Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын эли «ыймансыздыкты четке кагат»

Жахабанын эли «ыймансыздыкты четке кагат»

«Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам ыймансыздыкты четке каксын» (2 ТИМ. 2:19).

1. Сыйынуубузда эмне өзгөчө мааниге ээ?

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮ боюнча Жахабанын ысмын көптөгөн имараттардан же музейдеги буюм-тайымдардан кездештирүүгө болот. Эгер Жахабанын ысмын ошондой жерлерден көрүп калган болсоң, аябай сүйүнгөн болушуң керек. Анткени биз Жахабанын Күбөлөрү болгондуктан, анын ысмы сыйынуубузда өзгөчө мааниге ээ. Жер бетинде Кудайдын ысмын бизчелик колдонгон бир да эл жок. Бирок биз Кудайдын ысмы менен аталуунун сыймык гана эмес, жоопкерчилик экенин да түшүнөбүз.

2. Кудайдын ысмы менен аталуу кандай жоопкерчиликти артат?

2 Жахабага жагуу үчүн анын ысмын колдонгондон тышкары, адеп-ахлак нормаларына ылайык жашаганыбыз абзел. Ошондуктан Ыйык Китепте «жамандыктан алыс болушубуз» керектиги эскертилет (Заб. 34:14). Бул элчи Пабылдын: «Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам ыймансыздыкты четке каксын»,— деген сөздөрүнөн айкын көрүнүп турат. (Оку: 2 Тиметей 2:19.) Ырас, биз Жахабанын Күбөлөрү катары анын ысмын чакырганыбыз менен белгилүүбүз. Бирок ыймансыздыкты четке кагып жатабызбы?

 ЖАМАНДЫКТАН «АЛЫС ТУР»

3, 4. Ыйык Китептеги кайсы сөздөр окумуштуулардын арасында кызуу талкуу жаратып келет жана эмне үчүн?

3 Келгиле, элчи Пабылдын 2 Тиметей 2:19дагы сөздөрүнө кененирээк токтололу. Ал аятта Пабыл «Кудай тургузган бекем пайдубал» жана ага жазылган эки сүйлөм жөнүндө айткан. Пайдубалдагы: «Жахаба өзүнө таандык болгондорду билет»,— деген биринчи сүйлөм Сандар 16:5тен цитата кылынган. (Мурунку макаланы кара.) Ал эми: «Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам ыймансыздыкты четке каксын»,— деген экинчи сүйлөм көп убакыт бою окумуштуулардын арасында кызуу талкуу жаратып келет. Эмне үчүн?

4 Бир караганда, ал сүйлөм Ыйык Китептин башка жеринен цитата кылынгандай сезилет. Бирок Еврей Жазмаларында Пабылдын сөздөрүнө дал келген андай аят жок көрүнөт. Анда Пабыл: «Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам ыймансыздыкты четке каксын»,— деген сүйлөмдү каяктан алган? Андан мурунку сүйлөмдү ал Сандар китебинин 16-бөлүмүндөгү Корактын козголоңу жөнүндөгү билдирүүдөн алган. Ушундан улам экинчи сүйлөм деле ошол окуя менен байланыштуу деп жыйынтык чыгарсак болобу?

5—7. Пабыл 2 Тиметей 2:19дагы сөздөрдү Муса пайгамбардын убагындагы кайсы окуяга байланыштырып айткан? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

5 Ыйык Китепте Элиаптын уулдары Датан менен Абырамдын Коракка кошулуп, Муса пайгамбар менен Арунга каршы чыгышканы айтылат (Сан. 16:1—5). Алар Муса пайгамбарды такыр сыйлабай, анын Кудай берген бийлигин четке кагышкан. Андан тышкары, алар Кудайдын элинин арасында жүрүп, башкалардын Жахаба менен болгон мамилесине коркунуч туудурушкан. Жахаба кимдин ага чын жүрөктөн кызмат кыларын, ал эми кимдин эки жүздүү экенин көрсөтөрдөн мурун так-айкын буйрук берген.

6 Ыйык Китепте бул тууралуу мындай делет: «Жахаба Мусага: „Жамаатка: “Корактын, Датандын, Абырамдын чатырынан алыс тургула”,— деп айт“,— деди. Муса Датан менен Абырамга барды, аны менен кошо Ысрайыл аксакалдары да барышты. Анан Муса жамаатка: „Булардын күнөөсүнүн айынан силер да өлүп калбашыңар үчүн, бул ыймансыз адамдардын чатырларынан алыс тургула, буларга таандык бир да нерсеге тийбегиле“,— деди. Эл ошол замат Корактын, Датандын, Абырамдын чатырынан алыс барып турушту» (Сан. 16:23—27). Ошондон кийин Жахаба козголоңчулардын баарын өлүмгө дуушар кылган. Ал эми алардан алыс туруп, ыймансыздыкты четке каккан кызматчыларын аман алып калган.

