Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Жахаба Кудайыңды... сүй»

«Жахаба Кудайыңды... сүй»

«Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй» (МТ. 22:37).

1. Кудай менен Уулу эмнеден улам бири-бирине ынак болуп калышкан?

ЖАХАБАНЫН Уулу Иса Машаяк: «Атамды жакшы көрөм»,— деген (Жкн. 14:31). Ал ошондой эле: «Атасы Уулун жакшы көрөт»,— деп да айткан (Жкн. 5:20). Бул бизди таң калтырбайт, себеби ал жерге келгенге чейин кылымдар бою Кудайдын «чебер устасы» болгон (Накыл 8:30). Ал Атасы менен чогуу эмгектенүүнүн аркасында анын сапаттары жөнүндө аябагандай көп нерселерди билип, аны барган сайын жакшы көрө берген. Натыйжада, Атасы менен Уулу бири-бирине ынак болуп калышкан.

2. а) Сүйүү деген эмнени билдирет? б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

2 Сүйүү бул кимдир бирөөнү жакшы көрүп, ага карата күчтүү сезимдерди туюуну билдирет. Забурчу Дөөтү: «Сени жакшы көрөм, оо, Жахаба, менин күч-кубатым»,— деп ырдаган (Заб. 18:1). Биз да Кудайды жакшы көрүшүбүз керек. Эгер анын тилин алсак, ал да бизди жакшы көрөт. (Оку: Мыйзам 7:12, 13.) Бирок ал көзгө көрүнбөгөндүктөн, аны сүйүү мүмкүнбү? Жахабаны сүйүү деген эмнени билдирет? Эмне үчүн аны сүйүшүбүз керек? Аны сүйөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз?

 КУДАЙДЫ СҮЙҮҮ МҮМКҮН ДЕП ЭМНЕ ҮЧҮН АЙТА АЛАБЫЗ?

3, 4. Биз эмне үчүн Жахабаны сүйө алабыз?

3 Кудай рух болгондуктан, аны көрө албайбыз (Жкн. 4:24). Ошентсе да аны сүйүү мүмкүн жана Ыйык Жазмада биз ошого чакырылабыз. Алсак, Муса пайгамбар ысрайыл элине: «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт күчүң менен сүй»,— деп айткан (Мыйз. 6:5).

4 Биз эмне үчүн Кудайды сүйө алабыз? Анткени ал бизди рухий муктаждыгыбызды сезе алгыдай жана сүйүүнү чагылдыра алгыдай кылып жараткан. Эгер рухий муктаждыгыбызды тийиштүү түрдө канааттандырсак, ага болгон сүйүүбүз өсөт жана өзүбүздү бактылуу сезебиз. Иса Машаяк: «Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу, анткени асман Падышалыгы ошолорго таандык»,— деп айткан (Мт. 5:3). Адам баласынын сыйынууга болгон тубаса сезими тууралуу бир эмгекте: «Дүйнө жүзүндөгү бардык адамдардын өзүнөн жогору турган бирөөнү издегени жана ага ишенгени бизди сестентип, таң калтырып, ардактоо сезимин туудурушу керек»,— деп жазылган (Кресси Моррисон, «Man Does Not Stand Alone»).

5. Кудайды табуу мүмкүнбү?

5 Кудайды табуу мүмкүнбү? Ооба, ал өзү да аны табышыбызды каалайт. Муну элчи Пабыл Ареопагга чогулган афиндиктерге кабар айтканда да бышыктаган. Ал жерден байыркы Афин шаарынын колдоочусу деп эсептелген Афин аял кудайынын ибадатканасы Парфенон көрүнүп турчу. Элчи Пабыл афиндиктерге Кудайдын «дүйнөнү жана андагынын баарын жаратканын» айтып, анын «кол менен курулган ибадатканаларда жашабай» турганын түшүндүргөн. Анан мындай деген: «Бүт жер жүзүндө жашасын деп, ал бир кишиден бардык элдерди жараткан. Ошондой эле белгиленген убакыттарды жана адамдар жашай турган жерлердин чегин аныктап койгон. Анткени Кудай адамдардын аны издешин, сезип көрүшүн жана табышын каалайт. Бирок, чынында, ал ар бирибизге жакын» (Элч. 17:24—27). Ооба, Кудайды издегендер аны таба алышат. Учурда жети жарым миллиондон ашуун киши Жахабаны таап, ага сүйүүсү менен кызмат кылууда.

