Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ишеними күчтүү Муса пайгамбардан үлгү ал

Ишеними күчтүү Муса пайгамбардан үлгү ал

«Ишенимдин аркасында Муса чоңойгондо фараондун кызынын уулу деп аталуудан баш тарткан» (ЕВР. 11:24).

1, 2. а) 40 жашка чыкканда Муса кандай чечим чыгарган? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Муса эмне үчүн кулдар менен бирге болууну тандаган?

МУСА Мисир жериндеги жашоосу кандай болорун жакшы билген. Ал байлардын заңгыраган кооз үйлөрүн көргөн. Өзү да падышанын үй-бүлөсүндө чоңоюп, «мисирликтердин бүт акылмандыгын», анын ичинде, сыягы, астрономияны, математиканы, архитектураны жана башка илимдерди өздөштүргөн (Элч. 7:22). Анын колунда байлык да, бийлик да, айтор, карапайым мисирлик эңсеген нерсенин баары бар болчу.

2 Анткен менен 40 жашка чыкканда Муса өзүн чоңойтуп-өстүргөн фараондун үй-бүлөсүн таң калтырган чечим чыгарган. Ал катардагы мисирликтей жашоону да эмес, кулдар менен бирге болууну тандап алган. Эмне үчүн? Анткени анын ишеними күчтүү болгон. (Оку: Еврейлер 11:24—26.) Ишенимдин аркасында ал көзү менен көргөн нерселерден да көптү көрө алган. Ал «Көрүнбөгөнгө» — Жахабага — жана анын убадаларына бекем ишенген (Евр. 11:27).

3. Бул макаладан кайсы үч суроого жооп алабыз?

3 Биз да, Муса пайгамбардай болуп, көзүбүз көргөндөн да көптү көрө билип, ишеними күчтүү адамдардан болушубуз керек (Евр. 10:38, 39). Ишенимибизди бекемдеш үчүн, келгиле, Еврейлер 11:24—26-аяттарда Муса пайгамбар жөнүндө эмнелер жазылганын изилдеп, төмөнкү суроолорду талкуулап  көрөлү: Муса пайгамбарга ишеними дененин каалоолорун четке кагууга кандайча түрткү берген? Кордук көргөндө, ишеними ага кызматын баалоого кандайча жардам берген? Ал эмне үчүн сыйлыктан көзүн алган эмес?

АЛ ДЕНЕНИН КААЛООЛОРУН ЧЕТКЕ КАККАН

4. Муса «күнөөдөн... ырахат алууга» байланыштуу эмнени түшүнгөн?

4 Ишенимдин аркасында Муса «күнөөдөн... ырахат алуунун» убактылуу эле нерсе экенин түшүнгөн. Бирок башкалардын ою аныкынан айырмаланган болуш керек. Себеби ошол учурда Жахабанын эли кулчулуктун азабын тартып жаткан, ал эми Мисир бурканга табынуучулукка жана спиритизмге жык толгонуна карабай, дүйнөнү дүңгүрөткөн держава болчу. Ошентсе да Муса Жахаба Кудайдын жагдайды өзгөртүп коё аларын билген. Дененин каалоолоруна жетеленип жашагандар гүлдөп жаткандай сезилсе да, ал алардын жок болоруна ишенген. Ошондуктан «күнөөдөн убактылуу ырахат алууга» азгырылган эмес.

5. «Күнөөдөн убактылуу ырахат алууга» азгырылбаш үчүн эмне кылсаң болот?

5 «Күнөөдөн убактылуу ырахат алууга» азгырылбаш үчүн эмне кылсаң болот? Андай ырахаттын тез эле өтүп кетерин эстен чыгарба. Ишеним сага «бул дүйнө кумарлары менен кошо жок болорун» унутпоого жардам берет (1 Жкн. 2:15—17). Андан тышкары, өкүнбөгөн күнөөкөрлөрдүн келечеги кандай болору жөнүндө да ойлон. Алар «тайгак жерге коюлган» жана жакында «кырылып жок болушат» (Заб. 73:18, 19). Күнөө кылууга азгырык пайда болгондо: «Бул ишти кылсам, келечегиме кандай таасир этет?» — деп ойлон.

6. а) Муса эмне үчүн «фараондун кызынын уулу деп аталуудан баш тарткан»? б) Эмне себептен Муса туура чечим чыгарган деп ойлойсуң?

