Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Карыларга кам көрүү

Карыларга кам көрүү

«Балдарым, бири-бирибизди сөзүбүз же тилибиз менен эле эмес, ишибиз менен, чын жүрөктөн сүйөлү» (1 ЖКН. 3:18).

1, 2. а) Көптөгөн үй-бүлөлөр кандай кыйынчылыктарга кабылат жана аларда кандай суроолор туулат? б) Ата-энелер менен балдар алдыдагы кыйынчылыктарга даяр болуш үчүн эмне кылса болот?

БИР кездеги күүлүү-күчтүү, эч кимдин колун карабаган ата-энебиздин өзүнө кам көрө албай калганын көргөндө жүрөгүбүз оорубай койбойт. Балким, атабыздын же энебиздин жыгылып, бир жерин сындырып алганына, адашып кетип, бара турган жерин таппай калып жатканына же коркунучтуу ооруга чалдыкканына кайгырып жаткандырбыз. Ошол эле учурда улгайган кишилердин өздөрү да ден соолугунан же башка себептерден улам бирөөгө көз каранды болуп калганына жаман болуп, көңүлү чөгүшү ыктымал (Аюп 14:1). Андайда эмне кылган жакшы? Аларга кантип кам көрсөк болот?

2 Жашы өтүп калгандарга кам көрүү жөнүндөгү бир макалада: «Карылыкка байланыштуу кыйынчылыктар жөнүндө сүйлөшүү кыйын болсо да, алар тууралуу алдын ала талкуулашып, бир бүтүмгө келген үй-бүлөлөр кийин туура чечим чыгарууга көбүрөөк даяр болушат»,— деп айтылат. Негизи, карылык менен келе турган кыйынчылыктардан кача албайбыз. Ошондуктан үй-бүлөбүз менен даярдык көргөнүбүз абдан маанилүү. Анда эмесе, келгиле, бул жагынан үй-бүлө мүчөлөрү кантип өз ара кызматташа аларын карап чыгалы.

«ООР КҮНДӨРГӨ» ДАЯРДАНУУ

3. Ата-эне көбүрөөк жардамга муктаж болуп калганда, үй-бүлө мүчөлөрү эмне кылса болот? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

3 Эртедир-кечтир, улгайган кишилердин өзүнө кам көрө  албай, башкалардын жардамына муктаж болуп калган учуру келет. (Оку: Насаатчы 12:1—7.) Ошондой күн келгенде, алар балдары менен кеңешип, эмне кылышканы туура болорун аныктап алышы керек. Ан үчүн үй-бүлө менен чогулуп, ата-энеге кандай жардам керектигин, аны ким көрсөтөрүн жана өз ара кантип кызматташса болорун талкуулап алуу акылдуулукка жатат. Андайда баарынын, өзгөчө, ата-эненин ой-сезимдерин ачык айтканы жана жагдайга туура баа берип, өтө көптү күтүп албаганы жакшы. Балким, кимдир бирөөнүн анча-мынча жардамы менен ата-эне өз үйүндө эле жашай алаттыр *. Андан сырткары, балдары ата-энесин жакшы кароого ар бири кандай салым кошо аларын талкууласа болот (Накыл 24:6). Мисалы, бирөөсү дайыма жанында болуп, күнүмдүк иштерин кылышып турса, башкасы акча жагынан жардам берип тураттыр. Ар бири ата-энесине кам көрүүдө өзүнүн милдетин жакшы билиши керек. Бирок убакыттын өтүшү менен ал милдеттерди алмашууга же айрымдарын кезектешип аткарууга туура келиши мүмкүн.

4. Ата-энесине жакшыраак кам көрүш үчүн балдары эмне кылса болот?

