Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Бардык жагынан ыйык болушубуз» керек

«Бардык жагынан ыйык болушубуз» керек

«Бардык жагынан ыйык болгула» (1 ПЕТ. 1:15).

1, 2. а) Кудай өзүнүн элинен эмнени күтөт? б) Бул макаладан кайсы суроолорго жооп алабыз?

ЖАХАБАНЫН ыйык рухунун жетеги менен элчи Петир Лебилер китебинен үзүндү келтирип, бардык жагынан ыйык болушубуз керектигин баса белгилеген. (Оку: 1 Петир 1:14—16.) Ыйык Кудайыбыз Жахаба майлангандар менен «башка койлордун» айрым жактардан эле эмес, бардык жактан ыйык болуу үчүн бүт күч-аракетин жумшашын күтөт (Жкн. 10:16).

2 Бул макалада Лебилер китебин изилдөөнү улантабыз. Андан окуп-үйрөнгөндөрүбүз абдан пайдалуу болору жана аларды жашообузда колдонуу бардык жагынан ыйык болууга жардам берери шексиз. Макаладан төмөнкүдөй суроолорго жооп алабыз: Кудайдын мыйзам-принциптерине канчалык бекем карманышыбыз керек? Лебилер китебинен Жахабанын эгедерлигин колдоого байланыштуу эмнелерди биле алабыз? Ысрайылдыктар чалган курмандыктардан эмнени билүүгө болот?

КУДАЙДЫН ПРИНЦИПТЕРИНЕ БЕКЕМ КАРМАН

3, 4. а) Жахабанын мыйзам-принциптерине бекем карманганыбыз эмне үчүн маанилүү? б) Эмне үчүн өч албашыбыз же кек сактабашыбыз керек?

3 Жахабага жагыш үчүн анын мыйзам-принциптерине бекем карманышыбыз жана аларга каршы келген, ыйыктыкка жатпаган нерселерди кылуудан сак болушубуз керек.  Бүгүнкү күндө Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга карманбасак да, андагы талаптардан Жахабага эмнелер жагар-жакпасын биле алабыз. Мисалга ысрайылдыктарга берилген: «Өз элиңдин уулдарынан өч алба, аларга кек сактаба. Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй. Мен Жахабамын»,— деген буйрукту алалы (Леб. 19:18).

4 Жахаба азыр деле кимдир бирөөдөн өч алышыбызды же кек сакташыбызды каалабайт (Рим. 12:19). Эгер анын мыйзам-принциптерин четке каксак, Ибилисти сүйүнтүп, Жахабанын ысмына сөз тийгизебиз. Атүгүл кимдир бирөө бизге атайлап жаман мамиле кылса да, таарынып, каймана мааниде терс сезимдерге толгон идиштей болуп калбашыбыз керек. Ыйык Китепте биздин баалуу кенч сакталган «чопо идиштер» экенибиз айтылат. Ал баалуу кенч биз аткарып жаткан кызматты билдирет (2 Кор. 4:1, 7). Ошондуктан ал «идишке» аны буза турган нерселерди «салбашыбыз» абзел.

5. Арундун уулдарынын өлүмү жөнүндөгү билдирүүдөн эмнеге үйрөнө алабыз? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

5 Лебилер 10:1—11-аяттарда Арундун үй-бүлөсү кабылган кейиштүү окуя жөнүндө баяндалат. Ыйык чатырга асмандан от түшүп, Надап менен Абыйды жалмап кеткенде, Арундун үй-бүлөсү өздөрүн коёрго жер таппай, катуу кайгырган болуш керек. Бирок Кудай аларга күйүт тартып ыйлабашы керектигин айткан. Бул алар үчүн чоң сыноо болгону шексиз. Жакындарыңдын бири же дагы кимдир бирөө жыйналыштан чыгарылганда, алар менен сүйлөшпөй, өзүңдү ыйык сактап жатасыңбы? (Оку: 1 Корунттуктар 5:11.)

6, 7. а) Ишенимдеш эмес туугандарыбыз үйлөнүү тоюна чакырса, эмнени эске алышыбыз зарыл? (Шилтемени кара.) б) Тойго чакырган тууганыбыз менен кантип сүйлөшсөк болот?

