Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба Кудай тандаган эл

Жахаба Кудай тандаган эл

«Кайсы элдин Кудайы Жахаба болсо, ошол эл бактылуу!» (ЗАБ. 144:15).

1. Айрымдар Кудайга сыйынгандар жөнүндө кандай ойдо?

БҮГҮНКҮ күндө көптөр дүйнөдөгү чоң диндердин адамзатка тийгизген пайдасы жокко эсе экенин айтышат. Айрымдар андай диндер өздөрүнүн окуулары, кылган иштери менен башкаларга Кудай жөнүндө туура эмес түшүнүк берип жаткандыктан, Кудай аларды жактырбайт деген ойдо. Анткен менен алар ар бир эле динде жүрөгү таза адамдар бар жана алар кантип сыйынбасын, Кудайга жагат деп ишенишет. Ошондон улам жалган динден чыгып, Кудайга өзүнчө эл катары сыйынуунун кажети жок деп эсептешет. Бирок мындай көз караш Кудайдыкына төп келеби? Бул суроого жооп алыш үчүн, келгиле, Жахабанын чыныгы кызматчыларынын Ыйык Китепте жазылган тарыхына сереп салып көрөлү.

КУДАЙ ЭЛИ МЕНЕН КЕЛИШИМ ТҮЗӨТ

2. Кимдер Жахабанын эли болгон жана аларды башка элдерден эмне айырмалап турган? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

2 Мындан 4 000 жылдай мурун Жахаба адамдардын белгилүү бир тобун өзүнө эл кылып тандаган. «Бардык ишенгендердин  атасы» деп аталган Ыбрайым пайгамбар жүздөгөн кызматчыларды камтыган чоң үй-бүлөнүн башчысы болгон (Рим. 4:11; Башт. 14:14). Канаандыктардын төбөлдөрү да аны башчы катары эсептеп, урматтап-сыйлашкан (Башт. 21:22; 23:6). Жахаба Кудай Ыбрайым пайгамбар жана анын урпактары менен келишим түзгөн (Башт. 17:1, 2, 19). Ал пайгамбарына: «Силер менен, силердин тукумдарыңар менен түзүлгөн, силер сактай турган келишимим бул: бардык эркектериңер сүннөткө отургузулсун... Бул силер менен түзгөн келишимимдин белгиси болот»,— деп айткан (Башт. 17:10, 11). Ошондуктан Ыбрайым пайгамбар менен анын үйүндөгү эркек аттуунун баары сүннөткө отургузулган (Башт. 17:24—27). Сүннөткө отургузуу Ыбрайымдын урпактарын Жахаба менен келишим түзгөн эл катары айырмалап турган белги болгон.

3. Ыбрайым пайгамбардын урпактары кантип көп сандаган элге айланган?

3 Ыбрайым пайгамбардын небереси Жакыптын, башкача айтканда, Ысрайылдын 12 уулу болгон (Башт. 35:10, 22б—26). Кийин алар ысрайыл элинин 12 уруусунун башчылары болушкан (Элч. 7:8). Ачарчылыктын айынан Жакып пайгамбар менен үйүндөгүлөрүнө Мисирге көчүп барууга туура келген. Ошол кезде анын Жусуп деген уулу ал жакта тамак-ашка көзөмөл кылууга дайындалып, фараондун оң колу болуп турган (Башт. 41:39—41; 42:6). Бара-бара Жакыптын урпактары көп сандаган калың элге айланган (Башт. 48:4; оку: Элчилер 7:17).

КУДАЙ ЭЛИН «КУН ТӨЛӨП САТЫП АЛАТ»

4. Мисирликтер менен ысрайылдыктардын мамилеси алгач кандай болгон?

4 Жакып пайгамбардын урпактары Мисирдеги Гошен жеринде 200 жылдан ашуун убакыт жашашкан (Башт. 45:9, 10). Мисирге жаңы барышканда, фараон Жусупту жакшы билгендиктен жана аны сыйлагандыктан аларды жылуу тосуп алган (Башт. 47:1—6). Ысрайылдыктар чакан шаарчаларга отурукташып, мал багып, жүз жылдай мисирликтер менен ынтымакта болушкан. Мисирликтер мал баккандарды жаман көрүшсө да, фараонго баш ийип, ысрайылдыктардын кошуна жашашына каршы болушкан эмес (Башт. 46:31—34).

5, 6. а) Кудайдын элинин жагдайы кандайча толугу менен өзгөргөн? б) Муса кантип аман калган жана Жахаба өз эли үчүн эмне кылган?

