Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Машаяк — Кудайдын күчү

Машаяк — Кудайдын күчү

«Машаяк — Кудайдын күчү» (1 КОР. 1:24).

1. Элчи Пабыл Машаякты эмне үчүн «Кудайдын күчү» деп атаган?

ЖАХАБА күчүн Иса Машаяк аркылуу укмуштуудай таң каларлык жол менен көрсөткөн. Төрт Инжилде Машаяктын айрым кереметтери жөнүндө ишенимибизди бекемдээрлик билдирүүлөр камтылат. Иса алардан башка да көптөгөн кереметтерди жасаган (Мт. 9:35; Лк. 9:11). Ооба, ал аркылуу Кудайдын күчү айкын көрүнгөн. Ошо себептен элчи Пабыл: «Машаяк — Кудайдын күчү»,— деп жазган (1 Кор. 1:24). Исанын кереметтеринин биздин жашообузга кандай тиешеси бар?

2. Исанын ажайып иштеринен эмнени билүүгө болот?

2 Элчи Петир Исанын ажайып иштерди кылганын айткан (Элч. 2:22). Исанын андай иштери анын жаңы заманда жер үстүнөн бийлик жүргүзгөндө бүт адамзат үчүн эмнелерди кыларын көрсөткөн. Алардан Иса менен анын Атасынын касиет-сапаттары жөнүндө да көп нерсени билүүгө болот. Анда эмесе, келгиле, Исанын айрым кереметтерине токтолуп, алардын азыркы жана келечектеги жашообузга кандай тиешеси бар экенин карап чыгалы.

БЕРЕШЕН БОЛУУГА ТҮРТКҮ БЕРГЕН КЕРЕМЕТ

3. а) Иса биринчи кереметин эмне үчүн кылган? б) Исанын берешен экени Каана шаарында кылган кереметинен кандайча көрүнгөн?

3 Галилеядагы Каана шаарында өткөн үйлөнүү тоюнда Иса Машаяк эң биринчи кереметин кылган. Ошол тойго үй ээси чакыргандан да көп конок келгенби, айтор, шарап түгөнүп калган. Тойго Исанын энеси Мариям да келген болчу. Ал Исанын «Эң Жогорку Кудайдын Уулу деп аталарын» билгендиктен бир канча жылдан бери уулуна байланыштуу пайгамбарлыктар жөнүндө ойлонуп жүргөнү күмөнсүз (Лк. 1:30—32; 2:52). Ал уулунун керемет жасай аларына ишенгенби? Кандай болбосун, Иса да, Мариям да жаңы үйлөнгөн жубайларга боору ооруп, алардын элге уят болушун каалашкан эмес. Иса жүйүттөрдүн конокту жакшы тосууга зор маани беришерин билген. Ошондуктан 380 литрдей сууну «жакшы шарапка» айланткан. (Оку: Жакан 2:3, 6—11.) Ал ошол кереметти кылууга милдеттүү беле? Жок. Иса адамдарга кам көрүп, берешен болуу менен асмандагы Атасын туураган.

4, 5. а) Исанын эң биринчи кереметинен эмнени биле алабыз? б) Ал керемет келечекке байланыштуу эмнеден кабар берип турат?

4 Иса керемет жолу менен жасаган шарап көп элге жете тургандай өлчөмдө болгон. Ал кереметтен эмнени биле алабыз? Исанын даярдуулук менен кылган жакшылыгы анын жана Атасынын адамдардын сезимине чоң маани берерин көрсөтүп турат. Ал да, Атасы да берешен. Март Кудайыбыз Жахабанын жаңы заманда өз күчүн жер жүзүндөгү «бардык элдерге той өткөрүүгө» жумшап жатканын элестетсеңер. (Оку: Ышая 25:6.)

5 Жакында ар бир адам сапаттуу, пайдалуу тамак-аш, сонун үй-жай менен камсыз болот, ошондой эле башка муктаждыктары да канааттандырылып, эңсегенине жетет. Андыктан жер бети бейишке айланганда, Жахабанын биз үчүн кыла турган жакшылыктарын ойлоп, мындан ары да кубанычыбызды арттыра берели.

Башкалардан убактыбызды аябасак, Исадай март экенибизди көрсөтөбүз (6-абзацты карагыла)

6. Иса күчүн кимдердин кызыкчылыгы үчүн жумшаган жана андан кандай үлгү алсак болот?

