Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Жеремия пайгамбардын: «Рахил уулдарын жоктоп ыйлап жатат»,— деген сөздөрү эмнени билдирет?

Жеремия 31:15тен: «Жахаба мындай дейт: „Рамадан зар какшаган, боздогон үн угулуп жатат. Рахил уулдарын жоктоп ыйлап жатат. Уулдарынан ажырагандыктан сооронгусу келбей жатат“»,— деген сөздөрдү окуйбуз.

Рахилдин эки уулу анын көзү тирүүсүндө өлгөн эмес. Ошол себептен Жеремия пайгамбардын Рахилдин көз жумганынан 1 000 жыл өткөндөн кийин айткан сөздөрү бир караганда туура эместей сезилиши мүмкүн.

Рахилдин тун уулу Жусуп болгон (Башт. 30:22—24). Кийин ал Бенжемин деген дагы бир уул төрөгөн. Бирок аны төрөп жатканда Рахил каза болуп калган. Анда эмне үчүн Жеремия 31:15те анын «уулдарынан ажырагандыктан» ыйлап жатканы айтылган?

Жусуптун Менаше жана Эпрайым деген эки уулу болгон (Башт. 41:50—52; 48:13—20). Кийинчерээк Эпрайым Ысрайыл түндүк падышалыгында эң эле көрүнүктүү, таасирдүү урууга айланып, бүтүндөй он урууну билдирип калган. Ал эми Рахилдин экинчи уулу Бенжеминден тараган уруу Жүйүт уруусу менен бирге түштүк падышалыгын түзгөн. Андыктан Рахилди кандайдыр бир мааниде бүтүндөй Ысрайылдагы — түндүк падышалыгындагы жана түштүк падышалыгындагы — бардык энелерди билдирет деп айтууга болот.

Жеремия китеби жазылып бүткөнгө чейин, он уруудан турган түндүк падышалыгын ашурлуктар кыйратып, элинин көбүн туткундап кетишкен болчу. Анткен менен айрым эпрайымдыктар Жүйүт аймагына качкан көрүнөт. Ал эми б.з.ч. 607-жылы эки уруудан турган Жүйүт падышалыгын бабылдыктар басып алышкан. Бабылдыктар туткундардын көбүн Иерусалимден түндүктү көздөй 8 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Рамага чогултушкан (Жер. 40:1). Сыягы, алардын айрымдары Бенжемин уруусунун ошол аймагында, Рахилдин сөөгү коюлган жерде, өлтүрүлгөн (1 Шем. 10:2). Андыктан Рахилдин «уулдарын жоктоп ыйлаганы» анын каймана мааниде жалпы Бенжемин уулдарын же Рамада өлтүрүлгөндөрдү жоктоп ыйлаганын билдириши мүмкүн. Жеремия пайгамбардын сөздөрү туткундалып кеткендерди же каза болгондорду жоктоп ыйлаган Ысрайылдагы бардык энелерди да билдириши ыктымал.

Кандай болбосун, Рахилдин «уулдарын жоктоп ыйлаганы» пайгамбарлык мааниге ээ болгон. Ал кылымдар өткөндөн кийин Иса Машаяктын кичинекей кезинде аткарылган. Ирод падыша Иерусалимдин түштүк тарабында жайгашкан Бетлехемдеги эки жашка чейинки эркек балдардын баарын өлтүрүүгө буйрук берген. Ошондо канчалаган энелердин «уулдарынан ажырап», зар какшап ыйлаганын элестетсең. Алардын аянычтуу үнү Иерусалимдин түндүк тарабында жайгашкан Рамага чейин угулгандай эле болгон (Мт. 2:16—18).

Демек, Рахилдин уулдарын жоктоп ыйлаганы Жеремия пайгамбардын убагындагы жана Исанын күндөрүндөгү уулдарынан ажыраган энелердин канчалык боздоп-сыздамактыгын айкын сүрөттөп турган. Албетте, «душмандын жерине» кеткен, башкача айтканда, көз жумган ошол маркумдардын баары тирилип, «душмандын жеринен кайтып келишет» (Жер. 31:16; 1 Кор. 15:26).