Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨМҮР БАЯН

Алда канча жакшы карьераны тандадык

Алда канча жакшы карьераны тандадык

ГВЕН да, мага окшоп, беш жашынан тартып бийлегенди үйрөнө баштаптыр. Биз ал кезде бири-бирибизди көрө элек болчубуз. Бирок чоңойгондо экөөбүз тең өмүрүбүздү балетке арноону чечкенбиз. Анан тандаган өнөрүбүздүн туу чокусун багындырарыбызга аз калганда, баарын таштап салдык. Ошондой чечим чыгарышыбызга эмне себеп болгон?

Девид: Мен 1945-жылы Англиянын Шропшир графтыгында төрөлгөм. Айыл жергесинде атамдын фермасы бар эле. Ал жак аябай тынч болчу. Сабактан келгенден кийин тоокторго жем берип, жумурткаларын чогултуп, малды караар элем. Каникулда болсо түшүм жыйнашып, кээде тракторубузду айдачумун.

Анткен менен бала кезимде дагы башка нерсеге болгон кызыгуум арта баштаган. Атам кичинекейимен тартып эле музыканы угар замат бийлеп киреримди байкаптыр. Ошондуктан чечетка бийин үйрөнүшүм үчүн, беш жашымда апама мени жергиликтүү бий мектебине алып барууну сунуш кылыптыр. Агайым менин балетке шыктуу экенимди байкап, аны да үйрөтө баштаган. 15 жашымда Лондондогу Королдук балет мектебинде бекер билим алууга жолдомо утуп алгам. Гвенге ошол жерден жолуккам. Экөөбүз дайыма чогуу бийлей турган түгөй болгонбуз.

Гвен: Мен 1944-жылы эл быкпырдай кайнаган Лондон шаарында төрөлгөм. Кичинекейимден эле Кудайга аябай ишенчүмүн. Ыйык Китебимди окуганга аракет кылсам да, анда жазылгандарды түшүнчү эмесмин. Андан мурунураак, 5 жашымда, бий сабагына бара баштагам. Алты жыл өткөндөн кийин Британиянын чар тарабынан келген бийчилер катышкан конкурстан жеңип алып, Королдук балет мектебинде кенже бийчилер менен чогуу билим ала баштадым. Ал мектеп Лондондун чет жакасында Ричмонд сейил багындагы Гергиан стилинде курулган Ак үйдө жайгашкан. Ал жакта балеттен жана башка сабактардан атагы алыска кеткен мугалимдер берчү. 16 жашка чыкканда Лондондун борборундагы Королдук балет мектебине которулдум. Девидге ошол жактан жолуккам. Экөөбүз бир нече айдын ичинде Лондондогу Ковент-Гарденде жайгашкан «Королдук опера театрында» бир канча бийге катыштык.

Балет бийлеп жүргөн кезде дүйнө жүзүн кыдырдык

Девид: Гвен айткандай, биз көп ийгиликтерге жетип, дүйнөгө таанымал «Королдук опера театрында» жана Лондон балет фестивалында (азыр Англис улуттук балети) бийлеп жүрдүк. Королдук балет мектебиндеги мугалимдердин бири Германиядагы Вупперталь шаарында эл аралык топ уюштуруп, Гвен экөөбүздү негизги бийчи кылып тандап алган. Биз дүйнөнүн ар кайсы жерлериндеги театрларда Марго Фонтейн, Рудольф Нуреев сыяктуу белгилүү инсандар менен чогуу бийлегенбиз. Ушундай жетишкендиктерден улам өзүбүз жөнүндө жогору ойдо болуп калганбыз, ошондой эле балетке баш-отубуз менен кирип кеткенбиз.

Гвен: Акылым да, денем да толугу менен бийге арналып калган. Девид экөөбүз тең бул өнөрдүн туу чокусун багындырууну көксөчүбүз. Мага көрөрмандардын автограф сураганы, гүлдесте бергени, дүркүрөтө кол чапканы абдан жакчу. Театр дүйнөсүндөгүлөрдүн көбү адеп-ахлаксыздыкка берилген, чылым чеккен, ичимдик ичкен адамдар болчу. Башка кесиптештеримдей эле мен да ийгилик алып келет деп эсептелген тумарларды алып жүрчүмүн.

ЖАШООБУЗДУН ТҮП-ТАМЫРЫ МЕНЕН ӨЗГӨРҮШҮ

Баш кошкон күнүбүз

Девид: Бийге көп жылымды арнагандан кийин көчүп-конуп жашоодон чарчап кеттим. Фермада чоңойгондуктан элет жериндеги жайбаракат турмушту аябай сагындым. Ошондуктан 1967-жылы балетти таштап, ата-энемдин үйүнүн жанындагы чоң фермада иштей баштадым. Ферманын ээси мага бир чакан үйдү ижарага берди. Анан Гвенге чалып, баш кошууну сунуш кылдым. Ошол маалда ал негизги ролдорду аткарып, албан ийгиликтерди кылып жаткандыктан ага чечим чыгаруу оңой болгон жок. Ошентсе да сунушумду кабыл алып, айыл турмушун жакшы билбегенине карабай, мени менен бирге болууга макул болду.

