Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Жахаба өзүнө таандык болгондорду билет»

«Жахаба өзүнө таандык болгондорду билет»

«Ким Кудайды сүйсө, Кудай аны билет» (1 КОР. 8:3).

1. Ыйык Китепте Кудайдын айрым кызматчыларынын өздөрүн өздөрү алдаганы жөнүндө кандай окуя жазылган? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

БАШКЫ дин кызматчы Арун жыпар зат түтөтүш үчүн чок салгычын кармап, Жахабанын жыйын чатырынын кире беришинде турат. Корак менен анын 250 таламдашы да чок салгычтарын алып, ошол жерге келген эле (Сан. 16:16—18). Бир караганда, баары тең Жахабанын берилген кызматчыларындай көрүнөт. Анткен менен Корак менен анын таламдаштары, Арундан айырмаланып, дин кызматчылыкты тартып алууну көздөгөн текебер кишилер болчу (Сан. 16:1—11). Ошого карабай ал козголоңчулар сыйынуубуз Кудайга жагат деп ойлоп, өздөрүн өздөрү алдашкан. Бирок бул алардын жүрөгүндөгү ниетин, эки жүздүүлүгүн дапдаана көрүп турган Жахаба Кудайды шылдыңдаганга тете болгон (Жер. 17:10).

2. Муса пайгамбар эмне деген жана анын айткандары аткарылганбы?

2 Ошондон мурунку күнү Муса пайгамбар аларга: «Эртең менен Жахаба... ага ким таандык экенин... көрсөтөт»,— деп айткан эле (Сан. 16:5). «Жахабадан от түшүп, [Коракты жана] жыпарзат түтөткөн эки жүз элүү кишини жалмап кеткенде», кимдин ким экени айкын болгон (Сан. 16:35; 26:10). Жахаба Арунду аман алып калып, анын таза ниет менен кызмат кылган чыныгы дин кызматчы экенин көрсөткөн. (Оку: 1 Корунттуктар 8:3.)

3. а) Элчи Пабылдын күндөрүндө кандай көйгөй пайда болгон? б) Жахабанын Муса пайгамбардын убагындагы козголоңчуларды жазалаганынан эмнени биле алабыз?

 3 Ал окуядан 1 500 жылдай өткөндөн кийин, элчи Пабылдын күндөрүндө, Кудайдын элинин жыйналышында да ошо сыяктуу көйгөй пайда болгон. Өздөрүн Машаяктын жолдоочусу деп эсептеген айрым кишилер жалган окууларды жайылтып, ошол эле учурда жыйналыштагылар менен аралашып жүрө беришкен. Бир караганда, алар Кудайдын башка кызматчыларынан эч айырмасы жоктой эле көрүнгөн. Бирок кой терисин жамынган карышкыр сыяктуу ал кишилер бүтүндөй жыйналышка коркунуч туудуруп, «кээ бирлердин ишенимин кыйратышкан» (2 Тим. 2:16—18). Анткен менен алардын кыңыр ишин Жахаба байкап турган. Элчи Пабыл буга кымындай да шектенген эмес, себеби ал Кудайдын кылымдар мурун Корак менен анын таламдаштарын эмне кылганын жакшы билчү. Биз да Жахабанын бардык нерсени көрүп турарына бекем ишениш үчүн, келгиле, Пабылдын Тиметейге жазган сөздөрүн талкуулап, андан эмнеге үйрөнсөк болорун карап чыгалы.

«МЕН ЖАХАБАМЫН, МЕН ӨЗГӨРБӨЙМ»

4. Элчи Пабыл эмнеге толук ишенген жана бул Тиметейге жазган сөздөрүнөн кандайча көрүнүп турат?

4 Элчи Пабыл Жахабанын ага ким эки жүздүүлүк менен, ал эми ким чын жүрөктөн кызмат кылып жатканын көрүп турарына толук ишенген. Бул анын Тиметейге ыйык рухтун жетеги менен жазган сөздөрүнөн көрүнүп турат. Чындыктан четтегендердин жыйналыштын айрым мүчөлөрүнө тийгизген терс таасири жөнүндө айткандан кийин ал мындай деген: «Бирок Кудай тургузган бекем пайдубал козголбойт, ага мөөр басылгандай: „Жахаба өзүнө таандык болгондорду билет“, „Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам ыймансыздыкты четке каксын“,— деген сөздөр жазылган» (2 Тим. 2:18, 19).

