Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Көрүнбөгөндү көрүп турасыңбы»?

«Көрүнбөгөндү көрүп турасыңбы»?

«Ал... Көрүнбөгөндү көрүп тургандай туруктуу болгон» (ЕВР. 11:27).

1, 2. а) Муса пайгамбар кандайча кооптуу жагдайга туш болгон? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Муса пайгамбар эмне үчүн падышанын каарынан корккон эмес?

МИСИРЛИКТЕР фараондон аябай коркушчу жана аны кудай тутушчу. «Египет Чыгышты бийлеп турганда» деген китепте айтылгандай, алар аны «күчү менен акылмандыгы жагынан жер бетиндегилердин баарынан ашып түшөт» деп эсептешчү. Өзүнүн кол алдындагыларды сестендириш үчүн фараон чакканга даяр турган чекир жыландын айкели тагылган таажы кийип жүрчү. Бул ага каршы чыккандар дароо өмүрүнөн ажырай турганын эскертип турган. Андыктан Жахаба: «Мен сени фараонго жиберем. Сен менин элимди, Ысрайыл уулдарын, Мисирден алып чыгасың»,— дегенде, Муса пайгамбардын кандай сезимде болгонун элестетсең (Чыг. 3:10).

2 Анткен менен ал Мисирге барып, фараондун каарына калса да, Кудайдын кабарын жарыялаган. Мисир жерин бүлгүнгө учураткан тогуз жазадан кийин фараон ага: «Экинчи көзүмө көрүнбө, көрүнө турган болсоң, айтып коёюн, ошол күнү өлөсүң!» — деп эскерткен (Чыг. 10:28). Муса пайгамбар фараондун алдынан кетерден мурун ага тун уулунан ажырай турганын айткан (Чыг. 11:4—8). Андан кийин ысрайылдыктардын ар бир үй-бүлөсүнө текени же мисирликтердин Ра деген кудайына табынгандар үчүн ыйык деп эсептелген кочкорду  союп, анын канын эшиктеринин баш босогосуна жана эки кашегине чачыратууну буйрук кылган (Чыг. 12:5—7). Буга фараон кандай карамак? Ал кандай карабасын, Муса пайгамбар андан корккон эмес. Эмне үчүн? Ал Жахабага ишенип, ага баш ийгендиктен «падышанын каарынан коркпой», «Көрүнбөгөндү көрүп тургандай туруктуу болгон». (Оку: Еврейлер 11:27, 28.)

3. Муса пайгамбарга байланыштуу кайсы суроолорду карап чыгабыз?

3 Сен да Кудайга аны көрүп тургандай бекем ишенесиңби? (Мт. 5:8). Көрүнбөгөн Кудайга болгон ишенимибизди бекемдеш үчүн, келгиле, Муса пайгамбардын үлгүсүн карап көрөлү. Жахабага болгон ишеними ага адамдардан коркпоого кантип жардам берген? Анын Кудайдын убадаларына ишенгени эмнеден көрүнгөн? Эли менен бирге жарга такалгандай жагдайга туш болгондо, ага көрүнбөгөн Кудайды көрө билгени туруктуу болууга кандайча жардам берген?

АЛ «ПАДЫШАНЫН КААРЫНАН КОРККОН» ЭМЕС

4. Пенделик көз караш менен караганда, Муса пайгамбар фараон менен теңтайлаша алат беле?

4 Пенделик көз караш менен караганда, Муса пайгамбар фараон менен теңтайлаша турган киши эмес эле. Анын өмүрү жана келечеги кандайдыр бир деңгээлде фараондун колунда болгон. Ал өзү да Жахабага: «Фараонго барып, Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыккыдай, мен киммин?» — деп айткан (Чыг. 3:11). 40 жылдай мурун ал Мисирден качып кеткен болчу. Ошондуктан: «Мисирге кайра барып, падышанын ачуусуна тийгеним туура эле болобу?» — деп тынчсызданышы мүмкүн эле.