5 Бирок кийинчерээк жагдай толугу менен өзгөргөн. «Бир канча убакыттан кийин Мисирде Жусупту тааныбаган жаңы падыша такка келген». Ал элине: «Ысрайыл эли бизге караганда алда канча көп, күчтүү болуп кетти»,— деген. Ошондон кийин мисирликтер ысрайылдыктарды «кулга айлантып, катаал мамиле жасай» башташкан. «Алар Ысрайыл уулдарын ылай менен кышка салып, ошондой эле талаада кулдар кылчу ар кандай оор жумуштарды аткарууга мажбурлап, алардын жашоосун азаптуу кылып жиберишкен» (Чыг. 1:8, 9, 13, 14).

6 Анысы аз келгенсип, фараон еврейлердин жаңы төрөлгөн эркек балдарын өлтүрүүгө буйрук берген (Чыг. 1:15, 16). Муса пайгамбар так ошол коогалаңдуу мезгилде жарык дүйнөгө келген. Ал үч айга толгондо, энеси Жохебет аны Нил дарыясынын жээгиндеги камыштардын арасына жашырып койгон. Ал жерден аны фараондун кызы таап алып, кийинчерээк асырап алган. Бактыга жараша, Муса алгачкы жылдары өз энесинин колунда тарбияланган. Ошондуктан ал Жахабанын берилген кызматчысы болуп чоңойгон (Чыг. 2:1—10; Евр. 11:23—25). Жахаба өз элинин «кыйналганын көрүп», аларды Муса аркылуу эзүүчүлөрдөн куткарууну чечкен (Чыг. 2:24, 25; 3:9, 10).  Ал аларды ошондой жол менен «кун төлөп сатып алмак» (Чыг. 15:13; оку: Мыйзам 15:15).

ЖАҢЫ УЮШУЛГАН ЭЛ

7, 8. Жахабанын эли кандайча ыйык эл болуп калган?

7 Жахаба ысрайылдыктарды эл катары уюштура элек болсо да, аларды өзүнүн эли деп эсептеген. Ошондуктан ал Муса менен Арун аркылуу фараонго: «Ысрайылдын Кудайы Жахаба: „Менин элимди коё бер. Алар чөлдө мага арнап майрам өткөрүшсүн“,— деп айтып жатат»,— деп айттырган (Чыг. 5:1).

8 Бирок фараон ысрайылдыктарды коё бербей койгондуктан, Жахаба элин куткарыш үчүн Мисир жерине он жаза жиберип, кийинчерээк фараон менен анын аскерин Кызыл деңизде кыйраткан (Чыг. 15:1—4). Ошондон үч ай өтүп-өтпөй, ал ысрайылдыктар менен Синай тоосунда келишим түзүп, аларга: «Эгерде мага толугу менен баш ийип, келишимимди сактасаңар, башка элдердин арасынан силер менин өзгөчө элим болосуңар... Ыйык эл болосуңар»,— деп убада берген (Чыг. 19:5, 6).

9, 10. а) Мыйзам 4:5—8-аяттарга ылайык, ысрайылдыктарга берилген Мыйзам кандайча аларды башка элдерден айырмалап турган? б) Ысрайылдыктар Жахабанын «ыйык эли» экенин кантип көрсөтүшмөк?

9 Мисир жеринде кул болгонго чейин ысрайылдыктар уруу-уруу болуп жашап, уруу башчыларына баш ийишкен. Уруу башчылары, Жахабанын аларга чейин жашаган кызматчыларындай эле, үйүндөгүлөрүнүн башкаруучусу, соту жана дин кызматчысы катары кызмат кылышкан (Башт. 8:20; 18:19; Аюп 1:4, 5). Бирок Жахаба Муса пайгамбар аркылуу жаңы уюшулган ысрайыл элине аларды башка элдерден айырмалап турган Мыйзам жыйнагын берген. (Оку: Мыйзам 4:5—8; Заб. 147:19, 20.) Ал Мыйзамга ылайык, дин кызматчылардын өзүнчө тобу негизделген жана эл арасында сот жүргүзүүгө билимдүү, тажрыйбалуу аксакалдар дайындалган (Мыйз. 25:7, 8). Ошондой эле анда сыйынууга жана күнүмдүк турмушка байланыштуу көрсөтмөлөр берилген.

