Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сергек бойдон каласыңарбы?

Сергек бойдон каласыңарбы?

«Сергек болгула, себеби ал күндү да, саатты да билбейсиңер» (МТ. 25:13).

1, 2. а) Иса Машаяк акыркы күндөр жөнүндө эмнелерди айтып берген? б) Бул макалада кайсы суроолорду талкуулайбыз?

ИЕРУСАЛИМДЕГИ ибадаткана алаканга салгандай көрүнгөн Зайтун тоосунда Иса Машаяктын жүрөк толкутарлык пайгамбарлыктарынын бирин айтып жатканын элестетсеңер. Петир, Андрес, Жакып жана Жакандар анын тээ алыскы келечек жөнүндө айткандарын демин ичине катып угуп отурушат. Иса аларга бул дүйнөнүн акыркы күндөрүндө, тактап айтканда, өзү Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары бийлик жүргүзүп жатканда кандай окуялар болорун ачып берген. Ал ошол өзгөчө убакта «ишенимдүү жана акылдуу кулдун» жерде анын өкүлү катары кызмат кылып, жолдоочуларына рухий тамакты өз убагында берип турарын да айткан (Мт. 24:45—47).

2 Иса сөзүн андан ары улап, он кыз жөнүндөгү мисалын айтып берген. (Оку: Матай 25:1—13.) Бул макалада ошол мисалга байланыштуу төмөнкү суроолорду талкуулайбыз: 1) Мисалда кандай маанилүү ой камтылган? 2) Анда камтылган кеңешти майлангандар кантип колдонууда жана анын натыйжасы кандай болууда? 3) Исанын мисалынан бүгүнкү күндө ар бирибиз кандай пайда алабыз?

МИСАЛДА КАНДАЙ МААНИЛҮҮ ОЙ КАМТЫЛГАН?

3. Мурун он кыз жөнүндөгү мисал түшүндүрүлгөндө эмнелерге көңүл бурулчу жана эмне көз жаздымында калып калышы мүмкүн эле?

3 Өткөн макалада айтылгандай, акыркы жылдары ишенимдүү кул Ыйык Жазмадагы айрым билдирүүлөрдү түшүндүргөндө алардын каймана маанисине эмес, аларда камтылган баалуу кеп-кеңештерге басым жасап келет. Алсак, мурун адабияттарыбызда Исанын он кыз жөнүндөгү мисалындагы чырактар, май куюлган идиштер, май жана башка ушу сыяктуу нерселердин да кимди же эмнени билдирери түшүндүрүлчү. Бирок ошондой майда-чүйдө нерселерге көңүл бурулуп жатып мисалдагы жөнөкөй, ошол эле учурда маанилүү ой көз жаздымында калып калышы мүмкүн беле? Бул суроонун жообу зор мааниге ээ.

4. а) Мисалдагы үйлөнө турган жигит кимди билдирет? б) Кыздар кимдерди билдирет?

4 Анда эмесе, Исанын он кыз жөнүндөгү мисалында кандай маанилүү ой камтылганын карап көрөлү. Адегенде негизги каармандарга токтололу. Үйлөнө турган жигит кимди билдирет? Иса Машаякты. Ал мурунураак өзүн үйлөнө турган жигитке салыштырган (Лк. 5:34, 35). Кыздар кимдерди билдирет? Алар майлангандардан турган «кичине оторду» билдирет. Муну кайдан билебиз? Иса кыздардын чырактарын күйгүзүп, үйлөнө турган жигитти тосуп алууга даяр турушу керек болгонун айткан. Ал майланган жолдоочуларына да ошол сыяктуу көрсөтмө берген. Иса аларга: «Белиңер буулуп, чырагыңар күйүп турсун. Өзүңөр болсо үйлөнүү тоюнан келе турган кожоюнун күтүп жаткан... кулдардай болгула»,— деген (Лк. 12:32, 35, 36). Андан сырткары, элчи Пабыл менен элчи Жакан да Машаяктын майланган жолдоочуларын өздөрүн таза сактаган кыздарга салыштырышкан (2 Кор. 11:2; Аян 14:4). Демек, Иса пайгамбар Матай 25:1—13-аяттарда жазылган мисалын майлангандарга кеңеш жана эскертүү катары айткан.

5. Иса мисалда айтылгандардын кайсы убакка тиешелүү экенин кантип көрсөткөн?

