Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жыйналыштан чыгаруу чарасы сүйүүнү айгинелейт

Жыйналыштан чыгаруу чарасы сүйүүнү айгинелейт

«УУЛУМДУН жыйналыштан чыгарылганы кулактандырылганда, бут алдыман жер көчүп кеткендей эле болду,— деп эскерет Хулиан.— Ал балдарымдын улуусу болчу, экөөбүз көп иштерди чогуу кылып, бири-бирибизге абдан ынак элек. Уулум үлгүлүү балдардан эле, бирок күтүлбөгөн жерден жүрүм-туруму начарлап кетти. Аялым кайгырып көп ыйлачу, мен болсо аны эмне деп жубатышты билбей, жаман болчумун. „Ата-энелик милдетибизди жакшы аткара албай калдыкпы?“ — деп сыздап жүрдүк».

Кимдир бирөөнүн жыйналыштан чыгарылганы жакындарын ушунчалык кайгыга батырса, анда ал чара кандайча сүйүүнү айгинелеп турат? Мындай катуу чара көрүүгө Ыйык Китепте кандай негиз бар? Жарчы жыйналыштан эмне үчүн чыгарылат?

ЖАРЧЫ ЖЫЙНАЛЫШТАН ЭМНЕ ҮЧҮН ЧЫГАРЫЛАТ?

Жахабанын Күбөсүнүн жыйналыштан чыгарылышына эки нерсе — анын олуттуу күнөө кылганы жана ошол күнөөсү үчүн өкүнбөгөнү — себеп болот.

Жахаба бизден жеткилеңдикти талап кылбаса да, анын ыйыктыкка байланыштуу нормаларына карманышыбызды күтөт. Мисалы, ал бузуктук кылуу, бурканга табынуу, уурулук кылуу, талап-тоноо, киши өлтүрүү жана спиритизмге аралашуу сыяктуу олуттуу күнөөлөрдөн качышыбыз керектигин буйрук кылган (1 Кор. 6:9, 10; Аян 21:8).

Жахаба бекиткен нормалардын акылга сыярлык экенине жана бизди коргой турганына кошулат чыгарсыңар. Баарыбыз эле тынчтыкты сүйгөн, тартиптүү, ишеничтүү адамдардын арасында жашагыбыз келет. Мындай адамдар жыйналышыбызда арбын, анткени бир туугандарыбыз өзүн Жахаба Кудайга арнаганда анын Сөзүндөгү мыйзам-принциптерге карманып жашоого убада беришкен.

Эгер чөмүлгөн жарчы алсыздыгынан улам олуттуу күнөө кетирип алса эмне болот? Байыркы учурларда да Жахабага ишенимдүү кызмат кылгандардын айрымдары чоң күнөө кетирип алышкан, ошентсе да Кудай аларды кечирген. Мисалы, Дөөтү падыша ойноштук кылган жана киши өлтүргөн. Бирок Натан пайгамбар ага: «Жахаба күнөөңдү кечирди»,— деп айткан (2 Шем. 12:13).

Дөөтү падыша чын жүрөктөн өкүнгөндүктөн, Жахаба аны кечирген (Заб. 32:1—5). Ошо сыяктуу эле, бүгүнкү күндө да Жахабанын кызматчысы күнөөсү үчүн чындап өкүнсө, жаман ишин токтотсо, жыйналыштан чыгарылбайт (Элч. 3:19; 26:20). Бирок күнөө кылган кишинин чын ниеттен өкүнгөнү көрүнбөсө, укуктук комитетке катышкан аксакалдар аны жыйналыштан чыгарышы керек.

Күнөө кетирген жарчыны жыйналыштан чыгаруу, өзгөчө, ал жакын адамыбыз болсо, өтө эле катуу, атүгүл мерездикке жаткан чарадай сезилиши мүмкүн. Анткен менен Ыйык Китеп андай чаранын сүйүүгө негизделерин тастыктап турат.

ЖЫЙНАЛЫШТАН ЧЫГАРУУНУН КАНДАЙ ПАЙДАСЫ БАР?

