Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жапондор үчүн күтүлбөгөн белек

Жапондор үчүн күтүлбөгөн белек

2013-жылы 28-апрелде Жапониядагы Нагоя шаарында өткөрүлгөн атайын жолугушууда Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Энтони Моррис жүрөк толкуткан кулактандырууну — «Ыйык Китеп. Матайдын Инжили» деген жаңы адабияттын жапон тилинде жарык көргөнүн — жарыялаган. Муну укканда жолугушууда отурган жана Интернет аркылуу түз эфирден көрүп жаткан 210 000ден ашуун киши аябай кубанганынан көпкө чейин кол чабышкан.

Жапон тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосунан» алынган ал 128 беттик «Матайдын Инжилин» өзгөчө деп айтууга болот. Энтони Моррис анын жапондорго ылайыкташтырылып чыгарылганын айткан. Ал адабияттын кандай өзгөчөлүктөрү бар? Ал эмне үчүн чыгарылган? Ага эл кандай баа берүүдө?

КАНДАЙ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ БАР?

«Матай» китебинин түзүлүшү окурмандарды таң калтырган. Негизи, жапон тилиндеги тексттер тигинен да, туурасынан да жазыла берет. Жапониядагы бир топ гезит-журналдарда, анын ичинде биздин акыркы адабияттарда текст туурасынан жазылып келет. Бирок «Матайдын Инжилинде» сүйлөмдөр тигинен жазылган. Мындай ыкма Жапониянын гезиттеринде, адабий чыгармаларында көп колдонулат. Көптөгөн жапондор тигинен жазылган текстти окуу жеңил деп эсептешет. Андан тышкары, окурмандар негизги ойду оңой баамдай алышы үчүн, ар бир беттеги тилке аталыштары бөлүмчө катары берилген.

Жапониядагы бир туугандар жаңы чыккан ал адабияттын пайдасын дароо эле көрө башташкан. 80ден ашып калган бир апа: «Буга чейин Матай китебин көп эле жолу окуп чыккам. Бирок жаңы адабияттагы сүйлөмдөрдүн тигинен жазылышы жана бөлүмчөлөрү мага Исанын тоодо айткан насаатын мурдагыдан да жакшыраак түшүнгөнгө жардам берди»,— деп айткан. 30дардагы бир ишенимдешибиз: «„Матай“ китебин бир отуруп эле окуп койдум. Мен, адатта, туурасынан жазылган текстти окуйм. Бирок көптөгөн жапондорго тигинен жазылган текст жагат»,— деп жазган.

ЖАПОНДОРГО ЫЛАЙЫКТАШТЫРЫЛЫП ЧЫГАРЫЛГАН

Ыйык Жазманын бир бөлүгү болгон бул китеп жапон элине эмнеси менен ылайыктуу? Көптөгөн жапондор Ыйык Китепти жакшы билбесе да, аны окуп көргүсү келет. Андыктан Матайдын Инжилинин өзүнчө китеп болуп чыгышы Ыйык Китепти такыр билбегендерге, жок дегенде, анын бир бөлүгүн окуп чыкканга шарт түзөт.

Бир туугандар өзүнчө китеп кылып чыгарууга эмне үчүн Матайдын Инжилин тандашкан? Көптөгөн жапондор «Ыйык Китеп» деген сөздү укканда дароо эле Иса Машаякты эстешет. Матай китебинде жапондордун көбүнө кызыктуу боло турган билдирүүлөр, тагыраак айтканда, Исанын санжырасы, төрөлүшү, тоодо айткан насааты жана акыркы күндөр жөнүндөгү жүрөк толкутарлык пайгамбарлыгы камтылгандыктан өзүнчө китеп болуп чыгарылган.

Жапониядагы бир туугандар жаңы адабиятты үймө-үй кабар айтканда жана кайра жолугууга барганда кызыккандарга берип, ынталуулук менен тарата башташкан. Бир эже: «Азыр мен Ыйык Китепти мурдагыга караганда көбүрөөк таратып калдым. „Матай“ китебин атүгүл атайын жолугушуу бүтөрү менен түштөн кийин бирөөгө бере алдым!» — деп жазган.

ЭЛ КАНДАЙ БАА БЕРҮҮДӨ?

Жарчылар «Матай» китебин кызматта кантип колдонуп жатышат? Жапон элине «эч качан эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбоо», «чочколордун алдына ташталган» бермет, «тар дарбаза» деген сыяктуу сөздөр жакшы тааныш (Мт. 6:34; 7:6, 13). Алар бул сөздөрдү Иса Машаяк айтканын билгенде таң калышат. Ал сөздөрдү Матайдын Инжилинен көргөндө көптөр: «Мен Ыйык Китепти, жок дегенде, бир жолу окуп чыккым келчү»,— дешет.

Жарчылар «Матай» китебин алгандарга кайра барганда, үй ээлери көп учурда аны дароо окуй башташканын же окуп бүтүп коюшканын айтышат. 60тардан өтүп калган бир киши жарчыга: «Муну көп жолу окуп чыккандан кийин жан дүйнөм тынч болуп калды. Мага Ыйык Китеп жөнүндө дагы көбүрөөк айтып берчи»,— деген.

«Матай» китеби эл көп жерде күбөлөндүрүүдө да кеңири колдонулууда. Бир ишенимдешибиз «Матай» китебин алган бир жаш кызга өзүнүн электрондук дарегин берген. Ал кыз бир сааттан кийин эле эженин электрондук почтасына китепти бир аз окуганын жана дагы көбүрөөк билгиси келерин жазган. Бир жумадан кийин ал Ыйык Китепти изилдөөгө киришкен, көп өтпөй жыйналышка да келе баштаган.

Жапониядагы жыйналыштарга «Матайдын Инжили» китебинин 1 600 000ден ашуун нускасы жөнөтүлгөн. Күбөлөр ай сайын ал китептин он миңдеген нускасын таратып жатышат. Анын кириш бөлүгүндөгү: «Бул китепти окуп чыксаңар, Ыйык Китепке болгон кызыгууңар артарына ишенебиз»,— деген сөздөр аны басып чыгаргандардын ой-сезимин чагылдырып турат.