5, 6. Пабылдын «Кудай тургузган бекем пайдубал» деген сөздөрү эмнеси менен көңүлгө аларлык жана алар Тиметейге кандай таасир эткен?

5 Пабылдын ал сөздөрү эмнеси менен көңүлгө аларлык? «Кудай тургузган бекем пайдубал»,— деген сөздөрдү Ыйык Китептин ушул жеринен гана кездештирүүгө болот. Ырас, Ыйык Китепте «пайдубал» деген сөз ар кандай нерселерди, анын ичинде байыркы Ысрайылдын борбор калаасы Иерусалимди сүрөттөөдө да колдонулган (Заб. 87:1, 2). Ошондой эле Иса Машаяктын Жахабанын ой-ниетин аткаруудагы ролу да пайдубалга салыштырылат (1 Кор. 3:11; 1 Пет. 2:6). Анда Пабыл «Кудай тургузган бекем пайдубал» деген сөздөр менен эмнени айткысы келген?

6 Пабыл ал сөздөрдү жазгандан кийин Муса пайгамбардын Сандар 16:5те Корак менен анын таламдаштары тууралуу айткандарын цитата кылган. Муну менен ал Тиметейди кайраттандырып, Жахабанын өзүнө каршы болгондорду көрүп турарын жана алардын ишине бөгөт коё аларын эсине салгысы келген. Корактын козголоңу Жахабанын ой-ниетин өзгөртө албагандай эле, 1-кылымдагы чындыктан четтегендер да аны өзгөртө албайт болчу. Пабыл «Кудай тургузган бекем пайдубал» эмнени билдирерин майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүргөн эмес. Ошентсе да анын жазгандары Тиметейге Жахаба Кудайга толугу менен таянууга түрткү бергени шексиз.

7. Жахабанын адилдик жана ишенимдүүлүк менен иш кыларына эмне үчүн шектенбесек болот?

7 Жахабанын принциптери эч качан өзгөрбөйт. Забур 33:11де: «Жахабанын ой-максаты кылымдар бою өзгөрбөйт, жүрөгүндөгү ойлор муундан муунга өтөт»,— деп жазылган. Дагы башка аяттарда анын бийлиги, мээримдүүлүгү, ишенимдүүлүгү, адилдиги түбөлүктүү экени айтылат (Чыг. 15:18; Заб. 100:5; 112:9). Малаки 3:6дан болсо: «Мен Жахабамын, мен өзгөрбөйм»,— деген сөздөрдү  окуйбуз. Ал эми Жакып 1:17де Жахабанын «көлөкө өзгөргөндөй өзгөрө бербеген Кудай» экени жазылган.

ЖАХАБАГА БОЛГОН ИШЕНИМИБИЗДИ БЕКЕМДЕГЕН «МӨӨР»

8, 9. Пабылдын пайдубалга басылган «мөөр» жөнүндө айткандарынан эмнени биле алабыз?

8 Элчи Пабылдын 2 Тиметей 2:19да колдонгон мисалы капталына мөөр сыяктуу чегилип жазылган сөздөрү бар пайдубалды элестеттирет. Байыркы убакта адатта имараттын пайдубалына аны ким курганын же анын кимге таандык экенин билдирген сөздөрдү жазып коюшчу. Ыйык Китепте муну Пабыл биринчилерден болуп мисал катары колдонгон *. Ал айткан «Кудай тургузган бекем пайдубалга» эки сүйлөм жазылган: 1) «Жахаба өзүнө таандык болгондорду билет»; 2) «Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам ыймансыздыкты четке каксын». Бул болсо Сандар 16:5теги сөздөрдү эсибизге салат. (Аятты оку.)

