Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА: КЕЛЕЧЕК КАНДАЙ БОЛОРУН КИМ БИЛЕТ?

Азы гана аткарылып, көбү аткарылган эмес

Азы гана аткарылып, көбү аткарылган эмес

Келечекти билгиңер келеби? Буга баары кызыгат. Ошо себептен келечекти алдын ала айтууга аракет кылгандар да көп. Бирок алардын айткандарынын баары эле аткарылабы?

  • ОКУМУШТУУЛАР ар нерсени, алсак, айлана-чөйрөнүн булганышы жерге кандай таасир этерин же эртеңки аба ырайын айтыш үчүн татаал түзүлүштөгү шаймандарды колдонушат жана көп акча жумшашат.

  • СЕРЕПЧИЛЕР бизнестин жана саясаттын кандай өрчүүрүн алдын ала айтышат. Мисалы, дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири Уоррен Баффет каякка акча салса, чоң киреше түшөрүн баамдай билгендиктен, көзү ачык киши катары белгилүү болуп калган. Ал эми Нейт Сильвер деген серепчи статистикалык маалыматтардын негизинде АКШнын саясаты кандай жүрөрүнөн тартып Голливуд киносыйлыгын ким аларына чейин айта алган.

  • БАЙЫРКЫ ЖАЗМАЛАР пайгамбарлыктар катары саналып келет. Айрымдар Мишель де Нострдамдын (Нострадамус) түшүнүүгө кыйын болгон, 16-кылымга таандык жазмасында айтылгандар бүгүнкү күндө аткарылып жатат деген ойдо. Көптөр майя элинин календарынын 2012-жылдын 21-декабрында бүтүшүн ар кандай табигый кырсыктардын, үрөй учурарлык окуялардын жышааны катары көрүшкөн.

  • ДИНИЙ ЖЕТЕКЧИЛЕР адамзатка эскертиш үчүн же жолдоочуларын чогултуш үчүн кээде дүйнөдө чоң кырсык болорун айтышат. Алсак, Гарольд Кемпинг жана анын шакирттери Жер 2011-жылы талкаланып, акыр заман болорун жарыялашкан. Бирок алардын айткандары аткарылбаганына өзүбүз күбөбүз.

  • КӨЗҮ АЧЫКТАР өзгөчө касиетке ээ экенин жана келечекти айта аларын айтышат. Эдгар Кейси менен Жин Диксон 20-кылымда эмнелер болорун алдын ала айтышкан. Бирок алардын айткандарынын көбү аткарылган эмес. Мисалы, Жин Диксон 1958-жылы Үчүнчү дүйнөлүк согуштун болорун айткан, ал эми Эдгар Кейси 1970-жылдардын орто ченинде Нью-Йорк океандын астында калат деген.

Анда келечек кандай болорун каяктан билүүгө болот? Бул суроого жооп алуу маанилүү. Анткени алдыда эмне болорун билгениңер азыркы чыгарган чечимиңерге таасир этет.