7 Ырас, Жахаба жүрөгүбүздү көрүп турат. Ал өзүнө таандык болгондорду билет. Ошентсе да анын берилген кызматчылары чечкиндүү иш-аракет кылып, ыймансыздардан алыс болушу зарыл. «Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам ыймансыздыкты четке каксын»,— деген сөздөрдү Пабыл Сандар 16:5, 23—27-аяттарда баяндалган окуяга байланыштырып айтса керек. Ушундай жыйынтык чыгарганыбыз жүйөлүү, анткени ал: «Жахаба өзүнө таандык болгондорду билет»,— деген сөздөрүн да ошол окуяга байланыштырып айткан болчу (2 Тим. 2:19).

«АКЫЛСЫЗ, МАҢЫЗСЫЗ ТАЛАШ-ТАРТЫШТАРДЫ ЧЕТКЕ КАК»

8. Жахабанын ысмын чакыруу же жыйналыштын мүчөсү болуу эмне үчүн жетишсиз?

8 Пабыл Муса пайгамбардын убагындагы ошол окуя тууралуу айтуу менен Тиметейге Жахаба менен болгон баа жеткис мамилесин сакташ үчүн чечкиндүү иш-аракет кылышы керектигин эскерткен. Байыркы убакта Жахабанын ысмын чакырып коюу жетишсиз болгондой эле, Машаяктын жолдоочулары үчүн да жыйналыштын мүчөсү болуу  жетишсиз болчу. Алардан «ыймансыздыкты четке кагуу» талап кылынган. Бул Тиметей үчүн эмнени билдирген? Жахабанын бүгүнкү күндөгү кызматчылары Пабылдын ыйык рухтун жетеги менен жазган кеңешин кантип колдонсо болот?

9. «Акылсыз, маңызсыз талаш-тартыштар» 1-кылымдагы жыйналыштарга кандай таасир эткен?

9 Кудайдын Сөзүндө Машаяктын жолдоочулары четке кагышы керек болгон ыймансыздыктын түрлөрүнө байланыштуу так-айкын көрсөтмөлөр берилген. Алсак, 2 Тиметей 2:19дун контекстинде Пабыл Тиметейге «сөз үчүн талашып-тартышуу» туура эмес экенин айтып, аны «куру сөздөрдөн алыс болууга» чакырган. (Оку: 2 Тиметей 2:14, 16, 23.) Себеби жыйналыштын айрым мүчөлөрү жалган окууларды жайылтышкан. Ал эми кээ бирлери кайчы пикирлерди туудурган ой-түшүнүктөрдү айтышкан. Алардын айткандары Ыйык Китепке түздөн-түз каршы келбесе да, талаш-тартыштарды күчөтүп, жыйналыштын бөлүнүп-жарылышына, ынтымагынын ыдырашына алып келген. Ошондуктан Пабыл «акылсыз, маңызсыз талаш-тартыштарды четке кагуунун» маанилүүлүгүн баса белгилеген.

10. Чындыктан четтөөчүлүккө кандай карашыбыз керек?

10 Бүгүнкү күндө биз чындыктан четтегендерди жыйналыштын ичинен кезиктирбешибиз деле мүмкүн. Ошентсе да кайсы бир жерден Ыйык Жазмага каршы келген окууларды байкап калсак, аларды дароо четке кагышыбыз керек. Чындыктан четтегендер менен бетме-бет болобу, Интернет аркылуубу же дагы башка жолдор мененби, талкуу жүргүзгөнүбүз акылсыздыкка жатып калмак. Атүгүл алар менен жардам берүү максатында сүйлөшсөк да, бул жаңы эле талкууланган принципке карама-каршы келет. Жахабанын эли катары чындыктан четтөөчүлүктөн жаа бою качканыбыз маанилүү.

Чындыктан четтегендерден алыс бол (10-абзацты кара)

11. Эмнелер «маңызсыз талаш-тартыштарды» туудурушу мүмкүн жана аксакалдар отордогуларга кантип жакшы үлгү көрсөтө алышат?