5 Эми мисалда айтылгандардын качан аткарылмактыгын карап чыгалы. Муну аныктоого Исанын: «Жигит келип калат»,— деген сөздөрү жардам берет (Мт. 25:10). Ушул журналдын 2013-жылдын 15-июлундагы санында талкуулангандай, Матай китебинин 24, 25-бөлүмдөрүндө Иса пайгамбар өзүнүн «келери» жөнүндө сегиз жолу сөз кылган. Ар бир жолкусунда ал бир эле грек сөзүн колдонгон жана өзүнүн улуу алааматта бул дүйнөгө өкүм чыгарып, аны жок кылыш үчүн келе турган убагы тууралуу айткан. Андыктан мисалда айтылгандар акыркы күндөргө жана улуу алаамат учуруна тиешелүү деп жыйынтык чыгарууга болот.

6. Мисалда кандай маанилүү ой камтылган?

6 Мисалда кандай маанилүү ой камтылган? Анын контекстине көңүл бура турган болсок, Иса жаңы эле ишенимдүү жана акылдуу кул жөнүндө айткан болчу. Ал кул акыркы күндөрдө Машаяктын жолдоочуларынын арасында жетекчиликти колго ала турган майлангандардын чакан тобун билдирет. Иса аларга акырына чейин ишенимдүү бойдон калышы керектигин эскерткен. Андан кийин акыркы күндөрдө жашай турган майланган жолдоочуларынын баарына эскертүү катары он кыз жөнүндөгү мисалын айтып, аларга баа жеткис сыйлыгынан ажырап калбаш үчүн «сергек болуу» керектигин баса белгилеген (Мт. 25:13). Ал мисалда камтылган кеңешти майлангандар кантип колдонуп жатышат?

МИСАЛДА КАМТЫЛГАН КЕҢЕШТИ МАЙЛАНГАНДАР КАНТИП КОЛДОНУУДА?

7, 8. а) Акылдуу кыздар эмнеден улам даяр турушкан? б) Майлангандардын даяр турушканы эмнеден көрүнүүдө?

7 Мисалдан көрүнүп тургандай, үйлөнө турган жигит келгенде, акылдуу кыздар даяр турушкан. Эмне себептен? Алар алдын ала даярдык көрүшкөн жана сергек болушкан. Кыздардын баары чырактарын өчүрбөй, жигит келгенге чейин түнү бою сергек турушу керек эле. Акылсыз беш кыздан айырмаланып, акылдуулары чырактары менен кошо май куюлган идиштерин да ала келишкен. Ишенимдүү майлангандар да Исанын келишине даяр турушабы?

8 Буга эч кандай шек жок. Акылдуу кыздарга окшоп, майлангандар өздөрүнө берилген ишти акырына чейин ишенимдүүлүк менен аткарууга даяр. Алар Жахабага берилгендикте кызмат кылуу үчүн Шайтандын дүйнөсү сунуштаган көптөгөн материалдык нерселерден баш тартышы керектигин жакшы түшүнүшөт. Алар, бул дүйнөнүн акырына аз калгандыктан эмес, Жахабаны жана анын Уулун сүйүп, аларга бүт жүрөгү менен берилгендиктен өздөрүн Жахабага толугу менен арнап, ага кызмат кылып жатышат. Ошондой эле дүнүйөкорлукка, адеп-ахлаксыздыкка, өзүмчүлдүккө үндөгөн азыркы дүйнөнүн таасирине алдырбай, кынтыксыздыгын сактап келатышат. Ошентип, алар үйлөнө турган жигит кармалып жаткандай сезилсе да, аны чыдамдуулук менен күтүп, чырактай жаркырап, даяр турушат (Флп. 2:15).

9. а) Иса адамдардын жеткилеңсиздиктен улам «үргүлөп» кетиши мүмкүн экенин кантип эскерткен? б) Майлангандар: «Жигит келатат!» — деген үнгө кулак кагып жатышабы? (Шилтемени да карагыла.)

9 Жогоруда айтылып өткөндөй, акылдуу кыздар сергек болгондуктан да үйлөнө турган жигитти тосуп алууга даяр турушкан. Майлангандар каймана мааниде узакка созулган түнкү убакта үргүлөп кетиши мүмкүнбү? Ооба. Исанын он кыз жөнүндө: «Үйлөнө турган жигит кармалып жаткандыктан, алардын баары үргүлөп, уктап калышат»,— деп айтканын эстесеңер. Ал атүгүл ынталуу, жигердүү кишилердин да жеткилеңсиздиктен улам алсырап калышы мүмкүн экенин жакшы билген. Андыктан ишенимдүү майлангандар Мырзасынын эскертүүсүнө кулак кагып, сак, сергек туруш үчүн мурдагыдан да көп күч жумшап жатышат. Мисалда айтылгандай, түн ортосунда: «Жигит келатат!» — деген кыйкырык угулганда, он кыздын баары тең турушкан. Бирок акылдуулары гана аягына чейин даяр турушкан (Мт. 25:5, 6; 26:41). Бүгүнкү күндөгү майлангандар жөнүндө эмне айтууга болот? Акыркы күндөр башталгандан бери, алар Машаяктын келатканынан кабар берген далилдерге көңүл буруп, мындайча айтканда: «Жигит келатат!» — деген үнгө кулак кагышууда. Ошондой эле алар туруктуулугунан жазбай, анын келишине дайым даяр турушат *. Эми болсо, келгиле, Исанын мисалынын аягында айткандарын талкуулап, алардын кайсы убакка тиешелүү экенин билели.

