Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Таланттар жөнүндөгү мисалдан эмнелерди билүүгө болот?

Таланттар жөнүндөгү мисалдан эмнелерди билүүгө болот?

«Ал бирөөнө беш, экинчисине эки, үчүнчүсүнө бир талант берди» (МТ. 25:15).

1, 2. Иса таланттар жөнүндөгү мисалын эмне үчүн айткан?

ТАЛАНТТАР жөнүндөгү мисалында Иса Машаяк майлангандарга кандай милдет артылганын так-даана көрсөткөн. Асманда жашоого үмүттөнөбүзбү же жердеби, баарыбыз бул мисалдын маанисин түшүнүшүбүз керек, анткени анда айтылгандар Машаяктын бардык жолдоочуларына тиешелүү.

2 Иса бул мисалын шакирттеринин: «Сенин катышууңдун убагын жана бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын кайсы белгиден билүүгө болот?» — деген суроосуна жооп берип жатканда айткан (Мт. 24:3). Демек, мисалда айтылгандар биздин күндөрдө аткарылмак жана Исанын Падыша катары башкарып жатканын көрсөткөн белгинин курамына кирмек.

3. Матай 24 жана 25-бөлүмдөрдө жазылган мисалдарда эмнелер баса белгиленген?

3 Бул мисал — Матай 24:45-аяттан 25:46-аятка чейин жазылган төрт мисалдын бири. Ал аяттарда ишенимдүү жана акылдуу кул, он кыз, койлор менен эчкилер жөнүндөгү мисалдар да жазылган. Иса аларды да шакирттеринин жогорудагы суроосуна жооп берип жатканда айткан. Төрт мисалында тең чыныгы жолдоочулары акыркы күндөрдө кайсы сапаттары менен айырмаланып турушу керектигин баса белгилеген. Анын ишенимдүү кул, он кыз жана таланттар жөнүндөгү мисалдары майланган жолдоочуларына карата айтылган. Ишенимдүү кул жөнүндөгү мисалында акыркы күндөрдө майлангандардын чакан тобу Кудайдын элин окутуп-үйрөтүүгө дайындаларын жана алардын ишенимдүү, акылдуу болушу зарыл экенин айткан. Кыздар жөнүндөгү мисалында бардык майланган жолдоочуларына, Мырзасынын кайсы күнү, кайсы саатта келери белгисиз болгондуктан, даяр жана сергек турушу керек экенин эскерткен. Таланттар жөнүндөгү мисалында болсо Иса майлангандардын өздөрүнө тапшырылган ишти аткарууда ынталуу болушу керектигин көрсөткөн. Ал эми койлор менен эчкилер жөнүндөгү мисалын жерде түбөлүк жашоого үмүттөнгөндөргө карата айтып, алардын майланган бир туугандарын жан-дили менен колдоп, берилгендик көрсөтүшү керектигин баса белгилеген *. Келгиле эмесе, таланттар жөнүндөгү мисалды кененирээк карап чыгалы.

КОЖОЮН КУЛДАРЫНА АКЧА-КАРАЖАТЫН ТАПШЫРАТ

4, 5. Кожоюн кимди билдирет жана таланттын наркы канча болгон?

4 Оку: Матай 25:14—30. Биздин адабияттарда көптөгөн жылдардан бери бул мисалдагы кожоюн Иса Машаякты, ал эми анын «башка өлкөгө кеткени» б.з. 33-жылы асманга кеткенин билдирери айтылып келет. Иса дагы бир мисалында өзүнүн «башка өлкөгө» «падышалык бийлик алыш үчүн» кетмектигин айкын көрсөткөн (Лк. 19:12). Бирок ал асманга барары менен Падыша болгон эмес *. Ал «Кудайдын оң жагына отуруп», «душмандары бут алдына жыгыла турган убакты күткөн» (Евр. 10:12, 13).

5 Мисалдагы кишинин сегиз таланты бар болчу. Бул ошол кезде чоң байлык болуп эсептелген *. Башка өлкөгө кетерде ал кулдарын чакырып, өзү келгиче айландырып турушу үчүн, таланттарын таратып берген. Анын сыңарындай, асманга кетер алдында Исанын да абдан баалуу кенчи бар болчу. Кенч эмнени билдирген? Баалуу кенч ал өмүрүнүн акырына чейин аткарган ишти билдирген.

