Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн ыйык болушубуз керек?

Эмне үчүн ыйык болушубуз керек?

«Ыйык болгула» (ЛЕБ. 11:45).

1. Лебилер китеби бизге кайсы жагынан жардам берет?

ЫЙЫКТЫК жөнүндө Ыйык Жазмадагы китептердин ичинен Лебилер китебинде баарынан көп айтылат. Жахабанын ар бир кызматчысынан ыйык болуу талап кылынат. Эгер Лебилер китебин жакшыраак түшүнүп, аны көбүрөөк бааласак, ыйык болууга түрткү алабыз.

2. Лебилер китебинин кандай өзгөчөлүктөрү бар?

2 Муса пайгамбар жазган Лебилер китеби, Ыйык Жазманын бардык китептериндей эле, «окутуу үчүн... пайдалуу» (2 Тим. 3:16). Кудайдын ысмы анын ар бир бөлүмүндө орто эсеп менен 10 жолудан кездешет. Ал китепте жазылгандардын маанисин терең түшүнсөк, Жахабанын ысмына шек келтире турган иштерден качууга чечкиндүү болобуз (Леб. 22:32). Лебилер китебинде «мен... Жахабамын» деген сөздөрдүн көп кездешкени ага баш ийишибиз керектигин эстетип турат. Келгиле, ушул жана кийинки макалада Кудайдын белеги болгон жана ага ыйык кызмат кылууга жардам берген ал китептеги айрым асыл ойлорду карап чыгалы.

ЫЙЫК БОЛУУ — ТАЛАП

3, 4. Арун менен анын уулдарынын жуунганы эмнени символдоштурган? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

3 Оку: Лебилер 8:5, 6. Жахаба Арунду ысрайыл элинин  башкы дин кызматчысы, ал эми анын уулдарын дин кызматчылар кылып дайындаган. Арун Иса Машаякты, анын уулдары болсо майлангандарды символдоштурган. Анда Арундун жуунганы Иса Машаяктын тазаланганын билдиргенби? Жок. Иса күнөөсүз, «кемтиксиз» болгондуктан тазаланууга муктаж эмес болчу (Евр. 7:26; 9:14). Анткен менен Арундун жуунгандан кийинки абалы Машаяктын таза, адил экенин символдоштурган. Ал эми Арундун уулдарынын жуунганы эмнени билдирген?

4 Бул асманда дин кызматчы болууга тандалгандардын тазаланышын билдирген. Бирок алардын чөмүлгөнүнүн Арундун уулдарынын жуунганы менен эч кандай байланышы жок. Себеби чөмүлүү күнөөлөрдү жуубайт, ал кимдир бирөөнүн Жахаба Кудайга толугу менен арналганын символдоштурат. Майлангандар «Кудайдын сөзүнүн суусу менен жууп-тазаланган» жана алардан дайыма Машаяктын окууларына ылайык жашоо талап кылынат (Эф. 5:25—27). Алар ушундай жол менен тазаланып, ыйыкталышкан. Ал эми «башка койлор» тууралуу эмне айтууга болот? (Жкн. 10:16).

5. Башка койлор да Кудайдын Сөзү аркылуу тазаланууда деп эмне үчүн айта алабыз?

5 Арундун уулдары башка койлорго кирген «эбегейсиз көп адамдарды» билдирбейт (Аян 7:9). Башка койлорду да Кудайдын Сөзү аркылуу тазаланып, ыйыкталууда деп айта алабызбы? Ооба. Кудайдын жерде түбөлүк жашоого үмүттөнгөн ал кызматчылары Ыйык Китептен Иса Машаяктын төгүлгөн канынын канчалык зор мааниге ээ экенин окуп эле койбостон, ал сөздөргө ишенишет жана «күнү-түнү ыйык кызмат кылышат» (Аян 7:13—15). Майлангандар менен башка койлордун дайыма тазаланып турганынын натыйжасы алардын үлгүлүү жүрүм-турумунан көрүнүп турат (1 Пет. 2:12). Жахаба майлангандар менен башка койлордун тазалыгын, биримдигин жана Койчусу Иса Машаякка баш ийип, анын изи менен так жүрүшкөнүн көрүп, абдан кубанары шексиз.

6. Өзүбүздү кантип текшерип көрүшүбүз керек?