10 Ысрайылдыктар убада кылынган жерге кирердин алдында, Жахаба аларга мыйзамдарын кайталаган. Анан Муса пайгамбар элге мындай деген: «Сен болсо Жахабанын кылган иштерин көрүп, ал өзү убада кылгандай, анын эли, өзгөчө эли болоруңду, анын осуяттарынын баарын аткарарыңды убада кылдың. Жахаба Кудайың сени өзү жараткан башка элдердин баарынан жогору коёт, ал өзү убада кылгандай, сен анын ыйык эли, мактанычы, даңкы, сулуулугу болосуң» (Мыйз. 26:18, 19).

БАШКА УЛУТТАГЫЛАРГА ДА ЭШИК АЧЫК БОЛГОН

11—13. а) Кимдерге Кудайдын элине кошулууга жол берилген? б) Башка улуттагылар Жахабага сыйынгысы келсе, эмне кылышы керек эле?

11 Жахаба ысрайылдыктарды тандап алса да, өзүнүн элине башка улуттагылардын кошулушуна тыюу салган эмес. Ал өз элин Мисир кулчулугунан куткарганда, алар менен бирге «ар кайсы элден чыккан көп сандаган адамдар», анын ичинде мисирликтер да чыгышкан (Чыг. 12:38). Алардын арасында фараондун жетинчи жаза учурунда «Жахабанын сөзүнөн корккон» кызматчылары да болгону шексиз (Чыг. 9:20).

12 Ысрайылдыктар Канаан жерин ээлеш үчүн Иордан дарыясын кечип өтөрдө, Муса пайгамбар аларга «келгинди сүйүшү» керектигин айткан (Мыйз. 10:17—19). Алар Мыйзамдагы негизги жол-жоболорго ылайык жашагысы келген бөтөн жерликтерди жерибей, өздөрүнүн коомунун мүчөсү катары кабыл алышы керек болчу (Леб. 24:22). Бөтөн жерликтердин айрымдары  атүгүл кайненеси Наамиге: «Сиздин элиңиз менин элим болот, сиздин Кудайыңыз менин Кудайым болот»,— деп айткан Рутка окшоп, Жахабанын кызматчысы болушкан (Рут 1:16). Алар ысрайылдыктардын динин кабыл алып, эркектери сүннөткө отургузулушкан (Чыг. 12:48, 49). Жахаба аларды өзүнүн элинин мүчөсү катары эсептеген (Сан. 15:14, 15).

Ысрайылдыктар өздөрүнүн арасындагы келгиндерге жакшы мамиле кылышчу (11—13-абзацтарды карагыла)

13 Ибадаткананы арноо аземинде Сулайман падышанын тиленгенде айткан сөздөрүнөн Жахабанын өзүнө сыйынган башка улуттагы адамдарды да кызматчысы катары кабыл алары көрүнүп турган. Сулайман падыша мындай деп тиленген: «Эгер ысрайыл элиңен болбогон бөтөн жерлик бирөө сенин улуу ысмың жана сунулган күчтүү колуң үчүн алыскы жерден келип, ушул үйдү карап тиленсе, жер бетиндеги бардык элдер сенин ысмыңды билип, сенден ысрайыл элиң корккондой коркушу үчүн жана мен курган бул үйдүн сенин ысмың менен аталарын билиши үчүн, сен асмандан, өзүң жашаган жайдан ал бөтөн жерликтин өтүнүчүн угуп, баарын аткар» (2 Жылн. 6:32, 33). Иса Машаяктын күндөрүндө да Жахабага сыйынгысы келген бөтөн жерликтер анын эли менен тыгыз байланышта болушчу (Жкн. 12:20; Элч. 8:27).

КҮБӨ КАТАРЫ КЫЗМАТ КЫЛГАН ЭЛ

14—16. а) Ысрайылдыктар кандайча Жахабанын күбөлөрү катары кызмат кылышкан? б) Кудайдын бүгүнкү күндөгү эли эмне кылууга милдеттүү?

14 Ысрайылдыктар Жахаба Кудайга, ал эми башка элдер өздөрүнүн кудайларына сыйынышкан. Ошондуктан Ышая пайгамбардын күндөрүндө Жахаба дүйнөдөгү абалды сот ишине окшоштуруп, башка элдердин кудайларына өздөрүнүн чыныгы Кудай экенин далилдеш үчүн күбөлөрүн алып келишин сунуш кылган. Ал: «Бардык элдер бир жерге чогулсун, улуттар бириксин. Муну [алардын] кудайларынын кайсынысы айтып бере алат? Алар жакында эмне болорун айта алышабы? Адил деп жарыяланыш үчүн өздөрүнүн күбөлөрүн көрсөтүшсүн, аларды угуп: „Туура!“ — деп айта алгыдай болушсун»,— деген (Ыш. 43:9).