АКЫЛДУУЛАР СЫЙЛЫК АЛАТ, АКЫЛСЫЗДАР ЖАЗАЛАНАТ

10. Акылсыз кыздар менен акылдуу кыздардын сүйлөшкөнүнө байланыштуу кандай суроо туулат?

10 Мисалдын аяк жагында акылсыз кыздар менен акылдуу кыздардын сүйлөшкөнү жөнүндө айтылат. (Оку: Матай 25:8, 9.) Буга байланыштуу: «Ишенимдүү майлангандар кимдир бирөөгө жардам берүүдөн качан баш тартты эле?» — деген суроо туулат. Бул суроого жооп алыш үчүн мисалда айтылгандар аткарыла турган убакты кайрадан эске салалы. Үйлөнө турган жигит — Иса Машаяк — улуу алааматтын аяк жагында сот өкүмүн чыгаруу үчүн келет. Андыктан кыздардын сүйлөшкөнү ал келердин алдында боло турган убакка тиешелүү деп айтсак болот. Эмне үчүн? Себеби ал убакта майлангандарга соңку мөөр басылып бүткөн болот.

11. а) Улуу алааматтын алдында эмне болот? б) Акылдуу кыздардын акылсыз кыздарга май саткандарга барууну сунуш кылышканы эмнени билдирген?

11 Ырас, жердеги ишенимдүү майлангандардын баарына соңку мөөр улуу алаамат башталганга чейин басылат (Аян 7:1—4). Ошондон тартып алардын асманга кетери анык болот. Бирок улуу алаамат башталганга чейинки жылдар жөнүндө ойлонуп көрөлү. Эгер майлангандардын кээ бирлери сергек болбой, ишенимдүүлүгүнөн жазса, эмне болот? Анда алар асмандагы сыйлыгынан айрылып, чекелерине соңку мөөр басылбай калат. Ошондой болсо, алардын ордуна Машаяктын башка ишенимдүү жолдоочулары тандалат. Улуу алаамат башталып, Улуу Бабыл кыйратылганда, акылсыз кыздардай иш кылгандар таң калып, үрөйү учушу мүмкүн. Алар ошондо гана өздөрүнүн үйлөнө турган жигиттин келишине даяр эмес экенин түшүнүшү ыктымал. Эгер алар ошол акыркы учурда жардам сурашса, кеч болуп калбайбы? Мунун жообун Исанын мисалынан таба алабыз. Акылсыз кыздар май сураганда, акылдуу кыздар аларга май саткандарга барууну сунуш кылышкан. Бирок «түн ортосунда» май саткандарды табуу мүмкүн эмес болчу. Анткени өтө эле кеч болуп калган!

12. а) Ишенимдүү болбогондуктан соңку мөөр басылбай калгандарга майлангандар улуу алааматта жардам бере алышабы? Түшүндүргүлө. б) Акылсыз кыздарга окшогондор эмне болушат?

12 Анын сыңарындай, улуу алаамат учурунда ишенимдүү майлангандар Кудайга берилгендигин сактабагандардын эч кимисине жардам бере алышпайт. Ал убакта өтө эле кеч болуп калгандыктан, аларга кандайдыр бир жардам көрсөтүү мүмкүн эмес болуп калат. Анда алар эмне болушат? Акылсыз кыздар май сатып алганы кеткенде эмне болгону тууралуу Иса: «Жигит келип калат. Ошондо даяр турган кыздар аны менен бирге үйлөнүү тою өткөн үйгө киришет, анан эшик жабылат»,— деген. Машаяк улуу алааматтын аяк ченинде даңкы менен келип, ишенимдүү майлангандарды асманга чогултат (Мт. 24:31; 25:10; Жкн. 14:1—3; 1 Тес. 4:17). Андан соң эшик жабылып, акылсыз кыздарга окшоп сергек турбагандар сыртта калышат. Алар, мындайча айтканда: «Мырзам, мырзам, эшикти ачып койчу!» — деп кыйкырышат. Өкүнүчтүүсү, Иса эчкиге салыштырылган кишилерге айткандай эле, аларга да: «Мен силерди тааныбайм»,— деп айтат (Мт. 7:21—23; 25:11, 12).