6 Байыркы Ысрайылдагы дин кызматчыларга таза болууга байланыштуу коюлган талаптын Жахабанын бүгүнкү күндөгү элине да тиешеси бар. Биз менен Ыйык Китепти изилдегендер сыйынуу жайларыбыздын тазалыгын, өзүбүздүн да таза, тыкан, жарашыктуу кийинип жүрөрүбүздү көп байкашат. Анткен менен дин кызматчылардын тазалыгы учурда сыйынуу үчүн Жахабанын бийик тоосуна чыгып жаткандардын ар бирине эң алды таза жүрөккө ээ болуу маанилүү экенин түшүнүүгө жардам берет. (Оку: Забур 24:3, 4; Ыш. 2:2, 3.) Ыйык кызматты аткарууда акылыбыз, жүрөгүбүз, денебиз таза болушу талап. Ан үчүн өзүбүздү бат-баттан текшерип турушубуз жана ыйык болуу үчүн тийиштүү өзгөрүүлөрдү жасашыбыз зарыл (2 Кор. 13:5). Алсак, порнография көрүп жүргөн чөмүлгөн бир тууган: «Ушул ишим менен ыйык экенимди көрсөтүп жатамбы?» — деп ойлонуп көрүшү керек. Анан жийиркеничтүү ишин токтотуш үчүн жардам издеши кажет (Жкп. 5:14).

БАШ ИЙҮҮ МЕНЕН ЫЙЫК ЭКЕНИҢДИ КӨРСӨТ

7. Лебилер 8:22—24-аяттарга ылайык, Иса Машаяк кандай үлгү калтырган?

7 Арун менен анын уулдары дин кызматчылыкка дайындалып жатканда, алардын «оң кулагынын көнчөгүнө, оң колунун бармагы менен оң бутунун бармагына» кочкордун каны сүйкөлгөн. (Оку: Лебилер 8:22—24.) Бул дин кызматчылардын өз милдеттерин жакшы аткаруу үчүн колунан келгендин баарын кылып, тил алчаак болушу керектигин көрсөтүп турган. Биздин Башкы дин кызматчыбыз Иса Машаяк бул жагынан майлангандар менен башка  койлорго жеткилең үлгү калтырган. Ал Кудайдын жетекчилигин кунт коюп уккан, «колдорун» Жахабанын эркин аткарууга колдонгон, «буттары» ыйык жолдон чыккан эмес (Жкн. 4:31—34).

8. Жахабанын ар бир кызматчысы эмне кылышы керек?

8 Майлангандар менен башка койлор өздөрүнүн Башкы дин кызматчысындай болуп, кынтыксыздыгын сакташы керек. Жахабанын ар бир кызматчысы анын Сөзүндөгү жетекчиликке баш ийип, «ыйык рухун капалантуудан» сак болушу зарыл (Эф. 4:30). Алар «дайыма түз жолдор менен басышы» абзел (Евр. 12:13).

9. Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү менен тыгыз кызматташып келаткан үч бир тууган эмне деген жана алардын айткандары сага ыйык бойдон калууга кандайча жардам берет?

9 Жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнгөн жана ондогон жылдардан бери Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү менен тыгыз кызматташып келаткан үч бир туугандын айткандарын карап көрөлү. Алардын бири мындай деп ой бөлүшөт: «Ыйык рух менен майланган бир туугандар менен чогуу кызмат кылуу, албетте, зор сыймык. Ошентсе да тыгыз кызматташкандыктан кээде алардын деле жеткилең эмес экени көрүнүп калат. Бирок мен жетекчиликти колго алган ал бир туугандарга баш ийүүнү максат кылып койгом». Бир туугандардын экинчиси: «Машаякка баш ийүүгө үндөгөн 2 Корунттуктар 10:5 сыяктуу аяттар мага тил алчаак болуп, жетекчиликти колго алгандар менен кызматташууга жардам берип келет. Бул чын жүрөктөн баш ийүүнү билдирет»,— дейт. Үчүнчү бир тууган: «Жахаба жакшы көргөн нерсени жакшы көрүп, жек көргөн нерсени жек көрүү, анын жетекчилигин издөө, ага жаккан ишти кылуу деген анын уюмуна жана жерге байланыштуу ой-ниетин аткаруу үчүн колдонуп жаткан кызматчыларына баш ийүүнү билдирет»,— деп айтат. Кийинчерээк Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болгон Нейтан Норр бир туугандын, башкалардын шек санаганына карабай, 1925-жылдын «Күзөт мунарасындагы» «Элдин төрөлүшү» деген макаладагы ойлорду дароо кабыл алганы ал ишенимдешибизге күчтүү таасир эткен. Ушул абзацта сөз кылынган үч ишенимдешибиздин айткандары тууралуу ой жүгүртүү сага да тил алчаак болуп, ыйык бойдон калууга жардам берери күмөнсүз.