15 Албетте, бөтөн элдердин кудайлары эч кандай далил келтире алмак  эмес. Себеби алар тилсиз, жансыз буркандар болгон. Керек болсо, табынуучуларына аларды дайыма көтөрүп жүрүүгө туура келген (Ыш. 46:5—7). Ал эми Жахаба болсо өзүнүн элине мындай деген: «Силер менин күбөлөрүмсүңөр,.. менин кызматчымсың. Мени билип, мага ишенишиңер үчүн, ошол эле Кудай экенимди түшүнүшүңөр үчүн, мен силерди тандап алгам. Менден мурун Кудай болгон эмес, менден кийин да болбойт. Мен, мен Жахабамын, менден башка куткаруучу жок... Силер менин күбөлөрүмсүңөр... Мен болсо Кудаймын» (Ыш. 43:10—12).

16 Сот ишиндеги күбөлөр сыяктуу, Жахабанын элине анын чыныгы Кудай экенин ишенимдүү түрдө ырастоого мүмкүнчүлүк берилген. Жахаба алар тууралуу: «Ал элди мен өзүм үчүн, даңкымды жар салсын деп жараткам»,— деген (Ыш. 43:21). Ырас, ысрайыл эли анын ысмы менен аталган. Жахаба Мисир кулчулугунан «кун төлөп сатып алгандыктан», ысрайылдыктар башка элдердин алдында анын эгедерлигин жактоого милдеттүү болушкан. Алар Кудайдын бүгүнкү күндөгү элиникиндей карашта болууга тийиш эле. Микей пайгамбар Кудайдын бүгүнкү күндөгү элинин кандай көз карашта болору жөнүндө: «Бардык элдер, ар бири өз кудайынын ысмы менен аталат, биз болсо кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө Жахаба Кудайыбыздын ысмы менен аталабыз»,— деген (Мик. 4:5).

КУДАЙДАН БАШ ТАРТКАН ЭЛ

17. Жахабанын көз алдында ысрайыл эли кандайча «жапайы жүзүм сабагына» айланып калган?

17 Өкүнүчтүүсү, ысрайыл эли Жахаба Кудайга ишенимсиздик кылган. Алар жыгачтан, таштан жасалган кудайларга табынган элдердин таасирине алдырып, алар менен аралашып кетишкен. Б.з.ч. 8-кылымда Ошуя пайгамбар алар тууралуу: «Ысрайыл жапайы жүзүм сабагына айланып баратат. Ал... курмандык жайларын да көбөйтүп жатат. Алардын жүрөгү анткор болуп калды, эми айыптуу деп табылышат»,— деп жазган (Ош. 10:1, 2). Ошондон 150 жылдай өткөндөн кийин Жахаба ишенимсиз эли жөнүндө Жеремия пайгамбар аркылуу мындай деген: «Сени мыкты уруктан чыккан тандамал кызыл жүзүм сабагы катары отургузгам. Анан кантип менин алдымда жапайы жүзүм сабагынын начар бутактарына айланып калдың?.. Өзүң жасаган кудайларың кайда? Башыңа мүшкүл түшкөндө, ошолор ордунан туруп, куткарышсын... Менин элим болсо мени эчак унуткан» (Жер. 2:21, 28, 32).

18, 19. а) Жахабанын жаңы элди тандай турганы эмнеден улам айкын болгон? б) Кийинки макалада кайсы суроолорго жооп алабыз?

18 Таза сыйынууну жактап, Жахабанын ишенимдүү күбөлөрү катары кызмат кылып, жакшы жемиш бергендин ордуна, ысрайыл эли буркандарга табынып, чириген жемиш берген. Ошондуктан Иса Машаяк жүйүттөрдүн эки жүздүү диний жетекчилерине: «Кудайдын Падышалыгы силерден алынып, анын жемишин бере турган элге берилет»,— деп айткан (Мт. 21:43). Ал жаңы элди — рухий Ысрайылды — Жеремия пайгамбар аркылуу алдын ала айтылган «жаңы келишимге» киргендер түзмөк. Жаңы келишимге кире турган рухий Ысрайыл жөнүндө Жахаба: «Мен алардын Кудайы болом, алар менин элим болот»,— деген (Жер. 31:31—33).

19 Ысрайыл эли ишенимдүү болбогондуктан, Жахаба алардын ордуна 1-кылымда өзүнүн эли катары рухий Ысрайылды тандап алган. Бүгүнкү күндө Кудайдын эли ким? Жүрөгү таза адамдар анын чыныгы кызматчыларын кантип аныктай алышат? Бул суроолорго кийинки макалада жооп берилет.