Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иса Машаяктын тирилгени биз үчүн кандай мааниге ээ?

Иса Машаяктын тирилгени биз үчүн кандай мааниге ээ?

«Ал... тирилди» (МТ. 28:6).

1, 2. а) Диний жетекчилер эмнени билгиси келген жана Петир аларга эмне деген? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Петирге кайраттуу болууга эмне жардам берген?

ИСА МАШАЯКТЫН өлгөнүнөн көп өтпөй, элчи Петир жаалы бетине чыккан таасирдүү кишилердин тобуна кабылат. Алар Исанын өлүмүнө түздөн-түз катыштыгы бар диний жетекчилер эле. Петир тубаса аксак бир кишини айыктыргандыктан, жүйүттөрдүн ал диний жетекчилери андан муну кайсы күч менен же кимдин атынан кылганын сурап, жооп беришин талап кылышат. Ал эч тайманбай: «Бул киши силер устунга кадап өлтүргөн, бирок Кудай тирилтип алган назареттик Иса Машаяк аркылуу жана анын аты менен айыгып, алдыңарда турат»,— деп жооп берет (Элч. 4:5—10).

2 Мурунураак Петир коркунучка алдырып, Исадан үч жолу баш тарткан болчу (Мр. 14:66—72). Анда эмнеден улам ал диний жетекчилерге эр жүрөктүк менен жооп бере алган? Ага ыйык рухтун жардам бергени шексиз. Ошондой эле ал Мырзасынын тирилгенине бекем ишенгендиктен да кайраттуу болгон. Петир буга эмне себептен бекем ишенген? Биз да Исанын тирилгенине эмне үчүн толук ишенсек болот?

3, 4. а) Машаяктын элчилери төрөлгөнгө чейин кимдер тирилген? б) Иса кимдерди тирилткен?

3 Өлгөн адамдардын тирилгени Машаяктын элчилери  үчүн жаңы нерсе эмес болчу. Анткени элчилер жарык дүйнөгө келген убакка чейин эле тирилген адамдар болгон. Мисалы, алар Илияс жана Элиша пайгамбарлардын Кудайдын күчү менен ошондой кереметтерди жасашканын билишчү (1 Пад. 17:17—24; 2 Пад. 4:32—37). Ыйык Китепте атүгүл Элишанын сөөгүнө тийип, тирилип кеткен киши жөнүндө да жазылат (2 Пад. 13:20, 21). Биз Кудайдын Сөзүнүн чындык экенине ишенгендей эле, Машаяктын алгачкы жолдоочулары да Ыйык Китептеги андай билдирүүлөрдүн чындык экенине күмөн санашчу эмес.

4 Иса Машаяктын өлгөндөрдү тирилткени жөнүндө окуганда жүрөгүбүз козголбой койбойт. Ал жападан жалгыз уулун тирилтип бергенде, жесир аялдын жетине албай сүйүнгөнү шексиз (Лк. 7:11—15). Дагы бир жолкусунда Иса 12 жашар кызды тирилткен. Ошондо кыздын кайгыга малынып, кан жутуп турган ата-энесинин бир чети кубанып, бир чети аң-таң болуп жатканын элестетсең (Лк. 8:49—56). Ошондой эле Лазардын мүрзөдөн чыгып келатканын көргөндөрдүн канчалык таасирленгени жөнүндө да ойлонуп көрсөң (Жкн. 11:38—44).

ИСАНЫН ТИРИЛГЕНИ ЭМНЕ ҮЧҮН ӨЗГӨЧӨ БОЛГОН?

5. Иса Машаяктын тирилгени ага чейин тирилген адамдардыкынан эмнеси менен айырмаланган?

5 Элчилер Мырзасынын тирилгени ага чейин тирилген адамдардыкынан айырмаланганын билишкен. Исага чейин тирилгендердин денеси кадимкидей эле болгон жана алар кийин кайра эле өлүшкөн. Ал эми Иса Машаяк рух катары тирилген, башкача айтканда, тирилгенден кийин чирибей турган денеге ээ болгон. (Оку: Элчилер 13:34.) Элчи Петир анын «адам катары өлүп, кайра рух катары тирилгенин» жазган. «Асманга көтөрүлгөндөн кийин Машаяк Кудайдын оң жагына отурган. Кудай ага периштелерди, бийликтерди, күчтөрдү баш ийдирген» (1 Пет. 3:18—22). Ырас, Исага чейинкилердин тирилгени укмуштуудай чоң керемет болсо да, анын тирилгенин алардын эч бирине салыштырып болбойт.

6. Машаяктын тирилгени жолдоочуларына кандай таасир эткен?