6 Биз Арун менен анын үй-бүлөсүнүкүндөй оор сыноого туш болбошубуз деле мүмкүн. Бирок ишенимдеш эмес туугандарыбыз жалган диндин салт-санаалары менен коштолгон үйлөнүү тоюна чакырса, эмне кылабыз? Буга байланыштуу Ыйык Китепте так-айкын көрсөтмө жок. Бирок бул жагынан туура чечим чыгарууга жардам бере турган принциптер барбы? *

7 Андай жагдайларда Жахабанын алдында ыйык бойдон калууга аракет кылганыбызды туугандарыбыз түшүнбөшү мүмкүн (1 Пет. 4:3, 4). Албетте, биз аларды таарынткыбыз келбейт, ошентсе да алар менен жумшак, ошол эле учурда ачык сүйлөшкөнүбүз жакшы. Мүмкүн, аларга чечимибизди эртерээк айтып коёттурбуз. Адегенде аларга үйлөнүү тоюна чакырганы үчүн ыраазычылыгыбызды билдирсек болот. Анан тойдо кайсы бир каадага катышпай, ошондой кубанычтуу күнү аларды жана башка конокторду оңтойсуз абалга калтыргыбыз келбей турганын айтаттырбыз. Ушундай учурларда чечкиндүү иш-аракет кылуу менен Кудайдын принциптерине бекем карманарыбызды көрсөтөбүз.

ЖАХАБАНЫН ЭГЕДЕРЛИГИН ЖАКТА

8. Лебилер китебинде Жахабанын эгедерлиги кандайча баса белгиленет?

8 Лебилер китебинде Жахабанын эгедерлиги баса белгиленет. Анда мыйзамдардын Жахабадан экени 30дан ашуун жолу айтылат. Муса пайгамбар муну жакшы билген жана Жахаба кандай айтса, так ошондой кылган (Леб. 8:4, 5). Биз да ар дайым Эгедерибиз Жахабанын айткандарын аткарышыбыз керек. Бул жагынан бизге анын уюму жардам берет. Анткен менен кээде, Иса Машаяктай болуп, жалгыз калганда сыноолорго туш болушубуз ыктымал (Лк. 4:1—13). Эгер Кудайга таянып, анын эгедерлигин жактоого чечкиндүү болсок, эч кимден коркпойбуз жана кынтыксыз бойдон калабыз (Накыл 29:25).

9. Кудайдын элин эмне үчүн көптөр жек көрөт?

9 Биз Машаяктын жолдоочулары жана  Жахабанын Күбөлөрү болгондуктан дүйнө жүзү боюнча куугунтукка кабылып келебиз. Бул таң калыштуу деле эмес, себеби Машаяк шакирттерине: «Адамдар силерди кыйнашат, өлтүрүшөт. Менин ысмым үчүн бардык элдерге жек көрүндү болосуңар»,— деп эскерткен (Мт. 24:9). Бирок башкалар жек көрсө да, кабар айтуу ишин улантып, ыйык болууга аракет кылуудабыз. Чынчылдык менен иш кылып, бардык жагынан таза жашоо өткөрүп, мыйзамга баш ийген жарандардан болсок да, эмне үчүн бизди көптөр жек көрөт? (Рим. 13:1—7). Анткени биз Эгедер Теңир Жахабага баш иебиз жана «ага гана ыйык кызмат» кылып, анын адил мыйзам-принциптерине карманууга чечкиндүүбүз (Мт. 4:10).

10. Бир бир тууган бейтараптуулугун сактабаганы үчүн кандай жагдайга кабылган?