КУДАЙДЫ СҮЙҮҮ ДЕГЕН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

6. Иса айткандай, «биринчи жана эң маанилүү осуят» кайсы?

6 Биз Жахабаны чын жүрөктөн сүйүшүбүз керек. Муну Иса да баса белгилеген. Бир фарисей андан: «Устат, Мыйзамдагы осуяттардын эң маанилүүсү кайсы?» — деп сураганда, ал: «„Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй“. Бул — биринчи жана эң маанилүү осуят»,— деп жооп берген (Мт. 22:34—38).

7. Кудайды а) бүт жүрөгүбүз, б) бүт жаныбыз, в) бүт акылыбыз менен сүйүү деген эмнени билдирет?

7 Иса Машаяктын жогорудагы сөздөрү эмнени билдирет? Бүт жүрөгүбүз өз ичине каалоолорубузду, эмоциябызды, сезимдерибизди камтыйт. Бүт жаныбыз деген кандай адам экенибизди, кылган иш-аракетибиздин баарын билдирет. Ал эми бүт акылыбызга эмне жөнүндө жана кантип ой жүгүртөрүбүз кирет. Ошентип, Иса Машаяк Кудайды эмнебиз болсо, ошонун баары менен сүйүшүбүз керек экенин баса белгилеген.

8. Кудайды сүйүү эмне кылууга түрткү берет?

8 Эгер Кудайды бүт жүрөгүбүз, бүт жаныбыз, бүт акылыбыз менен сүйсөк, анын Сөзүн кылдат изилдейбиз, айткандарынын баарын аткарабыз жана Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды ынталуулук менен жарыялайбыз (Мт. 24:14; Рим. 12:1, 2). Аны чындап жакшы көргөндүктөн, аны менен болгон мамилебиз барган сайын чыңала берет (Жкп. 4:8). Албетте, Кудайды эмне үчүн сүйүшүбүз керектигинин себептерин айта берсе, аягы болбойт. Ошентсе да  азыр ал себептердин бир нечесин карап чыгабыз.

ЭМНЕ ҮЧҮН КУДАЙДЫ СҮЙҮШҮБҮЗ КЕРЕК?

9. Сен камкор Жаратканыбызды эмне үчүн жакшы көрөсүң?

9 Жахаба — камкор Жаратканыбыз. «Биз анын аркасы менен жашап, анын аркасы менен кыймылдап, тирүү жүрөбүз»,— деген элчи Пабыл (Элч. 17:28). Жахаба бизге кереметтүү үйдү — Жер планетасын — берген (Заб. 115:16). Өмүр сүрүшүбүз үчүн бизди тамак-аш жана башка зарыл нерселер менен камсыз кылган. Ошондуктан Пабыл Листра шаарынын жалган кудайларга сыйынган тургундарына тирүү Кудай тууралуу: «Кылган жакшылыктары менен өзү жөнүндө күбөлөндүрө берген: ал силерге асмандан жамгыр жаадырып, берекелүү мезгилдерди тартуулап, тамак-ашты мол берип, жүрөгүңөрдү кубанычка толтуруп келген»,— деп айткан (Элч. 14:15—17). Бул бизге камкор Жаратканыбызды сүйүүгө түрткү бербейби? (Нас. 12:1).

10. Кудайдын күнөө менен өлүмдү жок кылыш үчүн көргөн чарасына кандай карашыбыз керек?