5, 6. Эмне себептен Муса пайгамбар фараондон эмес, Жахабадан корккон?

5 Муса пайгамбар Мисирге кайтып барардан мурун, Кудай аны бир маанилүү нерсеге үйрөткөн. Ал тууралуу кийин Муса пайгамбар Аюп китебине: «Жахабадан коркуу — мына ошол акылмандык»,— деп жазган (Аюп 28:28). Жахаба аны өзүнөн коркууга жана акылмандык менен иш кылууга үйрөтүү үчүн анын көңүлүн пенде менен Кудуреттүү Кудайдын ортосундагы чоң айырмага буруп: «Адамга оозду ким берген? Аны дудук же дүлөй, сокур же көзү көргүдөй кылган ким? Аны ошондой кылган мен, Жахаба, эмесминби?» — деп айткан (Чыг. 4:11).

6 Ырас, Кудай өзү жиберип жаткандыктан, Муса пайгамбар коркпошу керек болчу. Анткени Жахаба ага өзүнүн кабарын фараонго айтууга жардам бермек. Анын үстүнө, Жахаба менен теңтайлашкыдай фараон ким эле? Айта кетчү дагы бир нерсе, Мисирдин башкаруучулары Кудайдын кызматчыларына коркунуч туудурган учурлар ага чейин да болгон. Мүмкүн, Муса пайгамбар Жахабанын Ыбрайым пайгамбарды, Жусупту, атүгүл анын өзүн мурунку фараондордон кантип куткарганы жөнүндө ой жүгүртсө керек (Башт. 12:17—19; 41:14, 39—41; Чыг. 1:22—2:10). Ал «Көрүнбөгөнгө» — Жахабага — бекем ишенгендиктен фараондун алдына коркпой барып, ага Жахаба буйрук кылган ар бир сөздү айткан.

7. Бир ишенимдешибизди Жахабага болгон ишеними кандайча коргогон?

7 Элла деген ишенимдешибизге да Жахабага болгон ишеними адамдардан коркпогонго жардам берген. 1949-жылы аны Эстонияда Советтер Союзунун Мамлекеттик коопсуздук комитети (КГБ) кармап алып, көзүн албай карап турган жаш офицерлердин көзүнчө жылаңачтап чечинткен. Ал: «Ошондо өзүмдү басынтылгандай сезгем. Бирок Жахабадан тиленгенден кийин, жүрөгүмө тынчтык, бейкуттук орноду»,— дейт. Аны үч күнгө бир кишилик камерага отургузуп коюшкан. Элла бир тууган: «Офицерлер: „Биз Жахабанын атын Эстонияда биротоло айтылгыс кылабыз! Сен лагерге, башкаларыңар Сибирге айдаласыңар!“ — деп кыйкырышып, анан: „Кана Жахабаң?“ — деп какшыкташкан»,— деп эскерет. Бирок ал ошондой оор учурларда да адамдардан коркуп калбай, Жахабага таяна берген. Ал өзүн суракка алып жаткандардан эч коркпой, аларга: «Мен бул тууралуу көп ойлондум, эркиндикке чыгып, Кудайдын жактыруусунан айрылганымча, өмүрүмдүн аягына чейин түрмөдө жатсам да, Кудай менен болгон  мамилемди сактап калганым жакшы»,— деген. Элла үчүн Жахаба өзүнүн алдында турган ошол кишилердей эле тирүү болчу. Ооба, ишениминин аркасында ал кынтыксыз бойдон калган.

8, 9. а) Эмненин аркасында гана адамдан коркуу сезимин жеңсе болот? б) Адамдардан коркпош үчүн кимди эсиңден чыгарбашың керек?

