Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмне делет?

Ыйык Китепте эмне делет?

Иса Машаяк келечекте эмнелерди ишке ашырат?

Иса Машаяк б.з. 33-жылы өлгөн, бирок тирилип, асманга кеткен. Ошондон көп убакыт өткөндөн кийин Кудай аны Падыша кылып дайындаган (Даниел 7:13, 14). Ал келечекте жер жүзүнө тынчтык орнотот жана жакырчылыкты жоёт. (Окугула: Забур 72:7, 8, 13.)

Падышабыз Иса Машаяк жерди адилетсиздиктен тазалайт

Ошондой эле көптөгөн кереметтерди жасайт. Кудай берген бийликти жана күчтү колдонуп, ал адамдарды жеткилеңдикке жеткирет. Ошондо эч ким карыбайт жана өлбөйт. (Окугула: Жакан 5:26—29; 1 Корунттуктар 15:25, 26.)

Ал азыр эмне иш аткарып жатат?

Учурда Иса Машаяк анын жолдоочулары дүйнө жүзү боюнча жүргүзүп жаткан кабар айтуу ишин жетектеп жатат. Анын жолдоочулары башкаларга Ыйык Китепте Кудайдын Падышалыгы — Кудайдын өкмөтү — жөнүндө эмнелер жазылганын айтышат. Иса Машаяк Кудайдын Падышалыгы жердеги өкмөттөрдү жок кылганга чейин жолдоочуларын колдоп, ал ишти аткарууга жардам берип турарын айткан. (Окугула: Матай 24:14; 28:19, 20.)

Иса Машаяк жолдоочулары аркылуу адамдарга туура жолду көрсөтүүдө. Жолдоочулары келечекте боло турган алааматтан аман калып, Кудай убада кылган жаңы заманга өтүш үчүн, ал аларды жетектеп, жардам берип жатат. (Окугула: 2 Петир 3:7, 13; Аян 7:17.)