9 Жахабага таандык болгондор Пабылдын пайдубалга басылган «мөөр» жөнүндө айткандарынан эмнени биле алышат? Жахабанын мыйзам-принциптеринен эки маанилүү нерсе: 1) анын өзүнүн берилген кызматчыларын жакшы көрөрү жана 2) адилетсиздикти жек көрөрү айкын көрүнүп турат. Пабылдын айткандарынын 1-кылымдагы жыйналышта пайда болгон чындыктан четтөөчүлүккө кандай байланышы бар эле?

10. Чындыктан четтегендердин иш-аракеттери ишенимдүү шакирттерге кандай таасир эткен?

10 Тиметей менен башка ишенимдүү шакирттер өздөрүнүн арасында жүргөн чындыктан четтегендердин иш-аракеттерин көрүп, аябай эле тынчсызданышса керек. Кыязы, айрымдары алардын эмне үчүн жыйналыштан чыгарылбай жатканына түпөйүлдөнүшкөн. Балким, кээ бир ишенимдүү бир туугандар Жахабанын алардын берилгендик менен аткарып жаткан кызматы менен чындыктан четтегендердин эки жүздүүлүгүнүн ортосундагы айырманы байкай аларына кандайдыр бир деңгээлде шектенген чыгар (Элч. 20:29, 30).

Тиметей чындыктан четтегендердин таасирине алдырган эмес (10—12-абзацтарды кара)

11, 12. Пабылдын каты Тиметейдин ишенимин кандайча бекемдеген?

11 Пабылдын каты Жахабанын ишенимдүү Арунду актаганын, ал эми Корак менен анын таламдаштарын жазалаганын Тиметейдин эсине салып, анын ишенимин бекемдегени күмөнсүз. Мындайча айтканда, Пабыл аны жыйналыштагылардын арасында эки жүздүүлөр жүрсө да, Муса пайгамбардын убагындагыдай эле, Жахаба өзүнө кимдер таандык экенин жакшы билерине ынандырган.

 12 Жахаба — эч качан өзгөрбөгөн ишеничтүү Кудай. Ал адилетсиздикти жек көрөт жана өкүнбөгөн күнөөкөрлөргө өз убагы келгенде сөзсүз тиешесин берет. Пабылдын жазгандарына ылайык, «Жахабанын ысмын чакырган» кызматчы катары Тиметей эки жүздүүлөрдүн ыймансыздыгын четке кагууга чечкиндүү болушу керек болчу *.

ЧЫН ЖҮРӨКТӨН СЫЙЫНГАНДАР СЫЙЛЫКСЫЗ КАЛБАЙТ

13. Эмнеге толук ишенсек болот?

13 Пабылдын ыйык рухтун жетеги менен жазган сөздөрү бизге да кайрат берет. Ал айткандай, Жахаба ага болгон берилгендигибизди көрүп турат. Ал бизге үстүртөн гана байкоо салып койбостон, чындап кам көрөт. Ыйык Китепте: «Жахаба өзүнүн күчүн ага бүт жүрөгү менен берилген адамдарга жардам бергенге колдонуш үчүн бүт жер жүзүн карап турат»,— деп айтылат (2 Жылн. 16:9). Андыктан Жахаба үчүн чын жүрөктөн кылган эмгегибиздин эч качан «текке кетпей турганына» шектенбесек болот (1 Тим. 1:5; 1 Кор. 15:58).

14. Жахабага кандай кызмат жакпайт?

14 Жахабага эки жүздүүлүк менен кызмат кылуу жакпай турганын билүү сестентпей койбойт. Ал «бүт жер жүзүн карап тургандыктан» кимдин ага «бүт жүрөгү менен берилбегенин» оңой эле байкап коёт. Накыл сөздөр 3:32де: «Жахаба арамзадан жийиркенет»,— делет. Ооба, өзүн тил алчаак кылып көрсөтүп коюп, жашыруун күнөө кылып жүргөндөр анын көз алдында жийиркеничтүү. Андай адамдар башкаларды амалкөйлүк менен адаштыра алышы мүмкүн. Бирок Жахаба кудурети күчтүү жана адил Кудай болгондуктан, «кылмыштарын жашырган киши ийгиликке жетпейт» (Накыл 28:13; оку: 1 Тиметей 5:24; Еврейлер 4:13).