КАНГА БАЙЛАНЫШТУУ МЫЙЗАМГА ТОЛУК БАШ ИЙ

10. Кудайдын канга байланыштуу мыйзамына баш ийүү эмне үчүн маанилүү?

10 Оку: Лебилер 17:10. Жахаба ысрайылдыктарга канды такыр жебеши керектигин буйруган. Адамдын каны болобу же жаныбардыкыбы, Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчылары да аны колдонушпайт (Элч. 15:28, 29). Жахабанын каарданып, «элинин арасынан жок кылып» салары жөнүндөгү ойдун өзү эле сестентерлик. Биз аны жакшы көрөбүз жана ага дайыма баш ийгибиз келет. Өмүрүбүзгө коркунуч туулганда, Жахабаны билбеген жана ага баш ийгиси келбеген адамдар кан куйдурушубузду суранышы же талап кылышы мүмкүн. Бирок атүгүл ошондой учурларда да алардын кысымына алдырбайбыз жана шылдыңга кабыларыбызды билсек да, Кудайга баш ийүүгө чечкиндүүбүз (Жүй. 17, 18). Канды куйдурбоого жана аны башка жолдор менен колдонбоого бизге эмне жардам берет? (Мыйз. 12:23).

11. Эмне үчүн күнөөдөн арылуу күнү жасалган иштер тек гана маңызсыз жөрөлгө болгон эмес?

11 Байыркы Ысрайылда башкы дин кызматчынын күнөөдөн арылуу күнү жаныбардын канын кантип колдонгонунан Кудайдын канга карата кандай көз карашта экенин билүүгө болот. Ал күнү кан өзгөчө бир максатта, Жахабанын кечиришин каалагандардын күнөөлөрү жуулушу үчүн, колдонула турган.  Бука менен текенин каны келишим сандыгынын капкагын көздөй жана анын алдына чачыратылчу (Леб. 16:14, 15, 19). Мунун аркасында Жахаба ысрайылдыктардын күнөөлөрүн кечирчү. Андан тышкары, кимдир бирөө тамак-аш үчүн кайсы бир жаныбарды сойсо, Жахабанын буйругуна ылайык, «канын агызып, жерге көмүп коюуга» тийиш эле, себеби «ар бир тирүү жандыктын өмүрү — анын каны» болчу (Леб. 17:11—14). Мунун баары тек гана маңызсыз жөрөлгө болгон эмес. Кандын күнөөдөн арылуу күнү колдонулганы жана Кудайдын аны жерге көмүүгө байланыштуу берген буйругу мурунураак Нух пайгамбар менен анын урпактарына берген көрсөтмөсүнө шайкеш келген (Башт. 9:3—6). Ооба, Жахаба Кудай канды тамак-аш катары колдонууга тыюу салган. Бул анын бүгүнкү күндөгү кызматчылары үчүн эмнени билдирет?

12. Пабылдын еврейлерге жазган катына ылайык, күнөөлөрдүн кечирилиши менен кандын ортосунда кандай байланыш бар?

12 Элчи Пабыл еврей ишенимдештерине кандын тазалоочу күчү тууралуу түшүндүрүп жатып: «Мыйзам боюнча, дээрлик бардык нерсе кан менен тазартылат. Кан төгүлмөйүнчө, кечирим болбойт»,— деп жазган (Евр. 9:22). Ошондой эле ал малдан чалынган курмандыктар кандайдыр бир деңгээлде баалуу болсо да, ысрайылдыктарга күнөөкөр экенин жана күнөөлөрү толугу менен кечирилиши үчүн башка нерсе керек экенин эскертип турганын айткан. Ырас, «Мыйзам келечектеги жакшы нерселердин өзү эмес, көлөкөсү гана болгон» (Евр. 10:1—4). Анда күнөөлөр толугу менен кечирилиши үчүн эмне зарыл эле?

13. Машаяктын өзүнүн төгүлгөн канынын баасын Жахабага тартуу кылганы сага кандай таасир этет?

13 Оку: Эфестиктер 1:7. Иса Машаяктын өз өмүрүн курмандык катары бергени аны жана анын Атасын жакшы көргөндөр үчүн зор мааниге ээ (Гал. 2:20). Бирок күнөөлөрүбүз кечирилип, эркиндикке чыгышыбызга анын өлүп, кайра тирилгенден кийин кылган иши жол ачкан. Анын ошол иши байыркы Ысрайылдагы күнөөдөн арылуу күнүндө жасалган ишке окшош болгон.  Күнөөдөн арылуу күнү башкы дин кызматчы курмандыкка чалынган малдын канын ыйык чатырдагы, кийинчерээк Сулайман падыша курган ибадатканадагы Ыйыктын ыйыгына алып кирип, Кудайдын алдына тартуу кылчу (Леб. 16:11—15). Ошол сыяктуу эле Иса Машаяк «асмандын өзүнө кирип», төгүлгөн канынын баасын Жахабага тартуу кылган (Евр. 9:6, 7, 11—14, 24—28). Машаяктын канына ишеним арткандыктан күнөөлөрүбүз кечирилип, таза абийирге ээ болгонубуз үчүн кандай гана ыраазыбыз!