6 Мусанын ишеними анын мансапка болгон көз карашына да таасир эткен. «Ишенимдин аркасында Муса чоңойгондо фараондун кызынын уулу деп аталуудан баш тарткан» (Евр. 11:24). Ал: «Падыша сарайында эле калып, колумдагы байлык менен бийликти ысрайылдык боордошторума жардам берүү үчүн колдонуп, Кудайга кызмат кыла берсем болот да»,— деп ой жүгүрткөн эмес. Ал Жахабаны бүт жүрөгү, бүт жаны жана бүт күчү менен сүйгөн (Мыйз. 6:5). Муса ошондой чечим чыгаргандын аркасында ар кандай балээден кача алган. Мисалы, ал баш тарткан Мисирдин байлыгын кийин ошол эле ысрайылдыктар тоноп кеткен (Чыг. 12:35, 36). Фараон болсо маскара болуп, өлүмгө дуушар болгон (Заб. 136:15). Ал эми Мусаны Кудай аман алып калып, өзүнүн бүтүндөй элин жетектөөдө колдонгон. Анын жашоосу маңыздуу өткөн.

7. а) Матай 6:19—21-аяттарга ылайык, эмне үчүн келечектеги түбөлүк өмүрдү эске алып иш кылуу маанилүү? б) Азыркы жашоону эле эске алып максат коюу менен түбөлүк өмүрдү эске алып максат коюунун айырмасын көрсөткөн окуя айтып бер.

7 Эгер сен Жахабанын жаш кызматчысы болсоң, ишенимиң мансапка байланыштуу туура чечим чыгарууга кандайча жардам берет? Негизи, алдыңа максаттарды койгонуң жакшы. Бирок максат койгондо Кудайдын убадаларына бекем ишенип, азыркы жашоону эле эмес, келечектеги түбөлүк өмүрдү эске алып иш кыл. (Оку: Матай 6:19—21.) Буга байланыштуу Софи деген бир туугандын мисалын карап көрөлү. Ал абдан таланттуу балерина болгондуктан, Кошмо Штаттардын ар тарабындагы балет топтору ага билим алууга жардам беришерин айтып, көптөр көксөгөн көрүнүктүү ролдорду сунуш кылышкан. Софи: «Башкалар кадырлап-сыйлап турса, жагымдуу болот экен. Мен өзүмдү теңтуштарыман жогору сезчүмүн»,— деп ачыгын айтат. Анан: «Бирок бактысыз болчумун»,— деп кошумчалайт. Кийин Софи «Өмүрүмдү эмнеге арнасам?» деген жаштарга арналган тасманы көргөн. Ошондо ал дүйнөдө ийгиликке жетип, көпчүлүктүн урмат-сыйына ээ болгону менен, Жахабага бүт жүрөгү менен кызмат кылбай калганын түшүнгөн. Жахабадан жалындуу тиленген соң, ал балетти таштаган. Софи чыгарган чечими тууралуу кандай ойдо? Ал мындай дейт: «Мен мурунку күндөрүмдү эч сагынбайм, анткени азыр чындап бактылуумун. Учурда күйөөм экөөбүз пионер  болуп кызмат кылып жатабыз. Биз атактуу да, бай да эмеспиз. Бирок Жахаба менен жакшы мамиледебиз, башкаларга Ыйык Китепти изилдегенге жардам беребиз жана рухий максаттарга умтулуп жатабыз. Мен өткөндү эстеп такыр өкүнбөйм».

8. Ыйык Китептеги кайсы кеңеш жаштарга туура жолду тандоого жардам берет?

8 Жахаба биз үчүн эмне жакшы экенин эң сонун билет. Муса пайгамбар: «Жахаба Кудайың сенден эмнени талап кылат? Жахаба Кудайыңдан коркушуңду: анын жолдору менен жүрүп, аны сүйүшүңдү, Жахаба Кудайыңа бүт жүрөгүң, бүт жаның менен кызмат кылышыңды жана өзүңө жакшы болушу үчүн, Жахабанын мен бүгүн сага буйрук кылган осуяттары менен көрсөтмөлөрүн аткарышыңды эле эмеспи?» — деп айткан (Мыйз. 10:12, 13). Андыктан жаш кезиңден Жахабаны «бүт жүрөгүң, бүт жаның менен» сүйүп, ага кызмат кылууга шарт түзгөн жолду танда. Ошондой кылсаң, өзүңө эле жакшы болот.