13. а) Эмне үчүн көптөгөн майлангандар ишенимсиз болуп калат деп жыйынтык чыгарбашыбыз керек? б) Исанын мисалынан анын майланган жолдоочуларына ишенери көрүнүп турат деп эмне үчүн айта алабыз? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

13 Жогоруда айтылгандардан улам кандай жыйынтык чыгарууга болот? Иса көптөгөн майланган жолдоочуларынын ишенимсиз болуп каларын жана алардын ордуна башкалар тандаларын айтты беле? Жок. Анын ошондон бир аз эле мурун «ишенимдүү жана акылдуу кулга» жаман кул болуп калбоону эскерткенин эстесеңер. Бул анын сөзсүз түрдө ошондой болот деп айтканын билдирген эмес. Ошо сыяктуу эле, он кыз жөнүндөгү мисал да эскертүү иретинде айтылган. Кыздардын бешөө акылсыз, бешөө акылдуу болгону майлангандардын жарымы ишенимсиз болуп калат дегенди билдирбейт. Бул, болгону, аягына чейин ишенимдүү болобу, жокпу, майлангандардын ар бири өзү тандаарын көрсөтүп турат. Элчи Пабыл майланган ишенимдештерине ыйык рухтун жетеги менен кат жазганда ушу сыяктуу ойду баса белгилеген. (Оку: Еврейлер 6:4—9; салыштыр: Мыйзам 30:19). Ал ишенимдештерине катуу эскертсе да, алардын «жакшыраак абалда, куткарыла турган абалда экенине» бекем ишенерин жазган. Он кыз жөнүндөгү мисалдан Исанын да өзүнүн жолдоочуларына ишенери көрүнүп турат. Ал ар бир жолдоочусунун аягына чейин ишенимдүүлүгүн сактап, сыйлык ала аларын билет.

МИСАЛДАН «БАШКА КОЙЛОР» КАНДАЙ ПАЙДА АЛА АЛЫШАТ?

14. Он кыз жөнүндөгү мисалдан кандайча «башка койлор» да пайда ала алышат?

14 Он кыз жөнүндөгү мисал майлангандарга карата айтылгандыктан, анын «башка койлорго» тиешеси жок деп айтууга болобу? (Жкн. 10:16). Жок. Иса ал мисалы аркылуу жолдоочуларын «сергек болууга» чакырган. Бир жолу ал: «Силерге айткандарымды баарына айтып жатам: сергек болгула»,— деген (Мр. 13:37). Иса бардык жолдоочуларынын даяр жана сергек болуп, ишенимдүү кызмат кылышын күтөт. Андыктан алардын баары майланган ишенимдештеринен үлгү алып, Кудайга кызмат кылууну жашоосунда биринчи орунга коюшат. Ар бирибиз акылдуу кыздардын акылсыз кыздарга май бербей койгонун унутпашыбыз керек. Бул эч ким биздин ордубузга ишенимдүүлүгүн сактап, чындык жолунда жүрүп, сергек тура албай турганын эскертип турат. Ар кимибиз Жахаба дайындаган адилеттүү Соттун алдында өзүбүз үчүн жооп беребиз. Ал Сот жакында келет. Биз ошого даяр турушубуз керек.

Акылсыз кыздарга май берилбегени эч ким биздин ордубузга ишенимдүүлүгүн сактап, сергек тура албай турганын эскертип турат

15. Машаяктын үйлөнүү тоюн эмне үчүн баарыбыз чыдамсыздык менен күтүүдөбүз?

15 Баарыбыз тең Исанын мисалында айтылган үйлөнүү тоюн чыдамсыздык менен күтүүдөбүз. Майлангандардын бардыгы асманга барып, Армагедон согушунан кийин Машаяктын колуктусу болушат (Аян 19:7—9). Алардын үйлөнүү тою жерде жашай тургандардын баарына пайда алып келет. Себеби бул жеткилең өкмөттүн бийлик жүргүзөрүнө кепилдик берет. Асманда жашоого үмүттөнөбүзбү же жердеби, келгиле, он кыз жөнүндөгү мисалда камтылган маанилүү ойду көкүрөгүбүзгө түйүп, даяр жана сергек бололу. Ошентсек, Жахаба биз үчүн даярдап жаткан жаркын келечекти көрөбүз.

^ абз. 9 Мисалдан көрүнүп тургандай, «Жигит келатат!» — деген үн угулгандан (6-аят) жигит келгенге (10-аят) чейин бир нече убакыт өткөн. Бул дүйнөнүн акыркы күндөрү башталгандан тартып, сергек турган майлангандар Исанын катышуусу башталганын көрсөткөн белгини көрүп келатышат, тактап айтканда, анын Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары бийлик жүргүзүп жатканын баамдашууда. Анткен менен алар ал келгенге чейин сергек бойдон калышы керек.