6, 7. Таланттар эмнени билдирет?

6 Иса Машаяк кабар айтуу жана окутуу ишине аябагандай чоң маани берген. (Оку: Лука 4:43.) Жакшы кабарды айтканынын аркасында көптөр анын шакирти болушкан жана келечекте алардын катарына дагы көптөр кошулмак. Иса шакирттерине: «Башыңарды көтөрүп, талаага көз чаптыргылачы; эгин оргонго даяр болуп, бышып калды»,— деген (Жкн. 4:35—38). Ал өзүнүн шакирти боло турган көптөгөн жүрөгү таза кишилер жөнүндө айткан болчу. Жакшы дыйкан оруп-жыюуга даяр болуп калган талаасын таштап койбогондой эле, Иса да каймана маанидеги талаадагы түшүмдүн жыйналбай калышын каалаган эмес. Ошондуктан асманга кетердин алдында жолдоочуларына: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла» — деп айтып, маанилүү тапшырма берген (Мт. 28:18—20). Ошентип, Иса аларга кымбат баалуу кенчти, кызматты, тапшырган (2 Кор. 4:7).

7 Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот? Жолдоочуларына шакирт даярдоо ишин тапшырып жатканда Иса аларга, мындайча айтканда, өзүнүн «акча-каражатын» — таланттарын — берген (Мт. 25:14). Демек, таланттар кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин билдирет.

8. Кулдар таланттарды ар кандай санда алышса да, кожоюн алардан эмнени күткөн?

8 Таланттар жөнүндөгү мисалда кожоюн кулдарынын бирине беш, экинчисине эки, үчүнчүсүнө бир талант бергени айтылат (Мт. 25:15). Кожоюн аларга таланттарды ар кандай санда берсе да, ар биринен күжүрмөн эмгектенишин күткөн. Ошо сыяктуу эле, Иса майлангандардын кабар айтуу ишине колунан келишинче ынталуу катышышын каалайт (Мт. 22:37; Кол. 3:23). Машаяктын жолдоочулары б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамынан тартып «таланттарды айландыра» башташкан. Кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине алардын канчалык ынталуу катышканы жөнүндө Элчилер китебинде эң сонун баяндалган * (Элч. 6:7; 12:24; 19:20).

КУЛДАРДЫН ТАЛАНТТАРДЫ АКЫРКЫ КҮНДӨРДӨ АЙЛАНДЫРЫШЫ

9. а) Ишенимдүү эки кул таланттарды эмне кылган жана мындан эмнени билүүгө болот? б) Жерде жашоого үмүттөнгөндөр эмне кылышы керек?

9 Машаяктын майланган ишенимдүү жолдоочулары өздөрүнө берилген таланттарды акыркы күндөрдө да айландырып жатышат. Алар кабар айтуу ишине, айрыкча, 1919-жылдан тартып өзгөчө ынталуулук менен киришишкен. Мисалдагы мээнеткеч эки кулга окшоп, алар колунан келгендин баарын кылууда. Анткен менен кимге беш талант, кимге эки талант берилгенин божомолдоп, баш катыруунун кажети жок. Эки кул тең мырзасы берген акчаны эки эсе көбөйткөндүктөн, экөө тең күжүрмөн эмгектенген деп айтсак болот. Бирок кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине майлангандар гана жигердүү катышышы керекпи? Жок. Койлор менен эчкилер жөнүндөгү мисалдан жерде жашоого үмүттөнгөндөрдүн Машаяктын майланган бир туугандарына кабар айтуу ишинде берилгендик менен колдоо көрсөтүшү керектиги айкын көрүнүп турат. «Бир оторду» түзгөн ал эки топ азыркы акыркы күндөрдө биримдикте ынталуу кызмат кылып жатышат (Жкн. 10:16).

10. Иса Машаяктын падышалык кылып жатканын көрсөткөн белгинин маанилүү бөлүгү кайсы?