10 Биз «бул дүйнөгө таандык болбогондуктан» согуштарга, саясий жаңжалдарга катышпайбыз. (Оку: Жакан 15:18—21; Ышая 2:4.) Тилекке каршы, айрым ишенимдештерибиз бейтараптуулугун сакташкан эмес. Алардын көбү кийин өкүнүп, асмандагы мээримдүү Атабыз менен болгон мамилесин калыбына келтирген (Заб. 51:17). Бирок кээ бирлери андай кылган эмес. Мисалы, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Венгрияда көптөгөн бир туугандар адилетсиз түрдө түрмөгө камалышкан. Бийликтегилер бүтүндөй өлкөдөгү түрмөлөрдө жаткан 45 жашка чейинки 160 бир тууганды бир шаарчага чогултуп, аларга аскердик кызматты өтөөнү буйруган. Бир туугандарыбыздын көбү ишенимдүүлүгүн сактап, буйрукту аткаруудан баш тартса да, алардын ичинен тогузу аскердик кийим кийип, ант беришкен. Эки жылдан кийин алардын бири Жахабанын ишенимдүү кызматчыларын өлтүрүүгө дайындалган аскердик топтун арасында болгон. Ошол ишенимдүү кызматчылардын ичинде анын өз бир тууганы да бар эле. Бактыга жараша, ишенимдештерибизге чыгарылган өкүм ишке ашкан эмес.

ЖАХАБАГА ЭҢ ЖАКШЫСЫН БЕР

11, 12. Байыркы Ысрайылда чалынган курмандыктардан эмнени билүүгө болот?

11 Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамда ысрайылдыктар кандай курмандыктарды алып келиши керектиги так-айкын айтылган (Леб. 9:1—4, 15—21). Курмандыктар Исанын жеткилең курмандыгын билдиргендиктен, кемтиксиз болушу талап болгон. Андан сырткары, курмандыктын ар кайсы түрү ар башка жол менен чалынчу. Мисалга жаңы эле чүрпөлүү болгон энеден кандай курмандыктар талап кылынганын карап көрөлү. Лебилер 12:6да: «Уулун же кызын төрөгөндөн кийин тазалануу күндөрү бүткөндө, ал дин кызматчыга, жыйын чатырынын кире беришине бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир жашка чейинки эркек козу, күнөө курмандыгына жаш көгүчкөн же бактек алып келсин»,— деп айтылат. Жахаба так-айкын талаптарды койсо да, Мыйзамдан анын мээримдүү, түшүнүктүү Кудай экени көрүнүп турган. Себеби көз жарган эне, козу алып келүүгө шарты жок болсо, эки жаш көгүчкөн же эки бактек алып келе алмак (Леб. 12:8). Муну менен Жахаба аны, колунда жок болсо да, колунда бар кызматчыларындай эле сүйөрүн жана баалаарын көрсөткөн. Мындан эмнени билүүгө болот?

12 Элчи Пабыл ишенимдештерин «мактоо курмандыгын» алып келүүгө үндөгөн (Евр. 13:15). Биз Жахабанын ыйык ысмы тууралуу башкаларга күбөлөндүргөндө мактоо курмандыгын алып келген болобуз. Айталы, кулагы укпаган бир туугандарыбыз Жахабаны жаңдоо тилинде даңкташат. Ал эми ден соолугунун айынан үйүнөн чыга албагандар кат, телефон аркылуу күбөлөндүрүшөт жана аларга кам көргөндөргө, ал-ахвалын сурап келгендерге кабар айтышат. Жакшы кабарды канчалык деңгээлде жарыялап, Жахабанын ысымын даңктай аларыбыз ден соолугубуздан, жагдай-шартыбыздан көз каранды. Кандай болбосун, Жахабага эң  жакшысын беришибиз керек (Рим. 12:1; 2 Тим. 2:15).

13. Эмне үчүн кызматыбыз тууралуу отчёт тапшырышыбыз керек?

13 Жахабаны сүйгөндүктөн биз ага мактоо курмандыгын өз ыктыярыбыз менен алып келебиз (Мт. 22:37, 38). Бирок кызматыбыз тууралуу ай сайын отчёт тапшырууга кандай карашыбыз керек? Ай сайын тапшырган отчётубуз Кудайга берилгендигибиз менен тыгыз байланышта (2 Пет. 1:7). Албетте, көп саат тапшырыш үчүн эле кызматка көп чыгышым керек деп ойлогондон алыс болушубуз кажет. Эгер кимдир бирөө жаш курагынын же ден соолугунун айынан мүмкүнчүлүгү чектелүү болсо, 15 мүнөт тапшыра алат. Ал мүнөттөр жарчынын Жахабага болгон сүйүүсүн, анын Күбөсү болуу сыймыгын баалаарын көрсөтүп тургандыктан, Жахаба аларды чын жүрөктөн чыккан кымбат курмандык катары кабыл алат. Ошентип, байыркы убакта колунда жок ысрайылдыктар да Жахабага курмандык чала алгандай эле, бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүгү чектелүү бир туугандар да ай сайын отчёт тапшыра алышат. Ар бирибиздин отчётубуз бүткүл дүйнөлүк отчётко кошулуп, уюмга Падышалык жөнүндө кабар айтуу ишине байланыштуу дагы кандай чараларды көрсө болорун аныктоого жардам берет. Ошондуктан кызмат тууралуу отчёт тапшырганыбыз абдан маанилүү.