15. Эмнеден сак болушубуз керек жана эмне үчүн?

15 Албетте, Жахабанын кызматчыларынын дээрлик баары ага бүт жүрөгү менен кызмат кылат. Ошондуктан жыйналыштагы кимдир бирөөнүн билип туруп Жахабага эки жүздүүлүк менен сыйынышы таптакыр чындыкка коошпогондой сезилиши мүмкүн. Анткен менен бул Муса пайгамбардын убагында жана 1-кылымда болгон болсо, биздин күндөрдө да болушу толук ыктымал (2 Тим. 3:1, 5). Бирок ушундан улам ишенимдештерибиздин ниетине, Жахабага чын жүрөктөн кызмат кылып жатканына шек санай бергенибиз туура болобу? Жок. Эч кандай негиз жок эле, алар жөнүндө жаман ойдо болгонубуз туура эмес болуп калат. (Оку: Римдиктер 14:10—12; 1 Корунттуктар 13:7.) Бул Жахаба менен болгон мамилебизге доо кетирет.

16. а) Эки жүздүүлүк жүрөгүбүзгө тамырлап албашы үчүн, ар бирибиз эмне кылышыбыз керек? б)  «Текшерип, өзүңөрдү сынап тургула» деген кутучадан кандай маанилүү ойлорду табууга болот?

16 Кудайдын ар бир кызматчысы «өзүнүн иштерин текшериши» керек (Гал. 6:4). Жеткилеңсиз болгондуктан байкабай эле Жахабага туура эмес ниет менен кызмат кыла башташыбыз мүмкүн (Евр. 3:12, 13). Андыктан мезгил-мезгили менен жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү ниетибизди текшерип турушубуз зарыл. Ан үчүн: «Жахабага аны Эгедер катары кабыл алып, чындап жакшы көргөндүктөн кызмат кылып жатамбы? Же Бейиштеги телегейи тегиз жашоону көксөгөндүктөн элеби?» — деп ойлонуп көргөнүбүз оң (Аян 4:11). Өзүбүздү текшерип, жүрөгүбүздөн эки жүздүүлүктүн кымындай белгилерин да жок кылып турганыбыз маанилүү.

БЕРИЛГЕНДИГИН САКТАГАНДАР БАКТЫЛУУ

17, 18. Эмне үчүн Жахабага чын жүрөктөн жана таза ниет менен кызмат кылышыбыз керек?

17 Эгер Жахабага чын жүрөктөн жана таза ниет менен кызмат кылсак, мол  бата алабыз. «Айыбын Жахаба эсепке албаган, куулугу жок адам бактылуу»,— делет Ыйык Китепте (Заб. 32:2). Ооба, жүрөгүндө эки жүздүүлүктүн өрчүп кетишине жол бербегендер азыртадан эле кубанычка бөлөнүп, келечекте болсо толугу менен бактылуу болушат.

18 Жакында Жахаба жаман иштерди кылып жүргөндөрдүн жана эки түрдүү жашоо өткөргөндөрдүн бетин ачып, «адил адам менен ыймансыз адамдын, Кудайга кызмат кылган адам менен кызмат кылбаган адамдын ортосундагы айырманы көрсөтөт» (Мал. 3:18). Ал убак келгенге чейин, анын «көзү адил адамдарды көрүп, кулагы алардын жалынычын угарын» билгенибиз бизге дем-күч берип, кайраттандырып турат (1 Пет. 3:12).

^ абз. 8 Пабыл Тиметейге кат жазгандан бир топ жыл өткөндөн кийин, элчи Жакан Аян 21:14тө ар бирине 12 элчинин ысмы жазылган он эки таштан турган пайдубал жөнүндө жазган.

^ абз. 12 Канткенде Жахабаны туурап, ыймансыздыкты четке кага аларыбыз тууралуу кийинки макалада сөз жүрөт.