11 Жыйналыштын тынчтыгын чындыктан четтөөчүлүктөн башка да нерселер бузат. Мисалы, жыйналыштагылардын көңүл ачууга карата ар кандай көз карашта болгону да «акылсыз, маңызсыз талаш-тартыштарды» туудурушу ыктымал. Албетте, кимдир бирөө көңүл ачуунун Ыйык Китептеги адеп-ахлак нормаларга ылайык келбеген түрүн жактап жатса, аксакалдар ач кулактан тынч кулак деп, андай нерселерге көз жумуп койбошу керек (Заб. 11:5; Эф. 5:3—5). Ошол эле учурда өзүлөрүнүн жеке көз карашын таңуулоодон этият болушу кажет. Алар Ыйык Жазмадагы: «Кудайдын өзүңөргө тапшырылган оторун кайтаргыла... Кудайдын аманаты болгондорго үстөмдүк кылбай, оторго үлгү көрсөтүү менен кайтаргыла»,— деген көрсөтмөгө ылайык иш кылууга ынтызар. (1 Пет. 5:2, 3; оку: 2 Корунттуктар 1:24.)

12, 13. а) Жахабанын Күбөлөрү көңүл ачууну тандоого байланыштуу кандай көз карашта жана бул жагынан кайсы принциптер колдонорлук? б) 12-абзацта талкууланган принциптерди жашоонун башка тармактарында кантип колдонсо болот?

12 Биздин уюм кайсы кинотасмалардан, видео оюндардан, китептерден же ырлардан качышыбыз керектигине байланыштуу көрсөтмөлөрдү бериш үчүн алардын баарын карап чыкпайт. Эмне үчүн? Себеби Ыйык Китепте ар бирибиз акылыбызды «жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктырууга» чакырылабыз (Евр. 5:14). Анда Кудайдын кызматчысына көңүл ачууну туура тандоого жардам бере турган негизги принциптер камтылган. Биз жашообуздун бардык тармагында «Теңирге эмне жагарын баамдап билишибиз» керек (Эф. 5:10). Ыйык Китепке ылайык, үй-бүлө башчыларына кандайдыр бир деңгээлде бийлик берилгендиктен, алар үйүндөгүлөрүнө көңүл ачуунун кайсы бир түрүнө  тыюу сала алышат * (1 Кор. 11:3; Эф. 6:1—4).

13 Жогоруда талкууланган принциптер көңүл ачууну тандоодо эле эмес, башка тармактарда да колдонорлук. Маселен, кийимге, сырткы көрүнүшкө, ден соолукка, тамак-ашка жана башка нерселерге карата ар кимдин ою ар кандай болот. Демек, Ыйык Китептеги принциптер бузулбаса, Жахабанын эли андай маселелерге байланыштуу талашып-тартышпаганы абзел, себеби «Теңирдин кулу чатакташпашы керек, тескерисинче, баарына жумшак мамиле кылышы» зарыл (2 Тим. 2:24).

ЖАМАН ЧӨЙРӨДӨН ООЛАК БОЛ!

14. Жаман чөйрөдөн оолак болуунун маанилүүлүгүн баса белгилеш үчүн Пабыл кайсы мисалды колдонгон?

14 «Жахабанын ысмын чакыргандар» дагы кантип «ыймансыздыкты четке кага» алат? Жаман чөйрөдөн оолак болуу менен. Пабылдын «Кудай тургузган бекем пайдубал» жөнүндөгү мисалдан кийин башка мисалды колдонгону көңүлгө аларлык. Ал «алтын-күмүш идиштер эле эмес, жыгачтан, чоподон жасалган идиштер да бар» «чоң үй» жөнүндө жазган. Ал үйдөгү идиштердин «кээ бирлери сыйга урунулат, кээ бирлери сыйга урунулбайт» (2 Тим. 2:20, 21). Пабыл андан ары ишенимдештерине «сыйга урунулбаган идиштерден алыс болууну» кеңеш кылган.

15, 16. «Чоң үй» жөнүндөгү мисалда кандай маанилүү ой камтылган?

15 Пабыл келтирген мисалды кандай түшүнсө болот? Анын мисалындагы «чоң үй» жыйналышты, ал эми «идиштер» анын мүчөлөрүн билдирет. Үйдөгү айрым идиштер кайсы бир себептерден улам булганып калышы мүмкүн. Үй ээси аларды таза идиштер, мисалы, тамак-ашка колдонулган идиштер менен чогуу койбойт.

16 Анын сыңарындай, бардык жактан таза болушубуз үчүн Жахабанын  принциптерин дайыма буза бергендерден алыс болушубуз керек. (Оку: 1 Корунттуктар 15:33.) Эгер жыйналыштын ичиндеги ошондой адамдардан оолак болушубуз керек болсо, анда жыйналыштын сыртындагы акчаны сүйгөн, ата-энесинин тилин албаган, ишенимсиз, жалаа жапкан, ырайымсыз, жакшылык кылгысы келбеген, чыккынчы, Кудайдын ордуна ырахатты сүйгөн адамдардан ого бетер алыс болушубуз керек эмеспи?! (2 Тим. 3:1—5).