6 Машаяктын тирилгени жолдоочуларына аябай күчтүү таасир эткен. Душмандары аны биротоло өлдү деп ойлошкон. Бирок Иса бир да адам зыян келтире албай турган күчтүү рухий жаратуу катары тирилген. Бул анын Кудайдын Уулу экенин далилдеген. Анын тирилгенин билгенде шакирттери жанданып, көкүрөгүндөгү кайгысы зор кубанычка айланган. Андан сырткары, алар коркуу сезимин жеңип, кайраттуу болуп калышкан. Исанын тирилгени Жахабанын ой-ниетинин жана анын шакирттери бардык жерде тайманбастык менен жарыялаган жакшы кабардын өзөгүн түзгөн.

7. Иса азыр эмне кылып жатат жана кайсы суроолорго жооп алышыбыз керек?

7 Жахабанын кызматчылары катары биз Исанын жөн эле улуу киши болбогонун жакшы билебиз. Ал азыр тирүү жана жер бетинде жашагандардын ар бирине таасир эте турган ишти жетектеп жатат. Кудайдын асмандагы Падышалыгынын Падышасы катары Иса Машаяк жакында жерди жамандыктан тазалап, аны адамдар түбөлүк өмүр сүрө турган бейишке айландырат (Лк. 23:43). Эгер ал тирилген эмес болсо, мунун бири да ишке ашпайт болчу. Бирок анын тирилгенине ишенүүгө кандай себептер бар? Анын тирилгени биз үчүн кандай мааниге ээ?

ЖАХАБА ӨЛҮМДӨН КҮЧТҮҮ ЭКЕНИН КӨРСӨТКӨН

8, 9. а) Диний жетекчилер эмне үчүн Пилаттан Исанын мүрзөсүн кайтартууну суранышкан? б) Аялдар мүрзөгө барганда эмне болгон?

8 Иса Машаяк өлүм жазасына тартылгандан кийин, жогорку дин кызматчылар  менен фарисейлер Понтий Пилатка барып: «Мырзабыз, биз жанагы алдамчынын тирүү кезинде: „Үч күндөн кийин тирилем“,— деп айтканын эстедик. Ошондуктан мүрзөнү үч күнгө чейин кайтарууга буйрук бер. Шакирттери анын сөөгүн уурдап кетип, элге: „Ал тирилди“,— деп айтышпасын. Ошондо акыркы калп мурункусунан да жаман болот»,— дешкен. Пилат: «Сакчыларды алгыла да, барып, өз билгениңердей кайтара бергиле»,— деген. Анан алар мүрзөнү сакчыларга кайтартып коюшкан (Мт. 27:62—66).

9 Исанын сөөгү асканын бооруна оюлган мүрзөгө коюлуп, анын оозу чоң таш менен бекитилген болчу. Жүйүттөрдүн диний жетекчилери анын ошол жерде түбөлүккө калышын каалашкан. Бирок Жахабанын эрки таптакыр башкача болчу. Магдалалык Мариям менен башка Мариям үчүнчү күнү мүрзөгө барып, оозундагы таштын жылдырылганын жана анын үстүндө периштенин отурганын көрүшкөн. Периште аларга мүрзөнүн ичи бош экенин, аны өздөрү да карап көрсө болорун айтып: «Ал бул жерде жок, анткени... тирилди»,— деген (Мт. 28:1—6). Ооба, Иса тирилген болчу.

10. Машаяктын тирилгенине байланыштуу Пабыл кандай далилдерди келтирген?

10 Ошондон кийинки 40 күндүн ичинде болгон окуялар Машаяктын тирилгенине кымындай да шек жок экенин көрсөткөн. Алар тууралуу элчи Пабыл Корунттагы ишенимдештерине мындай деп жазган: «Өзүм кабыл алып, силерге билдирген маанилүү нерселердин бири бул: Ыйык Жазмага ылайык, Машаяк биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлүп, көргө коюлган жана Ыйык Жазмага ылайык, үчүнчү күнү тирилген, анан Кейфага, кийин он эки элчиге көрүнгөн. Андан соң бир эле учурда 500дөн ашык бир тууганыбызга көрүнгөн. Алардын көбү азыр деле арабызда жүрөт, кээ бирлери өлүм уйкусуна кеткен. Андан кийин Жакыпка, анан элчилердин баарына көрүнгөн. Эң акырында болсо ара төрөлгөн балага окшогон мага да көрүнгөн» (1 Кор. 15:3—8).

ИСА МАШАЯКТЫН ТИРИЛГЕНИН КАЙДАН БИЛЕБИЗ?

11. Машаяктын тирилгени кандайча «Ыйык Жазмага ылайык» болгон?

