Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Уккула да, сөздөрүмдүн маанисин түшүнгүлө»

«Уккула да, сөздөрүмдүн маанисин түшүнгүлө»

«Баарыңар уккула да, сөздөрүмдүн маанисин түшүнгүлө» (МР. 7:14).

1, 2. Эмне үчүн көптөр Иса пайгамбардын сөздөрүнүн маанисин түшүнүшкөн эмес?

КИШИ маектешинин сөздөрүн угушу, атүгүл анын кандай сезим менен сүйлөп жатканын байкашы мүмкүн. Бирок ал айтылып жаткандардын маанисин түшүнбөсө, андан эмне пайда? (1 Кор. 14:9). Анын сыңарындай, Иса пайгамбарды миңдегендер уккан. Иса аларга өздөрү түшүнгөн тилде сүйлөгөн. Анткен менен анын айткандарынын маанисин баары эле аңдай берген эмес. Ошондуктан ал угуучуларына: «Баарыңар уккула да, сөздөрүмдүн маанисин түшүнгүлө»,— деп айткан (Мр. 7:14).

2 Эмне үчүн Иса Машаяктын айткандарын көптөр түшүнгөн эмес? Буга алардын алдын ала калыс эмес пикирде болгону жана ниетинин туура эместиги себеп болгон. Ошондой кишилер тууралуу Иса: «Силер өзүңөрдүн салтыңарды сакташ үчүн, Кудайдын осуятын четке какканга машсыңар»,— деген (Мр. 7:9). Алар анын сөздөрүнүн маанисин түшүнүүгө чындап аракет кылышкан эмес. Ошондой эле туура эмес жолунан кайтууну, көз карашын өзгөртүүнү каалашкан эмес. Алардын кулагы укса да, жүрөгү «дүлөй» болуп калган болчу. (Оку: Матай 13:13—15.) Иса Машаяктын окууларынан пайда алыш үчүн жүрөгүбүздүн абалы жакшы болушу керек. Анын катууланып калбаганына кантип ынана алабыз?

МАШАЯКТЫН ОКУУЛАРЫНАН КАНТКЕНДЕ ПАЙДА АЛАБЫЗ?

3. Эмне үчүн Машаяктын шакирттери анын сөздөрүнүн маанисин түшүнө алышкан?

3 Биз Иса Машаяктын шакирттеринен үлгү алышыбыз керек. Иса аларга: «Бактылуусуңар, анткени көзүңөр көрүп, кулагыңар угуп жатат»,— деп айткан (Мт. 13:16). Эмне үчүн шакирттер башкалар түшүнбөгөн нерселерди түшүнүшкөн? Биринчиден, алар суроо берүүгө жана Устатынын сөздөрүнүн маанисин түшүнүүгө ынтызар болушкан (Мт. 13:36; Мр. 7:17). Экинчиден, жаңы уккандарын мурун жүрөгү менен кабыл алган нерселери менен байланыштырууга дилгир болушкан. (Оку: Матай 13:11, 12.) Үчүнчүдөн, угуп-түшүнгөн нерселерин жашоосунда да, башкаларга жардам берүүдө да колдонушкан (Мт. 13:51, 52).

4. Исанын мисалдарын түшүнгүбүз келсе, кайсы үч кадамды жасашыбыз керек?

4 Эгер Иса пайгамбардын мисалдарын түшүнгүбүз келсе, ишенимдүү шакирттерден үлгү алганыбыз абзел. Ан үчүн төмөнкү үч кадамды жасашыбыз зарыл. Биринчиден, Исанын айткандарын окуп, ой жүгүртүү үчүн убакыт бөлүшүбүз, алсак: «Бул мисалдын мааниси кандай? Иса аны эмне үчүн айткан? Билгендерибизди кантип өзүбүз үчүн жана башкалар үчүн пайдалуу болгудай кылып колдоно алабыз?» — деген суроолор жөнүндө ойлонуп, аларды терең изилдешибиз керек. Ошондо билимге ээ болобуз (Накыл 2:4, 5). Экинчиден, жаңы билгендерибизди мурун билгендерибиз менен байланыштырып, өзүбүзгө эмнеси менен пайдалуу болорун аңдашыбыз кажет. Ошентсек, түшүнүккө ээ болобуз (Накыл 2:2, 3). Үчүнчүдөн, билгендерибизди жашообузда колдонгонубуз маанилүү. Муну менен акылмандыкты чагылдырабыз (Накыл 2:6, 7).