6 Ибилис таштарды нанга айлантууга азгырганда, Исанын күчүн өз каалоосун орундатуу үчүн колдонуудан баш тартканы көңүлгө аларлык (Мт. 4:2—4). Ал күчүн башкалардын муктаждыгын канааттандырууга жумшаган. Бул жагынан Исадан кандай үлгү алсак болот? Ал Кудайдын кызматчыларын берешен болууга үндөгөн (Лк. 6:38). Балким, башкаларды конокко, изилдөөбүзгө чакыруу менен марттык көрсөтөттүрбүз. Же жардамга муктаж болгондорго, айталы, тапшырмасын даярдап жаткан бир тууганга жыйналыштан кийин убакыт бөлүп, көмөк кылаттырбыз. Андан тышкары, кайсы бир ишенимдешибизге кабар айтуу кызматын аткарганга колдоо керек болушу мүмкүн. Башкаларга колубуздан келишинче жардам берсек, берешен болуу жагынан Исадан үлгү алып жатканыбызды көрсөтөбүз.

«БАРДЫГЫ ТОЁ ЖЕШТИ»

7. Бул дүйнө түзүлүшү аяктамайынча, эмне жок болбойт?

7 Жакырчылык — илгертен эле болуп келаткан көйгөй. Жахаба байыркы ысрайыл элине жакырлардын дайыма болорун эскерткен (Мыйз. 15:11). Ошондон бир канча кылым өткөндөн кийин Иса да: «Жакырлар дайыма жаныңарда болот»,— деген (Мт. 26:11). Ал жакырчылыктан такыр арылбай турганыбызды айткысы келди беле? Жок. Иса жакырчылык бул дүйнө түзүлүшү аяктамайынча жок болбой турганын айткан. Анын кереметтери Кудайдын Падышалыгы башкарганда жер бетинде тамак-аш мол болорун көрсөтүп турган. Муну билүү бизди жубатат.

8, 9. а) Иса элди эмне үчүн тойгузган? б) Ал керемет эмнеси менен жүрөгүңөрдү козгойт?

8 Забурчу Жахаба жөнүндө: «Колуңду ачып, бардык тирүү жандардын каалоосун орундатасың»,— деген (Заб. 145:16). «Кудайдын күчү» — Машаяк — Атасынан үлгү алып, көп жолу «колун ачып», жолдоочуларынын «каалоосун орундаткан». Ал ошол кереметтерди күчүн көрсөтүү үчүн эле эмес, башкалардын камын ойлогондуктан кылган. Келгиле, Матай 14:14—21-аяттарды карап көрөлү. (Аяттарды оку.) Шакирттер Исага: «Элди тарат,.. тамак-аш сатып алышсын»,— деп айтышкан. Алар өздөрүнүн курсагы ачканына эмес, өз шаарларынан чыгып, Исанын артынан жөө келген, өзөгү карайып, чарчап-чаалыккан элге тынчсызданышкан (Мт. 14:13). Ошондо Иса эмне кылган?

9 Иса, аялдар менен балдарды кошпогондо, 5 000дей кишини беш нан жана эки балык менен тойгузган. Ал жерде отургандардын «бардыгы тоё жешкенинен» тамактын мол болгонун билүүгө болот. Иса элге нан ооз тийгизип эле койгон эмес. Ал аларды, үйлөрүнө кайтып баратып узак жол жүргөндө алдан тайып калбашы үчүн, жетишерлик азык менен камсыз кылган (Лк. 9:10—17). Атүгүл эл тойгондон кийин 12 себет артып калган! Ырас, Исанын башкаларга, анын ичинде кичинекей балдарга боору ооруп, күчүн аларга кам көрүүгө жумшаганы жүрөгүбүздү козгобой койбойт!

10. Жакырчылык жакында эмне болот?

10 Бүгүнкү күндө адамдардын адилетсиздик менен бийлик жүргүзгөнүнүн айынан жүз миллиондогондор эң зарыл нерселерге да жетпей келет. Атүгүл ишенимдештерибиздин айрымдары, күн көргөнгө анча-мынча каражаты болгону менен, «тоё жешпейт». Бирок Кудайга баш ийген адамдар паракорлук менен жакырчылык таптакыр болбой турган заманда рахаттанып жашай турган убакка аз эле калды. Эгер колуңардан келсе, адамдардын бардык муктаждыгын канааттандырат белеңер? Бул Кудуреттүү Кудайдын колунан келет жана ал муну абдан каалайт. Жахаба ал ой-ниетин жакында ишке ашырат! (Оку: Забур 72:16.)