4 Ата-энеңерге кам көрө баштасаңар, алардын оорусу тууралуу мүмкүн болушунча көбүрөөк маалымат чогулткула. Эгер ал улам өрчүй бере турган оору болсо, келечекте кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экенин билгиле (Накыл 1:5). Карыларга жардам берген мамлекеттик уюмдар менен байланышып, жүгүңөрдү жеңилдете турган жана ата-энеңерге жакшыраак кам көрүүгө шарт түзө турган кандай чаралар бар экенин сураштыргыла. Үй-бүлөңөрдөгү жагдайдын өзгөрүшүнөн улам кайгыга батышыңар же эмне кыларыңарды билбей башыңар маң болушу мүмкүн. Ошондой болсо, ичиңердегини жакын досуңарга айтып бергиле. Баарынан да маанилүүсү, жүрөгүңөрдөгүнү Жахабага төккүлө. Ал жан дүйнөңөрдү тынчтандырып, кандай кыйынчылык болбосун, көтөрүп кетүүгө жардам берет (Заб. 55:22; Накыл 24:10; Флп. 4:6, 7).

5. Жашы өр тартып калгандарга кам көрүүнүн жолдору жөнүндө алдын ала көбүрөөк билип алуу эмне үчүн жакшы?

5 Жашы өр тартып калгандар менен алардын үй-бүлөлөрү карыларга кам көрүү жөнүндө алдын ала көбүрөөк билип алганы жакшы. Мисалы, айрымдар кары кишинин балдарынын бири менен чогуу жашаганынын кандай оң жана терс жактары бар экени же дагы кандай жолдор менен кам көрсө болору жөнүндө билгенге аракет кылышат. Ошонун аркасында алар алдыдагы кыйынчылыктарга алдын ала даяр болушат (Заб. 90:10). Өкүнүчтүүсү, көптөгөн үй-бүлөлөр муну этибарга албагандыктан башына иш түшкөндө шашылыш чечим чыгарууга аргасыз болушат. Бирок бир адис андай учурдун «маанилүү чечим чыгарууга эң эле ылайыксыз» экенин айткан. Анткени шашып жатканда үй-бүлө мүчөлөрү бир пикирге келе албай, жагымсыз жагдай пайда болушу мүмкүн. Ал эми күн мурун пландаштыруу өзгөрүүлөргө ылайыкташа билгенге өбөлгө түзөт (Накыл 20:18).

Үй-бүлө ата-энесине кам көрүүгө байланыштуу суроолорду талкуулап алса болот (6—8-абзацтарды карагыла)

6. Ата-эне менен алардын кийин каякта жана кантип жашаары жөнүндө сүйлөшүп алуу эмне үчүн жакшы натыйжа берет?

6 Албетте, ата-эне менен алардын кийин каякта жана кантип жашаары жөнүндө сүйлөшүү оңой болбошу мүмкүн. Ошентсе да көптөр мунун жакшы натыйжа берерин айтышат. Эмне үчүн? Анткени алар жайбаракат отуруп сүйлөшкөндө ар бири оюн ачык айтып, бири-бирин кунт коюп угуп, татаал маселелерди жылуу-жумшак талкуулай аларын жана бир бүтүмгө келүү оңоюраак болорун байкашкан. Кары ата-эне азырынча өзүнчө эле жашай бергиси келсе да, балдары менен алдын ала сүйлөшүп,  кийин зарыл болгондо кандай жардам көрсөтүлүшүн каалаарын билдирип койгону жакшы.

7, 8. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмнелер тууралуу талкуулаганы маанилүү жана эмне үчүн?

7 Ата-энелер, балдарыңар менен сүйлөшкөндө эмнени каалаарыңарды, канча акчаңар бар экенин айтып койгула. Бул кийин өз алдынча чечим чыгара албагыдай абалда болуп калсаңар, балдарыңарга силер каалагандай чечим чыгарууга көмөк болот. Алар каалооңорду аткарууга жана силер үчүн колунан келгендин баарын кылууга аракеттенери күмөнсүз (Эф. 6:2—4). Мүмкүн, силер балдарыңардын бири менен чогуу жашоону же дагы башка нерсени каалайттырсыңар. Бирок жагдай-шартты эске алып, балдарыңардын ою силердикинен айырмаланышы мүмкүн экенин жана аларга да, силерге да оюңарды өзгөртүүгө убакыт керек экенин унутпаганыңар абзел.

