Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 БИЗДИН АРХИВДЕН

«Дагы көп түшүм жыйналышы керек»

«Дагы көп түшүм жыйналышы керек»

Жорж Янг 1923-жылы мартта Рио-де-Жанейрого барган

1923-ЖЫЛЫ Сан-Паулудагы Музыка жана драма консерваториясынын концерт залына эл жык-жыйма толгон. Жорж Янг бир туугандын ишенимдүү айткан сөздөрү угуучуларга так-даана угулуп, баяндамасы сүйлөмө-сүйлөм португал тилине которулган. Залдагы 585 кишинин баары аны кунт коюп угушкан. Ыйык Китептеги аяттар португал тилинде экрандан көрсөтүлүп турган. Баяндаманын соңунда элге португал, англис, немис жана италян тилдеринде «Азыр жашап жаткан миллиондогон адамдар эч качан өлбөйт» деген китепче таратылган. Баяндама ушунчалык жүрөк козгоорлук болгондуктан, ал жөнүндө бат эле эл арасына тарап кеткен. Эки күндөн кийин кечинде башка баяндаманы угуш үчүн ошол эле залга дагы көп киши чогулган. Буга кандай окуялар шарт түзгөн?

Ондогон жылдар мурун, 1867-жылы, Сара Беллоне Фергесен үйүндөгүлөрү менен Кошмо Штаттардан Бразилияга көчүп барган. Ал 1899-жылы иниси Кошмо Штаттардан алып келген биздин уюмдун адабияттарынын айрымдарын окуп, чындыкты тапканын түшүнгөн. Ыйык Китепке негизделген адабияттарды дагы көбүрөөк окугусу келгендиктен Сара Фергесен англис тилиндеги «Күзөт мунарасына» жазылган. Ыйык Китепте камтылган кабар аябай таасир эткендиктен, ал Рассел бир тууганга кат жазып, өзүнүн «кабар жетпей турган өтө алыс жер болбой турганына айкын далил» экенин айткан.

«Тирүүлөр өлгөндөр менен сүйлөшө алабы?» (португал тилинде)

Сара Фергесен Ыйык Китептен билгендерин колунан келишинче башкаларга айта берген. Бирок ошол эле учурда ал өзүнө, үй-бүлөсүнө жана Бразилиядагы жакшы адамдардын баарына рухий жактан ким жардам берерин ойлоп, көп тынчсыздана турган. 1912-жылы ага Бруклиндеги Бейтелден бир ишенимдешибиздин португал тилинде «Адам өлгөндө эмне болот?» деген баракчанын миңдеген нускасын Сан-Паулуга алып баратканын билдиришкен. 1915-жылы ал көптөгөн Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн ага чейин асманга кетебиз деп үмүттөнүшкөнүнө бир топ таң калып жүргөнүн айткан. Анан: «Анда Бразилиядагылар менен бүт Түштүк Америкадагылар эмне болот?.. Түштүк Американын дүйнөнүн бир чоң бөлүгү экенин эске  алганда, бул жакта дагы көп түшүм жыйналышы керек экени айдан ачык эле көрүнүп турат»,— деп жазган. Ооба, ал айткандай, алдыда дагы көп жумуш аткарылышы керек болчу.

1920-жылдары бразилиялык сегиз жаш кемечи, кемеси оңдолуп жаткан маалда, Нью-Йорктогу жыйналыш жолугушууларына катышып калышат. Алар Рио-де-Жанейро шаарына кайтып барары менен Ыйык Китептен билгендерин башкаларга айта башташкан. Ошондон көп өтпөй, 1923-жылы мартта, кыдыруучу көзөмөлчү болуп кызмат кылган Жорж Янг Рио-де-Жанейрого барып, жакшы кабарга кызыккандарды табат. Андан сырткары, айрым адабияттарыбыздын португал тилине которулушуна чара көрөт. Кийинчерээк ошол кезде 600 000дей киши жашаган Сан-Паулу шаарына барып, макаланын башында сөз кылынгандай, топ элдин алдында баяндама сүйлөп, «Азыр жашап жаткан миллиондогон адамдар эч качан өлбөйт» деген китепчелерди таратат. Ал өзү жалгыз болгондуктан элди баяндамага чакырыш үчүн гезиттерге жарнама берген. Анын ошол баяндамалары Эл аралык Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн Ассоциациясынын колдоосу менен Бразилияда айтылган баяндамалардын алгачкылары болгон.

Жорж Янг баяндама айтып жатканда, аяттар экрандан көрсөтүлүп турган

1923-жылдын 15-декабрындагы «Күзөт мунарасында» Бразилия жөнүндө: «Ал жакта иштин 1-июнда башталганын жана эч кандай адабият болбогонун эске алганда, жасалып жаткан ийгиликтер Мырзабыздын батасын мол берип жатканын тастыктап турат»,— делген. Ошондой эле анда Жорж Янг бир туугандын, Сан-Паулуда айткан 2 баяндамасын кошкондо, 1-июндан 30-сентябрга чейин 21 баяндама айтканы жана угуучуларынын жалпы саны 3 600гө жеткени жазылган. Падышалык жөнүндөгү кабар Рио-де-Жанейродо да жарыялана берген. Бир нече эле айдын ичинде португал тилинде 7 000ден ашык адабият таратылган. Ал эми ал тилде «Күзөт мунарасы» 1923-жылдын ноябрь—декабрындагы санынан тартып жарык көрө баштаган.

Сара Фергесен англис тилиндеги «Күзөт мунарасына» жазылган биринчи бразилиялык болгон

Кийинчерээк Жорж Янг бир тууган Сара Фергесен менен жолуккан. «Күзөт мунарасында» жазылгандай, Сара Фергесен бөлмөгө кирип, оозунан сөзү түшүп туруп калган. Ал Янг бир туугандын колунан кармап, жүзүнө тигиле карап бир топ тургандан кийин: «Мен чын эле кыдыруучу көзөмөлчүнүн өзүн көрүп турамбы?» — деп таң калган. Көп өтпөй өзү жана балдарынын кээ бирлери чөмүлгөн. Ал күндү Сара бир тууган 25 жылдан бери күтүп келген эле. 1924-жылы 1-августтагы «Күзөт мунарасында» Бразилияда 50 киши чөмүлгөнү жана алардын көбү рио-де-жанейролуктар экени жазылган.

Андан бери 90 жылдай өттү. Азыр биз: «Бразилиядагылар менен бүт Түштүк Америкадагылар эмне болот?» — деп тынчсызданбайбыз. Анткени бүгүнкү күндө Бразилиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн саны 760 000ден ашат. Ошондой эле Түштүк Америкада Падышалык жөнүндөгү кабар португал, испан жана башка көптөгөн жергиликтүү тилдерде жарыяланууда. 1915-жылы Сара бир тууган: «Бул жакта дагы көп түшүм жыйналышы керек»,— деп туура айткан экен. (Бразилиядагы архивибизден.)