8 Жахабага болгон ишеним сага да адамдардан коркпогонго жардам берет. Бийликтегилер Кудайга сыйынууну чектөөгө аракет кылганда, өмүрүң менен келечегиң алардын колунда болгондой сезилиши мүмкүн. Атүгүл: «Жахабага кызмат кылып, бийликтегилерди кыжырланта бергеним туура эле болобу?» — деген ой келиши ыктымал. Андайда Кудайга болгон ишенимиңдин аркасында гана адамдан коркуу сезимин жеңе аласың. (Оку: Накыл сөздөр 29:25.) Жахаба өзүнүн кызматчыларына: «Сен ажалдуу адамдан, көк чөптөй жок боло турган адам баласынан коркушуң керекпи?» — деп айтат (Ыш. 51:12, 13).

9 Андыктан кудурети күчтүү Атаңды эч качан эсиңден чыгарба. Ал башкаруучулардын адилетсиз мамилесинен жапа чегип жаткан кызматчыларын көрүп турат, аларга боору ооруйт жана сөзсүз колдоо көрсөтөт (Чыг. 3:7—10). Бийлик башындагылардын алдында ишенимиңди жактаганда да эмнени жана кантип айтарыңды ойлоп тынчсызданба, «анткени эмне айтыш керектигин ошол учурда билесиң» (Мт. 10:18—20). Өкмөттөр да, бийликтегилер да Жахабанын алдында алсыз экенин унутпа. Азыртадан ишенимиңди бекемдей берсең, Жахабаны сага жардам берүүгө даяр турган тирүү Кудай катары көрө аласың.

АЛ КУДАЙДЫН УБАДАЛАРЫНА ИШЕНГЕН

10. а) Б.з.ч. 1513-жылы нисан айында Жахаба ысрайылдыктарга кандай көрсөтмө берген? б) Муса пайгамбар эмне үчүн Жахабанын буйругун аткарган?

10 Б.з.ч. 1513-жылы нисан айында Жахаба Муса пайгамбар менен Арунга ысрайыл элине адаттагыдан башкача көрсөтмө берүүнү айткан. Ал көрсөтмөгө ылайык, ысрайылдыктар кемтиги жок кочкор же теке союп, анын канын эшиктеринин баш босогосу менен кашектерине чачыратышы керек болгон (Чыг. 12:3—7). Муса пайгамбар ал көрсөтмөгө кандай караган? Кийинчерээк элчи Пабыл ал жөнүндө: «Ишенимдин аркасында ал пасахты белгилеп, Кудайдын периштеси туңгучтарды кырып салбашы үчүн, эшиктин кашектерине кан чачыраткан»,— деп жазган (Евр. 11:28). Муса пайгамбар Жахабанын дайыма сөзүнө турарын билген жана мисирликтердин тун уулдарынын өлтүрүлөрүнө шектенген эмес.

11. Муса пайгамбар эмне үчүн Кудайдын көрсөтмөсүн башкаларга айткан?

11 Муса пайгамбар элин жакшы көргөндүктөн, өзүнүн уулдары алыскы Мидиан жеринде коопсуз жүрсө да, Кудайга баш ийип, анын көрсөтмөсүн ысрайылдыктарга айткан (Чыг. 18:1—6). «Кудайдын периштеси» алардын да тун уулдарын кырып салбашы үчүн, ал «ошол замат Ысрайыл аксакалдарын чогултуп», «пасах курмандыгын» союуну буйруган (Чыг. 12:21).

12. Жахаба бизге кайсы маанилүү кабарды жарыялоону тапшырган?

12 Бүгүнкү күндө Жахабанын эли периштелердин жардамы менен: «Кудайдан корккула, аны даңктагыла, анткени анын сот убактысы келди. Ошондуктан асман менен жерди, деңиз менен суу башаттарын жаратканга сыйынгыла»,— деген кабарды жарыялоодо (Аян 14:7). Бул иш азыр болуп көрбөгөндөй маанилүү. Башкалар Улуу Бабылдын башына түшө турган «балээлерге кабылбашы» үчүн, биз аларды андан чыгууга чакырышыбыз керек (Аян 18:4). Учурда «башка койлор» майланган ишенимдештери менен бирге Кудайдан алыстагандарды аны менен «элдешүүгө» үндөп жатышат (Жкн. 10:16; 2 Кор. 5:20).

