Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Жыйналыштарда аксакалдар менен кызмат жардамчылары кандай жол менен дайындалат?

1-кылымда элчи Пабыл Эфестеги жыйналышта кызмат кылган аксакалдарга: «Өзүңөргө жана бүт оторго сак болгула. Кудайдын өз Уулунун каны менен сатып алган жыйналышын кайтарышыңар үчүн, ыйык рух силерди оторго көзөмөлчү кылып дайындаган»,— деп айткан (Элч. 20:28). Аксакалдар менен кызмат жардамчыларынын дайындалышында ыйык рух бүгүнкү күндө кандай роль ойнойт?

Биринчиден, ыйык рух Ыйык Китепти жазууга катышкандарга аксакалдар менен кызмат жардамчыларына коюлган талаптарды жазууга түрткү берген. Алсак, 1 Тиметей 3:1—7-аяттарда аксакалдарга коюлган 16 талап саналып өткөн. Дагы кошумча талаптарды Тит 1:5—9 жана Жакып 3:17, 18-аяттардан табууга болот. Ал эми кызмат жардамчыларына коюлган талаптар 1 Тиметей 3:8—10 жана 12, 13-аяттарда жазылган. Экинчиден, кепилдеме бергендер жана дайындай турган бир туугандар ага-инилердин акылга сыярлык деңгээлде Ыйык Китептеги талаптарга жооп берер-бербесин карап жатканда Жахабадан ыйык руху аркылуу жетектешин сурап, жалындуу тиленишет. Үчүнчүдөн, дайындала турган бир тууган жашоосунда Кудайдын ыйык рухунун жемишине кирген сапаттарды чагылдырышы керек (Гал. 5:22, 23). Мындан көрүнүп тургандай, аксакалдар менен кызмат жардамчыларынын дайындалышында ыйык рух абдан маанилүү роль ойнойт.

Аларды ким дайындайт? Буга чейин аларга берилген кепилдемелер жергиликтүү филиалга жөнөтүлчү. Ал жактагы Жетектөөчү Кеңеш тарабынан дайындалган бир туугандар ошол кепилдемелерди карап чыгып, ылайыктуу болгондорун дайындашчу. Андан кийин филиал ал тууралуу аксакалдар кеңешине билдире турган. Аксакалдар кеңеши болсо бир тууганга анын дайындалып жатканын билдирип, ошол кызматты аркалагысы келер-келбесин жана талаптарга жооп берер-бербесин сурашчу. Акырында анын дайындалганы жыйналышка кулактандырылчу.

1-кылымда элчилер кээде бир туугандарды өзгөчө иштерге дайындачу. Алсак, бир жолу алар жети ишенимдешине жесирлерге тамак бөлүштүрүүнү тапшырган (Элч. 6:1—6). Анткен менен ал жети бир тууган андай кошумча ишти аткарганга чейин эле аксакал болуп кызмат кылчу. Анда 1-кылымда аксакалдар менен кызмат жардамчылары кантип дайындалчу?

Ыйык Жазмада ал кезде бир туугандардын кайсы бир кызматка кантип дайындалганы жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүлбөсө  да, ал тууралуу айрым нерселерди биле алабыз. Маселен, Ыйык Китепте Пабыл менен Барнабанын биринчи миссионердик сапарынан кайтып келатып «ар бир жыйналышка аксакалдарды дайындашканы» жана «тиленип, орозо туткандан кийин ал аксакалдарды өздөрү ишенип калган Жахабага тапшырышканы» айтылат (Элч. 14:23). Бир нече жылдан кийин элчи Пабыл өзүн коштоп жүргөн шериктеринин бири Титке: «Мен сени Критке бүтпөй калган иштерди жөнгө салышың үчүн жана сага көрсөтмө бергенимдей, ар бир шаарда аксакалдарды дайындашың үчүн калтыргам»,— деп жазган (Тит 1:5). Пабыл менен көп жерлерди кыдырган Тиметейге да ушундай бийлик берилген (1 Тим. 5:22). Демек, 1-кылымда аксакалдарды жана кызмат жардамчыларын Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдар эмес, кыдыруучу көзөмөлчүлөр дайындашчу.

Ыйык Китептеги ушул билдирүүлөрдү эске алып, Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши аксакалдар менен кызмат жардамчыларын дайындоо тартибин өзгөрттү. 2014-жылдын 1-сентябрынан тартып алар төмөнкүдөй жол менен дайындалат: ар бир райондук көзөмөлчү өзүнүн районундагы бир туугандардын кепилдемелерин кылдат карап чыгат. Анан жыйналыштарды кыдырганда, мүмкүн болсо, ошол бир туугандар менен кызматташып, аларды жакшыраак билгенге аракет кылат. Кепилдемелерди жыйналыштын аксакалдар кеңеши менен талкуулагандан кийин ал аксакалдарды жана кызмат жардамчыларын дайындайт. Мунун аркасында бир туугандарды дайындоо тартиби 1-кылымдагы үлгүгө көбүрөөк окшош болот.