11 Биринчиден, анын тирилгени «Ыйык Жазмага ылайык» болгон. Машаяктын тирилери жөнүндө Кудайдын Сөзүндө алдын ала жазылган болчу. Алсак, Дөөтү пайгамбар Кудайдын «ишенимдүү кызматчысынын» көрдө калтырылбай турганын айткан. (Оку: Забур 16:10.) Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында элчи Петир анын сөздөрүн Иса Машаякка карата колдонуп: «[Дөөтү] Машаяктын тирилерин алдын ала көрө билип, анын көрдө калтырылбасын жана денесинин чирибей турганын айткан»,— деген (Элч. 2:23—27, 31).

12. Тирилгенден кийин Иса кимдерге көрүнгөн?

12 Экинчиден, анын тирилгенин көптөгөн күбөлөр ырасташкан. Тирилгенден кийин 40 күн аралыгында Иса мүрзө жайгашкан бакчадан, Эмаус деген айылга бараткан жолдон жана башка жерлерден шакирттерине көрүнүп, алар менен сүйлөшкөн (Лк. 24:13—15). Алардын арасында Петир жана башкалар болгон. Ал эми бир жолкусунда бир эле учурда 500дөн ашык кишиге көрүнгөн. Исанын тирилгенин өз көзү менен көргөн ушунча көп күбөнүн ырастоосун четке кагуу мүмкүн эмес.

13. Шакирттердин ынталуулугунан алардын Машаяктын тирилгенине бекем ишенишкени кандайча көрүнгөн?

13 Үчүнчүдөн, шакирттери ал жөнүндө ынталуулук менен күбөлөндүрүшкөн. Машаяктын тирилгенин ынталуулук менен жарыялагандыктан алар куугунтукка кабылышкан, азап тартышкан, атүгүл өмүрүнөн айрылышкан. Эгер ал тирилбесе, Петир  өмүрүн тобокелге салып, Исаны жек көргөн жана аны устунга кадаткан диний жетекчилердин алдында ал тууралуу күбөлөндүрөт беле? Мырзасынын тирүү экенине, анын Кудайдын ишин жетектеп жатканына бекем ишенгендиктен Петир жана башка шакирттер ал жөнүндө кайраттуулук менен жарыялашкан. Андан тышкары, Исанын тирилгени аларды өздөрүнүн да тирилерине ынандырган. Алсак, Степан өлүм алдында турганда кайра тирилерине эч шектенген эмес (Элч. 7:55—60).

14. Исанын тирүү экенине эмне үчүн ишенесиң?

14 Төртүнчүдөн, Машаяктын азыр Падыша жана жыйналыштын Башчысы экенине көптөгөн далилдер бар. Анын колдоосунун аркасында бүгүнкү күндө чыныгы сыйынуу гүлдөп-өсүүдө. Эгер Иса Машаяк тирилбесе, мындай өсүш болмок эмес, ошондой эле биз ал тууралуу эч качан укмак эмеспиз. Анын тирүү экенине жана жакшы кабардын дүйнө жүзүнө жарыяланышын жетектеп жатканына толук ишенүүгө бизде жүйөлүү далилдер бар.

БИЗ ҮЧҮН КАНДАЙ МААНИГЕ ЭЭ?

15. Машаяктын тирилгени бизге эмне үчүн тайманбастык менен кабар айтууга жардам берет?

15 Машаяктын тирилгени бизге тайманбастык менен кабар айтууга жардам берет. Кудайдын душмандары кабар айтуу ишине бөгөт коюу үчүн 2 000 жылдай убакыттан бери ар кандай ыкмаларды колдонуп келишет. Маселен, айрым өлкөлөрдө ишибизге тыюу салынгандан сырткары, чындыктан четтегендер, шылдыңчылар, сүрмө топтор ар кыл кыйынчылыктарды туудурушкан. Ошондой эле айрым ишенимдештерибиз өлүмгө да дуушар болушкан. Бирок бизге «каршы жасалган бир да курал» Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин токтото албайт (Ыш. 54:17). Биз Шайтандын тарабындагылардан коркпойбуз. Анткени Иса Машаяк, өзү убада кылгандай, ар дайым биз менен болуп, колдоп турат (Мт. 28:20). Душмандарыбыздан коркпогонго бизде көптөгөн себептер бар. Алар канчалык аракет кылбасын, эч качан бизди токтото албайт!

Машаяктын тирилгени бизге тайманбастык менен кабар айтууга жардам берет (15-абзацты кара)

16, 17. а) Исанын тирилгени анын окууларынын чындык экенин кандайча бышыктайт? б) Жакан 11:25ке ылайык, Жахаба Уулуна эмне кылууга күч берген?

