Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Мурун адабияттарыбызда Ыйык Китептеги кайсы бир билдирүүнүн каймана мааниси жөнүндө көп айтылчу. Акыркы кездерде аларга эмне үчүн көп басым жасалбай калды?

1950-жылдын 15-сентябрындагы «Күзөт мунарасында» (англ.) Ыйык Китептеги айрым кишилер, окуялар, буюм-тайымдар жана башка ушу сыяктуу нерселер каймана мааниге ээ деп түшүндүрүлгөн.

Мурун адабияттарыбызда Дебора, Элиу, Иптах, Аюп, Рахап, Ребека жана башка көптөгөн ишенимдүү эркек-аялдар майлангандарды же «эбегейсиз көп адамдарды» билдирет деп айтылчу (Аян 7:9). Мисалы, Иптах, Аюп пайгамбар жана Ребекалар майлангандарды, ал эми Дебора менен Рахап «эбегейсиз көп адамдарды» билдирет деп эсептелчү. Бирок акыркы жылдары андай салыштыруулар көп колдонулбай калды. Эмне себептен?

БИЛДИРҮҮ

Байыркы Ысрайылда пасах майрамында козу союлчу (Сан. 9:2)

АТКАРЫЛЫШЫ

Элчи Пабыл Машаяктын «Пасах козусу» экенин айткан (1 Кор. 5:7)

Ыйык Китептин өзүндө айрым адамдардын келечектеги кимдир бирөөнү же бир нерсени билдирери айтылары чын. Алсак, Галатиялыктар 4:21—31-аяттарда элчи Пабыл эки аял жөнүндө сөз кылган. Ал түшүндүргөндөй, Ыбрайым пайгамбардын күңү Ажар Жахабага Мыйзам аркылуу байланган ысрайыл элин билдирет. «Эркин аял» Саара болсо Кудайдын аялын, тактап айтканда, анын уюмунун асмандагы бөлүгүн билдирет. Еврейлерге жазган катында элчи Пабыл падыша да, дин кызматчы да болгон Мелкиседек менен Иса Машаяктын окшош жактарын баса белгилеген (Евр. 6:20; 7:1—3). Андан тышкары, Ышая пайгамбарды Иса Машаякка, ал эми анын уулдарын Исанын майланган жолдоочуларына салыштырган (Евр. 2:13, 14). Ал буларды Кудайдын рухунун жетеги менен жазгандыктан, анын сөздөрү туура экенине толук ишенсек болот.

Бирок Ыйык Китепте айрым кишилердин кимдир бирөөнү билдирери айтылса эле, анын жашоосундагы майда-чүйдө нерселердин да каймана мааниси бар деп жыйынтык чыгарбашыбыз керек. Маселен, элчи Пабыл Мелкиседекти Иса Машаякка окшоштурса да, Мелкиседектин төрт падышаны жеңип келаткан Ыбрайым пайгамбарды нан менен шарап көтөрүп тосуп чыкканы тууралуу эч нерсе айткан эмес. Демек, ал окуянын каймана мааниси бар деп эсептөөгө Ыйык Китепте эч кандай негиз жок (Башт. 14:1, 18).

Машаяк өлгөндөн бир нече кылым өткөндөн кийин, айрым жазуучулар өтө эле аша чаап, Ыйык Китептеги билдирүүлөрдүн баары каймана мааниге ээ деп эсептей башташкан. «Эл аралык стандарттуу ыйык китептик энциклопедияда» Ориген, Амвросий, Иеронимдердин окууларына байланыштуу мындай делет: «Алар Ыйык Китептеги бардык, атүгүл майда-барат билдирүүлөр менен окуялардын да каймана маанисин тапканга аракет кылып, аларды өздөрү билгендей чечмелешкен. Жадагалса жөнөкөй, адаттагы нерселерде да терең чындык катылган деп эсептелген... Айрымдар атүгүл тирилген Куткаруучусу көрүнгөн түнү анын шакирттери кармаган 153 балыктын санынын да кандайдыр бир сырдуу мааниси бар экенин далилдегенге аракет кылышкан».

