Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Эмне үчүн Иса Машаяктын өлүмүн эскеришибиз керек?

Исанын өлүмү келечекте эмнелерге жол ачат? (Ышая 25:8; 33:24).

Иса Машаяктын өлүмү тарыхтагы эң маанилүү окуя болгон. Анткени ал адамдарга алар кандай жашоо үчүн жаратылса, ошондой жашоону кайтарып бериш үчүн өлгөн. Негизи, адамдар күнөө кылгыдай, ооругудай жана акыры өлө тургандай болуп жаратылган эмес болчу (Башталыш 1:31). Бирок биздин түпкү атабыз — Адам ата — күнөөгө жол ачып койгон. Ал эми Иса Машаяк бизди күнөө менен өлүмдөн куткарыш үчүн өз жанын берген. (Окугула: Матай 20:28; Римдиктер 6:23.)

Кудай өзүнүн Уулу Иса Машаякты жерге өлүш үчүн жиберип, сүйүүсүн далилдеген (1 Жакан 4:9, 10). Иса өзүнүн жолдоочуларына нан менен шарапты колдонуп анын өлүмүн эскерип туруу керектигин айткан. Демек, бизде жыл сайын Кудай менен Исанын бизге көрсөткөн сүйүүсү үчүн ыраазычылык билдирүүгө мүмкүнчүлүк бар. (Окугула: Лука 22:19, 20.)

Нан менен шараптан кимдер ооз тийишет?

Иса Машаяк шакирттерине анын өлүмүн эскерип турууну айтканда бир келишим жөнүндө сөз кылган (Матай 26:26—28). Ал келишим аларга жана саны чектелүү башка адамдардын тобуна Иса менен бирге асманда падыша жана дин кызматчы болууга жол ачкан. Ошондуктан Исанын өлүмүн миллиондогон кишилер эскеришсе да, нан менен шараптан ал келишим ким менен түзүлсө, ошолор гана ооз тийишет. (Окугула: Аян 5:10.)

Жахаба Кудай падыша боло турган ошол кишилерди 2000 жылдан бери чогултууда (Лука 12:32). Алардын саны жер бетинде түбөлүк жашай тургандардын санына салыштырмалуу бир топ аз. (Окугула: Аян 7:4, 9, 17.)