Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Аксакалдар ага-инилерди кантип үйрөтсө болот?

Аксакалдар ага-инилерди кантип үйрөтсө болот?

«Менден... уккандарыңды... ишенимдүү адамдарга айт» (2 ТИМ. 2:2).

1. а) Кудайдын кызматчылары илгертен эле эмнени түшүнүшөт жана мунун биздин күндөр менен кандай байланышы бар? б) Бул макалада эмнени талкуулайбыз?

КУДАЙДЫН кызматчылары тээ илгертен эле кайсы бир иште ийгиликке жетүү үчүн аны жакшы аткарууну үйрөнүү маанилүү экенин түшүнүшөт. Алсак, иниси Лотту душмандар туткундап кеткенде, аны Ыбрайым пайгамбар үйрөтүлгөн, «согушка жарактуу кишилери» менен куткарып алган (Башт. 14:14—16). Дөөтү падышанын убагында «Жахабаны даңктап ырдоого үйрөтүлгөн» ырчылар болгон (1 Жылн. 25:7). Бүгүнкү күндө биз Шайтанга жана анын таламдаштарына каршы согуш жүргүзүүдөбүз (Эф. 6:11—13). Ошондой эле бүт күчүбүздү жумшап, Жахабанын ысмын даңктап жатабыз (Евр. 13:15, 16). Андыктан ийгиликке жетиш үчүн биз да, Кудайдын байыркы убактагы кызматчыларындай эле, үйрөтүлүшүбүз керек. Жахаба жыйналыштагы аксакалдарга башкаларды үйрөтүү милдетин тапшырган (2 Тим. 2:2). Ага-инилерди оторго кам көрүүгө үйрөтүүдө тажрыйбалуу аксакалдар кандай ыкмаларды колдонушат?

РУХИЙ ЖАКТАН БЕКЕМДЕ

2. Бир тууганды үйрөтөрдөн мурун аксакал эмне кылууну туура көрүшү мүмкүн жана эмне үчүн?

2 Аксакалдар дыйканга окшош. Мол түшүм алыш үчүн дыйкан үрөн себерден мурун жерди жер семирткич менен байытат. Анын сыңарындай, тажрыйбасы аз бир тууган айтылгандарды оңой кабыл алышы үчүн, аксакал адегенде аны менен чогуу Ыйык Китептеги айрым принциптер тууралуу сүйлөшүүнү туура көрүшү мүмкүн (1 Тим. 4:6).

3. а) Аксакал бир тууган менен сүйлөшкөндө Исанын Марк 12:29, 30дагы сөздөрүн кантип колдонсо болот? б) Аксакалдын тиленгени бир тууганга кандай таасир этиши мүмкүн?

3 Эгер сен аксакал болсоң, Ыйык Китептеги чындык үйрөнүп жаткан бир туугандын ой жүгүртүүсүнө, иштерине канчалык таасир этип жатканын билиш үчүн андан: «Өзүңдү Жахабага арнаганың жашооңду канчалык өзгөрттү?» — деп сурап көрсөң болот. Анын аркасында канткенде Жахабага бүт жүрөгүбүз менен кызмат кыла аларыбыз жөнүндө кызыктуу маек курушуңар мүмкүн. (Оку: Марк 12:29, 30.) Маегиңердин аягында Жахабадан ал бир тууганга үйрөнүп жаткандарын жакшы өздөштүрүп кетүүгө ыйык руху аркылуу жардам беришин сурап тиленсең болот. Ал сенин чын жүрөктөн тиленгениңди укканда көбүрөөк кызмат кылууга түрткү алышы мүмкүн.

4. а) Бир тууганга ийгилик кылууга жардам бере турган Ыйык Китептеги билдирүүлөрдүн айрымдарын айтып бер. б) Аксакалдар ага-инилерди үйрөтүүдө кандай максатты көздөшү керек?