ИЗИЛДӨӨБҮЗДҮН САПАТЫ ЖАНА МАКТОО КУРМАНДЫКТАРЫ

14. Эмне себептен изилдөөбүздүн сапатын текшеришибиз керек?

14 Лебилер китебиндеги айрым баалуу ойлорду карап чыккандан кийин анын эмне себептен «Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган» Ыйык Жазманын бир бөлүгү экенин жакшыраак түшүнүп калганың күмөнсүз (2 Тим. 3:16). Ошондой эле Жахаба талап кылгандыктан эле эмес, ал биздин ага жагуу үчүн бүт күчүбүздү жумшашыбызга татыктуу экенин түшүнгөндүктөн ыйык болууга мурдагыдан да чечкиндүү болуп калганың шексиз. Андан тышкары, бул эки макаладан Лебилер китеби жөнүндө билгендериң Ыйык Жазманы тереңирээк изилдөөгө түрткү берди болуш керек. (Оку: Накыл сөздөр 2:1—5.) Андыктан тиленип, изилдөөңдүн сапаты жөнүндө ойлонуп көр. Балким: «Жахабага эң жакшысын берип жатамбы? Же телеберүүлөрдүн, видео оюндардын, спорттун, кызыккан нерселеримдин мени алаксытып, рухий жактан өсүшүмө жолтоо болушуна жол берип жатамбы?» — деп ойлонуп көрөттүрсүң. Эгер изилдөөңдү жакшыртышың керектигин байкасаң, Пабылдын еврейлерге жазган катындагы айрым ойлордун үстүнөн ой жүгүртүп көргөнүң пайдалуу болушу мүмкүн.

Ыйык Китепти изилдөө жана үй-бүлө менен сыйынуу кечи жашооңдо негизги орунда турабы? (14-абзацты кара)

15, 16. Элчи Пабыл жүйүт ишенимдештерине кемчиликтерин эмне үчүн ачык-айкын жазган?

15 Элчи Пабыл жүйүт ишенимдештерине жолдогон катында алардын кемчиликтерин ачык-айкын жазган. (Оку: Еврейлер 5:7, 11—14.) Ал аларга «угууга жөндөмсүз болуп калышканын» бетке айткан. Ал эмне үчүн ишенимдештерине баарын түз эле айтып салган? Анткени Пабыл, Жахабага окшоп, ишенимдештерин жакшы көргөн жана алардын сүт менен, башкача айтканда, Ыйык Китептеги негизги окуулар менен гана азыктанып жүрүшкөнүнө тынчсызданган.  Албетте, негизги окууларды билүү абдан маанилүү дечи, бирок рухий жактан өсүп-жетилүү үчүн «катуу тамак» менен азыктанышыбыз, тагыраак айтканда, Ыйык Китептеги терең окууларды билишибиз зарыл.

16 Убакыт боюнча алып караганда, ал еврей ишенимдештерибиз башкаларды окутуп калышы керек болчу, бирок алардын өздөрүнө окутуучу керек болгон. Мунун себеби эмнеде эле? Себеби алар «катуу тамак» менен азыктанышкан эмес. Ошондуктан: «Ыйык Китептеги терең окууларга туура көз караштамынбы? Аларды изилдөөгө дилгирминби? Же тиленүүгө, терең изилдөө жүргүзүүгө көп деле аракет кылбаймынбы? Эгер ушундай болсо, изилдөөмдүн сапатын жакшыртышым керек эмеспи?» — деп ойлонуп көр. Биздин милдет — башкаларга кабар айтып коюу эле эмес, аларды окутуп, шакирт даярдоо (Мт. 28:19, 20).

