир тууган жумушуна таңкы саат алтыда кетип, үйүнө кечки саат сегизде кайтат. Кээде айрым үй-бүлөлөргө кайсы бир рухий иштерге байланыштуу, алсак, райондук көзөмөлчү келгенде же жыйын болгондо, сыйынуу кечин башка күнгө жылдырууга туура келет.

Кандай болбосун, үй-бүлө менен сыйынуу кечин үзгүлтүксүз өткөргөнгө чечкиндүү болушубуз керек. Тогодо жашаган 11 жашар Луис: «Кээде кандайдыр бир иштер чыгып калганда, үй-бүлө менен сыйынуу кечин бир аз кечирээк баштайбыз, бирок аны сөзсүз өткөрөбүз»,— дейт. Айрымдар үй-бүлө менен сыйынуу кечин жуманын башында өткөрүшөт. Эгерде ошол күнү күтүлбөгөн иштер чыгып калса, алар сыйынуу кечин жуманын башка күнүнө жылдырышат.

Аталышынын өзү эле айтып тургандай, үй-бүлө менен сыйынуу кечи — Жахабага сыйынуунун бир бөлүгү. Андыктан үй-бүлөңөрдүн ар бир мүчөсү жума сайын Жахабага «букачарлардай ооз курмандыгын чала» берсин (Ош. 14:2). Ошондой эле ал кеч ар бириңерге кубаныч тартууласын, анткени «Жахаба берген кубаныч силер үчүн чеп болот» (Нек. 8:9, 10).