8 Күн мурун сүйлөшүп, пландаштыруунун аркасында көптөгөн кыйынчылыктардан качууга болот (Накыл 15:22). Үйдөгүлөрүңөргө медициналык жактан кандай жардам алгыңар келерин да айткыла. Алар менен чогуу «Медициналык жардам алууга байланыштуу эрк билдирүү жана ишеним кат» деген документтеги ойлорду талкуулагыла. Ар бир адам аны дарылаш үчүн кандай ыкмалар колдонуларын билүүгө жана ошого жараша чечим чыгарууга укуктуу. Жогоруда айтылган документти толтуруу менен эмнеге макул экениңерди, эмнеден баш тартарыңарды билдиресиңер. Ошондой эле өзүңөр ишенген бирөөнү өкүлүңөр катары дайындап койсоңор, ал зарыл учурда силер үчүн чечим чыгара алат. Керек болгондо колдо болуш үчүн, карыларда, алардын өкүлдөрүндө жана аларга кам көргөндөрдө «Эрк билдирүү» документинин бирден нускасы болушу зарыл. Айрымдар аны керээз каты менен, ошондой эле камсыздандырууга, акча маселесине жана башка маанилүү иштерге байланышкан баалуу документтери менен чогуу сакташат.

ЖАГДАЙГА ЫЛАЙЫКТАШУУ

9, 10. Ата-энеге качан көбүрөөк жардам керек болушу мүмкүн?

9 Көпчүлүк учурда ата-энелер, ден соолугу жол берсе, эч кимге көз каранды болбой жашагысы келет. Адатта, балдары да ошондой ойдо болот. Карылар өз алдынча тамак жасап, үй жыйнап, дарыларды маалында ичип, өзүнүн оюн айкын-так билдире алса, балдарынын жардамына өтө деле муктаж болбошу мүмкүн. Бирок убакыттын өтүшү менен алар өз алдынча баса албай, дүкөнгө чыга албай калганда же эс-тутуму начарлап кеткенде, балдары жагдайга ылайыкташып, айрым өзгөрүүлөрдү жасашы керек болот.

10 Карылыктын айынан ата-эне унутчаак болуп калышы, кулагы катуулашы, көзүнүн курчу кетиши же заарасын кармай албай калышы, көңүлү чөгүшү, атүгүл туура ой жүгүртө албай калышы мүмкүн. Андайда эртерээк доктурга көрүнүү жакшы натыйжа бериши ыктымал. Балдары ата-энесин доктурга көрсөтүүдө жана алардын башка жеке иштерин аткарууда демилгени колго  алса болот. Ата-энесине жакшы кам көрүлүшү үчүн, айрымдар кээде алардын атынан сүйлөшөт, иш кагаздарын толтурууга, керектүү жерине жетүүгө жана башка иштерин бүтүрүүгө жардам беришет (Накыл 3:27).

11. Ата-энелер өзгөрүүлөргө оңоюраак ылайыкташа алышы үчүн, эмнелерди кылсак болот?

11 Эгер кары ата-энеңер көпкө созулган ооруга чалдыкса, аларга кам көрүүгө же жашаган жерине байланыштуу айрым нерселерди өзгөртүүгө туура келиши мүмкүн. Өзгөрүүлөр канчалык аз болсо, аларга ылайыкташа билүү ошончолук жеңил болот. Эгер ата-энеңерден алыс жашасаңар, ишенимдештердин же кошуналардын бири аларга маал-маалы менен барып, ал-акыбалын силерге билдирип турганы жетиштүү болоттур. Балким, аларга тамагын жасаганга же үйүн жыйнаганга эле жардам керектир. Же үйүнүн ичин бир аз эле өзгөртүп койсо, ары-бери басканга, жуунганга жана башка иштерди кылганга оңоюраак болуп калаттыр. Кээ бир кары кишилер өзүнчө жашагысы келгендиктен, атайын дайындалган кызматчылардын үйүнө келип кам көрүп турушун каалашы мүмкүн. Бирок алардын өзүнчө жашаганы кооптуу болуп жатса, жанында кимдир бирөөнүн көбүрөөк болгону жакшы. Кандай болбосун, жергиликтүү аймакта карыларга эмне жардам көрсөтүлөрү жөнүндө билип алгыла *. (Оку: Накыл сөздөр 21:5.)