10 Кудай Адам атадан тукум кууп өткөн күнөө менен өлүмдү жок кылыш үчүн чара көргөн (Рим. 5:12). Ыйык Китепте: «Машаяк болсо биз үчүн күнөөкөр кезибизде эле өлгөн. Бул аркылуу Кудай бизге сүйүүсүн көрсөткөн»,— деп жазылган (Рим. 5:8). Эгер күнөөлөрүбүз үчүн чындап өкүнүп, Машаяктын куткаруу курмандыгына ишенсек, Жахаба бизди кечирет. Бул жүрөгүбүздү ыраазычылыкка толтуруп, ага болгон сүйүүбүздү арттырат (Жкн. 3:16).

11, 12. Жахаба бизге кандай үмүт берген?

11 Жахаба бизге «зор кубаныч менен тынчтыкка бөлөгөн» үмүт берген (Рим. 15:13). Ал үмүт сыноолорго туруштук берүүгө көмөк кылат. Өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүү бойдон калган майлангандарга Кудай «өмүр таажысын берет» (Аян 2:10). Ал эми жер бетинде жашоого үмүттөнгөн кынтыксыз адамдар Бейиште түбөлүк өмүр сүрүшөт (Лк. 23:43). Кудай берген ушундай үмүттү баалайбызбы? Бул жүрөгүбүздү кубанычка, тынчтыкка бөлөп, «жакшы, жеткилең белектерди» берген Жахабаны мурдагыдан да көбүрөөк сүйүүгө түрткү бербейби? (Жкп. 1:17).

12 Кудай өлгөндөрдү тирилтерин убада кылган (Элч. 24:15). Жакын адамыбыздан айрылганда жүрөгүбүз сыздабай койбойт, бирок алардын тирилерин билгендиктен «үмүтү жок башка адамдарчалык» кайгырбайбыз (1 Тес. 4:13). Сүйүүсүнөн улам Жахаба Кудай өлгөндөрдү, айрыкча, Аюп пайгамбар сыяктуу адил кызматчыларын тирилтүүнү абдан каалайт (Аюп 14:15). Өлгөндөр тирилгенде, жер бети кандай кубанычка бөлөнөрүн элестетсең. Ушундай сонун үмүт бергени үчүн Жахабага чексиз ыраазыбыз!

13. Жахабанын бизге чындап кам көрөрүн кайдан билебиз?

13 Жахаба бизге чындап кам көрөт. (Оку: Забур 34:6, 18, 19; 1 Петир 5:6, 7.) Мээримдүү Кудайдын ишенимдүү кызматчыларына жардам берүүгө дайым даяр экенин билгендиктен биз анын жайытындагы койлор катары өзүбүздү коопсуз сезебиз (Заб. 79:13). Андан сырткары, Кудайдын бизге болгон сүйүүсү анын Машаяк башкарган Падышалык аркылуу биз үчүн кыла турган иштеринен айкын болот. Ал дайындаган Падыша Иса Машаяк жер бетинен зордук-зомбулукту, адилетсиздикти, жамандыкты жок кылгандан кийин, тил алчаак адамдар түбөлүккө бейкут өмүр сүрүп, гүлдөп-өсүшөт (Заб. 72:7, 12—14, 16). Ушулар тууралуу ой жүгүртсөк, Кудайды бүт жүрөгүбүз, бүт жаныбыз, бүт күчүбүз жана бүт акылыбыз менен сүйөбүз (Лк. 10:27).

14. Жахаба бизге кандай баа жеткис сыймык ыйгарган?

14 Жахаба бизге баа жеткис сыймыкты, анын Күбөлөрү болуу сыймыгын, ыйгарган (Ыш. 43:10—12). Ушундай жол менен бизге өзүнүн эгедерлигин колдоого жана кереметтүү үмүтүбүз  жөнүндө кыйналгандардын баарына айтууга мүмкүнчүлүк берип жатканы үчүн аны абдан жакшы көрөбүз. Биз айтып жаткан жакшы кабар убадаларына ар дайым бек турган Кудайдын Сөзүнө негизделгендиктен, аны ишенимдүүлүк менен жарыялайбыз. (Оку: Жашыя 21:45; 23:14.) Ооба, мээримдүү Атабыз Жахабаны эмне үчүн сүйүшүбүз керектигинин себептерин санай берсе, түгөнбөйт. Эми болсо аны сүйөрүбүздү кантип көрсөтө аларыбызды карап чыгалы.

