Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Көптөр эмнеден улам Жаратканга ишенип калган?

Биз таң каларлык жаратылганбыз

Мындан 3 000 жылдай мурун жашаган бир акын: «Мен ары таң каларлык, ары кереметтүү жаратылгам»,— деп жазган (Забур 139:14). Ымыркайдын кымындай эле бир клеткадан өрчүгөнүн ойлогондо силер да таң каласыңарбы? Көптөр тирүү аттуунун баарынын ушундайча өрчүшүн Жараткандын долбоору деп эсептешет. (Окугула: Забур 139:13—17; Еврейлер 3:4.)

Ааламды жана жашоого эң сонун ылайыкташтырылган Жер планетасын жараткан Кудай тирүү жандарды да жараткан (Забур 36:9). Ал адамдар менен байланышып, аларга өзү жөнүндө маалымат берген. (Окугула: Ышая 45:18.)

Биз жаныбарлардан жаралганбызбы?

Биздин денебиз көп жагынан жаныбарлардыкына окшош экени чын. Анткени адамдар да, жаныбарлар да жерде жашаш үчүн жаратылган. Кудай эң биринчи адамды жаныбардан эмес, топурактан жараткан. (Окугула: Башталыш 1:24; 2:7.)

Адамдар жаныбарлардан эки нерсеси менен айырмаланат. Биринчиден, адамдар Жаратканды таанып-билүүгө, аны сүйүүгө жана урматтап-кастарлоого жөндөмдүү. Экинчиден, жаныбарлардан айырмаланып, адам баласы түбөлүк жашаш үчүн жаратылган. Бирок эң биринчи адам Жараткандын мыйзамын четке каккандыктан, адамдардын баары өлө турган болуп калган. (Окугула: Башталыш 1:27; 2:15—17.)