Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ооба» деп, кайра «жок» дебейсиңби?

«Ооба» деп, кайра «жок» дебейсиңби?

Мындай жагдайды элестетип көрсөң: Ооруканалар менен байланышуу комитетинде кызмат кылган бир аксакал жаш бир тууган менен жекшемби күнү эртең менен кабар айтуу кызматына чыгууга сүйлөшүп коёт. Бирок так ошол күнү аксакалга бир ишенимдеши шашылыш телефон чалып калат. Ал аялынын жол кырсыгына учурап, ооруканага жеткирилгенин айтып, кансыз дарылоого макул боло турган доктур табууга жардам беришин суранат. Ошондуктан аксакал жаш бир тууганга аны менен кабарга чыга албай турганын айтат.

Эми мындай жагдайды элестетип көр: эки кызы бар жалгыз бой энени жыйналышындагы бир жубайлар бир күнү кечинде конок болуп кетүүгө чакырышат. Ал бул тууралуу кыздарына айтканда, алар кубанганынан көздөрү жайнап, ошол кечти күн санап күтүшөт. Тилекке каршы, бир күн калганда, жубайлар кыздардын апасына күтүлбөгөн бир иш чыгып калгандыктан аларды коноктой албай турганын айтышат. Кийинчерээк ал эже мунун себебин билип калат. Көрсө, жубайлар ал үй-бүлөнү конокко чакыргандан кийин, алардын өздөрүн да бир достору так ошол кечке конокко чакырышкан экен.

Кудайдын кызматчылары катары биз дайыма сөзүбүзгө бек турушубуз керек. Эч кимибиз «„ооба“ деп, кайра ошол эле учурда „жок“ дегибиз» келбейт (2 Кор. 1:18). Анткен менен, жогорудагы эки мисалдан көрүнгөндөй, алдын ала сүйлөшүлгөн нерсени айрым учурда олуттуу себептен улам өзгөртсөк, кээде анча орчундуу себепсиз эле өзгөртүп койгон учурларыбыз болушу мүмкүн. Элчи Пабылга да бир жолу жүйөлүү себептерден улам пландарын өзгөртүүгө туура келген.

ПАБЫЛДЫ ӨЗГӨРМӨ ДЕП АЙЫПТАШКАН

Элчи Пабыл б.з. 55-жылы үчүнчү миссионердик сапарында Эфес шаарында жүргөндө Эгей деңизи аркылуу Корунтка, андан ары Македонияга барууну ниет кылган. Кайра Иерусалимге кайтып келатып, Корунттагы жыйналыштагылардын Иерусалимдеги бир туугандар үчүн чогулткан тартуусун ала кетүү үчүн аларга дагы бир жолу тие кетүүнү пландаштырган (1 Кор. 16:3). Бул анын 2 Корунттуктар 1:15, 16дагы төмөнкү сөздөрүнөн көрүнүп турат: «Мен буга бекем ишенгендиктен силерди дагы бир жолу барып кубанткым келип жүргөн. Силерди көрүш үчүн бир азга токтоп, андан ары Македонияга барууну, анан ал жактан кайра силерге кайтып келүүнү ойлогом. Андан кийин мени Жүйүт жерине бир аз узатып коймоксуңар».

Сыягы, Пабыл мурунураак корунттуктарга кат жазып, өзүнүн аларга бара турганын  билдирген (1 Кор. 5:9). Бирок ошондон көп өтпөй ал Клоянын үйүндөгүлөрүнөн ошол жактагы жыйналышта чоң пикир келишпестиктер болуп жатканын уккан (1 Кор. 1:10, 11). Ошондуктан планын өзгөртүп, аларга кат жазган. Ал бүгүнкү күндө «Корунттуктарга жазылган биринчи кат» деп аталат. Пабыл ал катында ишенимдештерине кайсы жактардан оңолушу керектигин айтып, кеңештерин берген. Ошондой эле багытын өзгөртүп, Корунтка барардан мурун адегенде Македонияга жол тартарын жазган (1 Кор. 16:5, 6) *.

Корунттагы бир туугандар элчи Пабылдын катын алганда, ошол жыйналыштагы айрым «мыкты элчилер» аны сөзүнө турбаган өзгөрмө киши деп айыпташкан көрүнөт. Ошол себептен Пабыл өзүн коргоп, аларга: «Алдыма ушундай максат койгонум жеңил ойлуулук беле? Же аны керт башымдын кызыкчылыгы үчүн ишке ашырууну ойлоп, бир туруп „ооба, ооба“ деп, бир туруп „жок, жок“ деп жатыптырмынбы?» — деп жазган (2 Кор. 1:17; 11:5).

Пабыл ошондо чындап эле «жеңил ойлуулук» кылды беле? Жок. Бул аяттагы «жеңил ойлуу» деп которулган сөз «өзгөрмө» деген маанини туюнтуп, адатта, убадасын аткарбаган, ишенүүгө болбой турган кишини сүрөттөөдө колдонулат. Пабылдын: «Аны керт башымдын кызыкчылыгы үчүн ишке ашырууну ойлоп... жатыптырмынбы?» — деген суроосу Корунттагы бир туугандарына анын багытын өзгөрткөнү ишенимге татыксыз экенин билдирбей турганын түшүнүүгө жардам бергени шексиз.