АЙРЫМДАР КАНТИП КАМ КӨРҮШӨТ?

12, 13. Ата-энеси алыс жашаса да, балдары аларга кандай жолдор менен кам көрө алышат?

12 Балдар ата-энесин жакшы көргөндүктөн алардын эч нерседен өксүбөй жашашын каалашат. Ошондуктан аларга тийиштүү түрдө кам көрүлүп жатканын билишсе, санаа тартпай, жүрөктөрү тынч болот. Бирок айрым шарттардан улам көптөр ата-энесинен алыс жашашат. Андайда кээ бирлери өргүү учурунда ата-энесине барып, алар кыла албай калган айрым иштерин жасап беришет. Балдар ата-энесине дайыма, мүмкүн болсо, күнүгө телефон чалып же кат жазып туруу менен аларды жакшы көрөрүнө ынандыра алышат (Накыл 23:24, 25).

13 Ата-энеңерден алыс жашаган күндө да, аларга кандай кам көрүлүп жатканынан кабар алып турсаңар болот. Алар Жахабанын Күбөсү болсо, жыйналышындагы аксакалдары менен сүйлөшүп, кеңеш сурап көргүлө. Баарынан маанилүүсү, Жахабадан жетекчилик сурап тиленгиле. (Оку: Накыл сөздөр 11:14.) Ата-энеңер Жахабанын Күбөсү болбогон күндө да, аларды сыйлашыңар керек (Чыг. 20:12; Накыл 23:22). Албетте, бардык үй-бүлөлөр бирдей чечим чыгарбайт. Айрымдар ата-энесин жанына алып алышат же аларга жакыныраак көчүп барышат. Бирок бул дайыма эле мүмкүн боло бербейт. Кээ бир ата-энелер балдарынын көзүн карап, аларга жүк болгусу келбегендиктен, өзүнчө эле жашагысы келет. Акча-каражаты жол бергендер өз үйүндө эле калып, кимдир бирөөнү кам көрүүгө жалдашы мүмкүн (Нас. 7:12).

14. Ата-энеге кам көрүү милдети балдарынын бирөөсүнө эле артылып калса, кандай көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн?

14 Көптөгөн үй-бүлөлөрдө ата-энени кароо милдети аларга жакын жашаган уулунун же кызынын мойнуна артылып калган сыяктанат. Бирок алардын өз үй-бүлөсүнүн алдында да милдеттери бар. Башкалардыкындай эле, алардын да убактысы менен күчү чектелүү болот. Ошондой эле жагдайы да өзгөрүшү мүмкүн. Андайда үй-бүлө мүчөлөрү чогулуп, андан ары эмне кылуу керектигин макулдашып алышы зарыл. Эгер үй-бүлөнүн бир эле мүчөсүнө оордук келип жаткан болсо, балким, башкалары кезектешип кам көрүп, анын жүгүн жеңилдете алаттыр.

15. Ата-энесине кам көрүп жаткандар алдан тайып калбашы үчүн эмне кылса болот?

15 Ата-энени дайыма карап туруш керек  болсо, аны караган баласы кыйналып кетиши мүмкүн (Нас. 4:6). Албетте, балдар ата-энеси үчүн колунан келгендин баарын кылууга даяр. Бирок кары кишиге күнү-түнү тыным албай кам көрүү аябай чарчатышы мүмкүн. Эгер алдан тайып баратканыңарды сезсеңер, күчүңөрдүн чектелүү экенин эске алып, башкалардан жардам сурагандан тартынбагыла. Бирөөлөр келип жардамдашып турса, балким, бир топ жеңил болуп калаттыр.