10 Иса Машаяк жолдоочуларынын көбүрөөк шакирт даярдоо үчүн күжүрмөн эмгектенишин күтөт. 1-кылымдагы ишенимдүү шакирттер анын ишеничин актаган. Таланттар жөнүндөгү мисалда айтылгандар аткарылып жаткан акыркы күндөр тууралуу эмне дешке болот? Бүгүнкү күндө Машаяктын ишенимдүү, ынталуу кызматчылары кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин болуп көрбөгөндөй деңгээлде аткарып жатышат. Алардын эриш-аркак болуп эмгектенгенинин аркасында жыл сайын миңдеген адамдар Падышалыктын жарчыларынын катарына кошулууда. Мындан кабар айтуу иши Иса Машаяктын падышалык кылып жатканын билдирген белгинин маанилүү бөлүгү экени көрүнүп турат. Ооба, Мырзасынын кулдарына ыраазы болуп жатканына шек жок!

Машаяк жолдоочуларына баалуу кенчти, кабар айтуу ишин, тапшырган (10-абзацты карагыла)

КОЖОЮН КУЛДАРЫ МЕНЕН ЭСЕПТЕШКЕНИ КАЧАН КЕЛЕТ?

11. Иса кулдары менен эсептешкени улуу алаамат учурунда келет деп эмне үчүн айта алабыз?

11 Иса Машаяк кулдары менен эсептешкени жакында боло турган улуу алааматтын аяк ченинде келет. Эмне үчүн мындай жыйынтык чыгарууга болот? Матай Инжилинин 24 жана 25-бөлүмдөрүндө жазылган пайгамбарлыгында Иса өзүнүн келери жөнүндө бир нече жолу сөз кылган. Мисалы, улуу алаамат учурунда элдерди соттоо үчүн келери тууралуу: «Адам Уулунун асмандагы булуттардын үстүндө... келатканын көрүшөт»,— деп айткан. Ал жолдоочуларын сергек болууга үндөп: «Мырзаңардын кайсы күнү келерин билбейсиңер»,— деген. Анан: «Адам Уулу силер күтпөгөн саатта келет»,— деп кошумчалаган (Мт. 24:30, 42, 44). Андыктан: «Кожоюну келип, кулдары менен эсептешет»,— дегенде, бул дүйнө түзүлүшүнүн соңунда сот өкүмүн ишке ашырыш үчүн келе турган убагы жөнүндө айткан * (Мт. 25:19).

12, 13. а) Кожоюн эки кулуна эмне деп айтат жана эмне үчүн? б) Майлангандарга соңку мөөр качан басылат? ( «Өлгөндө татыктуу деп табылгандар» деген кутучаны карагыла.) в) Койлор деп табылгандар кандай сыйлык алышат?

12 Мисалдагы кожоюн кайтып келгенде, беш жана эки талант алган кулдары акчаны эки эсе көбөйтүп койгон болот. Ошондуктан мырзасы ал экөөнө тең: «Жарайсың, ишенимдүү, жакшы кул! Кичинекей нерседе ишенимдүү болгонуң үчүн, сага чоң нерсени тапшырам»,— деп айтат (Мт. 25:21, 23). Иса Машаяк сот катары келгенде эмне кылат?

13 Эки ишенимдүү кулду билдирген майлангандарга улуу алаамат башталганга чейин эле соңку мөөр басылат (Аян 7:1—3). Армагедон согушунун алдында Иса аларга өзү убада кылган асмандагы сыйлыгын берет. Ал эми майлангандарга кабар айтуу ишинде колдоо көрсөткөн, жерде жашоого үмүттөнгөн адамдар койлор деп табылып, Кудайдын Падышалыгынын бийлиги астында жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүшөт (Мт. 25:34).

ЖАМАН, ЖАЛКОО КУЛ

14, 15. Иса көптөгөн майланган жолдоочуларынын жаман, жалкоо болуп каларын айтты беле? Түшүндүргүлө.