АЛ КЫЗМАТЫН ЖОГОРУ БААЛАГАН

9. Муса пайгамбарга өзүнө тапшырылган ишти аткаруу оңой болгон эмес деп эмне үчүн айта алабыз?

9 Муса пайгамбар «майланган катары көргөн кордугун Мисирдин байлыгынан артык байлык деп эсептеген» (Евр. 11:26). Аны, Жахаба өз элин Мисирден алып чыгууга дайындагандыктан, «майланган» деп айтууга болот. Муса өзүнө тапшырылган ишти аткаруу оңой болбой турганын, атүгүл ошол үчүн кордук көрөрүн билген. Бир жолу ысрайылдыктардын бири: «Сени бизге ким төрө же сот кылып койду?» — деп аны жекире сүйлөгөн (Чыг. 2:13, 14). Кийин өзү да Жахабага: «Мени... фараон укмак беле?» — деген (Чыг. 6:12). Каршылыктарга даяр болуш үчүн ал Жахабага кайрылып, ага эмнеден коркуп, эмнеге тынчсызданып жатканын айткан. Жахаба ага оор тапшырмасын аткарууга кантип жардам берген?

10. Жахаба Муса пайгамбарга тапшырмасын аткарууга кантип жардам берген?

10 Биринчиден, Жахаба Мусаны колдооруна ынандырган (Чыг. 3:12). Экинчиден: «Мен ким болгум келсе, ошол болом *»,— деп ысмынын маанисинин бир жагын түшүндүрүп берүү менен аны кайраттандырган (Чыг. 3:14). Үчүнчүдөн, Мусаны өзү жибергенине далил болушу үчүн, аны керемет жасоого жөндөмдүү кылган (Чыг. 4:2—5). Төртүнчүдөн, Арунду Мусанын атынан сүйлөп, ага тапшырмасын аткарууга көмөктөшө турган шерик кылып берген (Чыг. 4:14—16). Муса пайгамбар өмүрүнүн аягында Кудайдын өз кызматчыларына тапшырмасын аткарууга жардам берерине кымындай да шектенбей калган. Ошондуктан өзүнөн кийин ысрайыл элин жетектеген Жашыяга: «Жахаба сенин алдыңда барат, ал сени менен болот. Ал сени эч качан калтырбайт, эч убакта таштабайт. Андыктан коркпо, үрөйүң учпасын»,— деп айткан (Мыйз. 31:8).

11. Муса пайгамбар эмне үчүн тапшырмасын жогору баалаган?

11 Жахабанын колдоосу менен Муса пайгамбар оор тапшырмасын жогору баалап, аны «Мисирдин байлыгынан артык» көргөн. Чынында эле, фараонго кызмат кылууну Кудуреттүү Кудайга кызмат кылууга салыштырып болот беле? Же Мисирдин төрөсү болуу Жахабанын «майланганы» болууга тең келет беле? Муса кызматын жогору баалаганы үчүн сыйлык алган. Ал ысрайылдыктарды убада кылынган жерге жетектеп барууга күч берген Жахаба Кудай менен «өзгөчө ынак мамиледе болгон» (Мыйз. 34:10—12).

12. Жахаба бизге кандай сыймык ыйгарган?

12 Бизге да тапшырма берилген. Жахаба Уулу аркылуу элчи Пабылды жана башкаларды дайындагандай эле, бизди да өзүнө кызмат кылууга дайындаган. (Оку: 1 Тиметей 1:12—14.) Баарыбыз жакшы кабарды жарыялоо сыймыгына ээбиз (Мт. 24:14; 28:19, 20). Айрымдар толук убакыт кызмат кылышат. Жетилген эркек бир туугандар жыйналыштарда  кызмат жардамчысы жана аксакал катары кызмат кылууда. Бирок үйүңдөгүлөр Жахабага ишенбесе, кызматыңды баалабашы же атүгүл жан аябай кызмат кылып жатканың үчүн куугунтукташы мүмкүн (Мт. 10:34—37). Алардын кысымынан улам көңүлүң чөксө, Жахаба үчүн чалган курмандыктарыңдын баары пайдасыздай көрүнүшү же кызматыңды андан ары аткара албачудай сезилиши ыктымал. Андайда ишенимиң сага багынбаганга кандайча жардам берет?