Гвен: Албетте, фермадагы жашоого көнүп кетүү жеңил болгон жок. Аба ырайынын ар түрдүү шарттарына карабай уй саап, чочко багып, тоокторду кароо мен үчүн таптакыр жат нерсе болчу. Айыл чарбадагы акыркы ыкмаларды үйрөнүп алыш үчүн Девид тогуз айлык курска барып жүргөндүктөн, ал кечинде үйгө келгиче жалгызсырап кетчүмүн. Ал ортодо биринчи кызыбыз Гили төрөлдү. Девиддин сунушу боюнча машине айдаганды да үйрөндүм. Бир жолу жакын жердеги шаарчага барып, Гейлге жолугуп калдым. Аны мурун ал бир дүкөндө иштеп жүргөндө көргөн элем.

Үйлөнгөндөн кийинки фермадагы алгачкы күндөрүбүз

Гейл мени үйүнө чайга чакырды. Экөөбүз алардын үйлөнүү үлпөтүндөгү сүрөттөрүн көрүп жатканда, Падышалык залы деген жазуусу бар имараттын жанынан түшкөн топ эл көзүмө урунду. Мен андан ал имараттын кайсы чиркөө экенин сурадым. Гейл күйөөсү экөө тең Жахабанын Күбөсү экенин айтканда, абдан сүйүндүм. Ошондо атамдын бир туугандарынын бири Жахабанын Күбөсү болгонун эстедим. Атамдын ал эжеме кыжырланып, адабияттарын таштандыга ыргыткан учурлары да эсиме түштү. Адатта, башкаларга жылуу-жумшак мамиле кылган атамдын эч кимге жамандыгы жок эжеме эмне үчүн анчалык ачууланарын түшүнбөй, таң калчумун.

Ошентип, ал эжемдин ишенген нерселери чиркөөнүн окууларынан эмнеси менен айырмаланарын билүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Гейл мага Ыйык Китеп чынында эмнеге окутарын көрсөтүп берди. Үчилтик, жандын өлбөстүгү сыяктуу көптөгөн окуулардын Ыйык Жазмага каршы келерин билгенде абдан таң калдым (Нас. 9:5, 10; Жкн. 14:28; 17:3). Ошондо Ыйык Китептен өмүрүмдө биринчи жолу Жахаба деген ысымды көрдүм (Чыг. 6:3).

Девид: Гвен билгендерин мага айтып берди. Мен бала кезимде атамдын мага Жакшы Китепти (Ыйык Китепти) окушум керектигин айтканын эстедим. Андыктан Гвен экөөбүз Гейл жана күйөөсү Дерик менен Ыйык Китепти изилдөөгө макул болдук. Алты айдан кийин биз ошол эле Шропшир графтыгындагы Озуэстри шаарына көчүп барып, бир чакан ферманы ижарага алдык. Ал жактан Дердре деген бир тууган менен Ыйык Китепти изилдөөнү уланттык. Башында көп деле ийгилик кыла алган жокпуз. Себеби малдан колубуз бошобой, тирилик менен алпурушуп жүрдүк. Ошентсе да чындык жүрөгүбүзгө акырындык менен тамырлай берди.

Гвен: Ырым-жырымдарга ишенгеним мага чоң тоскоолдук болду. Ышая 65:11ден «Кут кудайына дасторкон жайгандарга» Жахабанын кандай караарын билдим. Тумар, талисмандарымдан тиленип жүрүп бир канча убакыттан кийин арылдым. Ошондой эле «ким өзүн көтөрсө, ал басынтыларын», ал эми «ким өзүн төмөн койсо, ал көтөрүлөрүн» билгенде, кандай адам Жахабага жагарын түшүндүм (Мт. 23:12). Бизге ушунчалык кам көргөн, атүгүл өзүнүн сүйүктүү Уулун кун катары берген Кудайга кызмат кылгым келди. Ошол учурда дагы бир кыздуу болуп калганбыз. Үй-бүлөбүз менен чогуу жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашай аларыбызды билгенде абдан сүйүнгөнбүз.

Девид: Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын, анын ичинде Матайдын Инжилинин 24-бөлүмүндө жана Даниел китебинде жазылган пайгамбарлыктардын аткарылганын түшүнгөндө, чындыкты тапканыма көзүм жетти. Ошондой эле бул дүйнөдө эч нерсе Жахаба менен жакшы мамиледе болууга тең келбей турганын аңдадым. Убакыттын өтүшү менен мансапка баштагыдай умтулбай калдым. Өзүмдү кандай көрсөм, жубайым менен кыздарымды да ошондой көрүшүм керектигин түшүндүм. Филипиликтер 2:4төгү сөздөр өзүмчүл болбой жана ферманы кеңейтүүнү эле ойлой бербей, Жахабага кызмат кылууну биринчи орунга коюуга түрткү берди. Тамекини да таштадым. Бирок ишемби күнү кечинде 10 чакырымдай алыс жерде өтчү жыйналыш жолугушууларына баруу оңойго турчу эмес, анткени так ошол маалда уйларды сааш керек болчу. Бирок Гвендин жардамы менен жолугушууларды такыр калтырган жокпуз. Уйларды саап коюп, ар бир жекшемби күнү эртең менен кыздарыбызды да кызматка алып чыкчубуз.