17, 18. а) Эмне себептен дайыма «катуу тамак» менен азыктанышыбыз зарыл? б) Жыйналыш жолугушууларына барарда спирт ичимдиктерин ичүүгө кандай карашыбыз керек?

17 Жахаба Ыйык Китепти өзүбүздү күнөөлүү сезгендиктен изилдешибизди каалабайт. Көптөрүбүзгө Ыйык Китепти изилдөө оңой болбосо да, катуу тамак менен азыктана беришибиз керек. Чындык жолунда көп убакыттан бери жүрөбүзбү же аз элеби, бул ар бирибиз үчүн маанилүү. Себеби мунун аркасында ыйык бойдон кала алабыз.

18 Ыйык болуш үчүн Ыйык Жазманы кылдат изилдеп, Кудайдын талаптарын так аткарышыбыз керек. Арундун уулдары Надап жана Абый менен болгон окуяга токтололу. Алар «Жахабанын алдына... мыйзамга ылайык келбеген от менен келишкен», сыягы, курмандык алып келишкенде мас абалында болушкан (Леб. 10:1, 2). Ошондо Кудайдын Арунга эмне дегенине көңүл бурсаң. (Оку: Лебилер 10:8—11.) Анын сөздөрү жыйналыш жолугушууларына барарда спирт ичимдиктерин такыр ичпешибиз керектигин билдиреби? Булар тууралуу ойлонуп көрөлү: биз Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга карманбайбыз (Рим. 10:4). Айрым өлкөлөрдөгү ишенимдештерибиз жыйналышка барардын алдында тамак менен кошо бир аз өлчөмдө спирт ичимдиктерин ичишет. Андан тышкары, байыркы убакта Пасах майрамында төрт чөйчөк шарап колдонулчу. Эскерүү кечесин негиздеп жатканда Иса Машаяк да шакирттери менен бирге өзүнүн канын билдирген шарап ичкен (Мт. 26:27). Бирок Ыйык Китепте ичимдикти көп ичүүгө жана аракечтикке тыюу салынат (1 Кор. 6:10; 1 Тим. 3:8). Көптөгөн бир туугандар, абийири соттобошу үчүн, ыйык кызматтын кайсы бир түрүн аткарарда спирт ичимдиктерин такыр ичишпейт. Анткен менен бир өлкөдөгү жагдай экинчисиникине окшош болбойт. Андыктан Кудайдын кызматчысы анын алдында ыйык болуп, ырайымынан айрылбаш үчүн, эң негизгиси, «ыйыкты ыйык эместен... айырмалап билиши» керек.

19. а) Канткенде сыйынуу кечин жана өздүк изилдөөнү сапаттуу өткөрө алабыз? б) Ыйык бойдон калууга чечкиндүү экениңди кантип көрсөтсөң болот?

19 Ооба, Кудайдын Сөзүн терең изилдесек, көптөгөн сонун принциптерди таба алабыз. Үй-бүлөлүк жана өздүк изилдөөнү сапаттуу өткөрүш үчүн колдо бар куралдардын баарын колдон. Жахаба жана анын ой-ниети жөнүндө көбүрөөк билип, ага жакындай бер (Жкп. 4:8). Забурчудай болуп, Кудайдан: «Мыйзамыңдагы кереметтерди көрүшүм үчүн, көзүмдү ач»,— деп тилен (Заб. 119:18). Ыйык Китептеги мыйзам-принциптерден эч качан четтебе. Ыйык Кудайыбыз Жахабанын мыйзамына дайыма баш ийип, «ыйык ишке» — жакшы кабарды жарыялоо ишине — ынталуулук менен катыш (1 Пет. 1:15; Рим. 15:16). Азыркы коогалаңдуу акыркы күндөргө карабай ыйык экениңди далилдей бер. Келгиле, ар бирибиз бардык жагынан ыйык болуп, Жахабанын эгедерлигин жактай берели.

^ абз. 6 2002-жылы 15-майда «Күзөт мунарасына» (ор.) чыккан «Окурмандардын суроолорун» кара.