4 Бир тууганды үйрөтө баштаганда алгач аны менен чогуу Ыйык Китептен башкаларга жардам берүүгө ынтызар, ишенимдүү жана момун болуунун маанилүү экенин көрсөткөн билдирүүлөрдү талкуула (1 Пад. 19:19—21; Нек. 7:2; 13:13; Элч. 18:24—26). Жер семирткич жер үчүн канчалык зарыл болсо, андай сапаттар үйрөнүп жаткан бир тууган үчүн ошончолук зарыл. Анткени алар анын тезирээк ийгилик кылышына өбөлгө түзөт. Франциялык Жан-Клод деген аксакал ага-инилерди үйрөтүүдөгү негизги максаты аларга Ыйык Китептеги принциптердин негизинде чечим чыгарууга жардам берүү экенин айтат. Ал: «Бир тууган Кудайдын Сөзүндөгү „кереметтерди көрүшү“ үчүн, анын көзүн „ачууга“ жардам бере турган аяттарды чогуу окуганга мүмкүнчүлүк издейм»,— дейт (Заб. 119:18). Ага-инилерди рухий жактан дагы кантип бекемдесе болот?

МАКСАТ КОЮУГА КӨМӨК КЫЛ ЖАНА ИШ ТАПШЫРГАНДА СЕБЕБИН ТҮШҮНДҮР

5. а) Ага-инилерден максаттары жөнүндө суроо эмне үчүн маанилүү? б) Аксакалдар бир туугандарды эмне себептен өспүрүм кезинен эле үйрөтө башташы керек? (Шилтемени кара.)

5 Бир туугандан Жахабага кызмат кылууга байланыштуу кандай максаттары бар экенин сура. Эгер эч кандай деле максаты жок болсо, ага жете ала турган максат коюуга көмөк кыл. Өзүңдүн бир кезде кандай максат койгонуңду жана ага жеткенде канчалык сүйүнгөнүңдү шыктануу менен айтып бер. Бул жөнөкөй эле ыкмадай көрүнсө да, абдан натыйжалуу. Африкада пионер болуп кызмат кылып жаткан Виктор аттуу аксакал: «Жаш кезимде бир аксакал максаттарыма байланыштуу бир нече суроо берген болчу. Анын суроолору кылып жаткан кызматым тууралуу терең ой жүгүрткөнгө түрткү берген»,— деп эскерет. Кыраакы аксакалдар бир туугандарга жашына жараша тапшырма берип, аларды өспүрүм курагынан тартып эле үйрөтө башташ керектигин баса белгилешет. Бул жаштарга чоңоюп, көптөгөн азгырыктарга туш болгондо да рухий максаттарга умтула берүүгө көмөк кылат. (Оку: Забур 71:5, 17.) *

Бир тууганга кайсы бир ишти эмне себептен аткарыш керектигин түшүндүр жана аракети үчүн макта

(5—8-абзацтарды кара)

6. Исанын башкаларды үйрөтүүдө колдонгон ыкмаларынын бири кайсы?

6 Ага-инилерге эмне кылышы керектигин эле айтып койбой, аны эмне үчүн кылышы керектигин да түшүндүрүп берсең, аларга көбүрөөк кызмат кылууга түрткү бере аласың, ошондой эле Улуу Окутуучу Иса Машаякты туураган болосуң. Мисалы, Иса элчилерине шакирт даярдоо ишин тапшырарда ал ишти эмне үчүн аткаруу керектигин түшүндүрүп: «Асмандагы жана жердеги бийликтин баары мага берилди. Ошондуктан баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла»,— деген (Мт. 28:18, 19). Ага-инилерди үйрөтүүдө ушул ыкманы кантип колдонсоң болот?

7, 8. а) Аксакал ага-инилерди үйрөтүүдө Исанын ыкмасын кантип колдонсо болот? б) Бир тууганды мактап туруу канчалык маанилүү? в) Аксакал ага-инилерди кантип үйрөтсө болот? (« Кантип үйрөтүү керек?» деген кутучаны кара.)