Туугандарыбыз жаңы динибизди жактырышкан жок. Гвендин атасы аны менен алты жыл сүйлөшпөй койду. Менин ата-энем да Жахабанын Күбөлөрү менен байланышыбызды үзүүгө аракет кылышты.

Гвен: Жахаба ошол кыйынчылыктардын баарын көтөрүп кетишибизге жардам берди. Озуэстридеги жыйналыштагылар биз үчүн үй-бүлө ордуна үй-бүлө болуп, сыноолордо жөлөп-таяп, мээримдүүлүк менен мамиле кылышты (Лк. 18:29, 30). Биз 1972-жылы өмүрүбүздү Жахабага арнап, чөмүлдүк. Мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарга чындыкты таанууга жардам бергим келгендиктен пионердик кызматты баштадым.

ЖАҢЫ КАРЬЕРА

Девид: Фермада иштеп жүргөндө абдан чарчасак да, кыздарыбызга Жахабага кызмат кылууда жакшы үлгү көрсөткөнгө аракет кылчубуз. Бара-бара өкмөт мурдагыдай каржылабай калгандыктан, ферманы таштоого мажбур болдук. Ошентип, үчүнчү кызыбыз бирге чыкканда, үйсүз, жумушсуз калдык. Биз Жахабадан жардам, жетекчилик сурап жаттык. Акыры, үй-бүлөбүзгө кам көрүш үчүн шык-жөндөмүбүздү колдонуп, бий студиясын ачууну чечтик. Жахабага кызмат кылууну дайыма биринчи орунга койгонубуздун натыйжасы жакшы болду. Үч кызыбыздын тең мектепти бүткөндөн кийин пионердик кызматты баштаганы бизди абдан кубандырды. Гвен да пионер болгондуктан аларга көп жардам берди.

Улуу кыздарыбыз Гили менен Дениз турмушка чыккандан кийин, бий студиябызды жаптык. Анан филиалга кат жазып, кайсы жакка жардам керек экенин сурадык. Филиалдагы бир туугандар Англиянын түштүк-чыгышындагы шаарчаларга барсак болорун айтышты. Биз менен кызыбыз Деби эле калгандыктан, мен да пионердик кызматты баштадым. Беш жылдан кийин бир туугандар бизден түндүк жактагы жыйналыштарга көмөк көрсөтүшүбүздү суранышты. Деби күйөөгө тийгенден кийин, жубайым экөөбүз он жыл эл аралык курулуш долбооруна катышып, Зимбабведе, Молдавияда, Венгрияда жана Кот-д’Ивуарда кызмат кылдык. Анан Лондондогу Бейтелдеги куруу ишине катышуу үчүн Англияга кайтып келдик. Фермада иштөө жагынан тажрыйбам бар болгондуктан, бир туугандар менден Бейтелдин фермасына жардам беришимди суранышты. Азыркы тапта биз Англиянын түндүк-батышында пионер болуп кызмат кылып жатабыз.

Эл аралык курулуш долбоорлоруна катышуудан зор кубаныч алганбыз

Гвен: Өзүбүздү балетке арнаган кезибизде деле кубанган учурларыбыз болчу, бирок андай кубаныч көпкө созулчу эмес. Ал эми өзүбүздү Жахабага арнаганыбыз түбөлүккө зор кубаныч тартуулай берет. Мурун экөөбүз чогуу бийлеп келсек, эми чогуу пионердик кызматты аткарып жатабыз. Көптөгөн адамдарга өмүр тартуулаган баалуу чындыкты таанып-билүүгө жардам берүүдөн ушунчалык кубаныч алабыз. Мындай «кепилдеме каттар» дүйнөдөгү бардык атак-даңктан алда канча артык (2 Кор. 3:1, 2). Эгерде чындыкты таппасак, мурунку карьерабыздан эскерүүлөр, сүрөттөр жана театр программалары гана калмак.

Девид: Жаңы карьераны тандаганыбыздын, башкача айтканда, Жахабага кызмат кылганыбыздын аркасында жашообуз аябагандай өзгөрдү. Кудайга кызмат кылуу мага жакшы күйөө, жакшы ата болууга жардам берип келет. Ыйык Китепте Мириямдын, Дөөтү падышанын жана башкалардын сүйүнгөнүнөн бийлегени жөнүндө айтылат. Башка көптөгөн бир туугандардай эле, биз да Жахаба орноткон жаңы заманда кубанып-шаттанып бийлей турган убакты эңсеп келебиз (Чыг. 15:20; 2 Шем. 6:14).