16, 17. Улгайган ата-энесине кам көргөндөр кандай кыйынчылыктарга кабылышы мүмкүн жана аларды кантип көтөрүп кете алышат? («Сүйүү менен кам көрүү» деген кутучаны да карагыла.)

16 Сүйүктүү ата-энебиздин карылыктын азабын тартып жатканын көргөндө, жүрөгүбүз өйүбөй койбойт. Ата-энесин караган көптөгөн балдар тынчсызданышы, көңүлү чөгүшү, кайгырышы, өзүн күнөөлүү сезиши, кыжырданышы, атүгүл ызаланышы мүмкүн. Кээде ата-энеңер эмгегиңерди баалабашы же көңүл оорутарлык сөздөрдү айтышы ыктымал. Андайда таарынганга шашпагыла. Психикалык саламаттык боюнча бир адис терс ой-сезимдер чулгаганда, аларды жеңүүнүн эң жакшы жолу ошондой сезимде болуп жатканыбызды моюнга алуу жана ошон үчүн өзүбүздү күнөөлөп, жемелей бербөө экенин айткан. Ичиңердегини жубайыңарга, үйдөгүлөрдүн бирине же жакын досуңарга айтып, бугуңарды чыгарып алгыла. Ошентсеңер, жагдайга туура баа берип, тең салмактуу боло аласыңар.

17 Кээде үй-бүлөлөрдүн атасына же энесине кам көрүүгө акылы да, каражаты да жетпей калышы мүмкүн. Андай учурларда айрым өлкөлөрдө балдар карылар үйүнө кайрылууга аргасыз болушат. Бир ишенимдешибиз карылар үйүндө жашаган энесине дээрлик күн сайын барып турчу. Ал мындай дейт: «Апама 24 саат бою кам көрүү мүмкүн эмес болуп калган. Аны карылар үйүнө берүү оңой болгон жок. Жүрөгүбүз туз куйгандай ачышты. Бирок бул анын өмүрүнүн акыркы айларындагы эң эле туура чечим болчу. Апам өзү да ага макул болду».

18. Ата-энесине кам көргөндөр эмнеден шектенбесе болот?

18 Ооба, бир топ жашка келип калган ата-энеге кам көрүү бардык жагынан кыйын болушу мүмкүн. Негизи, карыларга кантип кам көрүү керектигине байланыштуу так эрежелер жок. Анткен менен жакшы пландаштыруунун, үй-бүлөдөгүлөр менен ачык сүйлөшүп, тыгыз кызматташуунун жана баарынан да чын жүрөктөн тиленүүнүн аркасында ата-энеңердин алдындагы милдетиңерди аткара аласыңар. Алар үчүн колуңардан келгендин бардыгын кылгандыктан, жүзүңөр жарык болот. (Оку: 1 Корунттуктар 13:4—8.) Андан да маанилүүсү, ата-энеңерди сыйлаганыңар үчүн, Жахаба жүрөгүңөргө тынчтык берет (Флп. 4:7).

^ абз. 3 Буга байланыштуу кандай чечим чыгарыларына жергиликтүү маданият да таасир этиши мүмкүн. Айрым өлкөлөрдө ата-эненин балдарынын үй-бүлөсү менен чогуу жашаганы же бат-баттан катташып турганы адаттагы эле нерсе, атүгүл ошондой болушу күтүлөт. Ал эми башка жактарда улгайган кишилердин өзүнчө же карылар үйүндө жашаганына эч ким деле таң калбайт, ал тургай аны туура көрүшөт.

^ абз. 11 Эгерде ата-энеңер дагы деле өзүнчө жашаса, ага кам көргөндөрдө да ачкыч болгону жакшы. Ошондо, кокус кырсык болуп кетсе, алар үйгө кире алышат.