Жахабанын убадаларына болгон ишенимиң жакшы кабар айтуу ишине ынталуу катышууга түрткү берет (13-абзацты кара)

13. Жакшы кабарды ишенимдүүлүк менен айтууга эмне жардам берет?

13 Биз азыр «сот убагында» жашап жатканыбызга шектенбейбиз. Ошондой эле кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишинин, Жахаба айткандай, абдан шашылыш экенине толук ишенебиз. Элчи Жакан аян аркылуу «жердин төрт  бурчунда» «жердин төрт шамалын бекем кармап турган» төрт периштени көргөн (Аян 7:1). Сен ишенимиңдин аркасында бул дүйнөгө улуу алааматтын кыйратуучу шамалдарын коё берүүгө даяр турган ошол периштелерди көрүп жатасыңбы? Эгер ошондой болсо, жакшы кабарды ишенимдүүлүк менен айта аласың.

14. Биз эмне себептен башкаларга «жаман жолунан кайтууну» эскертебиз?

14 Жахабанын кызматчылары катары биз аны менен ынак мамиледебиз жана түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнө ээбиз. Анткен менен өзүбүздү эле ойлобой, «ыймансыз жаман жолунан кайтып, аман калышы үчүн», ага Кудайдын сөзүн эскертүүгө милдеттүү экенибизди түшүнөбүз. (Оку: Жезекиел 3:17—19.) Албетте, биз башка бирөөнүн канына забын болуудан корккондуктан эле эмес, Жахабаны жана жакындарыбызды жакшы көргөндүктөн кабар айтабыз. Иса Машаяк башкаларды сүйүү жана боорукер болуу деген эмнени билдирерин самариялык киши жөнүндөгү мисал менен жакшы түшүндүргөн. Андыктан: «Мен самариялык кишидей боорукер болуп, башкаларга кабар айтамбы?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек. Биз кабар айтпаш үчүн шылтоо издеп, жарадар кишиден «четтеп өтүп кеткен» дин кызматчы менен лебиге эч качан окшош болуп калгыбыз келбейт (Лк. 10:25—37). Кудайдын убадаларына болгон ишеним жана жакындарыбызга болгон сүйүү бизге убакыт барда кабар айтуу ишине толук кандуу катышууга түрткү берет.

«ЫСРАЙЫЛДЫКТАР КЫЗЫЛ ДЕҢИЗДЕН... ӨТҮШКӨН»

15. Эмне үчүн ысрайылдыктар өздөрүн тузакка түшкөндөй сезишкен?

15 Ысрайыл эли Мисирден чыккандан кийин коркунучтуу жагдайга кабылган. Ошол учурда  Муса пайгамбарга «Көрүнбөгөнгө» бекем ишенгени жардам берген. Ал эми ысрайылдыктар жөнүндө Ыйык Китепте: «Ысрайыл уулдары мисирликтердин кууп келатканын көрүп, аябай коркуп кетишти да, Жахабага жалына башташты»,— деп айтылат (Чыг. 14:10—12). Алар андай жагдайга күтүүсүздөн кабылышты беле? Жок. Жахаба алдын ала: «Мен болсо анын [фараондун] жүрөгүнүн катууланышына жол берем. Ал артыңардан кууп жөнөйт. Бирок мен фараон менен анын аскерин жеңип, даңкымды чыгарам. Ошондо мисирликтер менин Жахаба экенимди билишет»,— деп айткан болчу (Чыг. 14:4). Ошентсе да ишенимдин жетишсиздигинен улам ысрайылдыктарга фараондун зымырап учкан майдан арабаларынан, сүзүп өткүс Кызыл деңизден, өздөрүн жетектеп бараткан 80деги койчудан башка эч нерсе көрүнбөй калган. Алар өздөрүн тузакка түшкөндөй эле сезишкен.