ЖАХАБА ЧЕЧКИНДҮҮЛҮГҮБҮЗГӨ БАТАСЫН БЕРЕТ

17. Ишенимдүү ысрайылдыктар ыймансыздыкты четке кагууда Жахабанын буйругун канчалык так аткарышкан?

17 Жахаба «Корактын, Датандын, Абырамдын чатырынан алыс турууга» буйрук бергенде, ишенимдүү ысрайылдыктар «ошол замат... алыс барып турушкан» (Сан. 16:24, 27). Алар олку-солку болуп, создуктурушкан эмес. Ыйык Китепте алардын буйрукту канчалык так аткарганы, башкача айтканда, козголоңчулардын чатырларынан алыс барып турушканы да айтылат. Алар өмүрүн тобокелге салбай, Жахабага чын жүрөктөн, толугу менен баш ийишкен. Ишенимдүү ысрайылдыктар Кудай тарапты ээлеп, ыймансыздыкты четке кагышкан. Ошол окуядан биз эмнеге үйрөнө алабыз?

18. Тиметейди «жаштыкка мүнөздүү каалоолордон качууга» үндөгөндө Пабыл кайсы ойду айткысы келген?

18 Жахаба менен болгон мамилебизге коркунуч туулганда, тезинен жана чечкиндүү иш-аракет кылышыбыз керек. Тиметейди «жаштыкка мүнөздүү каалоолордон качууга» үндөгөндө Пабыл ушул ойду айткан (2 Тим. 2:22). Ал кезде Тиметей, кыязы, 30дардан ашып калган. Бирок «жаштыкка мүнөздүү каалоолор» адамдын жаш курагына карабагандыктан, Тиметей андай акылсыз каалоолорду, пайда болору менен, жок кылышы керек болчу. Башкача айтканда, ал «ыймансыздыкты четке кагышы» керек болгон. Иса Машаяк да: «Эгер көзүң күнөөгө түртсө, аны оюп алып, ыргытып жибер» — деп, ушу сыяктуу ойду баса белгилеген (Мт. 18:9). Кудайдын бул кеңешке кулак каккан кызматчылары, аны менен болгон достугуна коркунуч туулганда, буйдалбастан, дароо иш-аракет кылышат.

19. Жахаба менен болгон достугун бузуп албаш үчүн айрымдар кантип чечкиндүү иш кылууда?

19 Жахабанын Күбөсү болгонго чейин ичимдикти кыянат колдонуп келген айрым бир туугандар аны такыр оозуна албоону чечишкен. Башкалары болсо көңүл ачуунун Ыйык Китепке каршы келбеген, бирок жаман каалоо-сезимдерин ойгото турган түрлөрүнөн толугу менен баш тартышкан (Заб. 101:3). Мисалы, бир ишенимдешибиз чындык жолуна түшкөнгө чейин көп эл чогулуп бийлеген кечелерге барып турчу. Ал жакта адеп-ахлаксыз иштер да жасалчу. Ыйык Китепти изилдей баштагандан кийин ал, мурунку туура эмес каалоолору ойгонуп кетпеши үчүн, атүгүл ишенимдештери менен чогулган жерлерде да такыр бийлебей эле коюуну чечкен. Албетте, бул Кудайдын кызматчыларынын баары ичимдиктен, бийден же Ыйык Китепке каршы келбеген ушул сыяктуу нерселерден баш тартышы керектигин билдирбейт. Анткен менен ар бирибиз Жахаба менен болгон достугубузду буза турган нерселерден алыс болуш үчүн чечкиндүү иш кылышыбыз керек.

20. «Ыймансыздыкты четке кагуу» оңой болбосо да, багынбоого бизге эмне түрткү берет?

20 Ооба, Кудайдын ысмы менен аталуу сыймык гана эмес, жоопкерчилик дагы. Бизден «ыймансыздыкты четке кагуу» жана «жамандыктан алыс болуу» талап кылынат (Заб. 34:14). Бул дайыма эле оңой боло бербейт. Бирок Жахабанын «өзүнө таандык болгондорду» жана анын адил жолунда жүргөндөрдү жакшы көрөрүн билүү бизге багынбоого түрткү берет. (2 Тим. 2:19; оку: 2 Жылнаама 16:9а.)

^ абз. 12 jw.org/ky сайтындагы «Силерде кайсы бир кинотасмаларга, китептерге жана ырларга тыюу салынабы?» деген макаланы кара. (Аны бул жерден таба аласың: БИЗ ЖӨНҮНДӨ > КӨПТӨРДҮ КЫЗЫКТЫРГАН СУРООЛОР).