16 Исанын тирилгени анын окууларынын чындык экенин бышыктайт. Элчи Пабыл жазгандай, Машаяк тирилбесе, анда кабар айтканыбыздын да, ишенгенибиздин да пайдасы жок болмок. Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуу: «Эгер Машаяк тирилбесе,.. анын жолдоочулары карандай калпка алданып калган байкуштар болмок»,— деп жазган. Иса тирилбесе, Инжилде камтылган билдирүүлөр душман колдуу болуп өлгөн бир акылдуу, жакшы кишинин кайгылуу окуясы гана болуп калмак. Бирок Иса, чынында эле, тирилген. Бул анын окууларынын, анын ичинде келечек жөнүндө айткандарынын ишенүүгө татыктуу экенин бышыктап турат. (Оку: 1 Корунттуктар 15:14, 15, 20.)

17 Иса Машаяк: «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн. Мага ишенген адам өлсө да, кайра тирилет»,— деген (Жкн. 11:25). Анын бул убадасы сөзсүз аткарылат. Жахаба ага асманда жашай тургандарды гана эмес, жер бетинде түбөлүк өмүр сүрө турган миллиарддаган адамдарды да тирилтүүгө күч берген. Машаяктын куткаруу курмандыгы менен тирилгени келечекте өлүм болбой турганына кепилдик берет. Муну билүү сага бардык кыйынчылыктарга чыдоого, атүгүл өлүмгө да тике кароого түрткү бербейби?

18. Исанын тирилгени эмнеге кепилдик берет?

18 Исанын тирилгени бизди адамдардын Жахабанын адил нормаларына ылайык соттолоруна ынандырат.  Пабыл байыркы Афин шаарында топ элге: «[Кудай] өзү дайындаган киши аркылуу жер жүзүн адилдик менен соттой турган күндү белгилеп койгон жана буга бардык адамдар ишениши үчүн, ошол кишини өлгөндөрдүн арасынан тирилтип, кепилдик берген»,— деген (Элч. 17:31). Ооба, Иса Машаяк — Кудай тарабынан дайындалган Сот. Биз анын мээримдүүлүк жана чынчылдык менен сот жүргүзөрүнө толук ишенсек болот. (Оку: Ышая 11:2—4.)

19. Исанын тирилгенине ишенүү бизге эмне кылууга түрткү берет?

19 Исанын тирилгенине ишенүү бизге Кудайдын эркин аткарууга түрткү берет. Эгер ал өз өмүрүн курмандыкка чалып, кайра тирилбесе, биз күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошоно алмак эмеспиз (Рим. 5:12; 6:23). Ошондой эле: «Ичип-жейли, анткени эртең өлөбүз»,— деп ой жүгүрткөн адамдардай болмокпуз (1 Кор. 15:32). Бирок биз азыр жашоодон ырахат алууну эле көздөбөйбүз. Анын ордуна, тирилүүгө болгон үмүтүбүздү жогору баалайбыз жана бардык нерседе Жахабанын жетегине баш ийүүнүн маанилүү экенин жакшы түшүнөбүз.

20. Машаяктын тирилгени кандайча Жахабанын улуулугу жөнүндө күбөлөндүрүп турат?

20 Машаяктын тирилгени Жахабанын — «аны талыкпай издегендерге сыйлык бере» турган Кудайдын — улуулугу жөнүндө эң сонун күбөлөндүрүп турат. (Евр. 11:6). Уулун асмандагы жашоого тирилтип, өлбөстүккө ээ кылуу үчүн Жахаба зор күчүн, чексиз акылмандыгын көрсөткөн. Муну менен ал өзүнүн бардык убадаларын аткарууга кудуреттүү экенин да айгинелеген. Анын эгедерликке байланышкан талаш маселени чечүүдө маанилүү роль ойной турган «тукум» жөнүндөгү убадасы да сөзсүз аткарылат. Ан үчүн Исанын өлүп, кайра тирилиши талап кылынган (Башт. 3:15).

21. Тирилүүгө болгон үмүт сага кандай таасир этет?

21 Тирилүүгө бекем үмүт бергени үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз! Ыйык Китепте дем-шык берерлик мындай сөздөр жазылган: «Мына, Кудайдын чатыры адамдардын арасында болот. Кудай алар менен жашайт, алар анын эли болушат. Кудай өзү алар менен болот. Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти». Жаркын келечекке байланышкан бул убада ишенимдүү элчи Жакан аркылуу жазылган. Ага: «Жаз, анткени бул сөздөр ишенүүгө татыктуу, бул сөздөр чын»,— деп айтылган. Элчи Жаканга ал аянды тирилген Иса Машаяк көрсөткөн (Аян 1:1; 21:3—5).