5. Билим, түшүнүк жана акылмандыктын ортосунда кандай айырма бар экенин түшүндүр.

5 Билим, түшүнүк жана акылмандыктын ортосунда кандай айырма бар? Муну түшүнүү үчүн мындай мисал келтирели: жолдун так ортосунда турасың деп коёлу. Сени көздөй автобус келатат. Адегенде анын автобус экенин көрөсүң. Муну билим деп айтууга болот. Анан ордуңда тура берсең, сени коюп кетерин баамдайсың. Бул — түшүнүк. Ошондуктан жолдун четине чыкканга шашасың. Бул болсо акылмандык. Ыйык Китепте «акылмандыкты... сакташыбыз» керектиги бекеринен айтылган эмес, себеби мындан өмүрүбүз көз каранды (Накыл 3:21, 22; 1 Тим. 4:16).

6. Иса пайгамбар айткан мисалдардын жетөөсүн талкуулап жатканда кайсы суроолор жөнүндө ой жүгүртөбүз? ( Кутучаны да кара.)

6 Ушул жана кийинки макалада Иса пайгамбар айткан мисалдардын жетөөсүн талкуулайбыз. Ошону менен бирге төмөнкү суроолор жөнүндө ой жүгүртөбүз: бул мисалдын мааниси кандай? (Мунун аркасында билимге ээ болобуз.) Иса ушул мисалды эмне үчүн айткан? (Мунун аркасында түшүнүккө ээ болобуз.) Билгендерибизди кантип өзүбүз үчүн жана башкалар үчүн пайдалуу болгудай кылып колдоно алабыз? (Мунун аркасында акылмандыкты чагылдырабыз.) Бул мисалдан Жахаба жана Иса Машаяк жөнүндө эмнени билүүгө болот?

САРЫ КЫЧЫ ДАНЫ

7. Сары кычы даны жөнүндөгү мисалдын мааниси кандай?

7 Оку: Матай 13:31, 32. Сары кычы даны жөнүндөгү мисалдын мааниси кандай? «Сары кычы даны» Падышалык жөнүндөгү кабарды жана анын жарыяланышынын натыйжасында пайда болгон Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышын билдирет. Сары кычы даны «уруктардын ичинен эң кичинекейи болгондой» эле, б.з. 33-жылы Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышы аз эле кишиден турган. Бирок ондогон жылдардын ичинде эле алардын саны тездик менен өскөн. Алардын ушунчалык бат көбөйөрү эч кимдин оюна да келген эмес (Кол. 1:23). Иса дандын өсүп чыгып, даракка айланарын жана чымчыктардын «анын бутактарына корголой» турганын айткан. Ал чымчыктар Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышынан баш маана издеп, ал жактан рухий тамак менен азыктанып, «көлөкөсүнө» коргологон жүрөгү таза адамдарды билдирет. (Салыштыр: Жезекиел 17:23.)

8. Иса сары кычы даны жөнүндөгү мисалды эмне үчүн айткан?

8 Иса бул мисалды эмне үчүн айткан? Ал сары кычы данынын өсүшүн мисал кылып, Падышалыктын ишинин тездик менен кеңири кулач жаярын, ал Падышалыктын падышасы Кудайдын элин коргоп, бардык тоскоолдуктарды жеңгенге жардам берерин баса белгилеген. Чынында эле, 1914-жылдан тартып Кудайдын уюмунун жердеги бөлүгү укмуштуудай өнүгүүдө (Ыш. 60:22). Ал уюмдун мүчөлөрүнө Жахаба менен ынак болгонго жардам көрсөтүлүүдө (Накыл 2:7; Ыш. 32:1, 2). Андан тышкары, Падышалыктын иштери эч бир тоскоолдуктарга карабай алга илгерилөөдө (Ыш. 54:17).