Олуттуу күнөөсү үчүн өкүнбөгөндөрдү жыйналыштан чыгаруу жакшы натыйжа берет. Эмне үчүн ушинтип айтууга болот? Мунун үч себебин карап көрөлү:

Өкүнбөгөн күнөөкөрдү жыйналыштан чыгаруунун аркасында Жахабанын ысмы даңкталат. Биз Жахабанын ысмы менен аталгандыктан, жүрүм-турумубуз сөзсүз анын ысмына таасир этет (Ыш. 43:10). Алсак, баланын жүрүм-туруму ата-энесинин кадыр-баркын көтөрөт же аларды уят кылат. Анын сыңарындай, Жахабанын кызматчыларынын жакшы же жаман иштери башкалардын ага карата болгон көз карашына таасирин тийгизбей койбойт. Жезекиел пайгамбардын күндөрүндө башка элдер Жахабанын ысмын жүйүттөр менен байланыштырышкан (Жез. 36:19—23). Бүгүнкү күндө болсо элдер Жахабанын ысмын анын Күбөлөрү менен байланыштырат. Ошондуктан Жахабанын мыйзамдарына бекем кармансак, ал даңкталат.

Эгер адеп-ахлаксыз иштерди кылсак, Кудайдын атына шек келтиребиз. Ошо себептен элчи Петир мындай кеңеш берген: «Тил алчаак балдардай болуп, мындан ары билбестиктен аткарып келген мурунку каалоолоруңарга жетеленбегиле. Силерди чакырган Кудай ыйык болгондой эле, силер да бардык жагынан ыйык болгула. Себеби Ыйык Жазмада: „Ыйык болгула, анткени мен ыйыкмын“,— деп жазылган». Ооба, ыйык болуп, түз жүрсөк, Жахабанын ысмы даңкталат (1 Пет. 1:14—16).

Жахабанын Күбөсү жаман иш кылып жүрсө, бул анын досторуна, тааныштарына маалым болору анык. Андай адамдын жыйналыштан чыгарылышы Жахабанын элинин таза, ыйык бойдон калуу үчүн Ыйык Китептеги жетекчиликке бекем карманарын тастыктап турат. Швейцарияда бир жолу жыйналыш жолугушуусуна бир киши келип, Жахабанын Күбөсү болгусу келерин айткан. Көрсө, анын бир тууганы адеп-ахлаксыз иш кылганы үчүн жыйналыштан чыгарылыптыр. Ал кишиге биздин уюмдун «жаман жүрүм-турумга көз жумуп койбогону» аябай таасир этиптир.

Жыйналыштан чыгаруу чарасынын аркасында жыйналыш таза сакталат. Элчи Пабыл Корунттагы ишенимдештерине өкүнбөгөн күнөөкөрдүн алардын арасында жүрө бериши канчалык кооптуу болорун эскерткен. Ал андай адамдардын терс таасирин ачыткыга салыштырып: «Бир аз эле ачыткы бүт камырды ачытат»,— деген. Анан ишенимдештерине: «Жаман кишини араңардан чыгарып салгыла»,— деп кеңеш берген (1 Кор. 5:6, 11—13).

Пабыл сөз кылган «жаман киши», сыягы, ачыктан-ачык эле бузуктук кылып жүргөн. Жыйналыштагылардын айрымдары болсо анын жаман ишин атүгүл актай баштаган (1 Кор. 5:1, 2). Андай күнөөгө олуттуу маани берилбесе, адеп-ахлаксыздык кулач жайган шаарда жашаган Машаяктын жолдоочулары уятсыз иштерди кыла башташы мүмкүн эле. Ошондой эле бул Кудайдын нормаларынын баркка алынбай калышына алып бармак (Нас. 8:11). Андан тышкары, өкүнбөгөн күнөөкөрлөр «суу астындагы аска таштардай» болуп, жыйналыштын башка мүчөлөрүнүн ишенимин кыйратмак (Жүй. 4, 12).

Жыйналыштан чыгаруу күнөө кылган жарчыны акылына келтирет. Иса пайгамбар бир жолу угуучуларына атасынын үйүнөн кетип, жаман жашоо өткөрүп, мурасын чачып жок кылган жаш жигит жөнүндө айтып берген. Ал жигит атасынын үйүнөн алыс кеткенде азап тартып, абдан кыйналган. Анын жашоосу маңызсыз болуп калган. Акыры, ал акылына келип, өкүнүп, үйүнө кайтууну чечкен (Лк. 15:11—24). Атасы уулунун өзгөргөнүн көрүп, аябай сүйүнгөн. Бул бизге Жахабанын өкүнгөндөргө карата кандай сезимде болорун түшүнүүгө жардам берет. Жахаба бизди: «Мен... ыймансыздын өлгөнүнө эмес, ыймансыздын өз жолунан кайтып, өмүр сүргөнүнө сүйүнөм»,— деп ынандырат (Жез. 33:11).

Жыйналыштан чыгарылып, Кудайдын элинин мүчөсү болбой калгандар убакыттын өтүшү менен эмнеден айрылганын түшүнүшү мүмкүн. Алар жаман иштеринин кесепетин тартканда, ошондой эле Жахаба жана анын эли менен ынак мамиледе болуп жүргөн кездеги бактылуу күндөрүн эстегенде акылына келиши ыктымал.

