Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Азыр Кудайдын элисиңер»

«Азыр Кудайдын элисиңер»

«Бир кездерде эл эмес элеңер, азыр Кудайдын элисиңер» (1 ПЕТ. 2:10).

1, 2. Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында кандай өзгөчө окуя болгон жана Жахабанын жаңы элин кимдер түзгөн? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

БИЗДИН ЗАМАНДЫН 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Жахабанын элинин тарыхында чоң бурулуш болгон. Ошол күнү Жахабанын ыйык руху аркылуу жаңы эл — рухий Ысрайыл, башкача айтканда, «Кудайдын Ысрайылы» — пайда болгон (Гал. 6:16). Ыбрайым пайгамбардын күндөрүнөн тартып Кудайдын эли эркектеринин сүннөткө отургузулганы менен айырмаланып келген болчу. Ал эми жаңы элдин ар бир мүчөсү, элчи Пабыл жазгандай, «рух аркылуу жүрөккө жасалган сүннөтү» менен айырмаланып турмак (Рим. 2:29).

2 Кудайдын жаңы элинин алгачкы мүчөлөрү Иерусалимдеги бир үйдүн үстүнкү бөлмөсүнө чогулуп жүргөн элчилер менен жүздөн ашык башка шакирттер болгон (Элч. 1:12—15). Кудай аларга ыйык рухун төгүп, рухтан төрөлгөн уулдары катары асырап алган (Рим. 8:15, 16; 2 Кор. 1:21). Бул Иса Машаяк арачылык кылган жана анын каны аркылуу негизделген жаңы келишимдин күчүнө киргенин көрсөткөн (Лк. 22:20; оку: Еврейлер 9:15). Ошентип, ал шакирттер Жахабанын жаңы элин түзүшкөн. Ыйык рухтун жардамы менен алар жумалар майрамын, тактап айтканда, Элүүнчү күн майрамын белгилөө  үчүн Иерусалимге Рим империясынын чар тарабынан келген жүйүттөр менен алардын динин кабыл алган ар кайсы улуттагы адамдарга ар биринин эне тилинде кабар айтышкан. Андыктан майрамга келгендер «Кудайдын улуу иштери жөнүндө» айтылгандарды түшүнүшкөн (Элч. 2:1—11).

КУДАЙДЫН ЖАҢЫ ЭЛИ

3—5. а) Элүүнчү күн майрамында Петир жүйүттөргө эмне деген? б) Жахабанын жаңы уюшулган элинин саны кантип өсө баштаган?

3 Жүйүттөр менен алардын динин кабыл алгандар жаңы элдин — Машаяктын жолдоочуларынан турган жыйналыштын — мүчөсү болушу үчүн, Жахаба элчи Петирди колдонгон. Элүүнчү күн майрамында Петир кайраттуулук менен жүйүттөргө алар «устунга кадап өлтүргөн» Исага ишениши керектигин, анткени аны «Кудай өзү Мырза да, Машаяк да кылганын» айткан. Чогулган эл: «Биз эмне кылышыбыз керек?» — деп сураганда, Петир: «Өкүнгүлө жана күнөөлөрүңөр кечирилиши үчүн, ар бириңер Иса Машаяктын аты менен чөмүлтүлгүлө. Ошондо ыйык рух белегин аласыңар»,— деген (Элч. 2:22, 23, 36—38). Ошол күнү рухий Ысрайылга 3 000дей киши кошулган (Элч. 2:41). Элчилер андан ары да ынталуулук менен кабар айта бергендиктен, көптөр чындыкты кабыл алышкан (Элч. 6:7). Натыйжада жаңы элдин саны күндөн күнгө өсө берген.

4 Кийинчерээк жакшы кабар самариялыктарга да жетип, Филип деген шакирт алардын көптөрүн чөмүлткөн. Бирок аларга ыйык рух түшө элек болгондуктан, Иерусалимдеги жетектөөчү кеңеш Петир менен Жаканды аларга жиберген. Ал экөө самариялыктардын «үстүнө колдорун коюшканда, алар ыйык рух ала башташкан» (Элч. 8:5, 6, 14—17). Ошентип, самариялыктар да рух менен майланып, рухий Ысрайылдын мүчөсү болуп калышкан.