Христиан теологу Августин Аврелий да Иса Машаяктын 5 000дей кишини беш арпа нан жана эки балык менен тойгузганы жөнүндөгү билдирүүнүн каймана мааниси бар деп жазган. Арпа буудайга салыштырмалуу анча бааланбагандыктан, Августин беш арпа нан Муса пайгамбардын беш китебин билдирет жана «Байыркы Келишим» «Жаңы Келишимге» караганда анча маанилүү эмес деп бүтүм чыгарган. Эки балык болсо падыша менен дин кызматчыны билдирет деп түшүндүргөн. Дагы бир окумуштуу Жакыптын Эйсаптан кызыл жасмыктан жасалган бир табак тамакка туңгучтук укугун сатып алганы Исанын өз каны менен адамзатка асманда жашоо укугун сатып бергенин билдирет деп божомолдогон.

Андай жоромолдор силерге акылга сыйбагандай сезилсе, мунун жөнү бар. Адамдар Ыйык Китептеги билдирүүлөрдүн кайсынысы каймана мааниге ээ, кайсынысы ээ эмес экенин ажырата алышпайт. Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот? Ыйык Китепте кайсы бир кишинин, окуянын, буюм-тайымдын же дагы башка ушу сыяктуу нерселердин каймана мааниси бар экени айтылса, биз ага толугу менен ишенебиз. Ал эми Ыйык Китепте эч нерсе айтылбаса, өзүбүз болжолдоп чечмелөөдөн качабыз.

Анда Ыйык Китепте жазылган билдирүүлөрдүн бизге кандай пайдасы бар? Римдиктер 15:4төн элчи Пабылдын: «Туруктуулугубуз аркылуу, Ыйык Жазмадан алган сооронуч аркылуу үмүткө ээ болушубуз үчүн, мурун жазылгандын баары бизге насаат катары жазылган»,— деген сөздөрүн окуйбуз. Ал 1-кылымдагы майланган ишенимдештери Ыйык Китепте жазылган окуялардан көп нерсени биле алары жөнүндө айткан. Бирок «мурун жазылгандардан» алар эле эмес, Кудайдын башка кызматчылары, анын ичинде «акыркы күндөрдө» жашап жаткан «башка койлор» да көп нерселерге үйрөнүп жатышат (Жкн. 10:16; 2 Тим. 3:1).

Ошондуктан Ыйык Китептеги билдирүүлөрдүн көбү майлангандарга же «башка койлорго», же Кудайдын кайсы бир доордо жашаган кызматчыларына гана тиешелүү деп айтууга болбойт. Алардан баары пайда ала алышат. Мисалы, Аюп пайгамбардын азап тартканы майлангандардын Биринчи дүйнөлүк согуш убагында азап чеккенин эле билдирет деп ойлобошубуз керек. Кудайдын көптөгөн кызматчылары — майлангандар да, эбегейсиз көп адамдар да — Аюп пайгамбардыкына окшогон сыноолорду баштан кечирип келишет. Жахабанын ошондой оор учурларда колдоп-коргогонунан улам алар анын «абдан боорукер, кайрымдуу экенине» ынанууда (Жкп. 5:11).

Бүгүнкү күндө жыйналыштарыбызда Деборага окшогон ишенимдүү эжелерибиз, Элиуга окшогон акылдуу жаш аксакалдарыбыз, Иптахтай ынталуу, кайраттуу пионерлерибиз, Аюп пайгамбарга окшоп, ишенимин бек сактаган чыдамкай бир туугандарыбыз арбын. «Ыйык Жазмадан алган сооронуч аркылуу үмүткө ээ болушубуз үчүн», байыркы убактагы кызматчылары тууралуу жаздырып койгонуна Жахабага кандай гана ыраазыбыз!

Айтылып өткөн себептерден улам адабияттарыбызда акыркы жылдары Ыйык Китептеги кайсы бир билдирүүнүн каймана маанисине эмес, андан эмнеге үйрөнө аларыбызга басым жасалып калды.