13. Тапшырылган ишти аткара алышыбыз үчүн, Жахаба кантип жардам берет?

13 Жахабанын колдооруна эч шектенбей, андан жардам сура. Эмнеден коркуп, эмнеге тынчсызданып жатканыңды айт. Ишти сага Жахаба өзү тапшыргандыктан, ал сени колдойт. Кантип? Ал Муса пайгамбарга кандай жардам берсе, сага да ошондой жардам берет. Биринчиден, Жахаба сени: «Мен сага күч берем, жардам берем, сени адилдик боюнча оң колум менен колдойм»,— деп ынандырууда (Ыш. 41:10). Экинчиден, ал: «Айтканымды аткарам, ойлогон оюмду орундатам»,— деп айтып, убадаларын сөзсүз аткарарын эсиңе салууда (Ыш. 46:11). Үчүнчүдөн, кызматыңды аткара алышың үчүн, сага «адаттан тышкаркы күч» берип жатат (2 Кор. 4:7). Төртүнчүдөн, туруктуу болууга жардам берүү үчүн камкор Атабыз бири-бирин кубаттандырып-бекемдеген ишенимдештерден турган бүткүл дүйнөлүк бир туугандыкты берген (1 Тес. 5:11). Жахабанын сага, кызматыңды аткара алышың үчүн, зарыл нерселерди бергенин көрсөң, ага болгон ишенимиң бекемделет. Натыйжада өзүңө тапшырылган сыймыкты бул дүйнө сунуштаган нерселердин баарынан артык көрүп каласың.

АЛ СЫЙЛЫКТАН КӨЗҮН АЛГАН ЭМЕС

14. Муса пайгамбар келечекте сыйлык аларына эмне үчүн шектенген эмес?

14 Муса пайгамбар эч качан сыйлыктан көзүн алган эмес (Евр. 11:26). Ал келечек жөнүндө аз эле билсе да, ошол билгендери туура чечимдерди чыгарууга түрткү берген. Ата-бабаларынан болгон Ыбрайым пайгамбарга окшоп, ал да Жахабанын өлгөндөрдү тирилтерине ишенген (Лк. 20:37, 38; Евр. 11:17—19). Алдыдагы баталар тууралуу ой жүгүрткөндүктөн 40 жыл качкын болуп, дагы 40 жыл чөл кезип өткөргөн өмүрүн текке кеткендей көргөн эмес. Ал Жахабанын өз убадаларын кантип аткарарын майда-чүйдөсүнө чейин билбесе да, ишеними ушунчалык күчтүү болгондуктан, келечекте кандай сыйлык аларын көрө билген.

15, 16. а) Эмне үчүн сыйлыктан көзүбүздү албашыбыз керек? б) Кудайдын Падышалыгы башкарганда ала турган баталардын кайсынысын өзгөчө чыдамсыздык менен күтүп жатасың?

15 Сен да көзүңдү сыйлыктан албоого  аракет кылып жатасыңбы? Муса пайгамбардай эле биз да Жахабанын өз убадаларын кантип аткарарын майда-чүйдөсүнө чейин билбейбиз. Алсак, улуу алааматтын качан келери бизге маалым эмес (Мр. 13:32, 33). Ошентсе да келечектеги Бейиш жөнүндө биз Муса пайгамбарга караганда алда канча көптү билебиз. Сыйлыктан көзүбүздү албашыбыз, тактап айтканда, жаңы дүйнөнү айкын элестете алышыбыз үчүн, Жахаба өзүнүн Падышалыгы башкарганда кандай жашоо болоруна байланыштуу жетишерлик убадаларды берген. Ошол убактагы жашоону айкын элестетүү Кудайдын Падышалыгын биринчи орунга коюуга түрткү берет. Кандайча? Мисалы, кайсы бир үй жөнүндө жакшы билбей туруп эле, аны сатып алат белең? Албетте, антмек эмессиң. Анын сыңарындай, кайсы бир нерсеге байланыштуу үмүтүбүз бүдөмүк болсо, ал үчүн өмүрүбүздү сарптабайт болчубуз. Андыктан ишенимдин жардамы менен Падышалык башкарган убакта жашообуз кандай болорун айкын-так элестеткенибиз маанилүү.