9. а) Сары кычы даны жөнүндөгү мисалдан эмнеге үйрөнө алабыз? б) Бул мисалдан Жахаба жана Иса Машаяк жөнүндө эмнени билдиң?

9 Сары кычы даны жөнүндөгү мисалдан эмнеге үйрөнө алабыз? Балким, биз жашаган жерде Жахабанын Күбөлөрү аз эле болушу же кабар айтуу кызматыбыз анча деле натыйжа бербей жаткандай сезилиши мүмкүн. Бирок Падышалыктын бардык тоскоолдуктарды жеңе аларын унутпасак, туруктуу болобуз. Айталы, Эдвин Скиннер бир тууган 1926-жылы Индияга жаңы барганда, ал жакта саналуу эле Күбөлөр бар болчу. Башында ал өлкөдө өсүш жай болуп, иш жакшы жылган эмес. Бирок Эдвин бир тууган кабар айтканын токтотпой, Падышалыктын чоң тоскоолдуктарды жеңгенине күбө болгон. Азыр Индияда 37 000ден ашуун жигердүү жарчы бар жана акыркы жолу Эскерүү кечесине 108 000ден ашуун киши келген. Падышалыктын ишинин канчалык деңгээлде кеңири кулач жаярына байланыштуу дагы бир мисал карап көрөлү. Эдвин Скиннер бир тууган Индияга барган жылы Замбияда да кабар айтуу иши жаңы башталып жаткан. Азыр ал өлкөдө 170 000ден ашуун жарчы кабар айтып жатат. 2013-жылы Эскерүү кечесине 763 915 киши катышкан, башкача айтканда, Замбияда ар бир 18-киши кечеге келген. Бул эмне деген өсүш!

АЧЫТКЫ

10. Ачыткы жөнүндөгү мисалдын мааниси кандай?

10 Оку: Матай 13:33. Ачыткы жөнүндөгү мисалдын мааниси кандай? Бул мисал да Падышалык жөнүндөгү кабарга жана анын аркасында ишке ашып жаткан нерселерге байланыштуу айтылган. «Бүт камыр» бардык элдерди, ал эми анын «ачышы» күбөлөндүрүү иши аркылуу Падышалык жөнүндөгү кабардын таралышын билдирет. Сары кычы данынын өсүшүнөн айырмаланып, камырдын кантип ачып жатканы алгач көрүнбөйт. Аны бир нече убакыттан кийин камырдын ачыганын көрсөткөн белгилерден гана байкай алабыз.

11. Иса ачыткы жөнүндөгү мисалды эмне үчүн айткан?

11 Иса бул мисалды эмне үчүн айткан? Бул мисалдын жардамы менен ал Падышалык жөнүндөгү кабардын бардык жакка тарай турганын, «жердин учу-кыйырына чейин» жетерин жана адамдардын жашоосун өзгөртөрүн көрсөткөн (Элч. 1:8). Анткен менен жакшы кабар адамдын жүрөгүн кандайча өзгөртүп жатканы дайыма эле байкала бербеши, атүгүл адамга тийгизген таасири алгач такыр эле көрүнбөшү мүмкүн. Бирок ал кабардын таралышы менен аны кабыл алгандардын саны көбөйгөндөн сырткары, алардын кулк-мүнөзү өзгөрүп, жакшы сапаттары өсүүдө (Рим. 12:2; Эф. 4:22, 23).

12, 13. Падышалык тууралуу кабардын ачыткы жөнүндөгү мисалда көрсөтүлгөндөй жол менен тараларын тастыктаган окуялардан айтып бер.