Аксакалдар бир туугандын талаптарга жооп берер-бербесин райондук көзөмөлчү менен талкуулап жатышат (Малави)

Бир туугандарды дайындоо ишинде кимдердин катыштыгы бар? «Ишенимдүү жана акылдуу кулдун» эң негизги милдети — Мырзасынын үйүндөгүлөрүнө өз убагында тамак берип туруу (Мт. 24:45—47). Бул өз ичине дүйнө жүзүндөгү жыйналыштарды уюштурууга тиешелүү принциптерди кантип колдонсо болорун түшүндүрүү үчүн ыйык рухтун жардамы менен Ыйык Жазманы изилдөөнү камтыйт. Ишенимдүү кул райондук көзөмөлчүлөр менен филиалдын комитетинин мүчөлөрүн да дайындайт. Филиалдар болсо берилген жетекчиликке ылайык иш кылынышына кам көрүшөт. Аксакалдар кеңеши кепилдеме берилип жаткан бир туугандын Ыйык Жазмадагы талаптарга канчалык жооп берерин кылдат карап чыгууга милдеттүү. Ал эми ар бир райондук көзөмөлчү аксакалдар тарабынан берилген кепилдемелерди тиленүү менен кылдат карап чыгып, талаптарга жооп берген бир тууганды дайындоого жооптуу.

Дайындоо иши кандайча жүргүзүлөрүн жакшыраак билип алсак, ал иште ыйык рухтун кандай роль ойноорун мурдагыдан да айкыныраак түшүнүп калабыз. Натыйжада дайындалган бир туугандарга көбүрөөк ишеним артып, аларды терең урматтайбыз (Евр. 13:7, 17).

 Аян 11-бөлүмдө айтылган эки күбө кимди билдирет?

Аян 11:3тө 1260 күн пайгамбарлык кыла турган эки күбө жөнүндө жазылат. Андан кийинки аяттардын биринде жырткычтын «аларды жеңип, өлтүрөрү» айтылат. Бирок эки күбө «үч жарым күндөн кийин» тирилип, аларды көргөндөрдүн баарын таң калтырмак (Аян 11:7, 11).

Ал эки күбө кимди билдирет? Бул суроонун жообун кылдат изилдөө жүргүзүүнүн аркасында таба алабыз. Биринчиден, Аян китебинде алардын «эки зайтун дарагы менен эки чыракпая» экени айтылат (Аян 11:4). Бул Закарыя пайгамбар жазган китептеги чыракпая менен эки зайтун дарагын эске салат. Андагы эки зайтун дарагы «бүт жер жүзүнүн Теңиринин жанында турган эки майланганды» — башкаруучу Зоробабыл менен башкы дин кызматчы Жашыяны — билдирген (Зак. 4:1—3, 14). Экинчиден, Аян китебинде эки күбөнүн Муса пайгамбар менен Илияс пайгамбардыкындай кереметтерди жасаары айтылат. (Аян 11:5, 6ны Сандар 16:1—7, 28—35 жана 1 Падышалар 17:1; 18:41—45-аяттар менен салыштыргыла.)

Аян китеби менен Закарыя китебиндеги бул эки билдирүүнүн кандай жалпылыгы бар? Экөөндө тең Кудайдын оор учурларда жетекчиликти колго алган майланган кызматчылары жөнүндө баяндалат. Андыктан Аян 11-бөлүмдө жазылган пайгамбарлыктын аткарылышы 1914-жылы асманда Кудайдын Падышалыгы орногон убакта жетекчиликти колго алган майланган бир туугандардын каймана мааниде «таар жамынып», үч жарым жыл кабар айтканын билдирет.

Күбөлөндүрүп бүткөндөн кийин ал майлангандар өлтүрүлгөн, башкача айтканда, салыштырмалуу кыска убакытты билдирген «үч жарым күнгө» түрмөгө камалышкан. Кудайдын элинин душмандарынын көз карашы боюнча, алардын иши толугу менен токтогон. Ошондуктан аларга кастык кылгандар кубанып-шаттанышкан (Аян 11:8—10).

Анткен менен пайгамбарлыкта айтылгандай, үч жарым күндөн кийин эки күбө тирилген. Ал майлангандар түрмөдөн бошотулгандан сырткары, ишенимдүү бойдон калгандары Мырзасы Иса Машаяк аркылуу Кудайдан өзгөчө тапшырма алышкан. 1919-жылы алар акыркы күндөрдө Кудайдын элине рухий жактан кам көрүү үчүн «ишенимдүү жана акылдуу кул» катары дайындалгандардын арасында болушкан (Мт. 24:45—47; Аян 11:11, 12).

Кызыктуусу, Аян 11:1, 2де ал окуялар рухий ибадаткана ченелген убак менен байланыштырылат. Малаки китебинин 3-бөлүмүндө да тазалоо ишинен кийин рухий ибадаткананы текшерүү иши жүргүзүлгөнү айтылган (Мал. 3:1—4). Текшерүү жана тазалоо иши канча убакытка созулган? 1914-жылдан тартып 1919-жылдын башына чейин созулган. Ал убакыт аралыгы 1260 күндү (42 айды) да, Аян 11-бөлүмдө жазылган каймана маанидеги үч жарым күндү да камтыган.

Жахабанын ал ишти «жакшы иштерди кылууга ынталуу» «өзгөчө элди» тазалаш үчүн жүргүзгөнүнө кандай гана ыраазыбыз (Тит 2:14). Андан сырткары, ошол кыйын кезеңде жетекчиликти колго алып, каймана мааниде эки күбө катары кызмат кылган майлангандардын үлгүсүн биз абдан баалайбыз *.

^ абз. 18 Көбүрөөк маалымат алыш үчүн 2013-жылдын 15-июлундагы «Күзөт мунарасынын» 22-бетиндеги 12-абзацты кара.