7 Бир туугандан кайсы бир ишти аткарууну суранганда ал иштин эмне үчүн маанилүү экенин Ыйык Китептин негизинде түшүндүрүп бер. Ошентсең, ал Ыйык Китептеги принциптерге ылайык иш кылганга үйрөнөт. Маселен, андан Падышалык залынын кире беришинин дайыма коопсуз жана таза болушуна кам көрүүнү сурандың дейли. Ага Тит 2:10ду окуп берип, анын ошол иши кандайча «Куткаруучу Кудайыбыздын окуусун... көркүнө чыгарарын» жана жыйналыштагы кары ишенимдештерибизге кандай пайда алып келерин түшүндүрүп берсең болот. Бул ага эрежелерге көңүл топтобостон, башкалардын жыргалчылыгын көбүрөөк ойлогонго түрткү берет. Кылган ишинин бир туугандарга пайдасы тийип жатканын көргөндө ал абдан кубанат.

8 Андан тышкары, аны берген кеңештериңди колдонууга аракет кылып жатканы үчүн мактап тур. Бул канчалык маанилүү? Суу өсүмдүктүн өсүшүнө шарт түзгөндөй эле, чын жүрөктөн мактоо анын ийгилик кылышына шарт түзөт. (Салыштыр: Матай 3:17.)

АЙРЫМ АГА-ИНИЛЕРГЕ ЭМНЕ ТОСКООЛДУК КЫЛАТ?

9. а) Өнүккөн өлкөлөрдөгү аксакалдар башкаларды үйрөтүүдө кандай кыйынчылыкка кабылууда? б) Эмне үчүн айрым жаштар Жахабага кызмат кылууну жашоосунда биринчи орунга коюшкан эмес?

9 Айрыкча, өнүккөн өлкөлөрдөгү 20—30 жаштардагы чөмүлгөн бир туугандарга жыйналыштын иштерине көбүрөөк катышууга түрткү берүү кыйын болгон учурлар кездешүүдө. Батыштагы 20дай өлкөдө кызмат кылган тажрыйбалуу аксакалдарга кээ бир жаштардын эмне себептен сыймыктуу жоопкерчиликтерге умтулбай жатканына байланыштуу суроо берилген. Алардын көбү андай бир туугандардын айрымдарына кичинекей кезинде ата-энелери рухий максаттарды коюуга түрткү бербегенин айтышкан. Айрым учурларда рухий максаттарды койгусу келген жаштарды ата-энелери жогорку билим алууга же мансапка умтулууга үндөшкөн. Ошондуктан алар Жахабага кызмат кылууну жашоосунда биринчи орунга коюшкан эмес (Мт. 10:24).

10, 11. а) Аксакал жыйналыштын иштерине кызыкпаган бир тууганга ой жүгүртүүсүн өзгөртүүгө кантип жардам берсе болот? б) Андай бир тууган менен кайсы аяттарды талкууласа болот жана эмне үчүн? (Шилтемени кара.)

10 Эгер бир тууган жыйналыштын иштерине кызыкпаса, ага ой жүгүртүүсүн өзгөртүүгө жардам берүү үчүн көп күч-аракет жана чыдамкайлык талап кылынат. Ошентсе да ага жардам бере аласың. Багбан өсүмдүктү улам түздөп, анын түз өсүшүнө шарт түзгөндөй эле, сен да акырындык менен андай бир тууганга сыймыктуу жоопкерчиликтерге карата болгон көз карашын өзгөртүшү керектигин түшүнүүгө көмөк кыла аласың. Ан үчүн эмне кылсаң болот?

11 Аны менен дос болгонго умтул жана ага жыйналыштагыларга керек экенин сезгенге жардам бер. Убакыттын өтүшү менен Ыйык Китептеги айрым аяттарды чогуу талкуулап, Жахабага арналганы жөнүндө ой жүгүртүүгө түрткү бер (Нас. 5:4; Ыш. 6:8; Мт. 6:24, 33; Лк. 9:57—62; 1 Кор. 15:58; 2 Кор. 5:15; 13:5). Жүрөгүн козгош үчүн, балким, ага мындай суроолорду берип көрөттүрсүң: Жахабага арналганда ага кандай убада бергенсиң? Чөмүлгөнүңдө ал кандай сезимде болгон деп ойлойсуң? (Накыл 27:11). Ал эми Шайтан кандай сезимде болгон? (1 Пет. 5:8). Жакшы тандалган аяттардын ага күчтүү таасир этерин унутпа. (Оку: Еврейлер 4:12.) *

