Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Кемелерден суу өтпөш үчүн эмне кылышчу?

Байыркы учурдагы кемелерди изилдеген адис Лайонел Кассондун айтканына ылайык, Рим империясынын тушунда кеме куруучулар адегенде кеменин сырты капталган жыгачтардын жылчыктарын битум менен бүтөгөндөн кийин «кеменин тышкы бетин да, ички бетин да битумдун өзү менен же битум жана мом менен капташчу». Ага чейин нечендеген кылымдар мурун Вавилон менен Аккаданын эли да кемелеринен суу өтпөш үчүн битумду колдонушканы маалым.

Ортоңку Чыгышта ушундай суюк битум көп болчу

Еврей Жазмаларындагы Башталыш китебинин 6-бөлүмүнүн 14-аятында ушуга окшош ыкма жөнүндө айтылат. Ал жердеги «чайыр» деп которулган еврей сөзү табигый мунайзатынан алынган битумду билдирет.

Табигый битумдун суюк жана катуу түрү болот. Байыркы учурдагы кеме куруучулар суюгун колдонушчу. Ал кургагандан кийин катып, суу өткөрчү эмес.

Битум Ортоңку Чыгышта көп кездешчү. Алсак, Жансыз деңиздин аймагындагы Сиддим өрөөнүндө «чайыр чуңкурлары көп» болчу (Башталыш 14:10).

Балык бузулбай көпкө сакталышы үчүн эмне кылышчу?

Балык байыртадан эле негизги азыктардын бири болуп саналат. Иса Машаяктын элчилеринин айрымдары анын жолун жолдогонго чейин Галилея деңизинде балык уулоо менен алектенишкен (Матай 4:18—22). Ал жактагы балыкчылар кармаган балыгынын кайсы бир бөлүгүн жакын жердеги балык иштеткен ошол кездеги «заводдорго» тапшырышчу.

Байыркы мисирлик балыкчылар

Галилея жергесинде колдонулгандай балык сактоо ыкмасы азыркы учурда деле айрым жерлерде колдонулат. Байыркы учурдагы технологияларды изилдөө жөнүндөгү бир китепке ылайык, адегенде балыктын ичин тазалап, сууга жуушчу. Андан соң «бакалоорлоруна, оозуна жана кабырчыктарына кесек туз шыбашчу. Анан туздалган балыктарды кат-кат кылып тизип, үстүн жаап коюшчу. Төрт-беш күн тургандан кийин оодарып туруп, дагы төрт-беш күнгө коюп коюшчу. Ошол убакыт ичинде балык тузу сиңип, кургай берчү. Анан кургагандан кийин катуу болуп калчу» («Studies in Ancient Technology»).

Ушундай ыкма менен кургатылган балык канча убакытка чейин сакталганы белгисиз. Бирок байыркы учурда андай балыктарды Мисирден Сирияга экспорттошконуна караганда ал ыкма абдан натыйжалуу болсо керек.