Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңдеби?

Эсиңдеби?

«Күзөт мунарасынын» акыркы сандарын көңүл коюп окудуңбу? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңбы?

Кудайдын кызматчыларынын өлгөн кишинин сөөгүн өрттөгөнү туура болобу?

Муну ар ким өзү чечет. Ыйык Жазмада кремацияга, башкача айтканда, өлүктү өрттөөгө байланыштуу так көрсөтмө жок болсо да, Шабул падыша менен уулу Жонатандын сөөгү адегенде өрттөлүп, анан көмүлгөнү эске аларлык (1 Шем. 31:2, 8—13) (15.6. 7-б.).

Жамандыкка Кудай себепкер эмес экенине эмне үчүн шектенбесек болот?

Кудай бардык иштерин адилеттүүлүк менен кылат. Ал адил, ишенимдүү, чынчыл, боорукер, кайрымдуу (Мыйз. 32:4; Заб. 145:17; Жкп. 5:11) (1.7. 4-б.).

Жарчылар аз жакка көчүп баргандар кандай кыйынчылыктарга кабылышы мүмкүн?

Алардын үчөө: 1) жаңы жашоо шартка көнүү; 2) үйдү сагынуу; 3) жергиликтүү бир туугандарга аралашуу. Ушундай кыйынчылыктарды көтөрүп кеткендер мол бата алууда (15.7. 4, 5-б.).

Жусупка агалары эмне үчүн жаман мамиле кылышкан?

Мунун бир себеби атасы ага кооз кийим тиктирип берип, аны өзгөчө жакшы көргөнүндө болгон. Агалары ич күйдүлүк кылып, аны кулчулукка сатып жиберишкен (1.8. 11—13-б.).

Жаңы баракчаларды кызматта колдонуу эмне үчүн оңой жана натыйжалуу?

Алардын түзүлүшү бири-бириникине окшош. Ар бир баракча үй ээсине суроо берип, аят окуганга шарт түзөт. Үй ээси жооптордун кайсынысын тандабасын, баракчаны ачып, Ыйык Китепте эмне делерин көрсөтө алабыз. Ошондой эле кайра жолугууга барганда талкуулай турган суроо берсек болот (15.8. 13, 14-б.).

Сирия тилиндеги «Пешитта» деген эмне?

Арамей тилинин диалектиси болгон сирия тили б.з. 2 же 3-кылымында кеңири колдонула баштаган. Грек Жазмаларынын бөлүктөрү алгач сирия тилине которулган көрүнөт. Сирия тилиндеги алгачкы Ыйык Китеп азыр «Пешитта» деп белгилүү (1.9. 13, 14-б.).

Балдарына койчудай кам көрүү үчүн ата-эне эмне кылса болот?

Балдарды жакшы билүү үчүн аларды кунт коюп угуу, рухий жактан азыктандыруу маанилүү. Аларга дайыма, алсак, чындыкка шек санап жатышканда, мээримдүүлүк менен багыт берүү зарыл (15.9. 18—21-б.).

Кудайдын Падышалыгы башкарганда, эмнелер жок болот?

Оору, өлүм, жумушсуздук, согуш, ачарчылык жана жакырчылык жок болот (1.10. 6, 7-б.).

Кайсы келишим башкалардын Машаяк менен бирге бийлик жүргүзүшүнө жол ачкан?

Акыркы жолу Пасахты белгилегенден кийин Иса Машаяк ишенимдүү шакирттери менен Падышалык келишимин түзгөн (Лк. 22:28—30). Бул алардын Машаяк менен бирге асманда бийлик жүргүзөрүнө кепилдик берген (15.10. 16, 17-б.).

Шайтандын бар экенине Ыйык Китептен эки далил келтир.

Ыйык Китепте Шайтандын Иса Машаякты азгыруу үчүн аны менен сүйлөшкөнү айтылат. Ошондой эле ал Аюп пайгамбардын күндөрүндө Кудай менен сүйлөшкөн. Бул билдирүүлөр анын чын эле бар экенин тастыктап турат (1.11. 4, 5-б.).

Шакирт Жакып Элчилер 15:14тө айткан Кудайдын «ысмы менен атала турган эл» кимди билдирет?

Жахабанын ысмы менен аталган ал жаңы эл жүйүттөрдөн да, башка элдерден да турган. Аларды Кудай «укмуш сонун сапаттарын бардык жерде жарыялаш» үчүн тандап алган (1 Пет. 2:9, 10) (15.11. 24, 25-б.).

Тимгад каякта жайгашкан жана анын тургундарынын айрымдары кандай көз карашта болушкан?

Рим империясына караштуу Тимгад деген ири шаар Түндүк Африкада (азыркы Алжир) жайгашкан болчу. Табылган жазуудагы: «Аңчылык кылуу, жуунуу, ойноп-күлүү — жашоо деген мына ушул!» — деген сөздөрдөн анын тургундарынын айрымдары эмнеге ишенишкени көрүнүп турат. Алардын көз карашы 1 Корунттуктар 15:32де айтылгандарга абдан окшош болгон (1.12. 8—10-б.).