Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Кудайдын Падышалыгы деген эмне? Эмне үчүн анын келишин тилешибиз керек?

Кудайдын Падышалыгы жана ал эмнелерди ишке ашырары жөнүндө көбүрөөк билгиңер келеби?

Кудайдын Падышалыгы — бул реалдуу өкмөт. Иса Машаяк шакирттерин ошол өкмөттүн келишин Кудайдан тиленүүгө үндөгөн. Анткени жер жүзүнө адилеттик менен тынчтыкты ошол өкмөт гана орноторун билген. Адамдар түзгөн бир да өкмөт зомбулукту, адилетсиздикти, ооруну жок кыла албайт. Ал эми Кудайдын Падышалыгы жакында ушул көйгөйлөрдүн баарын чечет. Кудай ал өкмөттүн Падышасы кылып, Иса Машаякты дайындаган. Ошондой эле аны менен бирге башкара турган адамдарды да тандаган. (Окугула: Лука 11:2; 22:28—30.)

Жакында Кудайдын Падышалыгы Кудайдын бийлигине каршы чыккандардын баарын жок кылат. Андыктан анын Падышалыгынын келишин тилөө адамдар түзгөн өкмөттөрдүн ордуна Кудайдын өкмөтү бийлик жүргүзүшүн сурап тилөөнү билдирет. (Окугула: Даниел 7:13, 14; Аян 11:15, 18.)

Кудайдын Падышалыгы адамзат үчүн эмнелерди кылып берет?

Иса Машаяк — эң сонун падыша. Анткени ал абдан боорукер. Ошондой эле ал Кудайдан жардам сурап жалбаргандардын баарына жардам бере алат. (Окугула: Забур 72:8, 12—14.)

Кудайдын Падышалыгынын келишин сурап тиленгендердин жана Кудайга жаккандай жашагандардын баары ал өкмөт жер жүзүн башкарганда Кудайдын батасын алышат. Андыктан Ыйык Китепте Кудайдын Падышалыгы жөнүндө эмне деп айтыларын окуп көргүлө. (Окугула: Лука 18:16, 17; Жакан 4:23.)