Жарчынын жыйналыштан чыгарылганы жакшы натыйжа бериши үчүн, анын ишенимдештеринен сүйүү жана принциптерге бекем кармануу талап кылынат. Дөөтү пайгамбар: «Мени адил адамдын урганы — мээримдүүлүк көрсөткөнү, ашкерелегени — башыма май сыйпаганы»,— деп айткан (Заб. 141:5). Муну жакшыраак түшүнүш үчүн мындай жагдайды элестетсеңер. Кыштын кычыраган суук күнүндө тоо арасында эки альпинист кетип баратат. Алардын бири катуу үшүп калгандыктан, алы кетип, үргүлөй баштайт. Эгер ал жерге жатып, уктап калса, өлүп калат. Ошондуктан жардам келгиче, уктап калбашы үчүн, шериги аны бетке чапкылап турат. Шеригинин чапкылаганы анын бетин ачыштырышы мүмкүн, бирок бул анын өмүрүн сактап калат. Анын сыңары, Дөөтү пайгамбар адил адамдын оңдоп-түзөгөнү катуу тийсе да, бул өзүнө эле пайда алып келерин түшүнгөн.

Жыйналыштан чыгаруу чарасы көп учурда күнөө кылган кишинин оңолушуна шарт түзөт. Макаланын башында сөз кылынган Хулиандын уулу да он жылдай өткөндөн кийин кайрадан түз жолго түшүп, жыйналышка кайтып келген. Ал азыр аксакал болуп кызмат кылат. Ал: «Жыйналыштан чыгарылганда кылган иштеримдин кесепетин өз мойнум менен тартууга туура келди. Мага ушундай жаза керек болчу»,— дейт (Евр. 12:7—11).

КАНТКЕНДЕ ЖЫЙНАЛЫШТАН ЧЫГАРЫЛГАНДАРГА СҮЙҮҮ КӨРСӨТКӨН БОЛОБУЗ?

Ооба, кимдир бирөөнүн жыйналыштан чыгарылганы кайгыртпай койбойт. Бирок бул анын такыр эле үмүтсүз абалда экенин билдирбейт. Жыйналыштан чыгаруу чарасынын өз максатына жетишине ар бирибиз салым кошо алабыз.

Өкүнгөндөргө Жахабага кайтып келүүгө жардам берилет

Аксакалдар жарчыга жыйналыштан чыгарылганын айтып жатканда, Жахабага окшоп, сүйүү менен мамиле кылууга умтулушат. Алар ага жыйналышка кабыл алынышы үчүн эмне кылышы керектигин жылуу-жумшак, так-айкын түшүндүрүп беришет. Оңолуп баратканы байкалгандарга кантип Жахабага кайтып келе алары тууралуу эсине салып туруш үчүн, аксакалдар аларга маал-маалы менен барып турса болот *.

Жыйналыштан чыгарылган кишинин үйүндөгүлөрү аксакалдардын чечимине баш ийүү менен күнөө кылган тууганына жана жыйналышка сүйүү көрсөтүшөт. Хулиан өткөндү эстеп: «Ал дагы деле менин уулум болчу, бирок анын жаман иштеринен улам мамилебизди токтотууга туура келген»,— деп бөлүшөт.

Жыйналыштын мүчөлөрү жыйналыштан чыгарылган киши менен мамилелешүүдөн же сүйлөшүүдөн качышса, принциптерге негизделген сүйүү көрсөткөн болушат (1 Кор. 5:11; 2 Жкн. 10, 11). Муну менен алар Жахабанын аксакалдар аркылуу көргөн чарасын колдоорун айгинелешет. Жаза баскан кишинин жакындары жан дүйнөсү кыйналгандыктан өздөрүн жыйналыштан чыгып калгандай сезбеши үчүн, жарчылардын аларга сүйүү менен мамиле кылып, колдоо көрсөтүшкөнү да маанилүү (Рим. 12:13, 15).

Хулиан мындай дейт: «Жыйналыштан чыгаруу чарасы — Жахабанын нормаларына ылайык жашоого жардам бере турган зарыл чара. Убагында оор болсо да, акыр-аягы анын натыйжасы жакшы болот. Эгер мен уулумдун жаман иштерине көз жумуп койсом, ал эч качан оңолбойт болчу».

^ абз. 24 1991-жылдын 15-апрелиндеги «Күзөт мунарасынын» (ор.) 21—23-беттерин карагыла.