Элчи Пабыл: «Кудай ишенимдүү болгондой эле, биз да силерге „ооба“ деп, кайра ошол эле учурда „жок“ дебейбиз»,— деп жазып, өзүнө коюлган айыптарды төгүнгө чыгарган (2 Кор. 1:18). Ал, чынында, Корунтка ишенимдештеринин жыргалчылыгын ойлогондуктан барбай турууну чечкен. Бул анын 2 Корунттуктар 1:23төгү: «Силерди аягандыктан... ушу кезге чейин барган жокмун»,— деген сөздөрүнөн көрүнүп турат. Ооба, ал Корунтка барардан мурун аларга кеңештерин колдонуп, өзгөрүлүүгө мүмкүнчүлүк берген. Македонияда жүргөндө Пабыл, өзү үмүттөнгөндөй, корунттуктардын анын катын окугандан кийин туура эмес кылып жатышканын түшүнүп, өкүнүшкөнүн уккан. Тит ушундай жакшы кабар менен келгенде, ал аябай сүйүнгөн (2 Кор. 6:11; 7:5—7).

ИСА МАШАЯК — КЕПИЛДИК

Пабылды сөзүнө турбаган өзгөрмө киши деп айыптагандар анын айткан кабарынын да ишеничтүү экенине шек туудурушса керек. Бирок ал корунттуктарга: «Мен, Силуан жана Тиметей аркылуу араңарда жарыяланган Кудайдын Уулу Машаяк Иса „ооба“ болуп туруп, кайра ошол эле учурда „жок“ болгон эмес. Анын „ообасы“ „ооба“ болгон» — деп, өзүнүн Иса Машаяк жөнүндө кабар айтканын эсине салган (2 Кор. 1:19). Анда Пабыл үлгү алган Машаяк ишенимге татыксыз болгонбу? Жок. Ал күндөлүк турмушунда да, кызматында да дайыма чындыкты айткан (Жкн. 14:6; 18:37). Эгер ал жарыялаган кабар толугу менен ишенүүгө татыктуу болсо жана Пабыл ошол эле кабарды айтса, анда Пабылдын кабары да толугу менен ишенүүгө татыктуу болгонуна шек жок болчу.

Андан тышкары, Жахаба — «чындыктын Кудайы» (Заб. 31:5). Муну элчи Пабылдын: «Кудайдын канча убадасы болсо, алардын баары ал [Иса Машаяк] аркылуу „ооба“ болгон»,— деген сөздөрү тастыктап турат. Машаяк акыр-аягына чейин кынтыксыздыгын сактап, Жахабанын убадаларына толук ишенсек болорун далилдеген. Пабыл андан ары: «Ошондуктан биз ал [Иса] аркылуу Кудайга „оомийн“ деп, Аны даңктайбыз»,— деген (2 Кор. 1:20). Ырас, Иса Машаяк Кудайдын ар бир убадасынын сөзсүз аткарыларына кепилдик болуп саналат.

Жахаба менен Иса Машаяктай эле, Пабыл да дайыма чындыкты сүйлөгөн (2 Кор. 1:19). Ал керт башын ойлогон өзгөрмө киши болгон эмес (2 Кор. 1:17). Пабыл «рухтун  жетеги менен жүргөн» (Гал. 5:16). Ал эмне иш кылбасын, ар убак бир туугандарынын кызыкчылыгын көздөчү. Анын «ооба» дегени «ообаны» билдирген.

«ООБА» ДЕГЕНИҢ «ООБАНЫ» БИЛДИРСИН

Бүгүнкү күндө Ыйык Китептеги принциптерге карманбаган адамдар убада берип коюп, кичинекей эле кыйынчылык болуп калса же жагымдуураак бир иш чыгып калса, көп ойлонуп отурбай эле аны аткарбай коюшат. Ишкердик мамилелерде да, атүгүл кагаз жүзүндө келишим түзүлгөндөн кийин деле убадасын бузгандар бар. Ошондой эле азыр көптөр никени аял менен эркектин ортосундагы өмүр бою созула турган шериктик катары көрбөй калды. Тескерисинче, ажырашуулардын саны кескин өскөнүнөн айкын болгондой, алар баш кошкондо берген убадасын каалаган учурда буза берсе болчудай көрүшөт (2 Тим. 3:1, 2).

Сен жөнүндө эмне айтууга болот? «Ооба» дегениң дайыма «ообаны» билдиреби? Албетте, макаланын башындагы мисалдан көрүнүп тургандай, кээде макулдашкан нерсени такыр айла жок болгондуктан өзгөртүүгө туура келет. Бирок Кудайдын кызматчысы катары берген убадаңды же алган милдеттенмеңди аткаруу үчүн колуңдан келгендин баарын кылганың маанилүү (Заб. 15:4; Мт. 5:37). Эгер ошентсең, башкаларга ишеничтүү, сөзүнө турган, дайыма чындыкты сүйлөгөн адам катары тааныласың (Эф. 4:15, 25; Жкп. 5:12). Тегерегиңдегилер сенин күнүмдүк иштерде ишеничтүү экениңди байкашса, Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтканыңда, жакшыраак угушу мүмкүн. Андыктан «ооба» дегенибиз ар дайым «ообаны» билдирсин!

^ абз. 7 Корунттуктарга биринчи катын жазгандан көп өтпөй, Пабыл Троас аркылуу Македонияга барып, ошол жактан корунттуктарга экинчи катын жазган (2 Кор. 2:12; 7:5). Кийинчерээк ал Корунтка барган.