Петир Корнелий менен анын үйүндөгүлөрүнө кабар айткан (5-абзацты кара)

5 Б.з. 36-жылы рухий Ысрайылга дагы башкаларды кошуу үчүн Жахаба кайрадан Петирди колдонгон. Петир ошондо Корнелий деген римдик жүз башыга жана анын туугандары менен досторуна кабар айтууга жөнөтүлгөн (Элч. 10:22, 24, 34, 35). Бул тууралуу Ыйык Китепте: «Петир ушуларды айтып жатканда, сөздү угуп тургандардын баарына ыйык рух түштү. Аны менен келген сүннөткө отургузулган шакирттер ыйык рухтун — Кудайдын белегинин — башка улуттагы адамдарга да берилгенине таң калышты»,— делет (Элч. 10:44, 45). Ошол убактан тартып рухий Ысрайылга жүйүт элинен болбогон жана сүннөткө отургузулбаган адамдар да кошула баштаган.

«ӨЗҮНҮН ЫСМЫ МЕНЕН АТАЛА ТУРГАН ЭЛ»

6, 7. Жаңы элдин мүчөлөрү Жахабанын «ысмы менен аталышарын» кантип көрсөтүшкөн?

6 Б.з. 49-жылы жетектөөчү кеңештин жолугушуусунда шакирт Жакып: «Шымон [Петир] бизге Кудайдын өзүнүн ысмы менен атала турган эл чогултуш  үчүн башка элдерге назар сала баштаганын айтып берди»,— деген (Элч. 15:14). Жахабанын ысмы менен аталган жаңы эл жүйүттөрдөн да, жүйүт эместерден да турган (Рим. 11:25, 26а). Кийинчерээк Петир: «Бир кездерде эл эмес элеңер, азыр Кудайдын элисиңер»,— деп жазган. Ошондой эле алардын негизги тапшырмасы эмне экенин мындайча түшүндүргөн: «Силер „тандалган тукумсуңар, падыша болуп кызмат кыла турган дин кызматчыларсыңар, ыйык элсиңер, Кудайдын өзгөчө элисиңер“. Силерди караңгылыктан өзүнүн ажайып жарыгына чакыргандын „укмуш сонун сапаттарын бардык жерде жарыялаш“ үчүн тандалгансыңар» (1 Пет. 2:9, 10). Ооба, жаңы элдин мүчөлөрүнө өздөрү өкүлү болуп кызмат кылган Кудайды даңктап, анын ысмын даңазалоо иши тапшырылган. Ааламдын Эгедери Жахаба жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн алардан кайраттуулук талап кылынган.

7 Жахабанын байыркы ысрайыл эли жөнүндө: «Ал элди мен өзүм үчүн, даңкымды жар салсын деп жараткам»,— деп айткан сөздөрү рухий Ысрайылга да тиешелүү болчу (Ыш. 43:21). Машаяктын алгачкы жолдоочулары Жахабанын жалгыз чыныгы Кудай экенин, ал эми башка элдер сыйынган кудайлардын баары жалган экенин тайманбастык менен жарыялашкан (1 Тес. 1:9). Алар Жахаба менен Иса Машаяк жөнүндө «Иерусалимде, бүт Жүйүт жеринде, Самарияда, ошондой эле жердин учу-кыйырына чейин» күбөлөндүрүшкөн (Элч. 1:8; Кол. 1:23).

8. Элчи Пабыл ишенимдештерине эмнени эскерткен?

8 Жаңы элдин эр жүрөк мүчөлөрүнүн бири элчи Пабыл башка улуттагы философтордун алдында турганда да Жахабанын «дүйнөнү жана андагынын баарын жараткан Кудай, асман-жердин Теңири» экенин кайраттуулук менен айтып, анын эгедерлигин жактаган (Элч. 17:18, 23—25). Үчүнчү миссионердик сапарынын аяк ченинде ал ишенимдештерине: «Мен кеткенден кийин, араңарга оторду аябаган ач карышкырлардын кирерин билем. Андан сырткары, шакирттерди ээрчитип кетиш үчүн өзүңөрдүн эле араңардан чындыкты бурмалап сүйлөгөн адамдар чыгат»,— деп эскерткен (Элч. 20:29, 30). Анан ал айткандай эле, 1-кылымдын аягында чындыктан четтегендер көбөйө баштаган (1 Жкн. 2:18, 19).

9. Элчилердин көзү өткөндөн кийин, Жахабанын «ысмы менен аталган» эл эмне болгон?

