Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КУДАЙДЫН ПАДЫШАЛЫГЫ ЭМНЕЛЕРДИ ИШКЕ АШЫРАТ?

Кудайдын Падышалыгы башкарганда эмнелер ишке ашат?

Кудайдын Падышалыгы башкарганда эмнелер ишке ашат?

Ушул макалаларды окуп, эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү Кудайдын Падышалыгына өзгөчө маани берерин түшүнгөн чыгарсыңар. Ошондой эле ал Падышалык башкарган маалда адамзат Кудайдан кандай бата аларын окуганда кызыгууңар андан бетер арткандыр. Ошол эле учурда ал нерселердин болушу мүмкүн эместей сезилгендир.

Ушул жазылгандарга дароо эле ишенип калбай, ойлонгонуңар, чынында, акылдуулукка жатат (Накыл сөздөр 14:15). Силерди кандайдыр бир мааниде байыркы учурда жашаган бероялыктарга * салыштырса болот. Алар Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды өзгөчө ынтызарлык менен кабыл алышкан. Бирок ал кабарга ошондой болушун каалагандыктан эле эмес, айтылгандардын «чын-төгүнүн текшерип», Ыйык Жазманы «кылдат изилдегенден» кийин гана ишенишкен (Элчилер 17:11). Башкача айтканда, уккандарын Ыйык Жазмада жазылгандар менен салыштырышкан. Алар убакыттын өтүшү менен ал жакшы кабардын Кудайдын Сөзүнө негизделгенине ынанышкан.

Жахабанын Күбөлөрү силерди да Ыйык Китепти изилдеп, текшерип көрүүгө үндөйт. Кааласаңар, Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти акысыз изилдесеңер болот. Ошонун аркасында алардын Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айткандары Ыйык Китепте жазылгандарга дал келер-келбесин биле аласыңар.

Андан тышкары, төмөнкүдөй маанилүү суроолорго Ыйык Китепте эмне деп жооп берилерин билесиңер.

Ыйык Китепти изилдесеңер, эң негизгиси, «Кудайга жакындайсыңар» (Жакып 4:8). Ал эми Кудайга жакындаган сайын, анын өкмөтү бийлик жүргүзгөнүнүн аркасында азыр да, келечекте да түбөлүк бата аларыңарга ынана бересиңер. Иса Машаяк өзү да Кудайдан тиленип жатканда: «Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сени жана сен жиберген Иса Машаякты таанып-билүү зарыл»,—деп айткан (Жакан 17:3).

 

^ абз. 4 Бероя байыркы Македониядагы шаар болгон.