16. Муса пайгамбарга ишеними Кызыл деңиздин жанында олку-солку болбогонго кандайча жардам берген?

16 Ысрайылдыктардан айырмаланып, Муса пайгамбар олку-солку болгон эмес. Анткени ишениминин аркасында ал чалкыган деңизди же кубаттуу аскерди эле эмес, Жахабанын куткаруусун көргөн жана анын ысрайылдыктар үчүн согушарын билген. (Оку: Чыгуу 14:13, 14.) Анын ишенимин көрүп, Кудайдын бүтүндөй эли кайраттанган. Ыйык Китептен: «Ишенимдин аркасында ысрайылдыктар Кызыл деңизден кургак жер менен өткөндөй өтүшкөн. Ал эми алардын артынан сая түшкөн мисирликтерди деңиз жутуп кеткен»,— дегенди окуйбуз (Евр. 11:29). Ошондон кийин ысрайылдыктар «Жахабадан корко башташкан» жана «Жахаба менен анын кызматчысына, Мусага, ишенип калышкан» (Чыг. 14:31).

17. Келечекте ишенимибиз кантип сыналат?

17 Жакында биз да кыйын кезеңге кабылабыз. Улуу алааматтын туу чокусу болгон Армагедон башталарда, бул дүйнөдөгү өкмөттөр биздикинен алда канча чоң диний уюмдарды кыйратып, толугу менен жок кылат (Аян 17:16). Жахаба биздин аларга «дубалы да, эшиги да, эшик бекиткичи да жок» «чепсиз... жер» сыяктуу оңой олжодой көрүнөрүбүздү пайгамбарлык кылган (Жез. 38:10—12, 14—16). Ошол убакта, пенделик көз караш менен караганда, аман каларыбызга үмүт жоктой сезилет. Сен ошондо өзүңдү кандай сезесиң?

18. Улуу алаамат учурунда кынтыксыз бойдон калыш үчүн эмне кылышың керек?

18 Кандай жагдай болбосун, биз эч коркпошубуз керек. Себеби Жахаба өзүнүн элине душмандардын кол саларын эле эмес, аларды куткарарын да алдын ала айткан. «„Ошол күнү, Гок Ысрайыл жерине келген күнү,— дейт Эгедер Теңир Жахаба,— каарым кайнайт. Жаалым менен, кайнаган каарым менен сүйлөйм“»,— делет Ыйык Китепте (Жез. 38:18—23). Ооба, Жахаба өз элине зыян келтиргиси келгендердин баарын жок кылат. Эгер Жахабанын сени «улуу, коркунучтуу күнүндө» коргой турганына ишенсең, анын куткаруусун көрөсүң жана кынтыксыз бойдон кала аласың (Жоел 2:31, 32).

19. а) Муса пайгамбар Жахаба менен канчалык ынак мамиледе болгон? б) Бардык жолдоруңда Жахабаны эстеп жүрсөң, кандай бата аласың?

19 «Көрүнбөгөндү көрүп тургандай туруктуу болуп», азыртадан ошол окуяларга даяр бол. Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдеп, дайыма тиленип, Жахаба Кудай менен болгон достугуңду чыңдай бер. Муса пайгамбар Жахаба менен ушунчалык ынак мамиледе болгондуктан жана Жахаба ал аркылуу улуу иштерди жасагандыктан, Ыйык Китепте Жахабанын аны «бетме-бет билгени» айтылат (Мыйз. 34:10, шилт.). Муса, чынында эле, өзгөчө пайгамбар болгон. Сен да ишенимдин аркасында Жахаба менен аны көрүп тургандай ынак мамиледе боло аласың. Эгер «бардык жолдоруңда Кудайды эстеп жүрсөң», Ыйык Китепте айтылгандай, ал «жолдоруңду түздөйт» (Накыл 3:6).