9 Элчилердин көзү өткөндөн кийин, чындыктан четтөөчүлүк кеңири кулач жайып, христиан дүйнөсүнүн чиркөөлөрүнүн пайда болушуна шарт түзгөн. Алар Жахабанын «ысмы менен аталган» эл болмок турсун, Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунан анын ысмын алып салышкан. Ал эле эмес, жалган кудайларга табынгандардын үрп-адаттарын кабыл алып, Ыйык Жазмага каршы келген окуулары, жүргүзгөн согуштары жана адеп-ахлаксыз иштери менен Кудайга шек келтиришкен. Ошондон тартып Жахабага ишенимдүү кызмат кылгандар саналуу эле болгондуктан, анын «ысмы менен аталган» эл кылымдар бою болгон эмес.

КУДАЙДЫН ЭЛИНИН КАЙРАДАН «ТӨРӨЛҮШҮ»

10, 11. а) Иса Машаяк буудай менен отоо чөп жөнүндөгү мисалында эмне тууралуу пайгамбарлык кылган? б) Исанын пайгамбарлыгы 1914-жылдан кийин кантип аткарылган?

10 Иса Машаяк буудай менен отоо чөп жөнүндөгү мисалында чындыктан четтөөчүлүктөн улам каптай турган рухий караңгылык жөнүндө пайгамбарлык кылган. Ал, «баары уктап жатканда», Шайтан келип, адам Уулу сепкен үрөндүн арасына отоо чөптүн  уругун сээп кетерин айткан. Буудай менен отоо чөп «бул дүйнө түзүлүшүнүн аяк ченине» чейин чогуу өсө бермек. Иса Машаяк: «Жакшы үрөндөр — Падышалыктын уулдары, ал эми отоо чөптөр — кара өзгөйдүн уулдары»,— деп түшүндүргөн. Бул дүйнөнүн аяк ченинде адам Уулу отоо чөптөрдү буудайдан бөлүш үчүн «орокчуларын», тактап айтканда, периштелерди жибермек. Натыйжада Падышалыктын уулдары чогултулмак (Мт. 13:24—30, 36—43). Ал пайгамбарлык кантип аткарылган жана жер бетинде кайрадан Жахабанын эли пайда болорун кандайча көрсөтүп турган?

11 «Бул дүйнө түзүлүшүнүн аяк чени» 1914-жылы башталган. Ошол жылы согуш тутанганда, майлангандардын — «Падышалыктын уулдарынын» — саны 5 000дей эле болгон жана алар Улуу Бабылдын кулчулугунда жүрүшкөн. 1919-жылы Жахаба аларды кулчулуктан бошотуп, алар менен «отоо чөптөрдүн», Машаяктын жолдоочулары атангандардын, ортосундагы айырманы айкын кылган. Ышая пайгамбардын: «Бир күндө өлкө пайда болобу? Бир заматта эл төрөлөбү? Сион болсо толгоосу келер замат уулдарын төрөдү»,— деген сөздөрүнө ылайык, Кудай «Падышалыктын уулдарын» эл кылып уюштурган (Ыш. 66:8). Ошентип, анын уюмунун периштелерден турган бөлүгүн билдирген Сион ыйык рух менен майланган уулдарын «төрөп», жерде кайрадан Кудайдын эли пайда болгон.

12. Майлангандардын Жахабанын «ысмы менен аталган» эл экени эмнеден көрүнүп турат?

12 Машаяктын алгачкы жолдоочуларындай эле, «Падышалыктын уулдары» Жахаба жөнүндө күбөлөндүрүп келишет. (Оку: Ышая 43:1, 10, 11.) Алар үлгүлүү жүрүм-туруму жана Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды «бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратышканы» менен башкалардан айырмаланып турушат (Мт. 24:14; Флп. 2:15). Мунун аркасында көптөргө, миллиондогондорго, Жахабанын көз алдында адил болууга жардам беришүүдө. (Оку: Даниел 12:3.)

 «БИЗ СИЛЕР МЕНЕН БАРАБЫЗ»

13, 14. Бүгүнкү күндө Жахабага сыйынгысы келгендер эмне кылышы керек жана бул Ыйык Китепте кандайча алдын ала айтылган?

13 Мурунку макалада талкуулангандай, байыркы убакта Жахаба өзүнө сыйынган жана ысрайыл эли менен тыгыз байланышта болгон бөтөн жерликтерди да кызматчылары катары кабыл алган (1 Пад. 8:41—43). Анын сыңарындай, бүгүнкү күндө да Жахабага сыйынгысы келгендер анын майланган кызматчыларынан турган эли менен — «Падышалыктын уулдары» менен — тыгыз байланышта болушу керек.