14, 15. Кудайдын канга байланыштуу мыйзамын түшүнүп, ага баш ийгенибиз эмне үчүн маанилүү?

14 Жогоруда айтылгандардан улам Жахабанын эмне үчүн канды колдонууга тыюу салганы көбүрөөк түшүнүктүү болуп калдыбы? (Леб. 17:10). Анын канды эмне себептен ыйык деп эсептээрин аңдадыңбы? Анын көз алдында кан өмүргө тете (Башт. 9:4). Кудайдын көз карашынын тууралыгына шектенбей, канды колдонбоого чечкиндүүсүңбү? Биз Машаяктын куткаруу курмандыгына ишенип, кандын Жахаба үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин түшүнгөндө гана аны менен тынчтыкта боло алабыз (Кол. 1:19, 20).

15 Ар бирибиз эле күтүүсүздөн кан куйдуруу маселесине туш болуп калышыбыз мүмкүн. Же болбосо андай жагдайга үйдөгүлөрүбүздүн же досторубуздун бири кабылышы ыктымал. Андайда кандын фракцияларына, дарылоо ыкмаларына байланыштуу да чечим чыгарууга туура келет. Ошондуктан изилдөө жүргүзүп, андай кокустукка алдын ала даярдануу абдан маанилүү. Ушундай чараларды көрүү жана тиленүү бекем болуп, Кудайдын принциптерин бузбоого жардам берет. Биз, албетте, анын буйруктарына каршы иш кылып, жүрөгүн ооруткубуз келбейт. Учурда көптөгөн доктурлар жана кан куюуну жактагандар өмүрдү сактап калуу үчүн кан тапшырууга чакырышат. Бирок Жараткан Кудайдын ыйык эли канды кантип колдонуу керектигине байланыштуу ал гана көрсөтмө берүүгө укуктуу экенин жакшы түшүнөт. Ал канды ыйык деп эсептейт. Анын канга байланыштуу мыйзамына баш ийишибиз талап. Жүрүм-турумубузду ыйык сактоо менен биз Машаяктын канын — күнөөлөрүбүз кечирилип, түбөлүк өмүргө ээ болушубуз үчүн төгүлгөн канды — жогору баалаарыбызды көрсөтөбүз (Жкн. 3:16).

Жахабанын канга байланыштуу мыйзамына баш ийүүгө чечкиндүүсүңбү? (14, 15-абзацтарды кара)

ЖАХАБА ЭМНЕ ҮЧҮН ЫЙЫК БОЛУШУБУЗДУ КҮТӨТ?

16. Жахабанын эли эмне үчүн ыйык болушу керек?

16 Кудай ысрайылдыктарды Мисир кулчулугунан куткарганда аларга: «Мен силердин Кудайыңар болуш үчүн силерди Мисир жеринен алып чыккан Жахабамын. Мен ыйык болгондуктан, силер да ыйык болгула»,— деп айткан (Леб. 11:45). Жахаба өзү ыйык болгондуктан ысрайыл элинен да ыйык болууну талап кылган. Анын Күбөлөрү катары биз да ыйык болушубуз керек. Бул Лебилер китебинен айкын көрүнүп турат.

17. Бул макалада талкуулангандар Лебилер китебине болгон көз карашыңа кандай таасир этти?

17 Лебилер китебиндеги айрым билдирүүлөрдү карап чыгуу баарыбызга пайдалуу болду. Терең изилдөө жүргүзүүнүн аркасында ыйык рухтун жетеги менен жазылган ал китепти ого бетер баалап калганың шексиз. Ошондой эле андагы айрым баалуу билдирүүлөр тууралуу ой жүгүртүү сага эмне себептен ыйык болушубуз керектигин жакшыраак түшүнүүгө жардам бергени күмөнсүз. Кудайдын Сөзүнүн бир бөлүгү болгон ал китепте дагы кандай асыл ойлор камтылган? Андан Жахабага ыйык кызмат кылууга байланыштуу дагы эмнелерди биле алабыз? Булар тууралуу эмки макалада талкуулайбыз.