11. Иса күчүн жакында бүт жер жүзү боюнча колдоноруна эмне үчүн ишенесиңер жана бул силерге эмне кылууга түрткү берет?

11 Иса жерде жүргөндө анын убактысы да, аймагы да чектелүү болгон, тактап айтканда, ал үч жарым жылдын ичинде ысрайыл элине эле кабар айткан (Мт. 15:24). Анын аймагы келечекте төгөрөктүн төрт бурчун камтыйт (Заб. 72:8). Исанын кереметтеринен бийлигин биздин жыргалчылыгыбыз үчүн колдоно алары жана колдонгусу келери көрүнүп турат. Албетте, кереметтерди кылуу биздин колубуздан келбейт, ошентсе да башкалардын көңүлүн Кудайдын ыйык руху менен жазылган Сөзүнө бура алабыз. Анда жазылган пайгамбарлыктар адамзатты эң сонун келечек күтүп турганына кепилдик берет. Биз Жахабанын арналган жана келечек тууралуу баалуу билимге ээ болгон кызматчылары катары башкаларга ал тууралуу айтууга милдеттүү экенибизди түшүнөбүзбү? (Рим. 1:14, 15). Бул жөнүндө ой жүгүртүү жакшы кабарды жарыялоого түрткү берери шексиз (Заб. 45:1; 49:3).

ТАБИЯТ КҮЧТӨРҮН БАШКАРЫШЫ

12. Исанын жердин экологиясын эң сонун билерине эмне үчүн шек жок?

12 Жахаба жерди жана андагынын баарын «чебер уста» катары жардам берген жалгыз Уулу менен бирге жараткан (Накыл 8:22, 30, 31; Кол. 1:15—17). Ошондуктан Исанын жердин экологиясын эң сонун билерине шек жок. Ал жер ресурстарын кантип туура колдонууну жана адилеттүүлүк менен бөлүштүрүүнү билет.

Исанын зор күчүн колдонгону сени эмнеси менен таасирлентет? (13, 14-абзацтарды карагыла)

13, 14. Исанын табият күчтөрүн башкара аларын көрсөткөн мисал келтир.

13 Иса жерде жүргөндө табият күчтөрүн башкара алганы менен да «Кудайдын күчү» экенин көрсөткөн. Катуу шамалдан улам шакирттеринин өмүрүнө коркунуч туулганда, анын эмне кылганын карап көрөлү. (Оку: Марк 4:37—39.) Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуу мындай деген: «Бул аятта айтылган грек сөзү [Марк 4:37деги „катуу шамал“ деген сөз] алай-дүлөй түшкөн шамалга же бороонго карата колдонулат. Ал акырын соккон шамалды эмес,.. капкара булут айдаган, чаба жааган жаан аралаш соккон, баарын чамындыдай сапырган катуу шамалды билдирет». Матай ал окуяны баяндап жатканда деңиздин «алай-дүлөй түшкөнүн» жазган (Мт. 8:24).

14 Ошол күнү Иса Машаяк керели кечке кызмат кылгандыктан суй жыгыла чарчаган эле. Албууттанган толкун кайыктын каптал-боорун качырата ургулап, көбүктөнгөн суу ичине куюлуп жаткан. Айлана кымгуут болуп, кайык буркан-шаркан түшкөн деңизде бирде көтөрүлүп, бирде чимирилип жатса да, Иса ойгонгон эмес. Ал эч нерсени сезбей, мемиреп уктап жаткан. Үрөйү учкан шакирттери аны ойготуп: «Чөгүп баратабыз!» — деп кыйкырышкан (Мт. 8:25). Иса ордунан туруп, шамал менен деңизге: «Басыл! Тынчы!» — деген. Ошондо шамал токтоп калган (Мр. 4:39). Ал, мындайча айтканда, шамал менен деңизге буйрук берген. Натыйжада «айлана тыптынч болуп калган». Ооба, Иса ушунчалык зор бийликке ээ болгон!