14 Жахаба акыркы күндөрдө анын элине кошулгандар абдан көп болорун пайгамбарлары аркылуу алдын ала айткан. Алсак, Ышая пайгамбар: «Көптөгөн элдер келип: „Келгиле, Жахабанын тоосуна, Жакыптын Кудайынын үйүнө чыгалы. Ал бизге өзүнүн жолдорун үйрөтөт, биз анын жолдору менен жүрөбүз“,— дешет. Анткени Сиондон мыйзам, Иерусалимден Жахабанын сөзү чыгат»,— деп жазган (Ыш. 2:2, 3). Ал эми Закарыя пайгамбар: «Көптөгөн адамдар, күчтүү элдер асман аскерлеринин Кудайы Жахабаны издеш үчүн, Жахабадан ырайым кылышын сураш үчүн Иерусалимге келишет»,— деген. Ал айткандай, «ар кандай тилде сүйлөгөн элдерден, бардык элдерден он киши чыгып», каймана мааниде рухий Ысрайылдын «этегинен кармап, ага: „Биз силер менен барабыз, анткени Кудайдын силер менен экенин уктук“,— дешмек» (Зак. 8:20—23).

15. «Башка койлор» кайсы ишти аткарууда рухий ысрайылдыктар менен чогуу «баратышат»?

15 «Башка койлор» Падышалык жөнүндө кабар айтуу ишин аткарууда рухий ысрайылдыктар менен чогуу «баратышат» (Мр. 13:10). Алар да Кудайдын элинин мүчөсү болуп эсептелишет жана майлангандар менен бирге «жакшы койчу» Иса Машаяк жетектеген «бир оторду» түзүшөт. (Оку: Жакан 10:14—16.)

ЖАХАБА КОРГОШУ ҮЧҮН, АНЫН ЭЛИ МЕНЕН БОЛ

16. «Улуу алааматтын» акыркы баскычы башталышы үчүн, Жахаба эмне кылат?

16 Улуу Бабыл кыйратылгандан кийин, дүйнө жүзү боюнча Кудайдын элине кол салынат. Ошол убакта анын коргоосуна абдан муктаж болобуз. Ал окуя «улуу алааматтын» акыркы баскычы болгон Армагедон согушуна алып бара тургандыктан, Жахаба ага өзү туура көргөн убакта жол берет (Мт. 24:21; Жез. 38:2—4). Ошондо Гок анын «ар кайсы элдерден чогулган» элине кол салат (Жез. 38:10—12). Гок кол салганда, Кудай ага жана анын аскерлерине каршы согушат. Ал: «Көптөгөн элдердин көз алдында өзүмдүн ким экенимди ачып берем. Ошондо менин Жахаба экенимди билишет»,— деген сөздөрүнө ылайык, өзүнүн эгедерлигин даңктап, ысмын ыйыктайт (Жез. 38:18—23).

«Улуу алаамат» учурунда жергиликтүү жыйналыштар менен тыгыз байланышта болушубуз керек (16—18-абзацтарды кара)

17, 18. а) Гок кол салганда, Жахаба кандай көрсөтмөлөрдү берет? б) Жахаба коргошу үчүн, эмне кылышыбыз керек?

17 Гок кол сала баштаганда, Жахаба элине: «Бар, элим, төркү бөлмөлөрүңө кирип, артыңан эшикти жаап ал. Каар басылгыча, бир азга жашына тур»,— деп айтат (Ыш. 26:20). Ошол коогалаңдуу убакта ал бизге аман калышыбыз үчүн зарыл көрсөтмөлөрдү берет. Аятта айтылган «төркү бөлмөлөр» жергиликтүү жыйналыштар менен байланыштуу болушу мүмкүн.

18 Андыктан Жахаба бизди улуу алааматта коргошу үчүн, анын жерде уюшулган эли жана алардын жыйналыштары бар экенин унутпашыбыз керек. Ошондой эле алар менен бирге болуп, жергиликтүү жыйналыштар менен тыгыз байланышта болгонубуз маанилүү. Келгиле, баарыбыз: «Куткаруу Жахабадан келет. Элиңе батаң тиет»,— деп ырдаган забурчунун сөздөрүнө чын жүрөктөн кошулалы (Заб. 3:8).