КУДАЙДЫ СҮЙӨРҮБҮЗДҮ КАНТИП КӨРСӨТӨ АЛАБЫЗ?

15. Кудайдын Сөзүн кылдат изилдеп, анда айтылгандарды турмушта колдонуунун кандай пайдасы бар?

15 Кудайдын Сөзүн кылдат изилдеп, анда айтылгандарды турмушуңда колдон. Ошондой кылсаң, Жахабаны сүйөрүңдү жана анын Сөзү жолуңа жарык болушун чындап каалаарыңды көрсөтөсүң (Заб. 119:105). Эгер башыбызга мүшкүл түшсө, Ыйык Жазмадагы: «Оо, Кудай, сен жараланган, кыйналган жүрөктү четке какпайсың», ошондой эле: «Оо, Жахаба, мени мээримдүүлүгүң кубаттандырып келген. Тынчымды кетирген ойлор көбөйгөндө, сенин сооротууң жанымды жыргаткан»,— деген сыяктуу сөздөр бизди жубатат (Заб. 51:17; 94:18, 19). Ыйык Китепте Жахабанын да, Иса Машаяктын да азап тарткандарга боорукердик менен мамиле кылары айтылат (Ыш. 49:13; Мт. 15:32). Аны изилдөөнүн аркасында Жахабанын бизди канчалык жакшы көрөрүн түшүнөбүз, бул болсо ага болгон сүйүүбүздү арттырат.

16. Дайыма тиленүү кандайча Жахабага болгон сүйүүбүздү арттырат?

16 Дайыма тилен. Мунун натыйжасында «тиленүүлөрдү Угуучуга» жакындай бересиң (Заб. 65:2). Кудай тиленүүлөрүбүзгө жооп бергенде, аны мурдагыдан да жакшы көрүп калабыз. Мисалы, анын алыбыз жетпеген сыноолорго жол бербей турганына көп жолу ынангандырбыз (1 Кор. 10:13). Бир нерсе көкүрөгүбүздү өйүгөндө жалындуу тиленип, анын жүрөгүбүзгө тынчтык бергенин сезгендирбиз (Флп. 4:6, 7). Же Некемия пайгамбарга окшоп, ичибизден тиленгенде да Кудай бизди укканын сезген учурларыбыз болгондур (Нек. 2:1—6). Эгер үзгүлтүксүз тиленип, Жахабанын өтүнүчтөрүбүздү угуп жатканына сезсек, ага болгон сүйүүбүз өсүп, алдыдагы сыноолорду көтөрүп кетүүгө жардам  берерине ого бетер ынана беребиз (Рим. 12:12).

17. Кудайды чындап сүйсөк, жыйналыш жолугушууларына катышууга кандай карайбыз?

17 Жыйналыш жолугушуулары менен жыйындарды калтырба (Евр. 10:24, 25). Байыркы ысрайылдыктар да Жахабаны урматтап-сыйлоого жана анын осуяттарын аткарууга үйрөнүш үчүн дайыма Мыйзамды окууга чогулуп турушчу (Мыйз. 31:12). Эгер Кудайды чындап сүйсөк, анын эркин аткарууну оор жүктөй көрбөйбүз. (Оку: 1 Жакан 5:3.) Андыктан, келгиле, жыйналыш жолугушууларына катышууга эч качан салкын мамиле кылбайлы. Биз Жахабага болгон «биринчи сүйүүбүздү» такыр муздаткыбыз келбейт (Аян 2:4).

18. Кудайга болгон сүйүүбүз кайсы ишке жигердүү катышууга түрткү берет?