14 Мисалдагы үчүнчү кул талантты айландыргандын же аны акча айландыргандарга бергендин ордуна, көмүп койгон. Ал атайлап кожоюнун каалоосуна каршы иш кылгандыктан, кожоюну аны: «Жаман, жалкоо кул»,— деп атаган. Анан талантын алып, он таланты бар кулга берген да: «Бул кулду сырттагы караңгылыкка ыргытып жибергиле. Ал жакта ыйлап, тишин кычыратат»,— деп айткан (Мт. 25:24—30; Лк. 19:22, 23).

15 Исанын үч кулдун бири талантын көмүп койгону жөнүндө айтканы анын майланган жолдоочуларынын үчтөн бир бөлүгү жаман, жалкоо болуп каларын билдиреби? Жок. Келгиле, бул мисалды ага чейин жазылган мисалдар менен салыштырып көрөлү. Ишенимдүү жана акылдуу кул жөнүндөгү мисалында Иса башка кулдарды уруп-сабаган жаман кул жөнүндө айткан. Бирок ал муну менен кандайдыр бир «жаман кул» тобу болорун пайгамбарлык кылган эмес. Ал, болгону, ишенимдүү кулга жаман кулдукундай сапаттарды чагылдырбашы керектигин эскерткен. Он кыз жөнүндөгү мисалында да Иса майланган жолдоочуларынын жарымы акылсыз беш кыздай болуп каларын айткысы келген эмес. Ал аларга, сергек жана даяр турушпаса, эмне болорун гана эскерткиси келген *. Ошол сыяктуу эле, таланттар жөнүндөгү мисалында Иса акыркы күндөрдө көптөгөн майланган жолдоочулары жаман, жалкоо болуп каларын айткан эмес. Ал майланган жолдоочуларын өздөрүнө тапшырылган ишти аткарууда ынталуу болууга — таланттарды айландырууга — жана жаман кулдай болуп калбоого үндөгөн (Мт. 25:16).

16. а) Таланттар жөнүндөгү мисалда кандай маанилүү ойлор камтылган? б) Бул макалада таланттар жөнүндөгү мисал кандайча жаңыча түшүндүрүлүп берилди? ( «Таланттар жөнүндөгү мисалдын мааниси» деген кутучаны карагыла.)

16 Таланттар жөнүндөгү мисалда кандай эки маанилүү ой камтылган? Биринчиден, Кожоюн — Иса Машаяк — майланган жолдоочуларына баалуу кенчин, атап айтканда, кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин тапшырган. Экинчиден, ал баарыбыздан кабар айтуу ишинде жигердүү болушубузду күтөт. Эгер ал ишти ишенимдүүлүк менен аткарып, сергек бойдон калсак, андан сыйлык аларыбызга шектенбесек болот (Мт. 25:21, 23, 34).

^ абз. 3 Ишенимдүү жана акылдуу кулдун кимди билдирери 2013-жылдын 15-июлундагы «Күзөт мунарасынын» 21, 22-беттериндеги 8—10-абзацтарда жазылган. Он кыздын кимдерди билдирери ушул сандын мурунку макаласында талкууланган. Ал эми койлор менен эчкилер жөнүндөгү мисал 1995-жылдын 15-октябрындагы «Күзөт мунарасынын» (ор.) 23—28-беттеринде жана ушул сандын кийинки макаласында түшүндүрүлгөн.

^ абз. 5 Исанын күндөрүндө бир талант 6 000дей динарга барабар болчу. Катардагы жумушчу бир күндө бир динар тапкандыктан, бир талант табыш үчүн ага 20 жылдай иштөөгө туура келмек.

^ абз. 8 Элчилер көз жумгандан кийин, жыйналыштарда чындыктан четтөөчүлүк кеңири кулач жайган. Ошондон тартып кылымдар бою кабар айтуу ишинде дээрлик эч нерсе жасалган эмес. Бирок «орок маалында», тактап айтканда, акыркы күндөрдө жагдай өзгөрмөк (Мт. 13:24—30, 36—43). 2013-жылдын 15-июлундагы «Күзөт мунарасынын» 9—12-беттерин карагыла.

^ абз. 15 Ушул сандагы «Сергек бойдон каласыңарбы?» деген макаланын 13-абзацын карагыла.