ҮЙРӨНҮП ЖАТКАН АГА-ИНИЛЕР, ИШЕНИМДҮҮ БОЛГУЛА

12, 13. а) Элиша Илияс пайгамбардан үйрөнүп жүргөндө кандай маанай чагылдырган? б) Жахаба Элишага ишенимдүү болгону үчүн кандай бата берген?

12 Эгер сен үйрөнүп жаткан жаш бир тууган болсоң, ийгиликке жетиш үчүн ой жүгүртүүң, маанайың кандай болушу керек? Бул суроого жооп алуу үчүн Элиша пайгамбардын жашоосунда болгон айрым окуяларга токтололу.

13 Мындан 3 000 жылдай мурун Илияс пайгамбар аны өзүнүн кызматчысы болууга чакырган. Элиша дароо макул болгон жана төмөн деп эсептелген иштерди да аткарып, улгайып калган пайгамбарга берилгендик менен кызмат кылган (2 Пад. 3:11). Илияс пайгамбар аны алты жылдай үйрөткөн. Анан Ысрайыл жериндеги кызматы аяктап баратканда, Элишага андан ары аны коштоп жүрбөй эле койсо болорун кайра-кайра айткан. Бирок Элиша үч жолу тең: «Мен сизден калбайм»,— деген. Ал устатынын жанында мүмкүн болушунча көбүрөөк болгусу келген. Жахаба Элишанын берилгендигин, ишенимдүүлүгүн баалап, ага Илияс пайгамбардын куюн менен асманга көтөрүлүп кеткенин көрүүгө жол берген (2 Пад. 2:1—12).

14. а) Аксакалдардан үйрөнүп жаткан бир туугандар Элиша пайгамбардан кандай үлгү алса болот? б) Алардын ишенимдүү болгону эмне үчүн маанилүү?

14 Элиша пайгамбардан кандай үлгү алсаң болот? Кандай иш тапшырылбасын, аткарууга дилгир бол. Төмөн деп эсептелген иштерди да чын жүрөктөн жаса. Үйрөтүп жаткан аксакалды досуңдай көр жана сен үчүн кылып жаткан иш-аракеттерин жогору баалаарыңды билдирип тур. Муну менен ага: «Мен сизден калбайм»,— деп айткандай эле болосуң. Баарынан маанилүүсү, өзүңө берилген тапшырмаларды ишенимдүүлүк менен аткар. Бул эмне үчүн зарыл? Анткени аксакалдар сенин ар бир ишти так аткарган ишенимдүү бир тууган экениңди айкын көргөндө гана Жахабанын сага көбүрөөк жоопкерчилик арткысы келип жатканына ынанышат (Заб. 101:6; оку: 2 Тиметей 2:2).

АКСАКАЛДАРДЫ УРМАТТАГЫЛА

15, 16. а) Элиша устатына кантип урмат көрсөткөн? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Башка пайгамбарлар Элишага эмнеден улам ишенип калышкан?

15 Элиша пайгамбар жөнүндөгү билдирүүдөн ага-инилердин аксакалдарга кантип урмат көрсөтсө болорун да биле алабыз. Элиша менен Илияс пайгамбар Жерихо шаарындагы пайгамбарларга жолуккандан кийин Иордан дарыясына барышкан. Ал жерден «Илияс кийимин ороп туруп сууну чапканда», «суу эки жакка тартылып», экөө кургак жер менен өтүшкөн. Элиша жетиштүү эле үйрөндүм деп ойлобой, жолдо устаты менен сүйлөшүп баратканда анын ар бир сөзүн кунт коюп угуп, көкүрөгүнө түйө берген. Илияс пайгамбар куюн менен асманга көтөрүлүп кеткенден кийин, Элиша Иордан дарыясына келип, анын кийими менен сууну чаап: «Илиястын Жахаба Кудайы кана?» — деген. Ошондо дарыя кайрадан экиге бөлүнгөн (2 Пад. 2:8—14).