18 «Жакшы кабарда камтылган чындыкты» жарыялоого жигердүү катыш (Гал. 2:5). Кудайга болгон сүйүүбүз анын Армагедондо «чындык... үчүн аттанып чыга» турган сүйүктүү Уулу башкарган Падышалык жөнүндө айтууга түрткү берет (Заб. 45:4; Аян 16:14, 16). Башкаларга мээримдүү Кудай жана ал убада кылган жаңы дүйнө тууралуу билүүгө жардам берип, шакирт даярдоо ишине катышуу зор кубаныч тартуулайт! (Мт. 28:19, 20).

19. Кудайдын өзүнүн оторун кайтаруу үчүн көргөн чарасын эмне себептен баалашыбыз керек?

19 Кудайдын өзүнүн оторун кайтаруу үчүн көргөн чарасын баала (Элч. 20:28). Жахаба бизге жакшылык гана каалагандыктан жыйналыштагы аксакалдарды берген. Алар «шамалдан коргой турган калканычтай, нөшөрдөн калкалай турган жайдай, какшыган жердеги суу агымындай, кагыраган жердеги бийик асканын көлөкөсүндөй» (Ыш. 32:1, 2). Катуу шамалга же нөшөргө кабылганда баш калкалай турган жай тапсак, же болбосо мээ кайнаткан ысыкта асканын көлөкөсүнө туш келсек, кандай гана сүйүнмөкпүз. Анын сыңарындай, аксакалдар бизге муктаж болуп турганда рухий жактан жардам берип, сергитип турушат. Арабызда жетекчиликти колго алгандарга тил алуу менен биз ал «адам түрүндөгү белектерге» ыраазы экенибизди, ошондой эле Кудайды жана жыйналыштын башчысы болгон Машаякты жакшы көрөрүбүздү далилдейбиз (Эф. 4:8; 5:23; Евр. 13:17).

Жахаба дайындаган койчулар отордогуларга чын жүрөктөн көңүл бурушат (19-абзацты кара)

КУДАЙГА БОЛГОН СҮЙҮҮҢДҮ АРТТЫРА БЕР

20. Кудайды сүйсөң, Жакып 1:22—25-аяттарда жазылгандарга ылайык, эмне кылууга умтуласың?

20 Жахаба менен ынак мамиледе болсок, «сөздү угуучулардан гана болбой, аткаруучулардан болобуз». (Оку: Жакып 1:22—25.) Кудайдын осуяттарын аткарган кишинин ишеними бекем болгондуктан, кабар айтуу ишине жана жыйналыш жолугушууларына жигердүү катышат. Эгер Кудайды чындап сүйсөң, анын жеткилең мыйзамына баш иесиң, башкача айтканда, ал талап кылгандардын баарын аткарууга умтуласың (Заб. 19:7—11).

21. Чын жүрөктөн айткан тиленүүлөрүбүздү эмнеге салыштырсак болот?

21 Жахабага болгон сүйүү бизге аны менен дайыма сүйлөшүп турууга да түрткү берет. Дөөтү падыша тиленүүлөрүн Мыйзам келишими боюнча күнүгө түтөтүлгөн жыпарзатка салыштырып: «[Жахаба] сенин алдыңда тиленүүм даярдалган жыпарзаттай болсун, колумду көтөрүп жалынганым кечки нан курмандыгындай болсун»,— деп ырдаган (Заб. 141:2; Чыг. 30:7, 8). Сенин да тиленгенде айткан өтүнүчүң, жалынычың жана Кудайга билдирген ыраазычылыгың жыты жагымдуу жыпарзаттай боло берсин (Аян 5:8).

22. Кийинки макалада эмне жөнүндө талкуулайбыз?

22 Иса Машаяк Кудайды сүйгөндөн сырткары, жакыныбызды да сүйүшүбүз керектигин айткан (Мт. 22:37—39). Жахабаны жана анын принциптерин жакшы көрсөк, жакыныбызды да сүйөбүз. Бул жөнүндө кийинки макалада сөз жүрөт.