12 Кабар айтуу ишинин таасири көбүнчө бир нече жылдан кийин айкын көрүнө баштайт. Мисалга учурда бир өлкөдөгү филиалда кызмат кылып жаткан Франц жана Маргит деген жубайларды алалы. Алар 1982-жылы Бразилиядагы Бейтелде кызмат кылып жүргөндө бир чакан шаарчада кабар айтып, бир нече киши менен Ыйык Китепти изилдей башташкан. Алардын арасында бир аял жана анын төрт баласы да бар болчу. Эркек балдарынын улуусу ошол кезде 12 жашта эле. Ал ушунчалык уялчаак болгондуктан көбүнчө изилдөө башталганга чейин жашынып калчу. Кийинчерээк Франц менен Маргит башка жакка дайындалып, изилдөөнү уланта албай калышкан. Бирок 25 жылдан кийин ошол шаарчага барышкан. Алар эмнеге күбө болушкан? Ал жакта жаңы курулган Падышалык залына чогулган жыйналышта 69 жарчы, анын ичинде 13 үзгүлтүксүз пионер кызмат кылып жаткан. Ал эми баягы уялчаак бала эмне болгон? Ал аксакалдар кеңешинин координатору болуп кызмат кылып жаткан эле. Исанын ачыткы жөнүндөгү мисалында көрсөтүлгөндөй, Падышалык жөнүндөгү кабар ал жакта да кеңири жайылып, көптөгөн адамдардын жашоосун өзгөрткөн. Буга жубайлар аябай кубанышкан.

13 Падышалык жөнүндөгү кабардын адамдардын жашоосун өзгөртө ала турган күчкө ээ экени өзгөчө кабар айтуу ишине тыюу салынган өлкөлөрдө айкын көрүнүүдө. Андай өлкөлөрдө кабар канчалык таралып жатканын билиш кыйын, бирок натыйжасы көп учурда таң калтырбай койбойт. Мисалга Куба өлкөсүн алалы. Падышалык жөнүндөгү кабар Кубага 1910-жылы жеткен. 1913-жылы болсо ал жакка Рассел бир тууган барган. Анткен менен башында ал өлкөдө өсүш жай болгон. Ал эми бүгүнкү күндө жагдай кандай? Учурда ал жакта жакшы кабарды 96 000ден ашуун жарчы жарыялоодо. 2013-жылы Эскерүү кечесине 229 726 киши, башкача айтканда, аралдын ар бир 48-тургуну катышкан. Жакшы кабар тыюу салынбаган өлкөлөрдө деле жергиликтүү Күбөлөр анча жакшы жыйынтык күтпөгөн аймактарга да жетүүдө * (Нас. 8:7; 11:5).

14, 15. а) Ачыткы жөнүндөгү мисалдан ар бирибиз эмнеге үйрөнө алабыз? б) Бул мисалдан Жахаба жана Иса Машаяк жөнүндө эмнени билдиң?

14 Ачыткы жөнүндөгү мисалдан эмнеге үйрөнө алабыз? Бул мисал жакшы кабар аны уга элек миллиондогон адамдарга кантип жетери тууралуу ойлонуп, өтө эле тынчсыздана бербешибиз керектигин көрсөтүүдө. Жахаба бардык нерсени көзөмөлдөп турат. Бирок бизден эмне талап кылынат? Буга байланыштуу Кудайдын Сөзүндө: «Үрөнүңдү эртең менен сеп да, колуңду кечке чейин тындырба. Анткени кайсынысы өнүп чыгарын, мунусубу же тигинисиби, же экөө тең өнүп чыгабы, билбейсиң»,— деп айтылат (Нас. 11:6). Албетте, кабар айтуу ишинин бардык жакта, өзгөчө, тыюу салынган өлкөлөрдө ийгиликтүү жүрүшүн сурап тиленгенди да унутпашыбыз керек (Эф. 6:18—20).

15 Андан тышкары, аракетибиздин натыйжасы алгач көрүнбөй жатса, көңүлүбүздү чөгөрбөгөнүбүз жакшы. «Жөнөкөй иштер жасалган... күндү», тактап айтканда, иштин жаңы башталган кезин «баркка албай койбошубуз» кажет (Зак. 4:10). Себеби анын жыйынтыгы биз элестеткенден да алда канча сонун болушу мүмкүн (Заб. 40:5; Зак. 4:7).