16 Анын ошол биринчи кереметинин Илияс пайгамбар жасаган акыркы кереметке опокшош болгону көңүлгө аларлык. Мындан кандай жыйынтык чыгарууга болот? Элиша: «Эми мен пайгамбар болдум. Ошондуктан баарын башкача кылышым керек»,— деп ойлогон эмес. Анын ордуна, Илияс пайгамбар кандай иш кылса, так ошондой кылып, аны урматтаарын көрсөткөн. Ошондон улам башка пайгамбарлар ага ишенип калышкан (2 Пад. 2:15). Элиша 60 жыл пайгамбар болуп кызмат кылган. Ошол жылдар аралыгында ал Жахабанын жардамы менен Илияс пайгамбардыкынан да көп керемет жасаган. Ага-инилер мындан эмнеге үйрөнсө болот?

17. а) Ага-инилер Элиша пайгамбардан кандай үлгү алса болот? б) Убагы келгенде Жахаба ишенимдүү ага-инилерди кантип колдонушу мүмкүн?

17 Жыйналышта сыймыктуу жоопкерчиликке ээ болгондо кайсы бир иштерди мурун кылынып келгенден такыр башкача кылышым керек деп ойлобо. Өзгөрүүлөр сенин каалооң боюнча эмес, жыйналыштын муктаждыктарына жана Жахабанын уюму берген жетекчиликке жараша болууга тийиш. Элиша Илияс пайгамбардын ыкмаларын колдонуу менен аны урматтаарын көрсөтүп, башка пайгамбарлардын ишенимине ээ болгондой эле, сен да тажрыйбалуу аксакалдардын Ыйык Китепке негизделген ыкмаларын колдонуу менен аларды урматтаарыңды көрсөтөсүң жана бир туугандардын ишенимине ээ болосуң. (Оку: 1 Корунттуктар 4:17.) Тажрыйба топтогон сайын сенин да жыйналышка Жахабанын уюму тарабынан киргизилген өзгөрүүлөргө ылайык иш кылууга көбүрөөк жардам бере аларың шексиз. Жахаба Элиша пайгамбарды колдонгондой эле, убагы келгенде сени да атүгүл өзүңдү үйрөткөн аксакалдардыкынан чоң иштерди жасоого колдонушу мүмкүн (Жкн. 14:12).

18. Аксакалдар жыйналыштагы ага-инилерди эмне үчүн создуктурбастан үйрөтүшү керек?

18 Биз ушул жана мурунку макалада айтылгандар аксакалдарга башкаларды үйрөтүүгө убакыт бөлүүгө түрткү берет деп үмүттөнөбүз. Ошондой эле талапка жооп берген ага-инилердин үйрөнүүгө дилгир болуп, алган билимин Кудайдын элине кам көрүүдө акылдуулук менен колдонушун каалайбыз. Оторду кайтара турган ага-инилердин көп болгону дүйнө жүзүндөгү жыйналыштардын бекем болушуна жана ар бирибиздин алдыдагы сыноолордо ишенимдүү бойдон калышыбызга жардам берет.

^ абз. 5 Эгер жаш ишенимдешибиз момун, рухий жактан жетилген болсо жана Ыйык Китептеги башка талаптарга жооп берсе, 20га толо элек болсо да, аксакалдар анын кызмат жардамчысы болуп дайындалышына кепилдеме бере алышат (1 Тим. 3:8—10, 12). 1990-жылы 1-февралда чыккан «Күзөт мунарасынын» (ор.) 23-бетин кара.

^ абз. 11 Бир тууган менен маектешкенде төмөнкү адабияттардагы ойлорду колдонсоң болот: «Күзөт мунарасы», 2012-ж., 15-апр., 14—16-б., 8—13-абз.; «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла» китеби, 16-бөл., 1—3-абз.