Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | АКЫР ЗАМАНГА АЗ КАЛДЫБЫ?

Силер да аман кала аласыңар

Силер да аман кала аласыңар

Ыйык Китепте бул дүйнө түзүлүшүнүн акыры келгенде чоң кыйроо болору жазылган. Анда мындай делет: «Ошондо дүйнөнүн башталышынан бери болбогон жана кийин да болбой турган улуу алаамат болот. Эгерде ал күндөр кыскартылбаса, эч ким куткарылмак эмес» (Матай 24:21, 22). Кудай: «Бул дүйнө... жок болот, ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт» — деп, ал алааматтан көптөрдүн аман каларын убада кылган (1 Жакан 2:17).

Ошол алааматтан аман калып, андан кийин түбөлүк жашоону каалагандар эмне кылышы керек? Азык-түлүк жана башка керектүү нерселерди камдашы керекпи? Жок. Ыйык Китепте: «Баары ушинтип кыйратыла турган болсо, анда силер жүрүм-туруму ыйык, Кудайга берилген адамдардан болушуңар керек эмеспи! Жахабанын күнүнүн келишин күтүп, аны эсиңерде бек сактап жаткан силер ошондой адамдардан болушуңар керек эмеспи!» — деп жазылган (2 Петир 3:10—12). Бул аяттын контекстинен «баары» дегенге азыркы бузулган дүйнөнүн башкаруу системасы жана аны Кудайдын башкаруу системасынан артык көргөндөр кирет. Андыктан эгер ал күнгө материалдык нерселерди топтоп даярдык көрө турган болсок, аман каларыбыз күмөн.

Чынында, биздин аман калышыбыз Жахаба Кудайга болгон берилгендигибизден жана ага эмне жагар-жакпасын билүүгө аракет кылганыбыздан көз каранды (Сепания 2:3). Ошондуктан көпчүлүктү ээрчип акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды далилдеген айдан ачык белгилерди этибарга албай коюунун ордуна, «Жахабанын күнүнүн келишин» эсибизге бек сактаганыбыз маанилүү. Ал күндөн аман калыш үчүн эмне кылуу керектигин Жахабанын Күбөлөрү силерге Ыйык Китептин өзүнөн көрсөтүп бере алышат.