ЖЕР КЕЗГЕН СООДАГЕР ЖАНА ЖАШЫРЫЛГАН КЕНЧ

16. Жер кезген соодагер жана жашырылган кенч жөнүндөгү мисалдардын мааниси кандай?

16 Оку: Матай 13:44—46. Жер кезген соодагер жана жашырылган кенч жөнүндөгү мисалдардын мааниси кандай? Иса Машаяктын күндөрүндө айрым соодагерлер мыкты бермет табыш үчүн алыскы Инди океанына чейин барышчу. Мисалдагы соодагер рухий муктаждыгын канааттандыруу үчүн көп күч-аракет жумшаган жүрөгү таза кишилерди билдирет. «Кымбат баалуу... бермет» болсо Падышалык жөнүндөгү баа жеткис чындыкты билдирет. Берметтин канчалык баалуу экенин түшүнгөндөн кийин соодагер аны алыш үчүн дароо «бардык нерсесин саткан». Исанын дагы бир мисалында талаада иштеп жатып «жашырылган кенчти» таап алган киши жөнүндө айтылат. Соодагерден айырмаланып, ал киши кенчти издеген эмес. Бирок соодагер сыяктуу эле, ал дагы кенчке ээ болуш үчүн «колунда болгондун баарын сатууга» даяр болгон.

17. Иса жер кезген соодагер жана жашырылган кенч жөнүндөгү мисалдарды эмне үчүн айткан?

17 Иса бул эки мисалды эмне үчүн айткан? Алардын жардамы менен ал адамдардын чындыкты ар кандай жолдор менен табарын көрсөткөн. Айрымдар аны табыш үчүн аябай издеп, көп күч-аракет жумшашкан. Башкалары болсо издебесе деле таап алышкан. Балким, аларга күтүлбөгөн жерден кимдир бирөө жакшы кабарды айтып, ошонун аркасында чындыкты табышкандыр. Кандай болбосун, ар бири чындыктын канчалык баалуу экенин түшүнүп, ага ээ болуш үчүн көп нерселерден баш тартууга даяр болушкан.

18. а) Бул эки мисалдан эмнеге үйрөнө алабыз? б) Бул мисалдардан Жахаба жана Иса Машаяк жөнүндө эмнени билдиң?

18 Бул эки мисалдан эмнеге үйрөнө алабыз? (Мт. 6:19—21). Ар бирибиз: «Ушул мисалдардагы кишилердикиндей көз караштамынбы? Алар тапкан нерсесин кандай бааласа, мен да чындыкты ошондой жогору баалаймынбы? Ага ээ болуш үчүн көп нерселерден баш тартууга даярмынбы же жашоомдо негизги орунду күнүмдүк иштер жана башка ушул сыяктуу нерселер ээлеп алдыбы?» — деп ойлонуп көргөнүбүз жакшы (Мт. 6:22—24, 33; Лк. 5:27, 28; Флп. 3:8). Чындыкты тапканыбызга канчалык ыраазы болсок, аны жашообузда биринчи орунга коюуга ошончолук чечкиндүү болобуз.

19. Кийинки макалада эмнелер тууралуу сөз жүрөт?

19 Келгиле, Падышалык жөнүндөгү ушул мисалдарды угуп, алардын маанисин чындап түшүнгөнүбүздү жашообузда көрсөтө берели. Бул алардын маанисин билүүнү эле эмес, аларда камтылган ойлорго ылайык иш кылууну да билдирерин унутпайлы. Кийинки макалада дагы үч мисал жөнүндө жана алардан эмнелерге үйрөнө аларыбыз тууралуу сөз жүрөт.

^ абз. 13 Ушул сыяктуу окуялар Аргентинада (2001-жылдын «Жылдык китеби», 186-бет, кутуча, ор.), Чыгыш Германияда (1999-жылдын «Жылдык китеби», 83-бет, ор.), Папуа-Жаңы Гвинеяда (2005-жылдын «Жылдык китеби», 63-бет, ор.) жана Робинзон Крузо аралдарында («Күзөт мунарасы», 2000-жыл, 15-июнь, 9-бет, ор.) болгон.