Жахабанын Муса пайгамбар сыяктуу ишенимдүү кызматчылары менен сүйлөшүү кандай гана жүрөк толкутарлык болот! (16-абзацты кара)

16 Кудайдын Падышалыгын айкын көрүш үчүн Бейиште жашап жатканыңды элестетип, ой жүгүрт. Маселен, Ыйык Китептен Кудайдын Машаякка чейин жашаган кызматчылары жөнүндө окуп жатканда жаңы дүйнөдө аларга кандай суроолорду берериңди жана алар сенден акыркы күндөрдөгү жашооң тууралуу эмнелерди сурашы мүмкүн экенин ойлон. Кылымдар мурун жашаган ата-бабаларың менен жолугуп, Кудайдын алар үчүн эмнелерди кылганын айтып берип жатканыңды көз алдыңа тартып көр. Сан жеткис жырткыч айбанаттардан эч коркпой, аларга байкоо салып, көп нерселерди билгениңде канчалык сүйүнөрүңдү элестет. Ошондой эле жеткилеңдикке жакындаган сайын, Жахаба менен болгон мамилеңдин канчалык ынак боло берери жөнүндө да ой жүгүрт.

17. Келечекте ала турган сыйлыгыбызды айкын элестетүүнүн кандай пайдалары бар?

17 Келечекте ала турган сыйлыгыбызды айкын элестетсек, туруктуу болобуз, кубанычыбызды жоготпойбуз жана чечимдерди түбөлүк өмүрдү эске алып чыгарабыз. Элчи Пабыл майланган бир туугандарына: «Көрүнбөгөн нерсеге үмүттөнсөк, аны туруктуулук менен күтө беребиз»,— деп айткан (Рим. 8:25). Анын сөздөрү Кудайдын жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнгөн кызматчыларына да тиешелүү. Биз азыр сыйлыгыбызды ала элек болсок да, ишенимибиз бекем болгондуктан, аны чыдамдуулук менен күтүп келебиз. Муса пайгамбардай болуп, биз да Жахабага кызмат кылууга арнаган жылдарыбызды текке кеткендей көрбөйбүз. Себеби «көрүнгөн нерселер убактылуу, ал эми көрүнбөгөн нерселер түбөлүктүү» экенине толук ишенебиз. (Оку: 2 Корунттуктар 4:16—18.)

18, 19. а) Эмне себептен ишенимибизди бекем сактоого бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек? б) Кийинки макалада эмнени талкуулайбыз?

18 Ишеним бизге «көрүнбөгөн нерселердин бар экенине айкын далилдерди көрө» билүүгө жардам берет (Евр. 11:1). Ал эми өз каалоолоруна жетектелген киши, ишеними жок болгондуктан, Жахабага кызмат кылуунун канчалык баалуу экенин түшүнбөйт. Ага Кудайдын иштерин кылуу «акылсыздыктай» көрүнөт (1 Кор. 2:14). Биз бул дүйнөдөгүлөр элестете да албаган нерселерди көрүүгө, айталы, түбөлүк өмүр сүрүүгө жана көптөгөн адамдардын тирилерин көрүүгө үмүттөнүүдөбүз. Элчи Пабылды «келжирек» деп айткан философторго окшоп, бүгүнкү күндө көптөр биз жарыялап жаткан кабарды болбогон эле бир кеп деп ойлошот (Элч. 17:18).

19 Биз ишеними жок адамдардын арасында жашап жаткандыктан, ишенимибизди бекем сактоого бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек. Андыктан Жахабадан «ишенимиңдин алсырап калбашын сурап жалындуу тилен» (Лк. 22:32). Күнөөнүн кесепети кандай болорун, Жахабага кызмат кылуу канчалык баалуу экенин эстен чыгарба жана түбөлүк өмүргө болгон үмүтүңдү бекем сакта. Биз Муса пайгамбардан ушул жана башка жактардан көп нерселерге үйрөнө алабыз. Кийинки макалада ага ишеними кандайча «Көрүнбөгөндү көрүүгө» жардам бергенин талкуулайбыз (Евр. 11:27).

^ абз. 10 Кудайдын Чыгуу 3:14тө жазылган сөздөрүнө байланыштуу бир окумуштуу: «Ага эркин аткарууга эч нерсе тоскоол боло албайт... [„Жахаба“ деген] ысым ысрайыл эли үчүн чеп, ошондой эле үмүт менен сооронучтун соолгус булагы болгон»,— деп айткан.