15. Кудуреттүү Кудай Жахаба табият күчтөрүн башкара аларын кантип көрсөткөн?

15 Исага күчтү Кудуреттүү Кудай берген. Андыктан Жахабанын табият күчтөрүн толугу менен башкара аларына шектенбесек болот. Буга байланыштуу бир нече мисал келтирели. Жахаба Топон суунун алдында: «Жети күндөн кийин жер бетине кырк күн, кырк түн жаан жаадырам»,— деген (Башт. 7:4). Чыгуу 14:21ден болсо: «Жахаба... чыгыштан катуу шамал соктуруп, деңиздин суусун айдай баштады»,— дегенди окуйбуз. Ал эми Жунус 1:4тө: «Жахаба деңизге катуу шамал жиберди. Ошондо деңизде бороон-чапкын башталып, кеме талкалана турган болду»,— деп жазылган. Жахабанын табият күчтөрүн башкара аларын билүү бизди бекемдейт. Жер планетасынын келечеги анын кубаттуу колунда болгондуктан, тынчсызданууга эч кандай себеп жок.

16. Жаратканыбыздын жана анын Уулунун жаратылыш күчтөрүн башкара аларын билүү эмне үчүн ишенимибизди бекемдейт?

16 Жаратканыбыздын жана анын «чебер устасынын» зор күч-кубаты тууралуу ой жүгүртүү ишенимибизди бекемдейт. Алардын камкордугунун аркасында 1 000 жылдык башкаруу учурунда бардык адамдар коопсуздукта жашашат. Бүлгүн түшүргөн табигый кырсыктардын баары артта калат. Жаңы заманда тайфун, цунами, жер титирөө болот же жанар тоо атылат деп коркпойбуз. «Кудайдын чатыры адамдардын арасында болгондуктан», эч ким табигый кырсыктардан жапа чекпейт, өмүрүнөн айрылбайт (Аян 21:3, 4). Миң жылдык Падышалыктын тушунда Кудай күчүн Машаяк аркылуу көрсөтүп, жаратылыш күчтөрүн жөнгө салат.

КУДАЙ МЕНЕН МАШАЯКТАН ҮЛГҮ АЛАЛЫ

17. Бүгүнкү күндө Кудай менен Машаякты кантип туурай алабыз?

17 Биз, албетте, Жахаба менен Иса Машаяктай болуп табигый кырсыктарды токтото албайбыз. Ошентсе да бизде кандайдыр бир деңгээлде күч бар. Аны кантип колдонсок болот? Мунун бир жолу Накыл сөздөр 3:27де жазылган. (Аятты оку.) Ал кеңешке ылайык, оор кыйынчылыктан улам кыйналып жаткан бир туугандарыбызды жубатсак, рухий жактан бекемдесек же дагы башка жолдор менен жардам берсек болот (Накыл 17:17). Алсак, табигый кырсыктан жапа чеккендерге колдоо көрсөтө алабыз. Катуу шамалдан улам үйүнүн таш-талканы чыгып калган бир жесир эже: «Мага материалдык эле эмес, рухий жактан да жардам көрсөтүлгөнү үчүн Жахабанын уюмунда болгонума ушунчалык сүйүнөм»,— деп чын жүрөктөн ыраазы болгон. Бир бойдок эже болсо, үйү табигый кырсыктан талкаланып калганда, өзүн үмүтсүз, жарга такалгандай сезген. Бир туугандар жардам көрсөткөндө, ал: «Сөз жок! Кандай сезимде болуп жатканымды сөз менен айтып жеткире албайм... Рахмат сага, Жахаба!» — деген. Башкаларга чын дилден кам көргөн бир туугандыктын мүчөсү болгонубузга кандай гана сүйүнөбүз! Андан да кубанычтуусу, бизге Жахаба менен Иса Машаяк дайыма кам көрөт.

18. Исага кереметтерди жасоого эмне түрткү берген?

18 Ырас, Иса Машаяк жерде жүргөндө «Кудайдын күчү» экенин далилдеген. Ага кереметтерди жасоого эмне түрткү берген? Ал күчүн эч качан башкаларды таасирлентиш үчүн же керт башынын кызыкчылыгы үчүн колдонгон эмес. Иса кереметтерди адамдарды сүйгөндүктөн жасаган. Бул тууралуу кийинки макалада сөз жүрөт.